39-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Күчтүүнүн көркү жумшактык
«Теңирдин кулу чатакташпашы керек, тескерисинче, баарына жумшак мамиле кылышы... керек» (2 ТИМ. 2:24).
120-ЫР: Машаяктан үлгү алып, момун бололу
БУЛ МАКАЛАДА a
1. Кесиптешиңер же классташыңар кандай суроолорду бериши мүмкүн?
КЕСИПТЕШИҢЕР же классташыңар эмнеге ишенериңерди сурап калса, кандай сезимде болосуңар? Адатта, тынчсызданат болушуңар керек. Көбүбүз эле ошентебиз. Бирок маектешибиздин ушинтип сураганы анын ой жүгүртүүсүн түшүнгөнгө, эмнеге ишенерин аныктаганга жана жакшы кабар менен бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал. Анткен менен кимдир бирөө кээде атайылап талаш жарата турган суроо бериши мүмкүн. Буга таң калбайбыз деле. Анткени айрымдар биз жөнүндө ушак-айың уккан болушу ыктымал (Элч. 28:22). Анын үстүнө, биз «эпке-сөзгө келбеген,.. ырайымсыз» кишилер көп болгон «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тим. 3:1, 3).
2. Жумшак болгонубуздун кандай пайдасы бар?
2 Кимдир бирөө ишенген нерселериңерди сындап, талашып-тартышкысы келсе: «Канткенде сылык-сыпаа жооп бере алам?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Ушинткенге эмне жардам берет? Бир сөз менен айтканда, жумшактык. Жумшак киши кимдир бирөө атайылап кыжырына тийгенде жана кантип жооп беришти билбей жатканда токтоо болуп, өзүн кармай алат (Накыл 16:32). Балким: «Бул айтканга оңой да»,— дейттирсиңер. Анда канткенде көбүрөөк жумшак боло аласыңар? Кимдир бирөө ишенген нерселериңерди сындаганда канткенде жумшактык менен жооп кайтара аласыңар? Эгер ата-эне болсоңор, балдарыңарга ишенген нерселерин жумшактык менен коргогонго канткенде жардам бере аласыңар? Келгиле анда, ушуларды карап чыгалы.
КАНТКЕНДЕ КӨБҮРӨӨК ЖУМШАК БОЛО АЛАБЫЗ?
3. Жумшак кишини эмне үчүн алсыз эмес, күчтүү деп айта алабыз? (2 Тиметей 2:24, 25).
3 Жумшак киши алсыз эмес, тескерисинче, күчтүү. Кыйын жагдайга кабылганда өзүбүздү кармап, токтоо болуш үчүн көбүрөөк күч керек. Жумшактык — рухтун жемишине кирген сапаттардын бири (Гал. 5:22, 23). Грек тилиндеги «жумшактык» деген сөз колго көндүрүлгөн жапайы жылкыны сүрөттөш үчүн да колдонулган. Жапайы жылкынын жоошуп калганын элестетип көрсөңөр. Ал жоошуп калса да, күчтүү бойдон кала берет. Канткенде биз да жумшак, ошол эле учурда күчтүү болгонго үйрөнө алабыз? Муну өз күчүбүз менен кыла албайбыз. Жумшак болууга үйрөнүүнүн сыры — Кудайдан ыйык рух сурап тиленүү. Боордошторубуздун окуялары көрсөтүп тургандай, жумшак боло алабыз. Көптөгөн ишенимдештерибиз ачуусуна тийгендерге жумшактык менен жооп беришет. Мунун аркасында башкалар Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жакшы ойдо калат. (Окугула: 2 Тиметей 2:24, 25.) Канткенде жумшак болуп, күчтүү экениңерди көрсөтө аласыңар?
4. Ыскактан жумшак болууга байланыштуу кандай үлгү алсак болот?
4 Ыйык Китепте жумшактык баалуу сапат экенин көрсөткөн көптөгөн билдирүүлөр камтылат. Мисалга Ыскакты алалы. Ал Пелишти аймагындагы Герар жерине отурукташканда, анын кошуналары ич күйдүлүк кылып, бир убакта Ыбрайымдын кулдары казган кудуктарга топурак толтуруп салышкан. Ыскак: «Бул кудуктар биздики болчу!» — деп ошол жерден чаң салбай, үй-бүлөсүн алып алып, алыс жакка көчүп кеткен да, ошол жактан башка кудуктарды казган (Башт. 26:12—18). Пелиштиликтер ал жактан да ошол кудуктарды талашкан. Ошого карабай Ыскак тынчтыкты сактаган (Башт. 26:19—25). Башкалар атайылап кайра-кайра ачуусуна тийсе да, ага жумшак бойдон калганга эмне жардам берген? Ыскак дайыма тынчтыкка умтулган атасы Ыбрайымдан, ошондой эле «токтоолук жана жумшактык» менен иш кылган энеси Саарадан көп нерсеге үйрөнгөнү шексиз (1 Пет. 3:4—6; Башт. 21:22—34).
5. Кудайдан корккон ата-энелер балдарын жумшак болгонго үйрөтө аларын көрсөткөн мисал айтып бергиле.
5 Кымбаттуу ата-энелер, силер да балдарыңарды жумшак болгонго үйрөтө аларыңардан шектенбегиле. 17 жаштагы Максенстин үлгүсүнө көңүл бурсаңар. Ал мектептен жана кызматтан ачуулуу кишилерге көп жолуга турган. Ата-энеси чыдамдуулук менен ага жумшак болгонго жардам бере берген. Алар мындай дейт: «Максенс кимдир бирөөлөр кыжырына тийгенде уруша кеткенге же мушташа кеткенге караганда, өзүн кармаш үчүн көбүрөөк күч талап кылынарын түшүнүп келатат». Бактыга жараша, Максенс жумшак болгонго үйрөнүп, күчтүү экенин көрсөткөн.
6. Кандайча Жахабадан тиленүү жумшактыктын үстүнөн иштегенге жардам берет?
6 Мисалы, кимдир бирөө Кудайдын ысмына тил тийгизгенде же Ыйык Китепти шылдыңдаганда, эмне кылсак болот? Жумшак жооп бериш үчүн Жахабадан ыйык рух жана акылмандык сурашыбыз керек. Бирок кийин жакшылап ойлонуп көрүп, катуу же туура эмес жооп берип алганыбызды түшүнүп калсакчы? Андайда Жахабадан ошол тууралуу тиленип, кийинкиде эмне кылсак жакшы болорун алдын ала ойлонуштуруп алсак болот. Жахаба болсо бизге өзүбүздү кармай билгенге жана жумшак болгонго жардам бериш үчүн ыйык рухун берет.
7. Айрым аяттарды жаттап алуу тилибизди тыя билгенге жана токтоолук менен иш кылганга кандайча жардам берет? (Накыл сөздөр 15:1, 18).
7 Ыйык Китептеги айрым аяттар жагдай чыңалганда акыл токтотуп, жумшактык менен сүйлөгөнгө жардам берет. Кудайдын ыйык руху керектүү учурда ошол аяттарды эстетип коё алат (Жкн. 14:26). Алсак, Накыл сөздөрдөгү принциптер бизге жумшак болгонго көмөк кылат. (Окугула: Накыл сөздөр 15:1, 18.) Ошондой эле Ыйык Жазманын ушул китебинде курчуп турган жагдайларда токтоолук менен сүйлөгөндүн пайдалары жөнүндө да айтылат (Накыл 10:19; 17:27; 21:23; 25:15).
ТҮШҮНҮКТҮҮЛҮК ЖУМШАК БОЛГОНГО КАНДАЙЧА ЖАРДАМ БЕРЕТ?
8. Бирөө суроо бергенде эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?
8 Жумшак болгонго түшүнүктүүлүк да жардам берет (Накыл 19:11). Түшүнүктүү киши башкалар анын ишенген нерселерин талашка салганда өзүн кармай билет. Айрым суроолор чокусу эле көрүнүп, көлөмүнүн көпчүлүк бөлүгү суу астында жаткан айсбергдерге окшош. Анын сыңары, айрымдардын бизге берген суроосунун аркасында эмне жатканын билбешибиз мүмкүн. Андыктан жооп берердин алдында ушуну эске алганыбыз зарыл (Накыл 16:23).
9. Эпрайымдыктар ачууланганда, Гидон эмне кылган?
9 Гидондун эпрайымдыктарга эмне деп жооп бергенин карайлы. Алар: «Жоо менен беттешкенде эмне үчүн бизди башынан эле чакырбай койдуң?» — деп ачуусу менен бир тийген. Бирок алардын ачууланганынын чыныгы себеби эмнеде эле? Балким, намыстанганында болгондур. Кандай болбосун, Гидон алардын сезимдерин эске алып, жумшактык менен жооп берген. Натыйжада, эпрайымдыктардын «ачуусу тарап», бөөдө жерден кан төгүлгөн эмес (Бий. 8:1—3).
10. Ишенген нерселерибиз жөнүндө сурагандарга туура жооп бергенге бизге эмне жардам берет? (1 Петир 3:15).
10 Мисалы, кесиптешибиз же классташыбыз биздин эмне үчүн Ыйык Китептеги адеп-ахлак нормаларына карманарыбызды сурады дейли. Андайда анын себебин урмат-сый менен түшүндүрүп беребиз. (Окугула: 1 Петир 3:15.) Анын суроосун чабуул катары же сындап жаткандай эмес, жүрөгүндө эмне бар экенин билгенге жардам берген мүмкүнчүлүк катары көргөнүбүз дурус. Ал адам кандай максат менен суроо бербесин, жумшак, сылык жооп бергенибиз маанилүү. Ошентсек, ага көз карашын өзгөрткөнгө түрткү беришибиз мүмкүн. Атүгүл орой сүйлөсө да же какшыктаса да, дайыма жумшак жооп бергенге аракет кылышыбыз керек (Рим. 12:17).
11, 12. a) Кимдир бирөө талаш жарата турган суроолорду бергенде, жооп берерден мурун эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек? (Сүрөттү да карагыла.) б) Башкалар суроо бергендин аркасында кандайча жакшы маекке шарт түзүлүшү ыктымал?
11 Эгер кесиптешиңер эмне үчүн туулган күндү майрамдабай турганыңарды сураса, минтип ойлонуп көрсөңөр болот: «Ал бизге көңүл ачканга болбойт деп ойлоп жаткан жокпу? Же балким, биздин туулган күндү белгилебегенибиз жумуштагылардын арасындагы ынтымакты ыдыратат деп ойлоп жатабы?» Эгер ошондой болсо, башкаларды ойлоп жатканы үчүн аны мактасак жана биз да жумушта жагымдуу маанай өкүм сүрүшүнө кызыкдар экенибизди айтсак болот. Мунун аркасында Ыйык Китепте туулган күн жөнүндө эмне делерин жай отуруп айтып бергенге мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал.
12 Башкалар талаш жарата турган суроолорду бергенде да ушундай кылсак болот. Мисалы, классташыңар Жахабанын Күбөлөрү гомосексуалдарга карата көз карашын өзгөртүшү керек деши мүмкүн. Андайда минтип ойлонуп көрсөк болот: «Ал биздин окуулар жөнүндө толук билбегендиктен ушинтип айтып жаткан жокпу? Же анын тууганы же досу гомосексуалбы? Ал ошондойлорду бизди жек көрөт деп ойлоп жаткан жокпу?» Биз аны бардык адамдарды жакшы көрөрүбүзгө жана ар бир кишинин чечимин сыйлаарыбызга ынандырышыбыз керек b (1 Пет. 2:17). Андан кийин Ыйык Китептеги бактылуу өмүр сүргөнгө жардам берген адеп-ахлактыкка байланыштуу принциптерди айтып берсек болот.
13. Кудайга ишенүү акылсыздык дегендер менен кантип сүйлөшсөңөр болот?
13 Кимдир бирөө каршы пикир айтса, дароо эле мен анын эмнеге ишенерин билем деп тыянак чыгарбашыбыз керек (Тит 3:2). Маселен, классташыңар Кудайга ишенүү акылсыздык экенин айтты дейли. Андайда бул эволюцияга ишенет турбайбы, ал жөнүндө көп нерсе билет турбайбы деп жыйынтык чыгарышыңар керекпи? Балким, ал укканын эле айтып жаткандыр. Классташыңарга дароо эле илимий далилдерди келтирип кирбей, мүмкүн, окуганга бир нерсе сунуштайттырсыңар. Же ойлонгонго түрткү берген суроо береттирсиңер. Же балким, jw.org сайтындагы жаратуу жөнүндөгү макалаларды окуп көргөнгө үндөйттүрсүңөр. Ошондо ал окуган макаласы же көргөн видеосу жөнүндө кийинчерээк сүйлөшкөнгө макул болот чыгар. Башкалардын көз карашын ушинтип сыйласак, алар Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү алышы мүмкүн.
14. Классташынын биз жөнүндөгү көз карашы туура эмес экенин көрсөтүш үчүн Ниалл эмне кылган?
14 Ниалл деген бир өспүрүм бала айрымдардын Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө айткандары туура эмес экенин көрсөтүш үчүн сайтыбызды колдонот. «Бир классташым: „Сен илимий фактыларга эмес, жомоктор жазылган китепке ишенесиң“,— деп айта берчү»,— дейт ал. Классташы Ниаллга көз карашын түшүндүрүп бергенге мүмкүнчүлүк бербей койгон. Ошондо ал jw.org сайтындагы «Илим жана Ыйык Китеп» деген бөлүктү көрсөтүп берген. Кийинчерээк Ниалл анын сайттагы макалаларды окуганын жана жашоонун келип чыгышы жөнүндө сүйлөшкүсү келип калганын байкаган. Силер да ушинтип көрсөңөр болот.
ҮЙ-БҮЛӨҢӨР МЕНЕН ЧОГУУ ДАЯРДАНГЫЛА
15. Ата-энелер балдарына мектептен жумшактык менен жооп бергенге кантип жардам бере алышат?
15 Ата-энелер балдарына башкалар ишенген нерселерин талашка салганда кантип жумшак жооп берсе болорун үйрөтө алышат (Жкп. 3:13). Айрым ата-энелер үй-бүлө менен сыйынуу учурунда балдары менен атайын көнүгүшөт. Алар классташтары же мугалимдери кандай суроолорду бериши мүмкүн экени жөнүндө ойлонушат. Анан кантип жооп бериш керектигин талкуулап, көнүгүшөт. Ошондой эле балдарын жумшак сүйлөгөнгө, кызыктуу маек курганга үйрөтөт. (« Кантип көнүксөңөр болот?» деген кутучаны карагыла.)
16, 17. Алдын ала көнүгүп алуу өспүрүмдөргө эмнеси менен пайдалуу болушу мүмкүн?
16 Алдын ала көнүгүп алуу өспүрүмдөргө башкаларга жүйөлүү далилдерди келтиргенге жана ишенген нерселеринин туура экенине өздөрү да ынанганга жардам берет. jw.org сайтындагы «Жаштардын суроолору» деген бөлүктө өспүрүмдөр үчүн иштөө барактары бар. Ал барактар жаштарга ишенген нерселеринен шектенбегенге жана башкалардын суроолоруна өз сөзү менен жооп бергенге жардам бериш үчүн даярдалган. Аларды үй-бүлөңөр менен чогуу изилдесеңер, ишенген нерселериңерди жылуу-жумшак, сылык айтып бере аласыңар.
17 Метью деген жаш ишенимдешибиз алдын ала көнүккөнү ага чоң жардам бергенин айткан. Үй-бүлө менен сыйынуу учурунда Метью ата-энеси менен сабак учурунда кандай темалар каралышы мүмкүн экенин көп талкуулашчу. Ал мындай дейт: «Биз башкалар кандай суроолорду бериши мүмкүн экенин ойлончубуз. Анан изилдегендерибиздин негизинде аларга кантип жооп берсек болоруна көнүкчүбүз. Кайсы бир нерсеге эмне үчүн ишенеримди билгендиктен көп тынчсызданчу эмесмин. Ошонун аркасында башкаларга көз карашымды жумшактык менен түшүндүрүп берүү оңой болорун да байкадым».
18. Колосалыктар 4:6га ылайык адамдар менен маектешкенде эмнени унутпашыбыз керек?
18 Албетте, так-айкын далилдерди келтирсек да, баары эле кошула бербеши мүмкүн. Бирок ойлорубузду башкалардын сезимдерин эске алып, жылуу-жумшак жеткирсек, натыйжасы жакшы болушу ыктымал. (Окугула: Колосалыктар 4:6.) Эмнеге ишенерибизди кимдир бирөөгө айтып берүүнү ага топ ыргытканга салыштырса болот. Биз топту акырын же бүт күчүбүз менен катуу ыргыта алабыз. Эгер акырын ыргытсак, тиги киши тосуп ала алат да, оюн андан ары уланат. Ошо сыңары, ойлорубузду башкалардын сезимдерин эске алып, жылуу-жумшак жеткирсек, алардын айткандарыбызды угушуна, маектин уланышына шарт түзө алабыз. Албетте, эгер кимдир бирөө жөн эле талашып-тартышкысы келсе же шылдыңдап жатса, алар менен сүйлөшкөнгө милдеттүү эмеспиз (Накыл 26:4). Бирок андайларга чанда эле кездешебиз. Көпчүлүк маектешкенге даяр болот.
19. Ишенген нерселерибиз жөнүндө башкаларга айтканда жумшак болгонго бизге эмне түрткү бериши керек?
19 Чынында эле, жумшак болгонго үйрөнгөнүбүз өзүбүзгө эле пайда. Башкалар талаш жарата турган суроолорду бергенде же жөнү жок сындаганда, аларга жумшактык менен жооп бериш үчүн Жахабадан күч сурап тиленгиле. Жумшак жооп маектин талаш-тартышка айланып кетишине бөгөт коёрун унутпагыла. Андан тышкары, урматтап-сыйлап, жумшак жооп берсек, айрымдардын бизге жана Ыйык Китепке болгон көз карашы өзгөрүшү ыктымал. Андыктан, «жумшактык, терең урмат-сый менен жооп бергенге дайым даяр бололу» (1 Пет. 3:15). Ошондо күчтүүнүн көркү жумшактык экенин көрсөтөбүз!
88-ЫР: Өз жолуңда жүрүүгө үйрөт
a Башкалар кыжырыбызга атайлап тийгенде же талаш жарата турган суроолорду бергенде эмне кылабыз? Бул макалада ошондой адамдарга канткенде жумшактык менен жооп бере аларыбызга байланыштуу кеңештер талкууланат.
b Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Гомосексуализм тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?» деген макаланы карагыла («Ойгонгула!», 2016-ж., №4).
c Буга байланыштуу пайдалуу маалыматты jw.org сайтындагы «Жаштардын суроолору» жана «Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көп берилген суроолор» деген жерден таба аласыңар.