Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

38-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жаштар, өмүрүңөрдү кайсы жакка багыттайсыңар?

Жаштар, өмүрүңөрдү кайсы жакка багыттайсыңар?

«Сени... кыраакылык коргойт» (НАКЫЛ 2:11).

135-ЫР: Жахабанын чакырыгы: «Уулум, акылдуу бол»

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Жаашка, Узияга жана Жошияга кандай оор иш тапшырылган?

 ӨЗҮҢӨРДҮН бала кезиңерде эле же өспүрүм курагыңарда эле Кудайдын элине падыша болуп калганыңарды элестетсеңер. Күчүңөрдү жана бийлигиңерди кантип колдонот элеңер? Ыйык Китепте айрымдардын эне сүтү оозунан кете электе эле Жүйүт уруусуна падыша болгону айтылат. Мисалы, Жааш 7 эле жашында, Узия 16 жашында, ал эми Жошия 8 жашында падыша болгон. Аларга канчалык оор болгону айтпаса да түшүнүктүү! Бирок оңой болбосо да, Жахаба жана башкалар аларга туура чечимдерди чыгарганга, кыйынчылыктарын жеңгенге жардам берген.

2. Жааш, Узия жана Жошия жөнүндө изилдегенибиздин кандай пайдасы бар?

2 Силер падыша же каныша болбосоңор да, Ыйык Китептеги бул адамдардан маанилүү нерселерди үйрөнө аласыңар. Алар туура чечимдерди чыгарган. Бирок акылсыз иштерди кылган учурлары да болгон. Алардын жашоосунан жакшы досторду тандоо, момун болуу жана Жахаба менен дайыма ынак мамиледе болуу эмне үчүн маанилүү экенин биле аласыңар.

ЖАКШЫ ДОСТОРДУ ТАНДАЙ БИЛГИЛЕ

Жакшы достордун кеңешин уксаңар, Жааштан үлгү алган болосуңар (3, 7-абзацтарды карагыла) c

3. Жояттын үлгүсү Жааш падышага кандай таасир эткен?

3 Жааштан эмнени үйрөнсөңөр болот? Жеткинчек кезинде Жааш акылдуу чечим чыгарган. Атасыз өскөн Жааш Жахабага ишенимдүү кызмат кылган башкы дин кызматчы Жояттын кеп-кеңешине кулак каккан. Жоят Жаашты өз баласындай тарбиялаган. Жояттын жакшы үлгүсүнүн аркасында Жааш Жахабага кызмат кылууну чечкен жана элге да ошондой кылганга түрткү берген. Ал атүгүл Жахабанын ибадатканасын оңдогонго да бел байлаган (2 Жылн. 24:1, 2, 4, 13, 14).

4. Жахабаны сүйүп, анын тилин алгандын кандай пайдасы бар? (Накыл сөздөр 2:1, 10—12).

4 Эгер ата-энеңер же башка бирөө силерге Жахабаны жакшы көргөнгө, анын осуяттарына карманып жашаганга жардам берип жатса, муну баа жеткис белек деп эсептесеңер болот. (Окугула: Накыл сөздөр 2:1, 10—12.) Ата-энеңер силерге көп нерсени үйрөтө алышат. Катя деген ишенимдешибизге атасы туура чечимдерди чыгарганга кантип жардам бергенине көңүл бурсаңар. Атасы аны күн сайын мектепке жеткирчү. Жолдо баратканда экөө ошол күнгө берилген аятты талкуулашчу. Катя мындай дейт: «Бул мага ошол күнү туш болгон кыйынчылыктарды жеңгенге жардам берчү». Бирок кээде ата-энеңердин Ыйык Китепке негизделген кеңеши эркиндигиңерди чектеп жаткандай сезилсечи? Андайда алардын тилин алганга эмне жардам берет? Анастасияга ата-энеси кайсы бир нерселерди эмне үчүн талап кылып жатканын түшүндүрүп берчү. Анастасия мындай деп бөлүшөт: «Ошентишкенде ата-энемдин тилин алган оңоюраак болчу. Анткени алар койгон чектөөлөрдү мени тушаган нерседей эмес, алардын сүйүүсү катары көрчүмүн».

5. Иш-аракетиңер ата-энеңерге жана Жахабага кандай таасир этет? (Накыл сөздөр 22:6; 23:15, 24, 25).

5 Ата-энеңердин Ыйык Китепке негиздеп берген кеңешин колдонсоңор, алар абдан сүйүнөт. Андан да маанилүүсү, Кудайдын жүрөгүн кубантып, аны менен түбөлүккө дос боло аласыңар. (Окугула: Накыл сөздөр 22:6; 23:15, 24, 25.) Андыктан Жааштан үлгү алганыңар маанилүү.

6. Жааш кимдердин тилине кирип алган? (2 Жылнаама 24:17, 18).

6 Жааштан кандай сабак алсаңар болот? Жояттын көзү өткөндөн кийин, Жааш жаман кишилер менен ынак болуп кеткен. (Окугула: 2 Жылнаама 24:17, 18.) Ал Жахабаны сүйбөгөн Жүйүт төрөлөрүн көбүрөөк уга баштаган. Жааш пайдасынан зыяны көп ал кишилерден оолак болушу керек болчу (Накыл 1:10). Анткендин ордуна ал дос сөрөйлөрүнүн тилине кирип кеткен. Ошонун айынан Жааш жээни Закарыяны, ал ага кеңеш бергени үчүн, таш бараңга алып өлтүрткөн (2 Жылн. 24:20, 21; Мт. 23:35). Бул кандай гана таш боордук, акылсыздык болгон! Жааш башында Кудайдан корккон киши болсо да, өкүнүчтүүсү, кийин Жахабанын мыйзамын ачыктан-ачык бузуп, киши өлтүргүч болуп калган. Акыры, ал өзүнүн кызматчыларынын эле колунан каза тапкан (2 Жылн. 24:22—25). Эгер ал Жахабаны жана аны сүйгөндөрдүн тилин ала берсе, жашоосу таптакыр башка жакка багыт алмак! Жааштан кандай сабак алдыңар?

7. Кимдер менен дос болушуңар керек? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Жааштын катасынан мындай сабак алсак болот: биз жакшы таасир эте турган, тагыраак айтканда, Жахабаны сүйгөн жана ага жаккысы келген адамдар менен дос болушубуз керек. Досторду ар кандай курактагылардын арасынан издегенибиз жакшы. Эстесеңер, Жааш досу Жояттан бир топ эле кичүү болгон. Андыктан дос тандап жатканда мындай деп ойлонуп көргүлө: «Ал мага Жахабага болгон ишенимимди бекемдегенге жардам береби? Анын осуяттарына карманып жашаганга үндөп турабы? Жахаба жана Ыйык Китептеги баалуу ойлор жөнүндө сүйлөшөбү? Кудайдын осуяттарын баалайбы? Ал мен уккум келген нерсени гана айтабы же зарыл болгондо коркпой мени оңдоп-түзөйбү?» (Накыл 27:5, 6, 17). Ачыгын айтканда, эгер досуңар Жахабаны сүйбөсө, андай достун барынан жогу жакшы. Ал эми досуңар Жахабаны сүйсө, андан эч качан алыстабагыла, анткени ал силерге жакшылык гана каалайт (Накыл 13:20).

8. Эгер соцтармактарды колдонсоңор, эмнелерди эске алышыңар керек?

8 Соцтармактар үй-бүлөңөр, досторуңар менен байланышып турганга жакшы шарт түзүп берет. Бирок көптөр соцтармакты башкаларды таасирлентиш үчүн колдонот. Мисалы, ал жакка эмне кылып жатканын, эмне сатып алганын көрсөткөн видеолорду, сүрөттөрдү салып турушат. Эгер силер да соцтармактарды колдонсоңор, минтип ойлонуп көргүлө: «Башкаларды таасирленткенге аракет кылбаймбы? Максатым башкаларды бекемдөөбү же мактануубу? Соцтармактагылардын ойлорума, сөздөрүмө, иштериме терс таасир этишине жол берип жаткан жокмунбу?» Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү болгон Нейтан Норр мындай кеңеш берген: «Адамдарга жакканга умтулба. Ошенте турган болсоң, эч кимге жакпайсың. Жахабага жакканга умтул. Ошондо аны сүйгөндөрдүн баарына жагасың».

МОМУН БОЙДОН КАЛГЫЛА

9. Жахаба Узияга эмне кылганга жардам берген? (2 Жылнаама 26:1—5).

9 Узиядан эмнени үйрөнсөңөр болот? Узия падыша жаш кезинде момун болчу. Ал «чыныгы Кудайдан коркчу». Ошондуктан 68 жыл өмүр сүргөн Узияга Жахаба көп жыл бою батасын берип келген. (Окугула: 2 Жылнаама 26:1—5.) Узия Кудайдын элинин көп душмандарын талкалап, Иерусалимдин дубалдарын бекемдеген (2 Жылн. 26:6—15). Жахаба ага бардык ишинде батасын берген. Узиянын ошол учурда бактылуу болгону шексиз (Нас. 3:12, 13).

10. Узиянын жашоосу кандайча өзгөрүп кеткен?

10 Узиядан кандай сабак алсаңар болот? Узия башкалар анын сөзүн эки кылбаганга көнүп алган. Балким, ал ошондон улам каалаганымды кылсам болот деп ойлоп алгандыр. Бир күнү Узия Жахабанын ибадатканасына кирип, жыпарзат түтөтүүгө батынган. Жахабанын мыйзамына ылайык, муну дин кызматчылар гана кылчу (2 Жылн. 26:16—18). Ошон үчүн башкы дин кызматчы Азария аны токтотуп калганга аракет кылган. Бирок Узиянын буга каары кайнап чыккан. Өкүнүчтүүсү, Узия Жахабага ушунча жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келатканын жокко чыгарып салган. Жахаба аны пес оорусу менен жазалаган (2 Жылн. 26:19—21). Эгер ал момун бойдон калса, жашоосу такыр башка жакка багыт алмак!

Жетишкендиктериңерге мактанбай, ошолорго жеткенге жардам берген Жахабаны даңктагыла (11-абзацты карагыла) d

11. Момун экенибиз эмнелерден көрүнөт? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Падышалыгы бекемделгенде, Узия ага күчтү да, майкөл-сүткөл жашоону да Жахаба бергенин унутуп калган. Кандай сабак алсаңар болот? Жашоодогу жакшы нерселердин баары, аркалаган кызматыңар Жахабадан экенин эсиңерге салып тургула. Жетишкендиктериңерге мактанбай, бүт даңкты Жахабага ыйгаргыла b (1 Кор. 4:7). Жеткилеңсиз экениңерди момундук менен мойнуңарга алгыла. 60ка таяп калган бир ишенимдешибиз мындай деп жазган: «Мен башкалардын сөзүн жүрөгүмө жакын албаганга, таарынбаганга үйрөнүп жатам. Кээде ойлонбой иш кылып алган учурларым болот. Ошондо башкалар мени оңдоп-түзөп, кеп-кеңешин айтат. Андайда аны туура кабыл алып, Жахабага эң жакшымды бергенге андан ары да умтула берем». Чынында эле, Жахабадан коркуп, момун бойдон калсаңар, жашооңор туура жакка багыт алып, бакытка бөлөнөсүңөр (Накыл 22:4).

ЖАХАБАГА ЫНАК БОЛО БЕРГИЛЕ

12. Өспүрүм курагында Жошия Жахаба менен кантип жакын мамиле өрчүткөн? (2 Жылнаама 34:1—3).

12 Жошиядан эмнени үйрөнсөңөр болот? Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө баштаганда Жошия 16 жашта болчу. Ал Жахаба жөнүндө көбүрөөк билип, анын эркин аткаргысы келген. Бирок Жошиянын жашоосу жеңил болгон эмес. Ал жалган сыйынуу кеңири жайылган мезгилде жашагандыктан, чыныгы сыйынуу үчүн күрөшкөнгө туура келген. Ал бул ишти кайраттуулук менен аткарган. 20 жашка чыкканга чейин эле өз жериндеги жалган сыйынууну жок кыла баштаган. (Окугула: 2 Жылнаама 34:1—3.)

13. Өмүрүңөрдү Жахабага арнасаңар жашооңор кандай болот?

13 Атүгүл өспүрүм болсоңор да, Жахабага жаккандай иш кылганга, ал жөнүндө жана анын сапаттары жөнүндө көбүрөөк билгенге умтулуп, Жошиядан үлгү ала аласыңар. Бул силерге өмүрүңөрдү Жахабага арнаганга түрткү берет. Өмүрүңөрдү Жахабага арнаганыңар жашооңорго кандай таасир этет? 14 жашында чөмүлгөн Лука мындай дейт: «Өмүрүмдү Жахабага арнагандан тартып ага кызмат кылууну, анын жүрөгүн кубантууну жашоомдо биринчи орунга коюуну чечкем» (Мр. 12:30). Эгер силер да ушундай кылсаңар, Жахабадан мол бата аласыңар!

14. Айрым жаштар Жошия падышаныкындай кандай кыйынчылыктарга кабылып жатышат? Мисал келтиргиле.

14 Жахабага кызмат кылган жаштар кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн? 12 жашында чөмүлгөн Йохен классташтары аны вейп (электрондук тамеки) тартууга кысым көрсөтүшөрүн айткан. Ага кысымга туруштук бергенге эмне жардам берет? Йохен вейп тартса, ден соолугуна да, Жахаба менен болгон мамилесине да зыян келери жөнүндө ойлонот. 14 жашында чөмүлгөн Рейчел мектептеги кыйынчылыктарын жеңгенге эмне жардам берери жөнүндө мындай дейт: «Мен мектептен окугандарымды Ыйык Китептен билгендерим менен байланыштырам. Мисалы, тарых сабагын өтүп жатканда Ыйык Китептеги кайсы бир окуяны же пайгамбарлыкты эстейм. Же классташтарым менен сүйлөшүп жатканда аларга кайсы аятты айтып берсем деп ойлоном». Албетте, силер туш болуп жаткан кыйынчылыктар Жошия падышаныкынан айырмаланышы ыктымал. Бирок, кандай болбосун, Жахабанын акылдуу, берилген кызматчысы боло аласыңар. Азыр кабылып жаткан кыйынчылыктарыңар силерди кийин чоңойгондо кабыла турган кыйынчылыктарга даярдайт.

15. Жошияга Жахабага ишенимдүү кызмат кылганга эмне жардам берген? (2 Жылнаама 34:14, 18—21).

15 26 жашында Жошия падыша Жахабанын ибадатканасын оңдоп-түзөгөнгө киришкен. Ошол учурда ибадатканадан «Жахабанын Муса аркылуу берген мыйзам китеби» табылган. Аны окуп беришкенде, падыша анда жазылгандарга ылайык иш кылганга түрткү алган. (Окугула: 2 Жылнаама 34:14, 18—21.) Силер да Ыйык Китепти үзбөй окуганга аракет кыласыңарбы? Эгер ошондой болсо, аны окуган жагып жатабы? Өзүңөргө пайдалуу боло турган аяттарды жазып аласыңарбы? Буга чейин сөз кылынган Лука дептерине өзү тапкан кызыктуу ойлорду жазып алат. Балким, силер да жаттап алгыңар келген аяттарды же баалуу кеңештерди жазып алаттырсыңар. Ыйык Китепти канчалык жакшы билип, жакшы көргөн сайын, Жахабага ошончолук көбүрөөк кызмат кылгыңар келе баштайт. Анан силер да, Жошия падышадай болуп, Кудайдын Сөзүндө жазылгандарга ылайык иш кылганга түрткү аласыңар.

16. Эмне үчүн Жошия олуттуу ката кетирип алган жана мындан кандай сабак алсаңар болот?

16 Жошиядан кандай сабак алсаңар болот? 39 жашында Жошия катуу жаңылып, ошонун айынан өмүрүнөн айрылып калган. Ал Жахабадан жардам сурабай, өзүнө таянып алган (2 Жылн. 35:20—25). Демек, канча жашта болбогула же Ыйык Китепти канча жылдан бери изилдеп келатпагыла, Жахаба менен мындан ары да ынак боло беришиңер керек. Ан үчүн Жахабадан дайыма жетекчилик сурап тиленгиле, анын Сөзүн изилдегиле жана рухий жактан жетилген ишенимдештериңердин кеп-кеңешине кулак салгыла. Ошентсеңер, жашоодо олуттуу каталарды азыраак кетирип, көбүрөөк бактылуу болосуңар (Жкп. 1:25).

ЖАШТАР, ЖАШООҢОРДУ ТУУРА ЖАККА БАГЫТТАЙ АЛАСЫҢАР

17. Үч падыша жөнүндөгү билдирүүдөн кандай тыянак чыгардыңар?

17 Жаш кезде көптөгөн жакшы нерселерди кыла аласыңар. Жааштын, Узиянын жана Жошиянын башынан өткөндөрдөн көрүнүп тургандай, жаштар туура чечимдерди чыгарып, Жахабага жаккандай жашай алышат. Бирок, жогоруда айтылгандай, ал падышалар жаңылып-жазгандыктан арты каргашалуу болгон. Кандай болбосун, силер алардын жакшы жагын туурап, катасынан сабак ала аласыңар. Ошонун аркасында бактылуу өмүр сүрө аласыңар.

Дөөтү жаштайынан Жахаба менен ынак болгон. Жахабанын жүрөгүн кубантып, өзү да бактылуу өмүр сүргөн (18-абзацты карагыла)

18. Бактылуу өмүр сүрүүгө кепилдик бар экенин Ыйык Китептеги кайсы мисалдар көрсөтүп турат? (Сүрөттү да карагыла.)

18 Ыйык Китепте Жахабага жагууга умтулган, анын ырайымына ээ болгон жана ошонун аркасында бактылуу өмүр сүргөн дагы башка жаштар жөнүндө айтылат. Алардын бири Дөөтү болгон. Ал бала кезинен эле Жахаба тарапты ээлеп, кийин ага берилген падыша болгон. Анын олуттуу ката кетирип алган учурлары болсо да, жалпы жонунан, Кудай аны ишенимдүү кызматчысы катары көргөн (1 Пад. 3:6; 9:4, 5; 14:8). Дөөтүнүн жашоосу, кызматы жөнүндө көбүрөөк изилдеп көрсөңөр, Жахабага ишенимдүү кызмат кылганга түрткү аласыңар. Же болбосо Марк, Тиметей жөнүндө изилдеп көрсөңөр болот. Алар Жахабага жаштайынан тартып кызмат кыла баштаган жана өмүр бою ага ишенимдүү кызмат кылган. Ошонун аркасында Жахабанын жүрөгүн кубантышкан, өздөрү да бактылуу өмүр сүрүшкөн.

19. Жашооңордун кайсы жакка багыт алышын каалайсыңар?

19 Жашооңор кайсы жакка багыт алары азыркы иш-аракеттериңерден көз каранды болот. Эгер өзүңөрдүн түшүнүгүңөргө эмес, Жахабага таянсаңар, ал кадамыңарды багыттайт (Накыл 20:24). Ошентсеңер, бакытка бөлөнүп жашайсыңар, жашооңор маңыздуу өтөт. Жахаба ал үчүн кылгандарыңарды баалай турганын эч качан унутпагыла. Жашооңорду асмандагы Атаңарга жаккандай кылып өткөргөндөн өтөр нерсе барбы?!

144-ЫР: Көзүңдү алба сыйлыктан

a Жаштар, Жахаба силердин аны менен болгон достугуңарды сактоо дайыма эле оңой эмес экенин, кээде кыйын жагдайга туш болоруңарды билет. Канткенде асмандагы Атаңарды кубанткан чечимдерди чыгара аласыңар? Бул макаладан кийин Жүйүт жерине падыша болгон үч баланын жашоосу жөнүндө билесиңер. Ошондой эле алардын чыгарган чечимдеринен кандай сабак алсаңар болоруна токтолобуз.

b jw.org сайтындагы «„Онлайн жылдыз“ болуу сен үчүн канчалык маанилүү?» деген макаладагы «Тымызын мактанба» деген кутучаны карагыла.

c СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ, : Рухий жактан жетилген ишенимдешибиз жашыраак сиңдисине кеңеш берип жатат.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Жыйында тапшырмасы бар ишенимдешибиз Жахабага таянып, даңкты ага ыйгарууда.