Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кадырман карылар, Жахаба берилгендигиңерди жогору баалайт!

Кадырман карылар, Жахаба берилгендигиңерди жогору баалайт!

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ аксакалдар Кудайдын элинин арасында аркалап жаткан сыймыктуу жоопкерчиликтерин абдан баалашат. Андай ишенимдештерибиз баарыбыз үчүн чоң бата! Бирок бир нече жыл мурун алардын кызматына байланыштуу өзгөрүү болгон. Тактап айтканда, улгайган аксакалдарга оор милдеттеринин айрымдарын жашыраак аксакалдарга өткөрүп берүү сунуш кылынган.

Жаңы өзгөрүүгө ылайык, райондук көзөмөлчүлөр жана айрым теократиялык мектептерде сабак берген нускоочулар 70 жаштан кийин ал кызматын токтотот. Ошондой эле 80ге чыккан аксакалдар филиалдын комитетинин координатору же аксакалдар кеңешинин координатору сыяктуу милдеттерин жашыраак аксакалдарга өткөрүп беришет. Көп жашап, көптү көргөн аксакалдар мындай өзгөрүүнү кандай кабыл алышкан? Алар бул жагынан да Жахабага жана анын уюмуна берилгендик көрсөтүп келишет.

«Ал чечимди кош колдоп колдодум. Ошол өзгөрүү тууралуу уккан күнү эртең менен Жахабадан координатор болуп кызмат кыла турган жашыраак бир тууган керек экенин айтып тиленген болчумун»,— дейт дээрлик 49 жыл филиалдын комитетинин координатору болуп кызмат кылган Кен деген бир тууган. Анын сөздөрү дүйнө жүзүндөгү ага окшогон көптөгөн ишенимдүү кары бир туугандардын сезимдерин чагылдырып турат. Анткен менен ишенимдештерине кызмат кылууну аябай жакшы көргөндүктөн кээ бирлери башында бир аз жаман болушкан.

Аксакалдар кеңешинин координатору болуп кызмат кылган Эсперандио: «Буга бир аз капаландым. Бирок начарлап бараткан ден соолугума кам көрүш үчүн көбүрөөк убакыт керек болчу»,— дейт. Ал Жахабага андан ары да ишенимдүү кызмат кылып, жыйналышына көп жагынан жардам берүүдө.

Бир топ жыл бою кыдыруучу көзөмөлчү болгондон кийин кызматтын башка түрүнө дайындалган бир туугандар жөнүндө эмне айтууга болот? Кыдыруучулук ишти 38 жыл аркалаган Алан деген ишенимдешибиз: «Бул өзгөрүү тууралуу биринчи жолу укканда нес болуп туруп калдым»,— деген. Бирок ал жаш инилерин окутуп-үйрөтүүнүн пайдасы көп экенин да кошумчалаган. Алан бир тууган азыр да ишенимдүү кызмат кылууда.

Рассел деген ишенимдешибиз дээрлик 40 жыл кыдыруучу көзөмөлчү болгон жана теократиялык мектептерде сабак берген. Ал аялы экөө башында бир аз жаман болгонун айтып: «Биз кызматыбызды аябай жакшы көрчүбүз. Аны уланта берүүгө күчүбүз да жетчү»,— дейт. Алар үйрөнгөн нерселерин, топтогон тажрыйбасын жыйналышындагылар менен бөлүшүп, алардын кубанычтуу кызмат кылышына салым кошуп жатышат.

Балким, силер жогоруда айтылган бир туугандардыкындай сезимде болгон эместирсиңер. Ошентсе да 2 Шемуел китебинде жазылгандарды карап чыгуу аларды түшүнүүгө жардам берет.

ЖАГДАЙГА ТУУРА БАА БЕРГЕН ЖӨНӨКӨЙ КИШИ

Дөөтү падышанын уулу Абышалом козголоң уюштурган учурду эстеп көрсөңөр. Ошондо Дөөтү жанын сактап калыш үчүн Иерусалимден Маханаимге, Иордан дарыясынын чыгышына, качып барган. Ал жакта жүргөндө өзү да, жанындагылар да жашоого зарыл нерселерге муктаж болушкан. Анан эмне болгону эсиңердеби?

Ошол аймакта жашаган үч берешен киши аларга төшөнчүлөрдү, ар кандай азык-түлүк, буюм-тайымдарды алып келишкен. Алардын бири Барзелай болгон (2 Шем. 17:27—29). Абышаломдун козголоңу басылып, Дөөтү падыша кайра Иерусалимге жөнөгөндө, Барзелай аны Иордан дарыясына чейин узатып барган. Дөөтү анын жакшылыгына ыраазы болуп, өзү менен Иерусалимге барууну сунуш кылган. Барзелай «аябай бай болгондуктан» эч нерсеге муктаж болбосо да, Дөөтү аны тамак-аш менен камсыз кылып турарын айткан (2 Шем. 19:31—33). Кыязы, ал Барзелайдын сапаттарын, кеңештерин баалаган. Падышанын ак сарайында жашап, кызмат кылуу Барзелай үчүн кандай гана чоң сыймык болмок!

Бирок жагдайга туура баа берген жана жөнөкөй киши болгондуктан ал өзүнүн 80ге чыгып калганын айтып: «Эми мен жакшыны жамандан айырмалай алмак белем?» — деген. Анын сөздөрү эмнени билдирген? Узак өмүр сүргөндүктөн анын акылман болгону шексиз. Андыктан, кийинчерээк Рехабам падышага жакшы кеңеш берген аксакалдардай болуп, ал да Дөөтү падышага даанышман кеңештерди бере алмак (1 Пад. 12:6, 7; Заб. 92:12—14; Накыл 16:31). Демек, Барзелайдын: «Жакшыны жамандан айырмалай алмак белем?» — деген сөздөрү анын курагынан улам мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп калганын билдирген көрүнөт. Ал өзү айткандай, карылыктын айынан ичкен тамагынын даамын билбей, дабыштарды жакшы уга албай калган (Нас. 12:4, 5). Ошондуктан ал Дөөтүгө өзүнүн ордуна Иерусалимге Кимамдын барышын сунуш кылган. Кимам, сыягы, анын уулу болгон (2 Шем. 19:35—40).

КЕЛЕЧЕКТИ ЭСКЕ АЛУУ

Жаш куракка байланыштуу киргизилген жогорудагы өзгөрүүдөн бир туугандардын Барзелайдыкындай көз карашта экени көрүнүп турат. Бирок, албетте, аны киргизүүдө Барзелайдын убагындагыдай бир эле кишинин жагдай-шарты, жөндөмдүүлүктөрү эмес, көп нерсе эске алынды. Ал чечимди чыгарардан мурун дүйнө жүзүндөгү ишенимдүү аксакалдар үчүн кандай кылганда жакшы болору кылдат ойлонуштурулду.

Ал момун бир туугандар, Жахабанын уюму келечектеги өсүшкө жакшы даяр болушу үчүн, өздөрү бир топ жылдан бери аркалап келаткан жоопкерчиликтерин жашыраак ишенимдештерине өткөрүп бергени туура болоруна кошулушту. Сыягы, Барзелай уулун, ал эми элчи Пабыл Тиметейди окутуп-үйрөткөндөй, улгайып калган аксакалдарыбыздын көбү жаш ага-инилерди окутуп-үйрөтүшкөн (1 Кор. 4:17; Флп. 2:20—22). Азыр ал жаш ишенимдештерибиз «Машаяктын денесин бекемдөөгө» жардам берип, өздөрүнүн «адам түрүндөгү белектер» экенин айгинелөөдө (Эф. 4:8—12; салыштыр: Сандар 11:16, 17, 29).

КЫЗМАТ КЫЛУУНУН АР КАНДАЙ ЖОЛДОРУ

Дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарда кызмат кылган жана өздөрүнүн айрым милдеттерин башкаларга өткөрүп берген көптөгөн бир туугандарыбыз Жахабанын ишин алдыга жылдыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатышат.

19 жыл кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Марко: «Жаңы дайындоомдон улам азыр жыйналышымдагы бир туугандардын ишенимдеш эмес күйөөлөрү менен таанышып, аларга кабар айтууга шарт түзүлүп жатат»,— дейт.

«Биз алдыбызга жаңы максаттарды койдук. Мисалы, жигердүү эмес жарчыларга жардам берүүгө жана көбүрөөк киши менен Ыйык Китепти изилдөөгө умтулуп жатабыз»,— дейт кыдыруучулук ишти 28 жыл бою аркалаган Гералдо. Ал жубайы экөө учурда 15 изилдөө өткөрүп жатканын жана көптөгөн жигердүү эмес жарчылардын жыйналышка келе баштаганын айтат.

Жогорудагы абзацтардын биринде сөз кылынган Алан мындай дейт: «Кабар айтуу ишине катышканга көбүрөөк мүмкүнчүлүгүбүз болуп жатат. Эл көп жерде, ишкер аймактарда күбөлөндүрүүдөн кубаныч алып жатабыз. Ошондой эле кошуналарыбызга кабар айтуудабыз, алардын экөө Падышалык залына келишти».

Эгер силер Кудайдын элинин арасында жаңы ишке дайындалган жөндөмдүү, берилген бир тууган болсоңор, уюмдун бекем болушуна өзгөчө жол менен салым кошо аласыңар. Башкача айтканда, баалуу тажрыйбаңарды жыйналышыңардагы жаш ишенимдештер менен бөлүшүп, Жахабанын ишине колдоо көрсөтсөңөр болот. Мурунураак айтылган Рассел бир тууган: «Жахаба сонун, таланттуу жаш инилерибизди окутуп-үйрөтүп, колдонуп жатат. Алардын күйүп-жанып окутканы, кам көргөнү баарына пайда алып келүүдө!» — дейт. (« Жаштарга шык-жөндөмүн толук колдонууга жардам бергиле» деген кутучаны карагыла.)

ЖАХАБА БЕРИЛГЕНДИГИҢЕРДИ БААЛАЙТ

Жакында эле жаңы дайындоо алган болсоңор, оң маанай сактагыла. Силер көп жылдан бери Жахабанын ишин жан-дилиңер менен аткарып, далайлардын жашоосуна зор таасир эткенсиңер жана ошенте берериңер шексиз. Көптөгөн бир туугандар силерди абдан жакшы көрөт жана мындан ары да баалай берери күмөнсүз.

Бирок баарынан маанилүүсү силер Жахабанын жүрөгүнөн түбөлүккө түнөк таптыңар. Ал «силердин ыйыктарга мурун да, азыр да кызмат кылуу менен анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү, эмгегиңерди унутпайт» (Евр. 6:10). Ыйык рухтун жетеги менен жазылган бул сөздөр бизди анын мурда кылган кызматыбызды да эсинде бек сактаарына ынандырат. Силер Жахабанын көз алдында ушунчалык баалуу болгондуктан, ал силердин ага жагыш үчүн кылган жана кылып жаткан аракетиңерди эч качан унутпайт.

Ал эми жогоруда айтылган өзгөрүү силерге тиешелүү болбосочу? Кандай болбосун, андан силер да пайда ала аласыңар. Кандайча?

Эгер силер дайындоосу өзгөргөн ишенимдүү кары бир тууган менен кызматташып жатсаңар, анын рухий жактан жетилгенинен, бай тажрыйбасынан көп нерсеге үйрөнө аласыңар. Аны менен кеңешип, оюн сурап тургула. Ошондой эле мурун билгендерин учурдагы дайындоосунда кантип колдонуп жатканына байкоо салгыла.

Дайындоосу өзгөргөн кары бир туугансыңарбы же алардан үйрөнүүгө дилгир бир туугансыңарбы, Жахабанын ага көп жыл бою берилгендик менен кызмат кылгандарды жана кызматын ишенимдүүлүк менен улантып жаткандарды жогору баалаарын унутпагыла.