Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Изилдегенге сунуштар

Изилдегенге сунуштар

Балдарга арналган тапшырмалар

Жахаба ата-энелерге чоң жоопкерчилик арткан. Алар балдарын насааттап, тарбиялаганга милдеттүү (Эф. 6:4). Аларга жардам болушу үчүн Жахабанын уюму толгон-токой түрдүү материалдарды даярдап берип жатат. Балаңарды тарбиялаш үчүн аларды кантип колдонсоңор болот?

  • jw.org сайтына киргиле. Ал жакта кичинекей балдарга арналган адабияттар, видеолор, жазып аткарса боло турган тапшырмалар бар a. Аларды табыш үчүн издөө тилкесине «Балдар» же «Өспүрүмдөр» деп жазгыла.

  • Керектүүсүн тандагыла. «Балдар» деген бөлүктөн балаңарга ылайыктуу тапшырмаларды тандап алсаңар болот. Аларды табыш үчүн издөө тилкесине «Үй-бүлө менен сыйынуу кечине» деп жазгыла.

  • Чогуу талкуулагыла. Балаңар алаксысын же бирдеме менен алектенсин деп эле видеолорду коюп берип коюп же кагаз түрүндөгү тапшырмаларды берип коюп кетип калбагыла. Анын ордуна, аларды чогуу талкуулап, балаңарга Жахаба менен дос болгонго жардам бергиле.

a Учурда JW Library® тиркемесинде жаштарга арналган видеолордун баары камтылат. Бирок азырынча жазып аткарса боло турган тапшырмалардын айрымдары кире элек.