Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жакындары Жахабага кызмат кылбай калгандарга эмне жардам берет?

Жакындары Жахабага кызмат кылбай калгандарга эмне жардам берет?

«Алар... канча жолу көңүлүн оорутушкан!» (ЗАБ. 78:40).

102-ЫР: «Алсыздарга жардам берели»

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жакындарынын жыйналыштан чыгарылып калганы айрымдарга кандай таасир этиши мүмкүн?

 ЖАКШЫ көргөн кишиңер жыйналыштан чыгарылып калган учур болду беле? Андайда жүрөгүңөр сыгылып, жаман болсоңор керек. «41 жыл бою чогуу түтүн булатып келаткан жолдошум каза болуп калганда күйүтүм күч болуп, муну көтөрө албайм го деп ойлогом,— дейт Хилда *.— Бирок уулум жыйналыштан чыгарылып, эки неберем менен келинимди таштап кеткенде, андан да жаман болдум».

Жакыныбыз чындык жолунан чыгып кеткенде канчалык кыйналарыбызды Жахаба сезип турат (2, 3-абзацтарды карагыла) *

2, 3. Забур 78:40, 41ге ылайык, кызматчылары таштап кеткенде, Жахаба өзүн кандай сезет?

2 Айрым периштелер Жахабанын үй-бүлөсүн таштап, андан жүзүн буруп кетишкенде, Жахабанын көңүлү канчалык ооруганын элестетип көрсөңөр! (Жүй. 6). Өзү тандап алган ысрайыл элинин кайра-кайра каршы чыкканы да жүрөгүн оорутканы шексиз. (Окугула: Забур 78:40, 41.) Силердин жакын кишиңердин да асмандагы Атабызды таштап кеткени аны кайгыртпай койбойт. Ал жүрөгүңөрдүн канчалык сыздап турганын сезип-билип турат. Ошондуктан силерге дем-күч берип, жөлөк-таяк болгусу келет.

3 Бул макалада ушундай кыйынчылыкка кабылгандарга Жахабанын кантип жардам берерин талкуулайбыз. Ошондой эле жыйналыштагылардын аларга кантип жардам берсе болорун карап чыгабыз. Бирок адегенде кандай терс ойду жакын жуутпашыбыз керектигине токтололу.

ӨЗҮҢӨРДҮ КҮНӨӨЛӨБӨГҮЛӨ

4. Балдары Жахабага кызмат кылбай калган ата-энелерге кандай ойлор келет?

4 Жанындай жакшы көргөн баласы Жахабага кызмат кылбай калганда, адатта, ата-энелер: «Балам чындык жолун таштап кетпеш үчүн дагы эмне кылсам болмок? Эмнени кылбай калдым?» — деп бушайман болушат. Уулу жыйналыштан чыгарылып калган Люк: «Мен өзүмдү күнөөлөй берчүмүн. Жаман түштөрдү да көрчүмүн. -Ыйлап, жүрөгүм мыкчылган далай күндөр болду»,— дейт. Башынан ушундай эле нерсени өткөргөн Элизебет мындай дейт: «„Энелик милдетимди жакшы аткарбай койдумбу? Чындыкты баламдын жүрөгүнө сиңириш үчүн дагы жакшыраак аракет кылсам болмок беле?” — деп жаман болгом».

5. Кимдир бирөө Жахабага кызмат кылбай калса, буга ким күнөөлүү болот?

5 Жахаба ар бирибизге өз алдыбызча чечим чыгарганга укук бергенин эстен чыгарбашыбыз керек. Ага баш иебизби, жокпу, өзүбүз тандайбыз. Ата-энеси жакшы үлгү болбосо да, кээ бир балдар Жахабага кызмат кылганды тандап, ага ишенимдүү кызмат кылышат. Ал эми башкалардын ата-энелери балдарын Ыйык Китеп боюнча тарбиялаганга колдон келгенин кылса да, чоңойгондо Жахабанын жолун таштап кетишет. Мындан көрүнүп тургандай, Жахабага кызмат кылабызбы, жокпу, өз эркибиз (Жаш. 24:15). Ошондуктан Жахабага кызмат кылбай калган балдарына кайгырып жаткан ата-энелер буга өздөрүн күнөөлөй бербеши керек.

6. Ата-энесинин бири Жахабаны таштап кеткенде, балдары өзүн кандай сезет?

6 Кээде болсо ата-энелердин бири чындык жолунан кетип, атүгүл үй-бүлөсүн да таштап кетет (Заб. 27:10). Бул ата-энесин үлгү туткан балдардын жан дүйнөсүн жаралайт. Атасы жыйналыштан чыгарылып калган Эстер мындай дейт: «Аябай жаман болуп, көпкө чейин ыйлап жүрдүм. Анткени атам чындык жолунан алсырап калганы үчүн эмес, өзү Жахабага кызмат кылгысы келбегендиктен кетип калган. Аны аябай жакшы көрөм. Ошон үчүн кандай жүрөт болду экен деп сарсанаа боло берчүмүн. Атүгүл туруп туруп эле коркунуч баса берчү».

7. Ата-энесинин бири жыйналыштан чыгарылып калган балдарга Жахаба кандай карайт?

7 Жаштар, атаңар же апаңар жыйналыштан чыгарылып калса, кайгыңарды тең бөлүшөбүз! Жүрөгүңөрдүн канчалык сыздап жатканын Жахаба да жакшы түшүнөт. Ал силерди аябай жакшы көрөт, берилгендигиңерди жогору баалайт. Муну ишенимдештериңер да баалайт. Ата-энеңердин Жахабага кызмат кылбай калганына силер күнөөлүү эмес экениңерди унутпагыла. Жогоруда айтылгандай, Жахаба ар бирибизге чечим чыгарганга эркиндик берген. Ага өмүрүн арнап, чөмүлгөн ар бир киши «өз жүгүн өзү көтөрөт» (Гал. 6:5).

8. Жакындары жыйналыштан чыгарылып калгандар алар кайтып келгенче эмне кылса болот? (« Жахабага кайрылып кел» деген кутучаны да карагыла.)

8 Жакыныңар Жахабаны таштап кеткенде, албетте, бир күнү кайтып келет деген үмүт менен жашайсыңар. Бирок ага чейин өзүңөр эмне кылсаңар болот? Ишенимиңерди чыңдай бергиле. Ошентсеңер, үй-бүлөңөргө, атүгүл жыйналыштан чыгарылып калган жакыныңарга да жакшы үлгү болосуңар. Бул силерге кайгыга чөгүп кетпегенге да күч берет. Эмесе, ишенимиңерди кантип бекемдесеңер болорун карап көрөлү.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

9. Канткенде ишенимиңерди бек сактай аласыңар? (« Күч-кубат берерлик аяттар» деген кутучаны да карагыла.)

9 Жакшы рухий күн тартипке кармангыла. Өзүңөрдүн да, үй-бүлөңөрдүн да ишенимин чыңдай бергениңер абдан маанилүү. Муну кантип кыла аласыңар? Ыйык Китепти күндө окуп, ой жүгүрткүлө, жыйналыштарга калтырбай баргыла. Бул силерге дем-күч берет. Атасы менен эжеси Жахабаны таштап кеткен Жоанна мындай деп бөлүшкөн: «Ыйык Китептен Абигейил, Эстер, Аюп, Жусуп жана Иса сыяктуу инсандар тууралуу окуганда жан дүйнөм тынч алып калат. Алардын үлгүсү жөнүндө ойлонгондо кадимкидей кайраттанып, жакшы нерселерге көңүл топтоп калам. Ошондо кайгым бир аз да болсо басаңдап калат. Ырларыбызды ырдаганда да жеңилдеп калам».

10. Забур 32:6—8-аяттардан көрүнүп тургандай, терс ойлор кыйнаганда, эмне жардам берет?

10 Жүрөк заада кылган ой-сезимдериңердин баарын Жахабага айткыла. Терс ойлор кыйнаганда, кайра-кайра тиленгиле. Мээримдүү Кудайыбыздан жагдайыңарга анын көз карашы менен караганга, жүрүшүңөр керек болгон жолго багытташын сурап, жалынып-жалбаргыла. (Окугула: Забур 32:6—8.) Албетте, кээде уйгу-туйгу кылган сезимдериңерди жеткире албашыңар мүмкүн. Бирок Жахаба жүрөгүңөрдүн канчалык сыздап жатканын сезип-туюп турат. Ал силерди аябай жакшы көрөт жана жүрөгүңөрдөгүнүн баарын ага айтышыңарды каалайт (Чыг. 34:6; Заб. 62:7, 8).

11. Еврейлер 12:11ге ылайык, Жахабанын жазалоо чарасынын туура экенине эмне үчүн ишенишибиз керек? (« Жахабанын сүйүүсүн далилдеген чара» деген кутучаны да карагыла.)

11 Аксакалдардын чечимин колдогула. Өкүнбөгөндөрдү жыйналыштан чыгаруу Жахаба көргөн чара болуп саналат. Жахабанын күнөөкөрдү сүйүүсүнөн улам ошентип оңдоп-түзөгөнү баарына, анын ичинде күнөө кылган кишиге да, пайдасын тийгизет. (Окугула: Еврейлер 12:11.) Аксакалдар кимдир бирөөнү жыйналыштан чыгарганда, айрымдар бул чечимдин тууралыгынан шектениши ыктымал. Бирок алар күнөө кылган кишинин жаман иштерин эске албашы мүмкүн. Чынында, биз иштин чоо-жайын толук билбейбиз. Ошол себептен аксакалдар чечимин Ыйык Китепке негиздеп чыгарыш үчүн жана «Жахабанын атынан сот жүргүзүш» үчүн колунан келгендин баарын кылганына ишеним артканыбыз акылдуулукка жатат (2 Жылн. 19:6).

12. Айрымдардын Жахабанын оңдоп-түзөө чарасын колдогонунун натыйжасы кандай болгон?

12 Аксакалдардын чечимин колдосоңор, жыйналыштан чыгарылган жакыныңарга Жахабага кайтып келгенге жардам бере аласыңар. «Бой жетип калган уулубуз менен такыр сүйлөшпөй калганда аябай эле оор болду,— дейт жогоруда сөз кылынган Элизабет.— Бирок ал Жахабага кайрылып келгенден кийин жыйналыштан чыгарылганы туура болгонун айтты. Ошонун аркасында көп нерсени үйрөнгөнүнө ыраазы экенин да айтты. Жахабанын күнөө кылган кишини оңдоп-түзөш үчүн көргөн чарасы чынында эле туура экен». Жолдошу Марк болсо мындай деп кошумчалайт: «Кийин уулубуз кайтып келишине аны менен такыр сүйлөшпөй койгонубуз да себеп болгонун айтты. Буйругуна баш ийгенге жардам бергени үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын».

13. Тынчыңарды алган ой-сезимдериңер менен күрөшкөнгө эмне жардам берет?

13 Силерди жакшы түшүнгөн досуңар менен сүйлөшүп тургула. Жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жардам берген, рухий жактан жетилген ишенимдештериңер менен да пикирлешкиле (Накыл 12:25; 17:17). Буга чейин айтылган Жоанна: «Жалгызсырап кыйналып жүрдүм. Бирок сырымды бөлүшө алган досторум менен сүйлөшкөндө көп жалгызсырабай калчумун»,— дейт. Ал эми айрымдар өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жараңарды ого бетер ырбатса, эмне кылсаңар болот?

14. Эмне үчүн көтөрүмдүү болуп, бири-бирибизди айкөлдүк менен кечиришибиз керек?

14 Көтөрүмдүү болгула. Айтпаган менен болобу, баарыбызда эле туура эмес сүйлөп алган учурларыбыз болот (Жкп. 3:2). Жеткилеңсиз болгондуктан айрымдар силерге эмне деп айтышты билбеши же өздөрү байкабай көңүлүңөрдү оорутуп алышы мүмкүн. Андайда элчи Пабылдын кеңешине кулак какканыбыз жакшы. Ал: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген (Кол. 3:13). Бир кезде уулу жыйналыштан чыгарылып калган бир эже: «Жакшы эле ниет менен жылуу сөз айтам деп жүрөгүмдү оорутуп алгандар болду. Бирок Жахаба мага аларды кечиргенге жардам берди»,— дейт. Жакыны чындык жолунан кетип калгандарга жыйналыштагылар кантип жардам бере алат?

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАРДЫН ЖАРДАМЫ

15. Жакыны жыйналыштан чыгарылып калгандарга кантип жардам берсек болот?

15 Жакын адамы жыйналыштан чыгарылып калган ишенимдештериңерге боорукер болуп, жылуу-жумшак мамиле кылгыла. Иниси жыйналыштан чыгарылып калган Мириам башында жыйналышка баргандан ыңгайсызданган. Ал мындай дейт: «Башкалар эми эмне дейт деп тынчсыздангам. Бирок көптөр мени менен чогуу кайгырып жатышты. Алар иним жөнүндө бир да жаман сөз айтышкан жок. Кайгымды тең бөлүшкөн адамдар жанымда болгондуктан жалгызсыраган жокмун». Бир эне болсо мындай дейт: «Уулубуз жыйналыштан чыгарылып калганда, досторубуз келип жубатып турушту. Айрымдары эмне дешти билбей жатканын ачык эле айтып жатышты. Мени менен чогуу ыйлап, кат да жазып турушту. Ушунун өзү эле мага чоң жардам болду!»

16. Жыйналыштагылар жакыны Жахабаны таштап кеткендерге кантип жардам бере бериши керек?

16 Жакыны Жахабага кызмат кылбай калган ишенимдештериңерге жөлөк-таяк боло бергиле. Алар сүйүүңөргө, кубаттандырарлык сөздөрүңөргө азыр өзгөчө муктаж (Евр. 10:24, 25). Кээде айрым бир туугандарыбыз алардан оолактай башташы мүмкүн. Бирок жыйналышта мындай болбошу керек! Айрыкча, атасы же энеси чындык жолунан кетип калган балдар мактап турушубузга, жылуу сөзүбүзгө зар болот. Мариянын жолдошу жыйналыштан да чыгарылып, үй-бүлөсүн да таштап кеткен. Ошондо жыйналыштагылардын кантип колдоо көрсөткөнү тууралуу ал мындай деген: «Досторумдун айрымдары тамак жасашып, балдарым менен үй-бүлөлүк изилдөөнү өткөргөнгө жардам берип жатышты. Ыйлаганымда кайгымды жүрөгүнөн өткөрүп, мени менен чогуу ыйлашчу. Ар кандай ушак-айыңдар айтылганда, мага болушуп жатышты. Алар мага кайгынын чеңгелинен чыкканга бир топ көмөк кылышты» (Рим. 12:13, 15).

Жакыны Жахабаны таштап кеткендерди жыйналыштагылар колдой алышат (17-абзацты карагыла) *

17. Аксакалдар кайгыргандарды кантип сооротуп-жубата алышат?

17 Аксакалдар, жакыны жыйналыштан чыгарылгандарды кубаттап-бекемдеш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонгула. Ошондой бир туугандарыбызга көңүл жубатарлык сөздөрдү айтып, жубатып турганга биринчи кезекте силер жооптуусуңар (1 Тес. 5:14). Андыктан аларга жыйналышка чейин, жыйналыштан кийин көңүл бургула. Үйүнө барып ал-жайын сурап, чогуу тиленип тургула. Чогуу кызматташкыла же кээде үй-бүлөлүк изилдөөңөргө чакыргыла. Аксакалдар Жахабадай болуп, мүңкүрөп калган ишенимдештерибизге боорукер болушу, сүйүү көрсөтүшү жана көңүл буруп турушу керек (1 Тес. 2:7, 8).

ҮМҮТҮҢӨРДҮ ҮЗБӨЙ ЖАХАБАГА ТАЯНА БЕРГИЛЕ

18. 2 Петир 3:9га ылайык, Жахаба күнөө кылгандардын эмне кылышын каалайт?

18 Жахаба «эч кимдин өлүшүн каалабайт», кайра, «баарынын өкүнүшүн каалайт». (Окугула: 2 Петир 3:9.) Киши олуттуу күнөө кетирсе да, Жахаба үчүн анын өмүрү кымбат. Жахаба күнөөкөрлөр үчүн аябай кымбат баа төлөгөн, башкача айтканда, өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалган. Ал жолунан адашып калгандарды кайтарып келгенге аракет кылат. Исанын адашкан уул жөнүндөгү мисалынан билгенибиздей, Жахаба алардын кайрылып келеринен үмүт үзбөйт (Лк. 15:11—32). Бир кезде чындык жолун таштап кеткендердин көбү кайра Жахабага кайтып келишкен. Жыйналыштагылар аларды кучак жайып тосуп алышкан. Уулу жыйналышка кабыл алынганда Элизебет кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн. Артка кылчая карап: «Үмүт үзбөгөнгө жардам берип, жөлөк-таяк болуп келген бир туугандарыма аябай ыраазымын»,— дейт.

19. Жахабага эмне үчүн мындан ары да таянсак болот?

19 Жахабага дайыма ишеним артсак болот. Анын жетегине баш ийсек, эч качан зыян тартпайбыз. Берешен, камкор атадай болгон Жахаба Кудайыбыз аны сүйүп, ага кызмат кылгандарды аябай жакшы көрөт. Катуу кыйналган учурда анын силерди таштабай турганынан такыр шектенбегиле (Евр. 13:5, 6). Жогоруда айтылган Марк: «Жахаба бизди калтырган жок. Башыбызга мүшкүл түшкөндө жаныбызда болду»,— дейт. Ооба, Жахаба силерге мындан ары да «адаттан тышкаркы күч» бере берет (2 Кор. 4:7). Силер жакын адамыңар Жахабаны таштап кетсе да, үмүт үзбөй, ишенимдүү кызмат кыла аласыңар!

44-ЫР: Кыйналган адамдын тиленүүсү

^ 5-абз. Жакын кишибиз Жахабаны таштап кеткенде, жүрөгүбүз оорубай койбойт. Ушул макаладан биле турганыбыздай, бул Жахабаны да кайгыртпай койбойт. Ошондой эле жакындары Жахабага кызмат кылбай калган ишенимдештерибизге кайгыга батып кетпей, ишенимин бекем сактаганга эмне жардам берери каралат. Андан тышкары, жыйналыштагылар аларды кантип жубатып-соорото аларына, кантип жөлөк-таяк боло аларына токтолобуз.

^ 1-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 79-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахабанын жолунан чыгып, жубайы менен балдарын сыздатып туруп таштап кетип бараткан киши.

^ 81-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Аларга дем-күч бериш үчүн келген эки аксакал.