Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

35-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жахабага берилген ата-апаларыбызды барктап-баалайлы

Жахабага берилген ата-апаларыбызды барктап-баалайлы

«Адилдик жолунда жүргөн ак чач — сулуулук таажысы» (НАКЫЛ 16:31).

138-ЫР: Ак чач — сулуулуктун таажысы

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Накыл сөздөр 16:31ге ылайык, Жахабага берилген ата-апаларыбызга кандай көз карашта болушубуз керек? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

 АКШнын Арканзас штатындагы мамлекеттик сейил бактан жерде жаткан алмаздарды кездештирсе болот. Сырткы катмары таш-паштардан тазаланбагандыктан, сейилдеп жүргөндөр алмаз экенин дароо эле аңдабашы мүмкүн. Ал турсун жанынан байкабай эле өтүп кетиши ыктымал.

2 Жахабага берилген улгайган ишенимдештерибизди ошондой алмазга окшоштурсак болот. Асыл таш сыңары, алардын наркы өтө жогору. Кудайдын Сөзүндө андай ишенимдештерибиздин ак баскан чачы таажыга салыштырылган. (Окугула: Накыл сөздөр 16:31; 20:29.) Бирок сак болбосок, аларды оңой эле көз жаздымда калтырып коюшубуз ыктымал. Эгер жаштар карылардын кадырын билсе, алардан кадимки байлыктан да алда канча ашып түшкөн баалуу нерселерди үйрөнө алышат. Эмесе, төмөнкү үч суроого токтололу: Жахаба кары ишенимдештерибизди эмне үчүн баалуу кенчтей көрөт? Аларга өзүнүн уюмунда кандай орун берген? Канткенде алардан үлгү ала алабыз?

ЖАХАБА АГА БЕРИЛГЕН УЛГАЙГАН КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ЭМНЕ ҮЧҮН КЕНЧТЕЙ КӨРӨТ?

Кары ишенимдештерибизди Жахаба да, анын эли да жогору баалайт (3-абзацты карагыла)

3. Забур 92:12—15-аяттардан көрүнүп тургандай, Жахаба кары ишенимдештерибизди эмне үчүн жогору баалайт?

3 Берилгендигинен жазбаган кары ишенимдештерибиз Жахабанын көз алдында абдан кымбат. Ал алардын ички дүйнөсүн, кандай адам экенин жакшы билет. Ошондой эле касиет-сапаттарын жогору баалайт. Алар Жахабанын кызматына арнаган жылдарында топтогон акылмандыгын жаштар менен бөлүшсө, бул Жахабаны сүйүнтөт (Аюп 12:12; Накыл 1:1—4). Улгайган ишенимдештерибиздин туруктуулугу да Жахабанын көз алдында абдан баалуу (Мал. 3:16). Себеби алар канчалаган кыйынчылыкты баштан кечирсе да, Жахабага болгон ишениминен тайган эмес. Келечекке болгон үмүтү да чындыкты жаңы тааныган кездегиге караганда бекем. Жахаба андай ата-апаларыбызды аябай жакшы көрөт. Анткени «чачы агарып», алдан-күчтөн тайса да анын ысмын даңазалап жатышат. (Окугула: Забур 92:12—15.)

4. Кары ишенимдештерибизге эмне дем-күч берет?

4 Ардактуу ата-апаларыбыз, белден кубат кетип, жашыңар өрдөп баратса да, Жахаба мурда кылган кызматыңарды унутпай турганына шектенбегиле (Евр. 6:10). Силер ушул убакка чейин кабар айтуу ишин жан-дилиңер менен колдоп келатасыңар. Бул асмандагы Атабызды кубанычка бөлөйт. Ошондой эле башыңардан далай кыйынчылыкты өткөрсөңөр да, сынган жоксуңар. Жүрөктү жаралаган сыноого туш болгондо да Ыйык Китептеги адил нормаларга карманып келесиңер. Жахабанын уюмунда ар кандай оор тапшырмаларды аткарып, башкаларды да окутуп-үйрөтүп келесиңер. Жахабанын ылдам жүрүп бараткан уюмунан артта калбай бирге кадам шилтеп келатасыңар. Толук убакыт кызмат кылууну көздөгөндөрдү колдоп, дем-шык берип жатасыңар. Жахаба силердей кызматчыларын аябай жакшы көрөт. Ал «өзүнүн берилген кызматчыларын таштабай» турганын убада кылган (Заб. 37:28). «Чачыңарды ак басканда да силерди колдоп жүрөм»,— деп сөз берген (Ыш. 46:4). Ошондуктан карылыгыңар жетип калган үчүн эле Жахабанын уюмуна пайдам жок деп ойлобогула. Чынында, силердин уюмдагы ордуңар абдан маанилүү!

ЖАХАБА УЛГАЙГАН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНА УЮМУНДА ӨЗГӨЧӨ ОРУН БЕРГЕН

5. Улгайган ишенимдештерибиз эмнени эсинен чыгарбашы керек?

5 Кары ишенимдештерибиз уюмга көп жагынан пайдасын тийгизе алышат. Күлгүн курактагыдай тоону томкоро албаса да, нечен жылдар бою топтогон тажрыйбасы бар. Жахаба аларды мындан ары да керегине жарата берет. Буга байыркы убактагы инсандардын жана азыркы учурдагы боордошторубуздун окуясы далил боло алат.

6, 7. Берилгендиги үчүн Жахаба батасын берген инсандарды мисал келтиргиле.

6 Ыйык Китепте карылыкка бой сунса да Жахабага талбай кызмат кылган үлгүлүү инсандардын окуясы баяндалат. Алсак, Муса Жахабанын пайгамбары жана ысрайыл элинин жол башчысы болуп дайындалганда 80дерге таяп калган эле. Ал эми Даниел пайгамбар Жахабанын өкүлү болуп кызмат кылган учурда 90дон ашып калса керек. Элчи Жакан да рухтун жетеги менен Аян китебин жазган убакта 90дон өтүп калган көрүнөт.

7 Жахабага берилгендигинен жазбай кызмат кылгандардын баары эле көрүнүктүү инсандардан болгон эмес. Андай кишилер оңой эле көз жаздымда калып калышы мүмкүн болчу. Бирок Жахаба аларга назарын салып, берилгендиги үчүн сыйлык ыйгарган. Мисалга «адил, Кудайдан корккон» Шымон деген кишини алалы. Ал тууралуу Ыйык Китепте учкай эле айтылат. Ошентсе да Жахаба анын чынында кандай киши экенин жакшы билген. Ал ага ымыркай Исаны көргөнгө мүмкүнчүлүк берип, Иса менен энеси жөнүндө пайгамбарлык сөздөрдү айттырган (Лк. 2:22, 25—35). Жесир калган Анна деген пайгамбар аял тууралуу да ойлонуп көрсөңөр. 84 жашка чыгып калганына карабай ал «дайыма ибадатканада жүрчү». Ошон үчүн Жахаба ага батасын берген. Тагыраак айтканда, ал да ымыркай Исаны көргөн. Ооба, Жахаба Шымонду да, Аннаны да жогору баалаган (Лк. 2:36—38).

Лоис бир тууганыбыз 80ден өтүп калса да Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келет (8-абзацты карагыла)

8, 9. Жесир калган ишенимдештерибиз Жахабанын уюмуна кандай салым кошуп жатышат?

8 Бүгүнкү күндө да жаштарга жакшы үлгү көрсөткөн, Жахабага ишенимдүү кызмат кылган ата-апаларыбыз аз эмес. Лоис Дидорду мисал кылалы. Канадада атайын пионер болуп кызмат кыла баштаган кезде ал 21 эле жашта болчу. Кийинчерээк жолдошу Жон экөө көп жыл бою кыдыруучулук кызматты аркалашкан. Анан Канададагы Бейтелде 20 жылдан ашык кызмат кылышкан. Андан соң Украинада кызмат кылганга чакырылышкан. Ал учурда Лоис 58 жашка чыгып калган. Алар: «Биз эми карыдык. Чет өлкөдө кызмат кылганга жарабай деле калдык го»,— дешкенби? Жок, антишкен эмес. Кайра, жаңы кызматты аркалаганга даяр экенин билдиришкен. Жон бир тууганыбыз филиалдын комитетинин мүчөсү болуп дайындалган. Кейиштүүсү, 7 жыл өткөндөн кийин эле каза болуп калган. Ошого карабай Лоис кызматын уланта бергенге бел байлаган. Учурда 81 жашта болсо да талыкпай эмгектенип келатат. Украинадагы Бейтел үй-бүлөсү аны жанындай жакшы көрөт.

9 Лоистей болуп жесир калган ишенимдештерибиз күйөөсүнүн көзү өтүп кеткенден кийин мурункудай көрүнүктүү болбой калышы мүмкүн. Бирок жесир калган үчүн эле алардын баасы кемип калбайт. Күйөөсүнө канчалаган жылдар бою медер болуп, колдоп келген, азыркыга чейин ошол калыбынан жазбаган ишенимдештерибизди Жахаба жогору баалайт (1 Тим. 5:3). Алар жаштарга да сонун үлгү көрсөтүшөт.

10. Тони кандай сонун үлгү көрсөтүп келет?

10 Каралашар кишиси жок жалгыз жашаган кары ата-апаларыбызды да баа жеткис кенч десек жаңылышпайбыз. Мисалы, Тони деген ишенимдешибиз карылар үйүндө жашайт. Ал 1942-жылы августта АКШнын Пенсильвания штатында 20 жашында чөмүлгөн. Көп өтпөй саясий бейтараптуулугуна байланыштуу маселе көтөрүлүп, эки жарым жылга кесилген. Жубайы Хилда экөө эки баланы Жахабанын жолунда тарбиялап-өстүргөн. Көп жыл бою Тони үч жыйналышта төрагалык кылуучу көзөмөлчү (азыр аксакалдар кеңешинин координатору) жана райондук жыйындын көзөмөлчүсү болуп кызмат кылган. Убагында бир түрмөдө жыйналыш өткөрүп, кызыккандар менен Ыйык Китепти да изилдеп жүргөн. Азыр 98 жашта болсо да кол куушуруп отуруп калган жок. Алынын жетишинче Жахабага кызмат кылып, жыйналышындагылар менен тыгыз кызматташып турат.

11. Каралашар кишиси жок ишенимдештерибизди барктаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11 Ушундай ишенимдештерибизди кадырлап-сыйлаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Маселен, аксакалдар алардын жыйналышка катышышына же анын жаздыруусун угушуна, кабар айтуу ишине катышып турушуна кам көрүшү керек. Ал эми жекече ар бирибиз ал-жайын сурап барып турганыбыз же видео аркылуу байланышып турганыбыз жакшы. Өзүнүн жыйналышы жайгашкан шаардан ыраак жерде жашап жаткан ата-апаларыбызга да өзгөчө көңүл буруп турушубуз зарыл. Аларды этибарга албай калгандан сак болушубуз керек. Балким, айрымдарына өзү жөнүндө айтып бериш кыйынга тураттыр же оңтойсузданаттыр. Ошентсе да сөзгө тартып, Жахабага кылган кызматы кандай кубаныч тартуулаганын сурасак жана айтып берип жатканда кунт коюп уксак, көп нерсени билебиз.

12. Өзүбүздүн жыйналышыбызда эле кандай бир туугандар болушу мүмкүн?

12 Өзүбүздүн эле жыйналышыбыздагы улгайган ишенимдештерибиздин Жахабага берилгендиги, мыкты үлгүсү жөнүндө билгенде таң калышыбыз мүмкүн. Буга Хариетт жакшы мисал боло алат. Ал АКШнын Нью-Жерси штатындагы бир жыйналышта ондогон жылдар бою ишенимдүү кызмат кылган. Кийинчерээк кызыныкына көчүп кеткен. Жаңы жыйналышындагылар аны менен жакыныраак таанышып, кенч тапкандай эле болгон. Ал аларга 1920-жылдары чындыкты жаңы тааныган кезде кабарды кантип жарлашканын айтып берип аябай кубаттаган. Ошол убакта Хариетт кабарга чыккан сайын, кокус кармап кетишсе деп жанына тиш щёткасын ала жүрчү экен. Ошенткенинин жөнү бар болчу. 1933-жылы ал эки жолу абакта бир жумадан отуруп чыккан. Жолдошу Жахабанын Күбөсү болбосо да аны колдоп турчу экен. Аны түрмөгө камап коюшканда, жолдошу чиедей үч баласын карап калган. Чынында эле, Хариеттей болгон карыларыбызды бапестешибиз керек!

13. Кары ишенимдештерибиз Жахабанын уюмунда өзгөчө орунду ээлейт деп эмне үчүн айта алабыз?

13 Жахабанын улгайып калган кызматчыларына уюмда өзгөчө орун берилген. Алар Жахабанын өз уюмуна, жеке аларга кантип батасын берип келгенине далай жолу күбө болушкан. Жаза басып, маанилүү нерселерди үйрөнүшкөн. Андыктан аларды «акылмандыктын башатындай» көрүп бир нерсеге үйрөнүп калганга аракет кылалы (Накыл 18:4). Убакыт бөлүп, ушундай ата-апалар менен жакыныраак таанышканга аракет кылсаңар, ишенимиңер кадимкидей чыңдалат. Ошондой эле бир топ нерсени үйрөнөсүңөр.

КАРЫНЫН СӨЗҮН КАПКА САЛ

Элиша Илияс пайгамбардын жанында жүрүп көп нерсени үйрөнгөн сыңары, Жахабага бир топ жылдан бери кызмат кылгандардан көп нерсени үйрөнө алабыз (14, 15-абзацтарды карагыла)

14. Мыйзам 32:7ге ылайык, жаштар эмне кылышы керек?

14 Улгайып калган ишенимдештериңер менен сүйлөшкөнгө өзүңөр биринчи аракет кылгыла. (Окугула: Мыйзам 32:7.) Албетте, карылыктын айынан алардын көзүнүн курчу кетип, басыгы жайлап, үнү да акырын чыгып калат. Бирок жүрөгү дагы деле жаш бойдон. Ошондой эле алар Жахабанын алдында «жакшы атка» ээ (Нас. 7:1). Жахаба аларды кенчтей көрөрүн эсиңерден чыгарбагыла. Аларды мындан ары да кадырлап-сыйлай билгиле. Кары-картаңдарга урмат көрсөтүү жагынан Элиша жакшы үлгү калтырган. Илияс пайгамбар менен өткөргөн акыркы күнү ал анын жанынан такыр чыккан эмес. Ага үч жолу: «Мен сизден калбайм»,— деген (2 Пад. 2:2, 4, 6).

15. Карылардан эмнелерди сурасак болот?

15 Карыларга чын дилден көңүл буруп, жылуу-жумшак сөзгө тарткыла (Накыл 1:5; 20:5; 1 Тим. 5:1, 2). «Жаш кезиңизде чындыкты тапканыңызга эмне үчүн ишенип калдыңыз эле? Башыңыздан өткөн кайсы окуялар сизди Жахабага жакындатты эле? Ага кубанып кызмат кылганга эмне жардам берди эле?» — деп сурап көргүлө (1 Тим. 6:6—8). Анан сөзүн бөлбөй уккула.

16. Карылар менен жаштардын пикирлешкени эмне үчүн эки тарапка тең пайдалуу?

16 Улгайгандар менен жаштардын пикирлешкени эки тарапка тең пайдалуу (Рим. 1:12). Мисалы, Жахаба өзүнүн берилген кызматчыларына кантип кам көрүп келгенин билип жаштардын ыраазычылыгы артат. Карылар болсо жаштардын кадырына, сүйүүсүнө чулганат. Адатта, ата-апаларыбыз Жахабанын аларга кылган жакшылыгы жөнүндө айтып бергенди жакшы көрүшөт.

17. Эмне үчүн жыл өткөн сайын кары ишенимдештерибиздин көркүнө көрк кошула берет?

17 Жаш өткөн сайын адамдын бетине бырыш түшүп, келишкен келбети акырындап оңо баштайт. Ал эми Жахабага берилгендердин жыл өткөн сайын көркүнө көрк кошула берет (1 Тес. 1:2, 3). Эмне үчүн минтип айтсак болот? Себеби жылдар бою Жахабанын аларды руху менен калыпташына, алмаздай кылып жалтырата тазартышына жол берип келишкен. Аларды жакшы таанып-билген сайын, бир нерсеге үйрөнгөнгө, ардактаганга, кенчтей баалаганга ого бетер дилгир болуп калабыз!

18. Кийинки макалада эмне тууралуу сөз жүрөт?

18 Жыйналыш жаштар карыларды урматтап-сыйлаганда эле эмес, карылар да жаштарды ызааттаганда өркүндөп-өсүп, бекемделе берет. Ошондуктан кийинки макалада карылар жаштарды баалай турганын кантип көрсөтө алары жөнүндө сөз жүрөт.

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

^ 5-абз. Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келаткан ата-апаларыбызды кымбат баалуу асыл таштарга салыштырса болот. Бул макала бизге аларды мурдагыдан да көбүрөөк кадырлаганга түрткү берет. Ошондой эле алардын акылмандыгы, топтогон тажрыйбасы бизге да пайдасын тийгизиши үчүн эмне кылсак болору талкууланат. Ал эми ата-апаларыбыз болсо Жахабанын уюмунда өзгөчө орунду ээлей турганына ынана алышат.