Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудурети чексиз болсо да, түшүнүү менен мамиле кылат

Кудурети чексиз болсо да, түшүнүү менен мамиле кылат

«[Жахаба] биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт» (ЗАБ. 103:14).

ЫРЛАР: 30, 10

1, 2. а) Таасирдүү адамдардан айырмаланып, Жахаба башкаларга кандай мамиле кылат? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

КҮЧТҮҮ жана таасирдүү адамдар көбүнчө башкалардын үстүнөн бийлик жүргүзөт, атүгүл «үстөмдүк кылат» (Мт. 20:25; Нас. 8:9). Жахаба алардан кандай гана айырмаланат! Кудурети Чексиз болсо да, ал жеткилеңсиз адамдарга түшүнүү менен мамиле кылат. Жахаба боорукер, камкор жана сезимдерибизди, муктаждыктарыбызды эске алат. «Топурак экенибизди унутпагандыктан» ал колубуздан келбеген нерсени эч качан талап кылбайт (Заб. 103:13, 14).

2 Ыйык Китепте Жахабанын өз кызматчыларына түшүнүү менен мамиле кылганы жөнүндө баяндалган билдирүүлөр арбын. Алардын үчөөнө токтололу. Биринчисинде Кудайдын жаш Шемуелге анын сот өкүмүн башкы дин кызматчы Эйлиге жеткирүүгө кантип жардам бергени жазылат. Экинчисинде Муса пайгамбар ысрайыл элин жетектей албай турганын айтканда, ага чыдамдуулук менен мамиле кылганы баяндалат. Үчүнчүсүндө ысрайылдыктарды Мисир жеринен алып чыгып баратканда аларга кандайча мээримдүүлүк менен кам көргөнү айтылат. Ал билдирүүлөрдү талкуулап жатканда Жахаба тууралуу эмнени биле аларыбыз жана андан эмнеге үйрөнсөк болору жөнүндө ой жүгүртөлү.

БАЛАНЫН СЕЗИМИН ЭСКЕ АЛГАН

3. Бир жолу Шемуел уктап жатканда кандай окуя болгон жана ошондон улам кандай суроо туулат? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

3 Шемуел кенедей кезинен эле ыйык чатырда «Жахабага кызмат кыла» баштаган (1 Шем. 3:1). Бир жолу түнүчүндө ал уктап жатканда, адаттан тыш бир нерсе болот *. (Оку: 1 Шемуел 3:2—10.) Бирөө аны атынан айтып чакырат. Шемуел башкы дин кызматчы Эйли чакырып жатат деп ойлоп, ага чуркап барат да: «Мырзам, мени чакырдыңызбы?» — дейт. Эйли чакырбаганын айтат. Ошол нерсе дагы эки жолу кайталанат. Ошондо Эйли аны Кудай чакырып жатканын түшүнүп, ага үн дагы угулса, эмне кылышы керектигин айтат. Шемуел ал айткандай кылат. Эмне үчүн Жахаба ага өзү сүйлөп жатканын башында эле периштеси аркылуу айтып койгон эмес? Ыйык Китепте бул тууралуу эчтеке айтылбайт. Бирок окуянын андан ары кандай өрчүгөнүнөн Жахабанын Шемуелдин сезимдерин эске алганын көрүүгө болот. Кандайча?

4, 5. а) Кудай Шемуелге Эйлиге чыгарган өкүмүн айтууну буйруганда, ал эмне кылган жана эртеси эмне болгон? б) Бул билдирүүдөн Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот?

4 Оку: 1 Шемуел 3:11—18. Жахабанын Мыйзамында балдар карыларды, өзгөчө, бийлиги барларды урматташы керектиги айтылган (Чыг. 22:28; Леб. 19:32). Шемуелдин таң атпай Эйлиге барып, Кудайдын үрөйдү учурган сот өкүмүн кайраттуулук менен айтып жатканын элестетүү кыйын. Ыйык Китепте: «Ал алган аяны жөнүндө Эйлиге айткандан коркту»,— делет. Бирок Жахаба Эйлиге Шемуелди өзү чакырып жатканын айкын көрсөткөн. Ошондуктан Эйли Шемуелди чакырып, Кудайдын сөздөрүнүн бирин да жашырбай айтып бериши керектигин айткан. Шемуел ага баш ийип, «бүт баарын айтып берген».

5 Анын кабары Эйли үчүн күтүлбөгөн нерсе болгон эмес. Себеби Кудайдын бир кишиси мурунураак ага ушу сыяктуу сөздөрдү айткан эле (1 Шем. 2:27—36). Бул окуядан Жахабанын канчалык акылман, баарын эске алып иш кылган Кудай экенин көрүүгө болот.

6. Кудайдын жаш Шемуелге жардам бергенинен эмнени биле алабыз?

6 Сен Кудайдын жаш кызматчысысыңбы? Ошондой болсо, Шемуел жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, Жахаба кыйынчылыктарыңды, сезимдериңди жакшы түшүнөт. Балким, уялчаак болгондуктан Падышалык жөнүндөгү кабарды улуу кишилерге айтуу кыйынга тураттыр же өзүң теңдүүлөрдүн кысымынан улам кыйналып жаткандырсың. Жахаба сага жардам берүүгө даяр. Андыктан жүрөгүңдөгүнүн баарын ага айт (Заб. 62:8). Ыйык Китептеги Шемуел сыяктуу жаш инсандар жөнүндө ой жүгүрт. Сеникиндей кыйынчылыктарды жеңген жаш же кары ишенимдештериң менен сүйлөш. Алар сага Жахабанын кантип жардам бергенин, атүгүл өздөрү күтпөгөн жолдор менен көмөк кылганын айтып бериши мүмкүн.

МУСАНЫН СЕЗИМДЕРИН ЭСКЕ АЛГАН

7, 8. Жахаба Мусанын сезимдерин эске алганын кантип көрсөткөн?

7 Муса пайгамбар 80ге чыкканда, Жахаба ага абдан чоң тапшырма берген. Ал ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотушу керек болчу (Чыг. 3:10). Муну укканда Муса дал болуп туруп калса керек. Себеби ал ага чейин Мидиан жеринде 40 жыл бою кой кайтарып жүргөн. Ошондуктан ал: «Фараонго барып, Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккыдай, мен киммин?» — деген. Кудай аны: «Мен сени менен болом»,— деп ынандырган (Чыг. 3:11, 12). Анан Ысрайыл аксакалдары жөнүндө: «Алар сенин айткандарыңа кулак кагышат»,— деп убада берген. Бирок Муса: «Алар... айткандарыма кулак салбай коюшсачы?» — деген (Чыг. 3:18; 4:1). Муну менен ал Жахабага анын сөздөрү аткарылбай калышы мүмкүн экенин айткандай эле болгон. Анткен менен Жахаба чыдамдуулук көрсөтө берген. Атүгүл ага керемет жасоого күч берген. Ыйык Китепте ушундай күчкө ээ болгону жазылган инсандардын эң биринчиси Муса пайгамбар болгон (Чыг. 4:2—9, 21).

8 Бирок ал тапшырылган ишти аткара албай турганынын дагы бир себебин, өзүнүн жакшы сүйлөй албай турганын, айткан. Жахаба ага: «Сүйлөп жатканыңда мен сени менен болуп, эмнени айтуу керектигин үйрөтүп турам»,— деген. Ошондо Муса макул болду беле? Жок. Ал Кудайдан өзүнүн ордуна башка бирөөнү жиберишин суранган. Жахабанын буга ачуусу келсе да, кызматчысынан баш тарткан эмес. Ал Мусанын сезимдерин эске алган. Ошондуктан анын ордуна сүйлөшү үчүн Арунду кошуп берген (Чыг. 4:10—16).

9. Жахабанын чыдамдуулугу, түшүнүктүүлүгү Мусага ал тапшырган ишти аткарууга кандайча жардам берген?

9 Бул окуядан Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот? Кудурети Чексиз болгондуктан ал Муса пайгамбарды коркутуп-үркүтүп, кыңк эттирбей баш ийдирип коё алмак. Бирок ал өзүн ишенимсиз сезген, момун кызматчысын ынандырыш үчүн чыдамдуулук, боорукердик көрсөткөн. Бул жакшы натыйжа бергенби? Ооба. Муса кийин Жахабадан үлгү алып, башкаларга жумшактык, түшүнүү менен мамиле кылган мыкты жол башчы болгон (Сан. 12:3).

Башкаларга мамиле кылууда Жахабадан үлгү аласыңарбы? (10-абзацты карагыла)

10. Башкаларга Жахабадай мамиле кылуунун натыйжасы кандай болот?

10 Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер күйөө, ата-эне же жыйналыштагы аксакал болсоңор, силерде кандайдыр бир деңгээлде бийлик бар. Андыктан Жахабадан үлгү алып, аялыңарга, балдарыңарга жана жыйналыштагы бир туугандарга түшүнүү менен мамиле кылып, боорукер, чыдамкай болгонуңар маанилүү (Кол. 3:19—21; 1 Пет. 5:1—3). Эгер Жахабадан жана Исадан — Мусадан улук пайгамбардан — үлгү алсаңар, башкалар силерге оңой кайрыла алат жана аларды ар дайым сергите аласыңар (Мт. 11:28, 29). Ошондой эле эң сонун үлгү болосуңар (Евр. 13:7).

КУДУРЕТИ ЧЕКСИЗ, БИРОК КАМКОР КУТКАРУУЧУ

11, 12. Мисирден чыккан ысрайылдыктар өздөрүн коопсуз сезиши үчүн, Жахаба эмне кылган?

11 Б.з.ч. 1513-жылы Мисирден чыкканда ысрайылдыктардын саны, кыязы, үч миллиондон ашуун болгон. Алардын арасында балдар, карылар, атүгүл майыптар же ден соолугу начарлар да болгону күмөнсүз. Ошондой калың элди Мисирден алып чыгуу үчүн абдан түшүнүктүү, камкор жол башчы керек эле. Жахаба Муса аркылуу өзүнүн ошондой жол башчы экенин көрсөткөн. Ошондон улам ысрайылдыктар өмүр бою жашап келген үй-жайын таштап кетип жатканда көп тынчсызданышкан эмес (Заб. 78:52, 53).

12 Алар өздөрүн коопсуз сезиши үчүн, Жахаба эмне кылган? Ал элин Мисирден «аскердик топтордой» кылып уюшкандыкта алып чыккан (Чыг. 13:18). Мунун аркасында ысрайылдыктар Кудайдын бардык нерсени көзөмөлдөп турарына ынанышкан. Андан сырткары, Жахаба «күндүз аларды булут менен, түнкүсүн оттун жарыгы менен жетектеп», алар менен баратканын айкын кылган (Заб. 78:14). Мындайча айтканда, ал: «Коркпогула. Мен силерди жетектеп, коргоп жүрөм»,— деген. Анын ушундайча кубаттап-бекемдегени аларды андан аркы окуяларга даярдаганы шексиз.

Кызыл деңизден өткөрүп жатканда Жахаба ысрайылдыктарга кантип кам көргөн? (13-абзацты карагыла)

13, 14. а) Жахаба ысрайылдыктарды Кызыл деңизден өткөрүп жатканда кантип кам көргөн? б) Ал мисирликтерден алда канча күчтүү экенин кантип көрсөткөн?

13 Оку: Чыгуу 14:19—22. Өзүңөрдүн фараондун аскери менен Кызыл деңиздин ортосунда калганыңарды элестетип көрсөңөр. Эч жакка кача албай калдыңар. Анан Жахаба жардамга келет. Булут мамы кошуундун аркасына жылып барат да, мисирликтердин жолун тороп, алар тарапты капкараңгы, силер тарапты жапжарык кылып коёт. Анан Муса колун деңизди көздөй сунганда, чыгыштан катуу шамал согуп, сууну экиге бөлөт. Силер, үй-бүлөңөр, мал-жаныңар жана башкалар — баарыңар уюшкандыкта деңиздин түбү аркылуу өтө баштайсыңар. Жер ылай же муз эмес, басканга оңой, купкургак экен. Ошентип, баарыңар, атүгүл араң баскандар да аман-эсен аркы өйүзгө өтөсүңөр.

14 Оку: Чыгуу 14:23, 26—30. Ал ортодо акылсыз, текебер фараон артыңардан кууп жөнөйт. Муса колун кайрадан деңизди көздөй сунат. Ошондо дубалдай заңкайып, эки тарапта турган суу бири-бирин көздөй келаткан цунамидей катуу ылдамдыкта келип кошулат. Фараон менен анын аскери качып кутула албай калышат (Чыг. 15:8—10).

15. Кызыл деңизде болгон окуядан Жахаба жөнүндө эмнени билүүгө болот?

15 Бул билдирүүдөн Жахабанын тартиптин Кудайы экени көрүнүп турат. Муну билүү өзүбүздү коопсуз сезүүгө жардам берет (1 Кор. 14:33). Андан сырткары, койлоруна жакшы кам көргөн мээримдүү койчудай болуп, Жахаба өз элине эң сонун кам көрөт. Ал аларды каймана мааниде кучагына алып, душмандарынан коргойт. Азыркы дүйнө түзүлүшүнүн акыры жакындап келаткандыктан, бул бизди абдан бекемдейт (Накыл 1:33).

16. Жахабанын ысрайылдыктарды куткарганын карап чыгуудан кандай пайда алабыз?

16 Бүгүнкү күндө да Жахаба элине топ катары рухий жактан да, денелик жактан да кам көрүп келет. Ал тездик менен жакындап келаткан улуу алааматта да ушундай кылат (Аян 7:9, 10). Ошондуктан жашпы, карыбы, ден соолугу чыңбы же майыппы, анын бир да кызматчысы улуу алаамат учурунда коркунучка алдырып, дүрбөлөңгө түшпөйт *. Тескерисинче, Исанын: «Ушулар аткарыла баштаганда, боюңарды түзөп, башыңарды көтөргүлө, анткени куткарылууңарга аз калган болот»,— деген сөздөрүн эстеп, бекем турушат (Лк. 21:28). Алар атүгүл байыркы фараондон алда канча күчтүү Гок — улуттардын бирикмеси — кол салганда да, Жахабанын коргой турганынан шектенишпейт (Жез. 38:2, 14—16). Эмне үчүн? Анткени алар Жахабанын өзгөрбөгөн Кудай экенин билишет. Ал дагы бир жолу мээримдүү, камкор Куткаруучу экенин далилдейт (Ыш. 26:3, 20).

17. а) Ыйык Китептен Жахабанын өз элине кам көрөрүн көрсөткөн билдирүүлөрдү карап чыгуунун кандай пайдасы бар? б) Кийинки макалада эмнелерге токтолобуз?

17 Бул макалада Жахабанын өз элине кам көрүүдө, аларды жетектөөдө, куткарууда кандайча баарын эске алып, боорукердик менен иш кыларын көрсөткөн айрым билдирүүлөрдү гана карап чыктык. Ушу сыяктуу билдирүүлөр тууралуу ой жүгүртүп жатканда Жахаба жөнүндө жаңы, мурун байкабаган нерселерди билгенге аракет кылгыла. Анын кереметтүү сапаттары жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүңөр өсүп, ишенимиңер чыңдалат. Кийинки макалада канткенде Жахабадай болуп, үйдөгүлөрүбүзгө, ишенимдештерибизге жана кызматта жолуктурган адамдарга түшүнүү менен, алардын сезимдерин эске алып мамиле кыла аларыбызды карап чыгабыз.

^ 3-абз. Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин айтымында, Шемуел ошол убакта 12 жашта болгон.

^ 16-абз. Армагедондон аман өтө тургандардын арасында майыптар да болот деп айтууга болот. Жерде жүргөндө Иса «ар кандай оору-дарттарды айыктырган». Муну менен ал келечекте тириле тургандар үчүн эмес, Армагедондон аман өтө тургандар үчүн эмнелерди кыларын көрсөткөн (Мт. 9:35). Көзү өтүп кеткендер жаңы заманда ден соолугу чың болуп тирилишет.