Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларды сүйүүбүз менен бекемдей берели

Башкаларды сүйүүбүз менен бекемдей берели

«Сүйүү бекемдейт» (1 КОР. 8:1).

ЫРЛАР: 109, 121

1. Өлөр алдындагы түнү Иса шакирттери менен кайсы маанилүү нерсе тууралуу сүйлөшкөн?

ИСА МАШАЯК өлөр алдындагы түнү шакирттери менен сүйлөшүп жатканда «сүйүү» деген сөздү 30дай жолу колдонгон. Ал алардын бири-бирин сүйүшү керектигин баса белгилеген (Жкн. 15:12, 17). Шакирттердин бири-бирине болгон күчтүү сүйүүсү аларды Исанын чыныгы жолдоочулары катары айырмалап турмак (Жкн. 13:34, 35). Иса Машаяк сөз кылган сүйүү сезимдерден да көптү камтып, жан аябастык менен көрсөтүлмөк. Муну анын: «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок. Эгер силерге буйругандарымды аткарсаңар, менин досторумсуңар»,— деген сөздөрү көрсөтүп турат (Жкн. 15:13, 14).

2. а) Кудайдын эли эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат? б) Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

2 Бүгүнкү күндө Жахабанын кызматчыларынын чын жүрөктөн, жан аябастык менен көрсөткөн сүйүүсү, ыдырабас биримдиги алардын анын эли экенин далилдеп турат (1 Жкн. 3:10, 11). Улуту, уруусу, тили, тек-жайы ар башка болсо да, Кудайдын кызматчыларынын арасында жан аябас сүйүүнүн өкүм сүрүп келатканы кандай гана кубандырат! Бул макаладан төмөнкү суроолорго жооп алабыз: «Өзгөчө азыркы учурда сүйүү көрсөтүү эмне үчүн маанилүү? Жахаба менен Исанын сүйүүсү бизди кандайча бекемдейт? Канткенде ар бирибиз башкаларды сүйүүбүз менен бекемдей алабыз?» (1 Кор. 8:1).

СҮЙҮҮ КӨРСӨТҮҮ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АЗЫР ӨЗГӨЧӨ МААНИЛҮҮ?

3. Азыркы «өзгөчө оор мезгил» адамдарга кандай таасир этүүдө?

3 Жашоо «түйшүк менен кайгы-капага толгондуктан», көптөр азыркы «өзгөчө оор мезгилде» эмоциялык жактан кыйналып жатышат (Заб. 90:10; 2 Тим. 3:1—5). Канчалагандар баарына кол шилтеп, кыйынчылыктарга багынып берүүдө. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жыл сайын 800 000ден ашык киши өз өмүрүн кыят. Мындайча айтканда, ар бир 40 секунда сайын бир киши өмүрү менен кош айтышат. Өкүнүчтүүсү, атүгүл Кудайдын айрым кызматчылары да турмуштун кысымына туруштук бере албай, өз өмүрүнө кол салган учурлар кездешет.

4. Кудайдын байыркы убактагы кайсы кызматчылары өзүнө өлүм тилеген?

4 Кудайга кызмат кылган байыркы убактагы кээ бир ишенимдүү адамдардын да ар кандай жагдайлардан улам өлгүсү келген учурлары болгон. Мисалы, жаны кыйналган Аюп пайгамбар: «Жашоом жаныма жийиркеничтүү болуп жатат»,— деп айткан (Аюп 10:1; 14:13). Кудай берген тапшырмага байланыштуу көңүл кайттыкка учураган Жунус пайгамбар болсо: «Эми, Жахаба, суранам сенден, жанымды ал, анткени жашагандан көрө, өлгөнүм артык»,— деген (Жун. 4:3). Ал эми ишенимдүү Илияс пайгамбар жарга такалгандай сезимде болгондо: «Болду, жетишет! Оо, Жахаба, жанымды алчы»,— деп өзүнө өлүм тилеген (1 Пад. 19:4). Бирок Жахаба берилгендик сактаган ал кызматчыларын жогору баалагандыктан алардын өлүшүн каалаган эмес. Аларды ошондой сезимде болуп жатканы үчүн айыптабай, терс ойлорунан арылууга жардам берген. Ошондой эле кызматын ишенимдүүлүк менен уланта бериши үчүн, сүйүүсү менен кубаттап-бекемдеген.

5. Бир туугандарыбыз сүйүү көрсөтүшүбүзгө эмне себептен азыр өзгөчө муктаж?

5 Өмүрүн кыйганга чейин барбаса да, көп бир туугандарыбыз ар кандай көйгөйлөр менен алпурушуп жаткандыктан сүйүү менен бекемдешибизге абдан муктаж. Кээ бирлерине куугунтукка, шылдыңга чыдаганга туура келүүдө. Башкаларын чогуу иштегендери сындайт же ушактайт. Дагы бирөөлөрү көп саат бою иштегендиктен же жумушунун графиги аябай тыгыз болгондуктан чарчашат. Ал эми айрымдары үйүндөгү жагдайдан, алсак, ишенимдеш эмес жары чучукка жеткен сөздөрдү айткандыктан кыйналып келет. Ушундай себептердин айынан көп ишенимдештерибиз эмоциялык жактан чарчап, алдан-күчтөн таюуда. Аларга сыноолорго сынбаганга ким жардам бере алат?

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮ БЕКЕМДЕЙТ

6. Жахаба кызматчыларын сүйүүсү менен кантип бекемдейт?

6 Жахаба кызматчыларын бекемдеш үчүн аларды туруктуу сүйүүсүнө ынандырат. Анын: «Сен менин көз алдымда баалуусуң, ошондуктан сени урматталууга татыктуу деп эсептейм, жакшы көрөм... Коркпо, анткени мен сени мененмин»,— деген сөздөрүн укканда байыркы убактагы ишенимдүү ысрайылдыктардын канчалык кайраттанып калышканын элестетсеңер (Ыш. 43:4, 5). Жахабанын силерди да өзүнүн кызматчысы катары абдан жакшы көрөрүнө, баалаарына шектенбегиле *. Анын таза сыйынууну колдогондорго карата кандай сезимдерди туяры жөнүндө Ыйык Китепте: «Ал күчтүү, ал куткарат. Сени карап кубанып-шаттанат»,— деп жазылган (Сеп. 3:16, 17).

7. Кандай мааниде Жахабанын сүйүүсү мээримдүү эненикине окшош? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

7 Кызматчыларынын башына кандай мүшкүл түшпөсүн, Кудай аларды кубаттап, жубатарын убада кылат. Ыйык Китепте: «Силер аны эмесиңер. Ал силерди көтөрүп, алдына алып эркелетет. Энеси уулун соороткондой, мен силерди сооротом»,— делет (Ыш. 66:12, 13). Мээримдүү эненин чүрпөсүн көкүрөгүнө кысып же тизесине отургузуп эркелетип жатканын көрүү кандай гана көңүл эргитерлик! Ушундай сөздөр аркылуу Жахаба өзүнүн кызматчыларына болгон сүйүүсү канчалык күчтүү, назик экенин сүрөттөгөн. Жахаба үчүн абдан баалуу, кымбат экениңерге эч качан шектенбегиле (Жер. 31:3).

8, 9. Машаяктын сүйүүсү бизди кандайча бекемдейт?

8 Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө төмөндөгү сөздөр да ынандырып турат: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жкн. 3:16). Биз үчүн өз өмүрүн берүү менен Иса да зор сүйүүсүн көрсөткөн. Муну билүү бизге кандай гана дем-күч берет. Кудайдын Сөзүндө «Машаяктын сүйүүсүнөн» бизди эч бир кыйынчылык, эч бир азап «ажырата албасы» айтылган (Рим. 8:35, 38, 39).

9 Алдан-күчтөн тайдырган, жан дүйнөбүздү сыздатып, рухий жактан алсырата турган кыйынчылыктардын чеңгелинде калганда Машаяктын сүйүүсү бизге туруктуу бойдон калууга күч берет. (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15.) Атүгүл табигый кырсыкка, куугунтукка, көңүл кайттыкка учураганда же катуу тынчсызданганда да бизди кубаттандырып, багынбоого түрткү берет.

ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ СҮЙҮҮБҮЗГӨ МУКТАЖ

Исанын үлгүсүн изилдөө башкаларды бекемдөөгө түрткү берет (10, 11-абзацтарды карагыла)

10, 11. Көңүлү чөккөндөрдү бекемдөөгө кимдер милдеттүү? Түшүндүргүлө.

10 Жахабанын бизди сүйүүсү менен бекемдеш үчүн көргөн чараларынын бири — жыйналыш. Бир туугандарды сүйсөк жана аларга рухий жактан эле эмес, эмоциялык жактан да колдоо көрсөтсөк, Жахабанын сүйүүсүнө жооп кайтарган болобуз (1 Жкн. 4:19—21). Элчи Пабыл ишенимдештерин: «Мындан ары да бири-бириңерди кубаттандырып, бекемдей бергиле»,— деп үндөгөн (1 Тес. 5:11). Ырас, аксакалдар эле эмес, жыйналыштагылардын баары Жахаба менен Исаны туурап, бир туугандарды сооротуп-бекемдей алышат. (Оку: Римдиктер 15:1, 2.)

11 Депрессиянын оор түрүнөн же башка ушул сыяктуу оорудан кыйналгандар доктурга кайрылып, медициналык жардам алышы керек болушу мүмкүн (Лк. 5:31). Аксакалдар жана жыйналыштагылар аларга андай жардамды атайын билими бар адистер гана көрсөтө аларын эске алышат. Анткен менен «көңүлү чөккөндөрдү сооротуп», «алсыздарды колдоп», «чыдамкайлык менен мамиле кылуунун» аркасында аларга чоң көмөк кыла алышат (1 Тес. 5:14). Ооба, көңүлү чөккөндөрдү бекемдеш үчүн аларга боорукердик, чыдамдуулук менен мамиле кылып, жылуу-жумшак сүйлөгөнүбүз зарыл. Силер дайыма башкаларды сооротуп-жубатууга, бекемдөөгө умтуласыңарбы? Башкаларга кантип жардам бериш керектигин билсек, жумшаган аракетибиз жакшы натыйжа алып келет.

12. Жыйналыштагылардын сүйүүсүн сезип, бекемделген бир туугандар жөнүндө айтып бергиле.

12 Жан дүйнөсү кыйналып жаткандарды сүйүүбүз менен кантип бекемдесек болот? Европада жашаган бир бир тууган мындай дейт: «Кээде жашоодон тажап, өмүрүмдү кыйгым келет. Бирок жыйналышымдагылар ар убак колдоо көрсөтүп, жаман ойлорго алдырбаганга жардам берип турушат. Алар мени бекемдеп, сүйүү менен мамиле кылышат. Депрессия менен күрөшүп жүргөнүмдү кээ бирлери эле билсе да, жыйналышымдагылар дайыма жөлөк-таяк болушат. Бир жубайлар рухий ата-энемдей эле болуп калышты. Алар мага аябай кам көрүшөт, кээде түзмө-түз эле 24 саат жанымда болушат». Албетте, башкаларга ушундай деңгээлде жардам берүүгө баарыбыздын эле жагдай-шартыбыз жол бере бербейт. Бирок чын жүрөктөн колубуздан келишинче колдоо көрсөтсөк, эмоциялык жактан кыйналгандардын оор жүгүн бир топ жеңилдете алабыз *.

КАНТКЕНДЕ БАШКАЛАРДЫ СҮЙҮҮБҮЗ МЕНЕН БЕКЕМДЕЙ АЛАБЫЗ?

13. Башкаларды бекемдегибиз келсе, эмне кылганыбыз маанилүү?

13 Кунт коюп уккула (Жкп. 1:19). Сүйүү бизге башкаларды боорукердик менен кунт коюп угууга түрткү берет. Терс ойлор менен күрөшүп жаткан бир тууганды жакшыраак түшүнүш үчүн, балким, сылыктык, жумшактык менен айрым суроолорду береттирсиңер. Ошонун аркасында ага түшүнүү менен мамиле кылып, бекемдей аласыңар. Жүзүңөрдөн ал үчүн чындап күйүп-бышып жатканыңар көрүнүп турсун. Эгер ал кайсы бир нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин айтып берип жатса, сөзүн бөлбөй, чыдамдуулук менен уккула. Бул анын сезимдерин көбүрөөк түшүнгөнгө шарт түзөт. Ошондой эле ал силерге ишеним артып, аны бекемдеш үчүн айткандарыңарды көңүлдөнүп угат. Башкаларга чын дилден кам көрсөңөр, аларды чындап эле сергите аласыңар.

14. Сындагандан качканыбыз эмне үчүн туура?

14 Сындагандан качкыла. Депрессиянын азабын тартып жүргөндөрдү сындасак, алардын көңүлү ого бетер чөгүп, бекемдеш үчүн кылган аракетибиз тескери натыйжа берип калышы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат»,— деп айтылат (Накыл 12:18). Албетте, эч кимди атайлап «жаралагыбыз» келбейт, бирок байкабай айтып алган сөздөрүбүз да айрымдардын жүрөгүн оорутуп коюшу мүмкүн. Башкаларды сүйүү менен бекемдегибиз келсе, боорукер болуп, өзүбүздү алардын ордуна коюп көрүшүбүз керек (Мт. 7:12).

15. Башкаларды сооротууда колдоно турган кандай баалуу куралыбыз бар?

15 Башкаларды сооротууда Кудайдын Сөзүн колдонгула. (Оку: Римдиктер 15:4, 5.) Ыйык Китеп сооротуп, дем-шык бере турган ойлорго бай. Анткени аны «туруктуулук, сооронуч берүүчү Кудай» жаздырган. Жубатарлык аяттардан тышкары, Ыйык Китепти тереңирээк изилдегенге жардам берген куралдарыбыз көп. Мисалы, «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индексин» жана «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралын» колдонуунун аркасында ар түрдүү көйгөйлөр менен күрөшкөнгө көмөк кыла турган баалуу ойлорду, кеңештерди таба алабыз. Аларды сооронучка муктаж болуп жаткандарды бекемдөөдө колдонуп, жакшы натыйжага жете алабыз.

16. Кайгыга баткан ишенимдешибизди бекемдөөдө кайсы сапаттарды чагылдырганыбыз маанилүү?

16 Боорукер, жумшак болгула. Бул сапаттар башкаларды бекемдеп, дем-шык берүүдө көрсөтүлүүчү жан аябас сүйүүнүн бир бөлүгү болуп саналат. Жахаба өзү да «боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай», ошондой эле кызматчыларына дайыма боорукердик менен мамиле кылат. (Оку: 2 Корунттуктар 1:3—6; Лк. 1:78; Рим. 15:13.) Элчи Пабыл бул жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал: «Балдарын бөпөлөп баккан энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылганбыз. Силерге карата назик сезимдерди туюп, силерди абдан жакшы көрүп калгандыктан биз силерге Кудайдын жакшы кабарын айтып эле койбостон, жаныбызды да берүүгө даяр элек»,— деп жазган (1 Тес. 2:7, 8). Мээримдүү Жахабадан үлгү алып, дайыма жумшак, боорукер болсок, ал бизди кайгыга батып жүргөн бир тууганыбыздын тиленүүлөрүнө жооп берүү үчүн колдонушу мүмкүн.

17. Бир туугандарга карата кандай көз карашта болгонубуз аларды бекемдейт?

17 Бир туугандардан жеткилеңдикти күтпөгүлө. Аларга карата тең салмактуу көз карашта болгула. Бир туугандарды эч качан жаңылбашы керек деп ойлоо акыл-эстүүлүккө жатпайт жана көңүл кайттыкка учуратат (Нас. 7:21, 22). Жахаба кызматчыларынан алардын колунан келбеген нерсени күтпөйт. Эгер андан үлгү алсак, башкалардын жеткилеңсиздигине туура карап, көтөрүмдүү болобуз (Эф. 4:2, 32). Аларга өздөрүн Жахабага жакшы кызмат кылбай жаткандай сездирбей, колунан келгендин баарын кылып жатканы үчүн мактаганыбыз оң. Бул аларды көбүрөөк бекемдейт. Чын жүрөктөн мактасак, башкаларды сүйүү менен бекемдеп, ыйык кызматын кубаныч менен аткарышына өбөлгө түзөбүз. Бирөөлөргө салыштырып, көңүлүн чөгөргөндүн ордуна, алардын жакшы жагын айтканыбыз алда канча бекемдээрлик эмеспи? (Гал. 6:4).

18. Бири-бирибизди сүйүү менен бекемдөөгө кандай орчундуу себеп бар?

18 Жахаба Кудай да, биз үчүн өз өмүрүн курмандыкка берген Иса Машаяк да ар бирибизди абдан жогору баалайт (Гал. 2:20). Биз да бир туугандарыбызды жогору баалайбыз. Аларга боорукердик, сүйүү менен мамиле кылууга аракет кылабыз. Башкаларды сергитүүнү кааласак, «тынчтыкка, бири-бирибизди бекемдөөгө умтулушубуз» керек (Рим. 14:19). Келечекте жер бетине Бейиш орноп, эч кимде кайгырганга себеп болбой турган заманды чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Ошондо оору, согуш, өлүм, куугунтук, үй-бүлөдөгү келишпестиктер, көңүл кайттык деген нерселердин баары артта калат. Машаяктын миң жылдык башкаруусунун соңунда адамзат жеткилеңдикке жетет. Акыркы сыноодон өткөндөрдү Жахаба Кудай өзүнүн жердеги уулдары катары асырап алат. Алар «Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгышат» (Рим. 8:21). Келгиле, мындан ары да баарыбыз бири-бирибизди сүйүү менен бекемдеп, ошол кубанычтуу максатыбызга жетүүгө көмөк кыла берели.

^ 12-абз. Өмүрүн кыйгысы келгендерге кантип жардам берсе болоруна байланыштуу кеңештерди «Ойгонгула!» журналынын төмөнкү сандарынан таба аласыңар: «Өмүрдү кыйбаганга үч себеп» (2014-жыл, апрель); «Жашоодон тажаганда» (2012-жыл, январь, ор.); «Өмүр — баалуу белек» (2001-жыл, 22-октябрь, ор.)