Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Рухий үй-бүлөбүзгө ынак бололу

Рухий үй-бүлөбүзгө ынак бололу

«Менин Атама жана силердин Атаңарга... кетип барам» (ЖКН. 20:17).

3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Жахабага берилген кишилер ага канчалык жакын боло алат?

 ЖАХАБАНЫН үй-бүлөсүнө «бардык жаратылгандардын туңгучу» Иса жана түмөндөгөн периштелер кирет (Кол. 1:15; Заб. 103:20). Иса жерде жүргөндө Жахабага берилген кишилер аны атасындай көрсө болорун айткан. Ал шакирттери менен сүйлөшүп жатып Жахабаны «менин Атам» жана «силердин Атаңар» деп атаган (Жкн. 20:17). Өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлгөнүбүздө ортосунда сүйүү өкүм сүргөн чоң үй-бүлөгө мүчө болобуз (Мр. 10:29, 30).

2. Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

2 Айрымдарга Жахабаны балдарына мээримин төккөн атадай көрүш кыйынга турат. Дагы бирөөлөр ишенимдештерине сүйүүсүн кантип көрсөтүштү билбеши мүмкүн. Бул макалада Иса бизге Жахабаны балдарын сүйүүгө бөлөгөн атадай көрүп, ага жакындаганга кантип жардам берерин карап чыгабыз. Ошондой эле боордошторубузга канткенде Жахаба кылгандай мамиле кыла аларыбызды талкуулайбыз.

ЖАХАБА АГА ЖАКЫНДАШЫҢАРДЫ КААЛАЙТ

3. Исанын тиленүүгө байланыштуу үйрөткөндөрү бизди Жахабага кандайча жакындатат?

3 Жахаба балдарын сүйгөн атадай. Иса Жахабаны буйрук гана бергенди билген өктөм бирөөдөй эмес, балдары каалаган учурда кайрыла алган, камкор, мээримдүү ата-энедей көрүшүбүздү каалайт. Муну элчилерине Кудайдан кантип тиленишти үйрөткөнүнөн байкасак болот. Ал ага «Асмандагы Атабыз» деп кайрылышыбыз керектигин айткан (Мт. 6:9). Иса Жахабага «Кудурети Күчтүү», «Жараткан» же «Түбөлүктүктүн Падышасы» деп кайрылгыла десе деле болмок, себеби мунун баары Жахабанын ээлеген абалын таамай сүрөттөйт. Ыйык Китепте да ошол наамдар колдонулат (Башт. 49:25; Ыш. 40:28; 1 Тим. 1:17). Бирок Иса ынактыкты туюнткан «Ата» деген сөздү колдонгон.

4. Жахаба ага жакындашыбызды каалаарын кайдан билебиз?

4 Балким, силерге да Жахабаны балдарым дегенде эт жүрөгү элжиреген атадай көрүш кыйындыр. Буга бала чагыңарда атанын сүйүүсүн көрбөй чоңойгонуңар себеп болушу мүмкүн. Бирок Жахаба Кудай силердин ой-сезимдериңерди туюп, толук түшүнөт. Ал ар бирибизге ынак болгусу келет. Ошондуктан анын Сөзүндө: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деген чакырык бар (Жкп. 4:8). Жахаба бизди жакшы көрөт жана дүйнөдөгү эң мыкты Ата болгусу келет.

5. Лука 10:22ге ылайык, Иса бизге Жахабага жакындай бергенге кантип жардам берет?

5 Иса бизге барган сайын Жахабага жакын боло бергенге жардам берет. Ал Жахабаны ушунчалык жакшы билгендиктен жана сапаттарын эң мыкты чагылдыргандыктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деген (Жкн. 14:9). Улуу агабыздай болуп, ал Атабызды кантип урматтап-сыйлашты, ага кантип баш ийишти үйрөтүп турат. Ошондой эле Атабыздын көңүлүн калтыра турган нерселерден кантип качышты жана ага кантип жагышты да үйрөтөт. Бирок баарынан маанилүүсү, Иса жерде жашап жүргөндө Жахабанын канчалык боорукер, канчалык мээримдүү Кудай экендигин өзүнүн үлгүсү менен көрсөткөн. (Окугула: Лука 10:22.) Келгиле, айрым мисалдарга токтололу.

Жахаба Исаны жакшы көргөндүктөн периштесин жөнөтүп кайраттандырган (6-абзацты карагыла) *

6. Жахаба Исанын үнүн укканына кандай мисалдарды келтирсек болот?

6 Жахаба балдарына дайыма кулак төшөйт. Ал өзүнүн жалгыз Уулун кантип укканын карап чыгалы. Уулу жерде жүргөндө Атасына далай жолу кайрылган (Лк. 5:16). Жахаба анын үнүн угуп, жооп бергени шексиз. Алсак, Уулунун маанилүү чечим чыгарардагы, 12 элчисин тандаардагы, тилегин уккан (Лк. 6:12, 13). Жахаба Кудай Уулу катуу санаага баткан учурда да анын тилегин жоопсуз калтырган эмес. Иса шакирти мына-мына сатып кетерде алдыда боло турган катуу сыноону көтөрүп кеткенге жардам беришин сурап Атасына жалынып-жалбарган. Жахаба сүйүктүү Уулунун үнүн угуп эле тим болбой, кайраттандырыш үчүн периштесин да жөнөткөн (Лк. 22:41—44).

7. Жахаба тилегиңерди укканда силерди кандай сезимдер чулгайт?

7 Жахаба бүгүнкү күндө деле өзүнүн кызматчыларынын тилегенин берет. Өтүнүчүн керектүү убакта жана эң жакшы жол менен орундатат (Заб. 116:1, 2). Буга байланыштуу Индиядагы бир ишенимдешибиздин айтканына көңүл буралы. Анын жан дүйнөсүн кыйнаган бир көйгөйү болгон. Ошонусун айтып Жахабадан жалынып, жардам сураган. Ал мындай деп жазган: «2019-жылдын май айындагы JW телеберүүсүндө катуу сарсанаа болуп, тынчсызданганда эмне кылса болору айтылган. Мага так ошол керек болуп жаткан. Бул менин тилегиме жооп болду».

8. Жахаба Исага сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

8 Жогорудан билгенибиздей, Исанын жердеги жашоосунун оор учурларында Жахаба аны сүйүүсүнө бөлөп, кам көргөн (Жкн. 5:20). Бизге деле ошентип кам көрүп, сүйүүсүнө бөлөйт. Ал Исанын рухий, эмоциялык, материалдык муктаждыктарын канааттандырган. Мындан тышкары, аны жакшы көрөрүн жана колдоорун билдирип турган (Мт. 3:16, 17). Ушуну сезип тургандыктан Иса эч качан жалгызсыраган эмес (Жкн. 8:16).

9. Жахаба бизди сүйөрүн эмнелер далилдеп турат?

9 Исадай болуп, баарыбыз Жахаба Кудайыбыздын сүйүүсүн ар кандай жолдор менен сезип келебиз. Булар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: Жахаба бизди өзүнө жакындаткан. Ортодо сүйүү, биримдик өкүм сүргөн үй-бүлөгө кошкон. Мунун аркасында кубанычка бөлөнүп, турмуштун ысык-суугунда жөлөк-таяксыз калбайбыз (Жкн. 6:44). Ишенимибизди да бекемдеп, рухий жактан азыктандырып келет. Мындан тышкары, күнүмдүк турмушка зарыл нерселер менен камсыз кылып жатат (Мт. 6:31, 32). Анын ушундай сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртсөк, биздин да ага болгон сүйүүбүз өрчүйт.

РУХИЙ ҮЙ-БҮЛӨБҮЗГӨ ЖАХАБАДАЙ МАМИЛЕ КЫЛАЛЫ

10. Канткенде ишенимдештерибизге Жахаба кылгандай мамиле кыла алабыз?

10 Жахаба ишенимдештерибиздин баарын жакшы көрөт. Бирок бизге кээде аларды жакшы көрүү жана жакшы көрөрүбүздү көрсөтүү оңой болбошу мүмкүн. Анткени ар кимибиздин маданиятыбыз, тек-жайыбыз ар кандай. Ошондой эле баарыбызда эле бирөөнү таарынтып, көңүлүн оорутуп алган учурларыбыз болот. Кандай болбосун, ар бирибиз рухий үй-бүлөбүздө сүйүү өкүм сүрүшүнө салым кошо алабыз. Ан үчүн аларды асмандагы Атабыз сүйгөндөй сүйүшүбүз керек (Эф. 5:1, 2; 1 Жкн. 4:19). Эмесе келгиле, анын үлгүсүнө кантип кармансак болорун карап чыгалы.

11. Иса Жахабанын боорукердигин кантип чагылдырган?

11 Жахаба «боорукер» Кудай (Лк. 1:78). Боорукер киши бирөөнүн кыйналып жатканына кайдыгер карап тура албайт. Ал кантип жардам бериштин, кантип сооротуп-жубатыштын жолун издейт. Иса адамдарга так ушундай мамиле кылган. Себеби Жахабанын үлгүсүнө карманган (Жкн. 5:19). Мисалы, бир жолу «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калган» элди көргөндө боору ачыган (Мт. 9:36). Бирок боорукердик сезимин туюп эле тим болгон эмес. Ал оорулууларды айыктырып, мээнеттенгендер менен түйшүк тарткандарды сергиткен (Мт. 11:28—30; 14:14).

Жахабадай болуп, ишенимдештерибизге мамиле кылганда боорукер, айкөл, берешен бололу (12—14-абзацтарды карагыла) *

12. Канткенде боорукер болуп, ишенимдештерибизге жардам бере алабыз?

12 Башкалардын кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билсек, аларга боорубуз ачып, жардам бере алабыз. Мисалы, жыйналыштагы бир эже катуу ооруп жүрөт дейли. Ал оорусу жөнүндө эч кимге айтпаса да, кимдир бирөөнүн берген жардамына аябай ыраазы болмок болуш керек. Балким, үй-бүлөсүнө кандайдыр бир жардам керектир. Же тамак жасашканга, үйүн жыйнашканга бирөө керек болуп жаткандыр. Же болбосо жыйналыштагы бир байке жумушунан чыгып калды дейли. Балким, жардам иретинде бизден экенин билдирбей биртике тыйын-тыпыр берип койсок, жаңы жумуш тапканча тыгынчык болоттур.

13, 14. Канткенде Жахабадай айкөл, берешен боло алабыз?

13 Жахаба айкөл Кудай (Мт. 5:45). Биз боордошторубуз жардам сураганга чейин күтүп отура бербешибиз керек. Жахабадай болуп, өзүбүз жардам бергенге шашканыбыз жакшы. Ал Күнүн күндө сураттырбай эле тийгизет. Күндүн жаркыраган нурлары буга ыраазы болгондорго да, кадимки нерсе катары көргөндөргө да тегиз тиет. Жахабанын муктаждыктарыбызды канааттандырып жатканы бизди сүйөрүнүн далили эмеспи? Ооба, Жахабаны боорукердиги, айкөлдүгү үчүн баарыбыз жакшы көрөбүз.

14 Асмандагы Атабыздай болуп, көп ишенимдештерибиз айкөлдүгүн, берешендигин иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Мисалы, 2013-жылы Филиппиндин таш-талканын чыгарган «Хаян» деген катуу тайфун болгон. Ошондо көптөр үй-жайынан жана башка мүлкүнөн айрылган. Бирок дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибиз тез арада жардамга барышкан. Кээси акчалай тартуу кылса, башкасы жапа тырмак курулуш ишине катышкан. Мунун натыйжасында бир жылга жетпей эле 750дөй үй кайра курулган же оңдолгон. Ал эми COVID-19 пандемиясы башталгандан бери көп бир туугандарыбыз муктаж болгондорго талыкпай жардам берип келатат. Рухий үй-бүлөбүздөгүлөргө жардам бергенге шашылсак, аларды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

15, 16. Лука 6:36га ылайык, асмандагы Атабыздан үлгү аларыбызды кантип көрсөтөбүз?

15 Жахаба кайрымдуу, кечиримдүү Кудай. (Окугула: Лука 6:36.) Анын кайрымдуулугун күн сайын сезип келебиз (Заб. 103:10—14). Иса да кайрымдуу болуп, жеткилең эмес шакирттерин кечире билген. Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн ал атүгүл өзүн курмандыкка чалганга даяр болгон (1 Жкн. 2:1, 2). Жахаба менен Исанын ушундай кайрымдуулугу, кечиримдүүлүгү бизди аларга тартып турат, чынбы?

16 Кечиримдүү болсок, рухий үй-бүлөбүздүн сүйүү түйүнүн чыңдаган болобуз (Эф. 4:32). Албетте, кээде кечириш аябай кыйын болгондуктан өзүбүздү мажбурлашыбыз керек болот. Бир ишенимдешибизге «Күзөт мунарасындагы» «Бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирели» деген макала аябай жардам берген *. Ал мындай деп жазган: «Бул макаланы изилдеп чыгып, кечиргеним өзүмө эле жакшы болорун түшүндүм. Макалада башкаларды кечире билүү алар кылган жаман ишти туура көрүүнү же кылынган иштин кесепетин кемитүү дегенди билдирбей турганы түшүндүрүлгөн. Көрсө, кечирүү деген кек сактабай, таарынычты коё берүү дегенди билдирет экен. Ошентсең, жан дүйнөң тынч болот экен». Ишенимдештерибизди айкөлдүк менен кечиргенде аларды жакшы көрөрүбүздү, асмандагы Атабыз Жахабадан үлгү алып жатканыбызды көрсөтөбүз.

ЖАХАБАНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨГҮ ОРДУҢАРДЫ БААЛАГЫЛА

Ишенимдештерибизди кары-жашы дебей баарыбыз колдой алабыз (17-абзацты карагыла) *

17. Матай 5:16га ылайык, асмандагы Атабызды кантип даңктай алабыз?

17 Эл аралык боордоштуктун мүчөсү болгонубузга кандай гана ыраазыбыз. Биз көптөрдүн катарыбызга кошулуп, биз менен бирге Кудайыбызга сыйынышын каалайбыз. Ошондуктан Жахаба Атабызга же анын элине сөз тийгизгенден качабыз. Кайра, өзүбүздү башкаларга Жахабаны таанып-билгенге, ага кызмат кылганга түрткү бергидей алып жүрөбүз. (Окугула: Матай 5:16.)

18. Коркпой кабар айтканга эмне жардам берет?

18 Кээде асмандагы Атабызга баш ийгенибиз үчүн айрымдар жамандашы, атүгүл куугунтукташы мүмкүн. Ошондуктан ишенген нерселерибиз жөнүндө башкаларга айткандан корксок, эмне кылсак болот? Андайда Жахаба менен Уулу жардам береринен шектенбейли. Иса шакирттерин «Эмне деп айтам?» «Кантип айтам?» деп тынчсызданбаганга үндөгөн. Анын себебин: «Анткени эмне айтыш керектигин ошол учурда билесиңер. Себеби силер эле сүйлөбөйсүңөр, силер аркылуу асмандагы Атаңардын руху сүйлөйт»,— деп түшүндүргөн (Мт. 10:19, 20).

19. Коркпой кабар айткан бирөөнү мисал келтиргиле.

19 Роберттин окуясына токтололу. Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштаганда аны Түштүк Африкадагы аскердик соттун алдына алып барышкан. Ошол кезде ал Ыйык Китепти али жакшы биле элек болчу. Ошого карабай сотко ишенимдештерин сүйгөндүктөн бейтараптуу болгусу келерин айткан. Ооба, ал рухий үй-бүлөсүндөгү ордун баалаган. Капысынан эле сот: «Сенин бир туугандарың ким?» — деп сураган. Ал мындай суроону күткөн эмес. Бирок шак эле ошол күндүн аяты эсине түшкөн. Ал күндүн аяты Матай 12:50 болчу. Аятта: «Ким асмандагы Атамдын эркин аткарса, бир тууганым — ошол, энем — ошол»,— делет. Роберттин Ыйык Китеп боюнча билими аз болсо да, Жахабанын ыйык руху күтүүсүздөн берилген ушул жана башка көп суроолорго жооп бергенге жардам берген. Жахаба аны карап туруп сыймыктанганы шексиз! Биз да кыйын кезеңдерде Жахабага таянып, ишенимибизди коргосок, ал биз менен да сыймыктанат.

20. Мындан ары да эмне кыла беришибиз керек? (Жакан 17:11, 15)

20 Ушундай рухий үй-бүлөгө таандык болгонубузду мындан ары да баалай берели. Биздин Атабызга бир да ата тең келбейт. Ошондой эле бизди жакшы көргөн көптөгөн боордошторубуз бар. Ушул нерселерди эч качан кадимки нерседей көрүп калбайлы. Шайтан менен таламдаштары асмандагы Атабыздын бизди сүйөрүнөн шектендиргиси келет жана ынтымагыбызды ыдыратууну көздөйт. Бирок Иса Атабыздан ортобуздагы биримдик бузулбашы үчүн бизге көз салып турушун суранган. (Окугула: Жакан 17:11, 15.) Жахаба анын өтүнүчүн угуп бизге назарын салып келатат. Андыктан Исадай болуп, асмандагы Атабыздын бизди сүйөрүнөн жана колдоп турарынан эч качан күмөн санабайлы. Мындан ары да рухий үй-бүлөбүзгө ынак боло берели!

99-ЫР: Миң сандаган бир туугандар

^ 5-абз. Жахаба бизди бири-бирине жан тартып турган үй-бүлөсүнө кошкон. Ошондой ишенимдештерибиздин арасында болгонубуз биз үчүн чоң сыймык. Ортодогу ошол сүйүүнү ар бирибиз арттыра бергибиз келет. Муну кантип кыла алабыз? Ан үчүн асмандагы камкор Атабыздан, Исадан жана ишенимдештерибизден үлгү алышыбыз керек.

^ 57-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жахаба Исаны Гетсемани багында жүргөндө кайраттандырыш үчүн жөнөткөн периште.

^ 59-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. COVID-19 пандемиясы учурунда азык-түлүк даярдап, муктаж болгондорго жеткирип жүргөн ишенимдештерибиз.

^ 61-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Кызына түрмөдө отурган ишенимдешибизге кат жазганга жардам берип жаткан эне.