Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»

«Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»

«Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу» (ЖКН. 4:34).

ЫРЛАР: 80, 35

1. Өзүмчүлдүккө түрткөн бул дүйнөнүн руху момун бойдон калууга кандайча тоскоолдук кылат?

КУДАЙДЫН СӨЗҮНӨН билгендерибизди колдонуу эмне үчүн кыйынга турат? Мунун бир себеби туура нерсени кылыш үчүн момундук талап кылынат. Азыркы «акыркы күндөрдө» «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн» адамдардын арасында жашап жаткандыктан момун бойдон калуу оңой эмес (2 Тим. 3:1—3). Кудайдын кызматчылары катары биз өзүмчүлдүктүн туура эмес экенин билебиз. Ошентсе да кээде андай адамдар ийгиликке жетип, гүлдөп жаткандай сезилгендиктен аларга көз арта башташыбыз мүмкүн (Заб. 37:1; 73:3). Атүгүл: «Башкалардын кызыкчылыгын өзүмдүкүнөн жогору койгонумдун пайдасы барбы? Өзүмдү „кичүүдөй алып жүрсөм“, башкалар мени сыйлабай калбайбы?» — деп ойлонушубуз ыктымал (Лк. 9:48). Өзүмчүлдүккө түрткөн бул дүйнөнүн рухунун бизге таасир этишине жол берип койсок, ишенимдештерибиз менен болгон ынак мамилебизге жана Кудайдын кызматчылары катары ээ болгон жакшы атыбызга доо кетет. Ал эми Ыйык Китептеги момун инсандардын үлгүсүн изилдеп, аларды туурасак, чоң пайда алабыз.

2. Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын үлгүсүн изилдөөнүн аркасында эмнеге үйрөнөбүз?

2 Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчыларынан үлгү алгыбыз келсе, алардын жакшы натыйжа берген иштерин терең изилдеп көрүшүбүз керек. Мисалы: «Аларга Кудай менен ынак мамиле өрчүткөнгө, анын ырайымынан айрылбаганга эмне көмөк кылган? Анын эркин аткарууга эмне күч берген?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Ишенимдүү ал адамдардын үлгүсүн окуп-изилдеп, ой жүгүрткөндүн аркасында ишенимибиз бекемделет.

РУХИЙ ТАМАК БИЛИМДИ ЭЛЕ КАМТЫБАЙТ

3, 4. а) Жахаба бизди кантип окутуп-үйрөтөт? б) Рухий тамак билимди эле камтыбайт деп эмне үчүн айтууга болот?

3 Жахаба Кудай бизге Ыйык Китеп, ага негизделген адабияттар, jw.org веб-сайты, JW телеберүүсү, жыйналыш жана жыйындар аркылуу көптөгөн пайдалуу кеңештерди берип, окутуп-үйрөтөт. Бирок Исанын Жакан 4:34төгү сөздөрүнөн рухий тамак билим менен гана чектелбей турганын билүүгө болот. Анда ал өз ичине дагы эмнени камтыйт? Иса Машаяк: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айткан.

4 Ооба, Иса Кудайдын эркин аткарууну да рухий тамак деп эсептеген. Пайдалуу тамак ден соолугубузду чыңдагандай эле, Кудайдын эркин аткаруу каймана жүрөгүбүздү кубаттандырып, ишенимибизди бекемдейт. Маселен, кээде чарчагандыктан кабар айтуу жолугушуусуна араңдан зорго барып, бирок кызматтан кийин үйгө сергип, кубанып кайтып келген учурларыңар болду беле?

5. Акылмандык менен иш кылуунун кандай пайдасы бар?

5 Кудайдын айткандарын иш жүзүндө аткарсак, акылмандыкты чагылдырган болобуз (Жкп. 3:13). Акылмандык менен иш кылуу көп пайда алып келет. Ыйык Китепте: «Акылмандыкты тапкан, кыраакылыкка ээ болгон киши бактылуу... [Акылмандык] маржандан кымбат, сага ырахат тартуулаган нерселердин бири да ага тең келбейт... Акылмандыкка ээ болгондор үчүн ал — өмүр дарагы. Ага бекем кармангандарды бактылуу дешет»,— деп жазылган (Накыл 3:13—18). Иса пайгамбар да: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жкн. 13:17). Шакирттери анын айткандарын аткара беришсе, бактылуу болушмак. Алар анын окууларына, үлгүсүнө башында эле эмес, өмүр бою карманышкан.

6. Эмне үчүн билгендерибизди иш жүзүндө колдоно беришибиз керек?

6 Билгендерибизди иш жүзүндө туруктуулук менен аткара бергенибиз бүгүнкү күндө абдан маанилүү. Мисалга устаны алалы. Анын жумушка керектүү ар кандай шаймандары, материалдары, билими бар болсо да, аларды колдонгондо гана пайда алат. Чеберчилигин арттырып, ийгиликке жетиш үчүн ал мурун топтогон тажрыйбасы менен чектелбей, андан ары да үйрөнүп-билгендерин колдоно бериши керек. Анын сыңарындай, башында Ыйык Китептен билгендерибизди колдонгондо кубанганыбыз шексиз. Бирок кубанычыбыз арта бериши үчүн, Жахаба берген көрсөтмөлөрдү момундук менен күнүгө аткара беришибиз керек.

7. Акылмандыкка үйрөнүш үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

7 Келгиле, момундугубуз сыналышы мүмкүн болгон айрым жагдайларга токтолуп, Кудайдын байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылары ошо сыяктуу учурларда кандай иш-аракет кылганын карап көрөлү. Ыйык Китептеги билдирүүлөрдү окуп эле коюу рухий жактан күчтүү кылбайт. Андыктан ар бир жагдайды талкуулап жатканда, билгендериңерди жеке жашооңордо кантип колдонсоңор болору жөнүндө ой жүгүрткүлө. Андан соң аларды дароо колдонгула.

АЛАРДЫ ӨЗҮБҮЗДӨН ТӨМӨН КӨРБӨЙЛҮ

8, 9. Элчилер 14:8—15-аяттардан Пабылдын момун экени кандайча көрүнүп турат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

8 Жахаба «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалайт» (1 Тим. 2:4). Силер чындык жолуна түшө электерге кандай карайсыңар? Элчи Пабыл Жахаба жөнүндө билими бар жүйүттөргө эле эмес, жалган кудайларга сыйынган башка элдерге да кабар айткан. Алардын мамилесинен улам Пабылдын канчалык момун экени сыналган.

9 Мисалы, биринчи миссионердик сапарында лукониялыктар Барнаба экөөнү өздөрүнүн адам кейпин кийип келген Зевс жана Гермес деген кудайлары деп ойлоп, аларды өзгөчө аздектей башташкан. Ошондо Пабыл менен Барнаба атак-даңкка маашырканып, көөдөнүн көтөрүп калышканбы? Экөө ага чейинки эки шаарда куугунтукталгандыктан алардын ошондой мамилесине сүйүнүшкөнбү? Атактуу болуп калышканы жакшы кабарды таратууга шарт түзөт деп ойлошконбу? Түк да! Алар дароо каршылык көрсөтүп, сырт кийимдерин айрып жиберишкен да, элдин ортосуна чуркап кирип: «Эмнеге минтип жатасыңар? Биз силерге окшогон эле пендебиз»,— деп кыйкырышкан (Элч. 14:8—15).

10. Пабыл менен Барнаба кандай мааниде лукониялыктарды өздөрүндөй көрүшкөн?

10 «Силерге окшогон эле пендебиз»,— дегенде Пабыл менен Барнаба өздөрүнүн аларга окшоп жалган кудайларга сыйынарын эмес, жеткилеңсиз экенин айткысы келген. Алар Кудай дайындаган миссионерлер болчу (Элч. 13:2). Ошондой эле ыйык рух менен майланып, кереметтүү үмүткө ээ болушкан. Ошентсе да Пабыл менен Барнаба өздөрүн жогору коюшкан эмес. Алар лукониялыктардын, эгер жакшы кабарга кулак кагышса, алардыкындай эле сыймыкка ээ боло аларын түшүнүшкөн.

11. Кабар айтууда канткенде Пабылдай болуп момун боло алабыз?

11 Канткенде элчи Пабылдан үлгү алып, момун боло алабыз? Жахаба Кудайдын күчү менен аткарып жаткан ишибиз үчүн башкалардын бизди мактап-жакташын күтпөшүбүз же андай сөздөрдү кабыл алуудан качышыбыз керек. Андан сырткары, ар бирибиз: «Өзүм кабар айткан адамдарга кандай карайм? Адамдардын кайсы бир тобуна карата бейкалыс көз карашта эмесминби?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн аймагында башка тилдерде сүйлөгөндөрдүн бар-жогун аныктаганга аракет кылышат. Себеби алар мүмкүн болушунча көптөрдүн жакшы кабарды угушун абдан каалашат. Кээде атүгүл башкалар теңине албаган адамдардын тилин, маданиятын үйрөнүүгө күч жумшашат. Алар эч качан өздөрүн ошондой адамдардан жогору көрүшпөйт. Тескерисинче, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар жүрөктөрүнө жетиши үчүн, алардын ар бирин түшүнгөнгө аракет кылышат.

БАШКАЛАРДЫН АТЫНАН АЙТЫП ТИЛЕНЕЛИ

12. Эпафрас башкалар үчүн тынчсызданарын кантип көрсөткөн?

12 Кудайдын жетекчилигине момундук менен баш иерибизди көрсөтүүнүн дагы бир жолу — «биздикиндей баалуу ишенимге ээ болгондор» үчүн тиленүү (2 Пет. 1:1). Эпафрас так ушундай кылган. Ыйык Китепте Эпафрас жөнүндө үч эле жолу, элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган каттарында гана, айтылат. Римде үй камакта отурганда Пабыл Колосадагы ишенимдештерине Эпафрастын алар үчүн «талыкпай тиленип» жатканын жазган (Кол. 4:12). Эпафрас бир туугандарды жакшы билген жана алар үчүн аябай тынчсызданган. Ал Пабыл менен камакта отурса да, башкалардын рухий муктаждыктарын ойлогон (Флм. 23). Ал алар үчүн тынымсыз тилене берген. Бул анын ишенимдештерине чын дилден күйүп-бышканын көрсөтүп турган жокпу? Биз да Жахабадан бир туугандарыбыз үчүн алардын атынан айтып тиленели. Анткени мындай тиленүү зор күчкө ээ (2 Кор. 1:11; Жкп. 5:16).

13. Эпафрастан тиленүүгө байланыштуу эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Кимдердин атын айтып тиленсек болору жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Эпафрастай болуп көптөгөн бир туугандар оор милдеттери бар же олуттуу чечим чыгарууну ойлоп жаткан, же азгырыктарга кабылып жаткан ишенимдештери жана үй-бүлөлөр үчүн тиленишет. Дагы башкалар jw.org сайтындагы «Жахабанын Күбөлөрү ишеними үчүн түрмөдө отурган өлкөлөр» деген макалада аты аталган бир туугандар үчүн тиленип турушат. (Кара: ЖАҢЫЛЫКТАР > ЮРИДИКАЛЫК ИШТЕР.) Андан тышкары, жакындарын жоготкон, кайсы бир кырсыктан, согуштан жапа чеккен жана каржы каатчылыгынан улам кыйналып жаткан ишенимдештерибизди да эсибизден чыгарбайлы. Ооба, тиленүүлөрүбүзгө муктаж бир туугандар абдан көп. Алар үчүн тиленсек, өзүбүздүн эле эмес,башкалардын да кызыкчылыгын ойлоорубузду айгинелейбиз (Флп. 2:4). Жахаба Кудай андай тиленүүлөрдү сөзсүз угат!

«УККАНГА ДАЯР БОЛОЛУ»

14. Кунт коюп угуу жагынан Жахаба кандайча эң мыкты үлгү көрсөтөт?

14 Канчалык момун экенибиз башкаларды кунт коюп укканыбыздан да көрүнөт. Жакып 1:19да «укканга даяр болушубуз» керектиги айтылат. Жахаба бул жагынан эң мыкты үлгү көрсөтөт (Башт. 18:32; Жаш. 10:14). Чыгуу 32:11—14-аяттарда жазылган билдирүүдөн эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү. (Аяттарды оку.) Мусанын жагдайга кийлигишишине муктаж болбосо да, Жахаба ага өз оюн айтканга мүмкүнчүлүк берген. Көбүбүз эле туура эмес ой жүгүрткөн бирөөнү аягына чейин кунт коюп угуп, анын айтканындай иш кылууну каалабайбыз. Бирок Жахаба аны ишеним менен чакыргандарды чыдамдуулук менен угат.

15. Башкаларга урмат көрсөтүүдө Жахабаны кантип туурасак болот?

15 Ар бирибиз мындай деп ойлонуп көрөлү: «Жахаба момундук көрсөтүп Ыбрайым, Рахил, Муса, Жашыя, Маноах, Илияс, Хиския сыяктуу кызматчыларын кунт коюп уккан. Ал азыр да башкаларды көңүл коюп угат. Анда менин да бардык бир туугандарды урматтап-сыйлаганым, алардын оюн угуп эле койбостон, жакшы сунуштарын эске алып иш кылганым ого бетер маанилүү эмеспи? Жыйналышымдагы же үй-бүлөмдөгү кимдир бирөө көбүрөөк көңүл бурушума муктаж болуп жаткан жокпу? Аларга жардам бериш үчүн эмне кылышым керек? Эмне кыла алам?» (Башт. 30:6; Бий. 13:9; 1 Пад. 17:22; 2 Жылн. 30:20).

«БАЛКИМ, ЖАХАБА МУНУ КӨРӨР»

Дөөтү: «Жайына койгула»,— деген. Силер эмне кылат элеңер? (16, 17-абзацтарды карагыла)

16. Шимей кыжырына тийгенде, Дөөтү эмне кылган?

16 Момундук башкалар кыжырыбызга тийгенде өзүбүздү кармай билүүгө да жардам берет (Эф. 4:2). 2 Шемуел 16:5—13-аяттардан бул жагынан ким жакшы үлгү көрсөткөнүн билүүгө болот. (Аяттарды оку.) Шабул падышанын тууганы Шимей Дөөтү менен анын кызматчыларын каргап, аларды таш менен ургулаган. Аны оңой эле өлтүрүп коюуга күчү жетсе да, Дөөтү өзүн кармай билген. Ага ачуусун тыюуга эмне жардам берген? 3-забурду изилдөөнүн аркасында буга жооп ала алабыз.

17. Дөөтүгө өзүн кармай билүүгө эмне жардам берген жана аны кантип туурасак болот?

173-забурдун башындагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Дөөтү аны «уулу Абышаломдон качып жүргөн убакта» жазган. 1, 2-аяттарда жазылгандар 2 Шемуел китебинин 16-бөлүмүндөгү билдирүүгө шайкеш келет. Андан ары Забур 3:4тө Дөөтүнүн ишенимдүү түрдө: «Үнүмдү бийик чыгарып, Жахабаны чакырам, ошондо ал мага ыйык тоосунан жооп берет»,— деп айткан сөздөрү жазылган. Адилетсиз мамилеге кабылганда биз да тиленишибиз керек. Ошондо Жахаба ыйык руху аркылуу чыдаганга күч берет. Кимдир бирөө силерге жаман мамиле кылганда, өзүңөрдү кармай билесиңерби? Аны айкөлдүк менен кечирип коёсуңарбы? Жахабанын кыйналып жатканыңарды көрүп турарына жана өз убагында батасын берерине бекем ишенесиңерби?

«ЭҢ НЕГИЗГИСИ — АКЫЛМАНДЫК»

18. Кудайдын айткандарына ылайык иш кылуу кандай пайда алып келет?

18 Туура нерсени кылсак, мол бата алабыз. Накыл сөздөр 4:7де: «Эң негизгиси — акылмандык»,— деп айтылганы таң калыштуу эмес. Акылмандык билимге негизделсе да, ал кайсы бир маалыматты түшүнгөнүбүздү эле билдирбейт. Ал чыгарган чечимдерибизден да көрүнөт. Атүгүл сокур сезимге жетеленген кумурскалар да акылмандык менен иш кылат. Бул алардын кышкы азыгын жайында камдаганынан көрүнүп турат (Накыл 30:24, 25). «Кудайдын акылмандыгы» болгон Иса Машаяк ар дайым Атасына жакканды кылат (1 Кор. 1:24; Жкн. 8:29). Жахаба үчүн туура чечим чыгарганыбыз эле эмес, ошол чечимге ылайык иш кылганыбыз да маанилүү. Ошондуктан дайыма момун болуп, анын көз алдында туура иш кылгандарды ал сыйлыксыз калтырбайт. (Оку: Матай 7:21—23.) Андыктан момундукту өрчүтө бергиле. Анын аркасында жыйналыштагы бир туугандарга Жахабага момундук менен кызмат кылууга түрткү бере аласыңар. Билгендерибизди иш жүзүндө колдонуп, дайыма жакшыра бериш үчүн убакыт жана чыдамдуулук талап кылынат. Бирок бул — азыр жана түбөлүккө бактылуу болушубузга шарт түзгөн момундуктун белгиси.