Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадай болуп, башкаларга боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылалы

Жахабадай болуп, башкаларга боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылалы

«Бей-бечарага жардам берген адам бактылуу» (ЗАБ. 41:1).

ЫРЛАР: 130, 107

1. Кудайдын элинин сүйүүсү эмнелерден көрүнүп турат?

КУДАЙДЫН эли — сүйүүсү менен өзгөчөлөнүп турган рухий үй-бүлө (1 Жкн. 4:16, 21). Алар ишенимдештерине болгон сүйүүсүнөн улам кээде чоң курмандыктарга барышат. Бирок алардын сүйүүсү көбүнчө анча чоң эмес иштеринен, мисалы, жылуу сөздөрүнөн, боорукердик менен кылган жакшылыктарынан көрүнүп турат. Башкаларга боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылсак, Кудайды «сүйүктүү балдары» катары туураган болобуз (Эф. 5:1).

2. Иса кандайча башкаларга Атасыныкындай сүйүү көрсөткөн?

2 Иса Машаяк асмандагы Атасын жеткилең түрдө туураган. Ал: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем... Анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун»,— деген (Мт. 11:28, 29). Исага окшоп, «бей-бечарага жардам берсек», асмандагы Атабызга жагабыз жана зор кубаныч алабыз (Заб. 41:1). Анда эмесе, канткенде үй-бүлөбүздөгүлөргө, жыйналыштагыларга, кызматта жолуктурган адамдарга түшүнүү менен мамиле кыла аларыбызды карап чыгалы.

ҮЙ-БҮЛӨБҮЗДӨ

3. Күйөө аялына канткенде боорукердик, түшүнүү менен мамиле кыла алат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Күйөө үй-бүлөсүндөгүлөргө түшүнүү менен мамиле кылуу жагынан үлгү болушу керек (Эф. 5:25; 6:4). Маселен, ал жубайына «алган билимине» жараша — ага «көңүл буруп, түшүнүү менен» — мамиле кылышы зарыл (1 Пет. 3:7, шилт.). Түшүнүктүү күйөө аялынын аны толуктап тура турган жардамчы катары андан көп жагынан айырмаланарын, бирок ошондон улам төмөн болуп калбай турганын жакшы билет (Башт. 2:18). Ошондуктан анын сезимдерин эске алып, урмат-сый менен мамиле кылат. Канадалык бир аял жолдошу жөнүндө мындай дейт: «Ал сезимдериме дайыма маани берет. „Сен ушинте бербе да“,— деп эч качан айтпайт. Ошондой эле мени кунт коюп угат. Эгер кайсы бир нерсеге карата оюмду өзгөртүшүм керек болсо, боорукердик менен жардам берет».

4. Бөлөк жыныстагыларга мамиле кылууда күйөө аялынын сезимдерин эске аларын кантип көрсөтөт?

4 Зайыбын ойлогон күйөө башка жыныстагыларга мамиле кылууда анын сезимдерин эске алат. Ал аларга тийишүүдөн же орунсуз кызыгуу көрсөтүүдөн алыс болот. Социалдык тармактарды же Интернетти колдонууда да аялына ишенимсиздик кылбайт (Аюп 31:1). Ооба, ал жубайына болгон берилгендигин сактайт. Ал аны эле эмес, Жахабаны да сүйгөндүктөн жана жамандыкты жек көргөндүктөн ошентет. (Оку: Забур 19:14; 97:10.)

5. Зайып күйөөсүн ойлоорун кантип көрсөтөт?

5 Эгер күйөө башчысынан, Иса Машаяктан, үлгү алса, аялына аны «терең урматтоо» оңой болот (Эф. 5:22—25, 33). Жолдошун урматтап-сыйлаган зайып, ал теократиялык милдеттерин аткарууга көп убактысын арнаганда же кайсы бир көйгөй тууралуу ойлонуп жатканда, ага түшүнүү менен мамиле кылат. Британияда жашаган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Кээде аялым менин бир нерсеге тынчсызданып жатканымды жүрүм-турумумдан эле билип коёт. Анан, эгер ал купуя болбосо, Накыл сөздөр 20:5теги принципти колдонуп, жүрөгүмдөгү ойлорду „сузуп алуу“ үчүн ылайыктуу убакытты күтө билет».

6. Канткенде баарыбыз балдарды башкалардын камын ойлогонго үйрөтө алабыз жана бул аларга кандай пайда алып келет?

6 Жубайлар бири-бирине боорукердик, түшүнүү менен мамиле кылса, балдарына эң сонун үлгү көрсөтүшөт. Алар балдарына башкалардын камын ойлоону үйрөтүүгө милдеттүү. Алсак, аларды Падышалык залында ары-бери чуркабаганга үйрөтүшү керек. Ошондой эле башкалар менен чогуу эс алганда тамакка биринчи кол сунбай, улууларды күтө билиши керектигин айтып, тарбиялашы кажет. Албетте, жыйналыштагылардын баары ата-энелерге колдоо көрсөтө алышат. Айталы, кичинекей бала бизге кандайдыр бир жакшылык кылса, мисалы, эшикти ачып берсе, аны сөзсүз макташыбыз керек. Бул ага жакшы таасир этип, «алганга караганда берген бактылуу» экенине ынанганга жардам берет (Элч. 20:35).

ЖЫЙНАЛЫШТА

7. Иса дүлөй кишинин сезимдерин кантип эске алган жана андан эмнеге үйрөнсөк болот?

7 Бир жолу Иса пайгамбар Декаполис аймагында жүргөндө, эл ага «жакшы сүйлөй албаган бир дүлөй кишини алып келген» (Мр. 7:31—35). Иса аны көпчүлүктүн көзүнчө эмес, «четке алып чыгып» айыктырган. Эмне үчүн? Ал киши оорусунан улам өзүн элдин арасында оңтойсуз сезсе керек. Кыязы, Иса муну түшүнүп, аны обочороок алып барып сакайткан. Албетте, биз керемет жасай албайбыз. Бирок ишенимдештерибиздин муктаждыктарын, сезимдерин эске алып иш кыла алабыз жана ошентишибиз керек. Элчи Пабыл: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү»,— деп жазган (Евр. 10:24). Иса дүлөй кишинин кандай сезимде болуп жатканын түшүнүп, ага боорукердик менен мамиле кылган. Бул биз үчүн кандай сонун үлгү!

8, 9. Улгайган, ден соолугу начар бир туугандардын камын ойлоорубузду кантип көрсөтөбүз? (Мисал келтиргиле.)

8 Улгайган, ден соолугу начар бир туугандардын камын ойлоо. Кудайдын элинин жыйналышы аз убакыттын ичинде көп иштерди аткарганы менен эмес, сүйүүсү менен өзгөчөлөнөт (Жкн. 13:34, 35). Андай сүйүү бизге өзүбүздү ойлобой, бейкаруу, жашы өр тартып калган ишенимдештерибизге жыйналыш жолугушууларына барууга, кабар айтуу ишине катышууга көмөк кылууга түрткү берет. Атүгүл алар көптү кыла албаса да, бул жагынан колдоо көрсөтүшүбүз керек (Мт. 13:23). Майыптар коляскасында отурган Майкл деген ишенимдешибиз үйдөгүлөрүнүн жана кабар айтуу тобундагы бир туугандардын көрсөткөн жардамын аябай баалайт. Ал: «Алардын баары жардам бергендиктен, жолугушуулардын көбүнө бара алам жана кызматка үзгүлтүксүз чыгып турам. Мага эл көп жерде күбөлөндүргөн өзгөчө жагат»,— дейт.

9 Көптөгөн Бейтелдерде кары, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ишенимдештерибиз бар. Бейтелдеги мээримдүү көзөмөлчүлөр андай ишенимдүү бир туугандардын жагдай-шартын эске алып, алардын кат жана телефон аркылуу кабар айтышына кам көрүшөт. Алыскы аймактарда жашагандарга кат жазган 86 жаштагы Бил деген ата: «Биз кат аркылуу кабар айтууну абдан баалайбыз»,— дейт. Дээрлик 90го чыгып калган Нэнси деген апа: «Мен кат жазууну жөн эле конверттерди чаптап коюу деп эсептебейм. Бул деген талаа кызматы. Адамдар чындыкты таанып-билиши керек!» — деп бөлүшөт. Ал эми 1921-жылы төрөлгөн Этел деген апа: «Оорубаган бир да күнүм болбойт. Кээде кийингендин өзү эле азап»,— дейт. Ошого карабай ал телефон аркылуу күбөлөндүрөт жана чындыкка кызыккан бир нече киши менен сүйлөшүп турат. 85теги Барбара деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Ден соолугум начар болгондуктан, кызматка үзгүлтүксүз чыгуу аябай кыйын. Бирок телефон менен күбөлөндүрүүнүн аркасында башкалар менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүм болот. Рахмат сага, Жахаба». Ошол Бейтелде кызмат кылган ушул жана башка сүйүктүү кары ишенимдештерибиз бир жылга жетпеген убакыттын ичинде кызматка 1 228 саат арнашты, 6 265 кат жазышты, 2 000ден ашуун кишиге телефон аркылуу кабар айтышты, 6 315 адабият таратышты! Муну көрүп, Жахабанын жүрөгү сүйүнгөнү шексиз! (Накыл 27:11).

10. Бир туугандардын жыйналыштан толук пайда алышына кантип салым кошо алабыз?

10 Жыйналышта башкалардын кызыкчылыгын ойлоо. Биз бир туугандардын жыйналыш жолугушууларынан толук пайда алышын каалайбыз. Ошондуктан алардын кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Кантип? Мунун бир жолу — башкаларды алаксытпаш үчүн жыйналышка кечикпей келүү. Албетте, кээде күтүүсүз жагдайлар болуп калат. Бирок жыйналышка кечигип келүүнү адатка айландырып алган болсок, башкалардын пайдасын көздөш үчүн эмне кылсак болорун ойлонуп көрүшүбүз керек. Бизди жыйналышка Жахаба менен анын Уулу чакырып жатканын унутпаганыбыз маанилүү (Мт. 18:20). Алар болсо терең урматташыбызга татыктуу!

11. Жыйналышта тапшырмасы бар бир туугандар эмне үчүн 1 Корунттуктар 14:40тагы кеңешке кулак кагышы керек?

11 Бир туугандардын кызыкчылыгын көздөө өз ичине: «Бардыгы өз орду, өз тартиби менен болсун»,— деген кеңешке ылайык иш кылууну да камтыйт (1 Кор. 14:40). Жыйналышта тапшырмасы бар бир туугандар өздөрүнө бөлүнгөн убакыттан ашырбоо менен ошол кеңешке кулак каккан болот. Алар өздөрүнөн кийин чыга турган бир тууганды эле эмес, бүтүндөй жыйналышты ойлогондуктан ошентишет. Анткени айрым ишенимдештерибиз үйүнө жетиш үчүн узак жол жүрүшөт. Башкалары болсо коомдук унаага кечигип калышы, дагы бирөөлөрүн үйүндө ишенимдеш эмес өмүрлүк жары аябай күтүп жатышы мүмкүн.

12. Күжүрмөн аксакалдар эмне үчүн «өзгөчө урматташыбызга» татыктуу? (« Жетекчиликти колго алгандардын сезимдерин эске алгыла» деген кутучаны карагыла.)

12 Аксакалдар жыйналыш үчүн күжүрмөн эмгектенгендиктен жана кызматка жигердүү катышкандыктан өзгөчө урматташыбызга татыктуу. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:12, 13.) Алардын силер үчүн кылып жаткан иш-аракеттерин жогору баалаарыңар шексиз. Муну баш ийип, аларды колдоо менен көрсөткүлө. Себеби аксакалдар «силер үчүн жооп бере тургандар катары жаныңарга күндүр-түндүр кам көрүшөт» (Евр. 13:7, 17).

КЫЗМАТТА ЖҮРГӨНДӨ

13. Исанын башкаларга жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Ышая пайгамбар Иса жөнүндө: «Чала сынган камышты сындырбайт, бүлбүлдөп күйгөн зыгыр биликти өчүрбөйт»,— деп алдын ала айткан (Ыш. 42:3). Иса адамдарды сүйгөндүктөн аларга боору ачыган. Ал сынайын деп калган камышка же өчөйүн деп калган биликке окшогон кишилердин сезимдерин түшүнө билген. Ошондуктан аларга боорукердик, чыдамдуулук, түшүнүү менен мамиле кылган. Ага атүгүл балдар да тартылып турган (Мр. 10:14). Биз, албетте, башкаларды Исадай терең түшүнө албайбыз, анчалык мыкты окута да албайбыз. Ошентсе да аймагыбыздагылардын сезимин эске алып иш кыла алабыз жана ошентишибиз керек. Ан үчүн алар менен кантип, качан жана канча убакыт сүйлөшөрүбүзгө маани беришибиз зарыл.

14. Башкалар менен кантип сүйлөшүп жатканыбызга эмне үчүн маани беришибиз керек?

14 Кантип сүйлөшүшүбүз керек? Бүгүнкү күндө сатылма, таш боор соодагерлердин, саясатчылардын, диний жетекчилердин айынан миллиондогондор «чачырап, жүдөп калышкан» (Мт. 9:36). Ошондон улам көптөр үмүтүн үзүп, эч кимге ишенбей калган. Андыктан андай адамдар менен сүйлөшкөндө сөздөрүбүздөн, үнүбүздүн тонунан камкордук, боорукердик чагылдырылып турушу керек. Чынында, көптөр айткан кабарыбызга Ыйык Китепти жакшы билгенибиз же кыйын талкуу жүргүзгөнүбүз үчүн эмес, биринчи кезекте аларга чын ниеттен көңүл буруп, урмат-сый менен мамиле кылганыбыз үчүн кызыгышат.

15. Кызматта жолуктурган адамдардын сезимдерин кантип эске алсак болот?

15 Кабар айтып жүргөндө жолуктурган адамдардын сезимдерин эске алуунун көп жолдору бар. Мисалы, окутууда суроолорду колдонуу жакшы ыкма болсо да, аларды берүүдө сылык-сыпаа болушубуз керек. Тургундардын көбү түнт, тартынчаак келген аймакты иштеткен бир пионер аларды ыңгайсыз абалда калтыра турган суроолорду берүү анча натыйжалуу эмес экенин байкаган. Андай суроолорго башкалар жооп бере албай турган же туура эмес жооп бериши мүмкүн болгон суроолор кирет. Алсак, ал пионер аймагындагылардан: «Кудайдын ысмы ким экенин билесизби?» же «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» — деп сурабастан: «Мен Ыйык Китептен Кудайдын ысмы ким экенин билдим. Аны сизге көрсөтүп берейинби?» — дейт. Албетте, маданият да, адамдар да ар кандай болот. Ошол себептен суроо берүүгө байланыштуу белгилүү бир эрежелерди киргизүүнүн зарылдыгы жок. Анын ордуна, жергиликтүү калктын өзгөчөлүктөрүн жакшы билип, дайыма алардын сезимдерин эске алып, урматтаганыбыз абзел.

16, 17. Аймагыбыздагылардын жагдай-шартын эске алсак, а) аларга кайсы убакта барабыз жана б) канча убакыт сүйлөшөбүз?

16 Аймагыбызга качан барышыбыз керек? Үйдөн үйгө кабар айтып барганда биз чакырылбаган конок болобуз. Андыктан адамдар көбүрөөк сүйлөшкүсү келген убакта барганыбыз маанилүү (Мт. 7:12). Балким, аймагыбыздагылар дем алыш күндөрү адаттагыдан кечирээк турушаттыр. Андайда адегенде көчөдө, эл көп жерде кабар айтып же кайра жолугууларга барып, андан соң аймакка бараттырбыз.

17 Канча убакыт сүйлөшүшүбүз керек? Көптөрдүн убактысы аябай тар. Ошондуктан, өзгөчө, биринчи жолукканда кыска-нуска сүйлөшүп, маегибизди эртерээк бүтүргөнүбүз жакшы (1 Кор. 9:20—23). Алардын жагдайын же убактысы тартыш экенин эске алып жатканыбызды көргөндө алар кийинки жолугууга макул болушу мүмкүн. Кызматта Кудайдын рухунун жемишине кирген сапаттарды чагылдырышыбыз керек. Ошондой кылсак, чындап «Кудайдын кызматташтары» болобуз. Жахаба атүгүл биз аркылуу кимдир бирөөнү чындык жолуна алып келиши мүмкүн (1 Кор. 3:6, 7, 9).

18. Башкаларга түшүнүү менен мамиле кылсак, кандай баталарды алабыз?

18 Келгиле, мындан ары да үй-бүлөбүздөгүлөргө, жыйналыштагыларга, кызматта жолуктурган адамдарга түшүнүү менен мамиле кылганга аракет кыла берели. Мунун аркасында азыр да, келечекте да мол бата алабыз. Забур 41:1, 2де мындай деп жазылган: «Бей-бечарага жардам берген адам бактылуу, алаамат күнү Жахаба аны куткарат... Ал жер үстүндө бактылуу деп аталат».