40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Петирге окшоп, туруктуу боло аласыңар
«Мырзам, жаныман кет, анткени мен күнөөкөрмүн» (ЛУКА 5:8).
38-ЫР: Кудай сени күчтүү кылат
БУЛ МАКАЛАДА a
1. Петир Исанын кереметин көргөндө эмне деген?
ПЕТИР түнү менен тор салып, эч нерсе кармай албай койгон. Бирок Иса ага: «Терең жерге сүзүп барып, тор салгыла»,— деп айткан (Лк. 5:4). Петир балык түшөрүнө көзү жетпесе да, Иса айткандай кылган. Анан чынында эле ушунчалык көп балык түшкөндүктөн, торлор айрыла баштаган. Исанын керемет жасаганын түшүнгөндө Петир менен жанындагылар «аң-таң болушкан». Ошондо Петир: «Мырзам, жаныман кет, анткени мен күнөөкөрмүн»,— деген (Лк. 5:6—9). Сыягы, Петир өзүн атүгүл Исанын жанында турганга да татыксыз сезген көрүнөт.
2. Петир жөнүндө изилдегенибиз эмнеси менен пайдалуу болот?
2 Петир: «Мен күнөөкөрмүн»,— деп туура эле айткан. Ыйык Китепте анын кээде ойлонбой сүйлөп же шашып иш кылып алып, кийин бармагын тиштеп калган учурлары айтылат. Силерде да ушундай учурлар болду беле? Кайсы бир жагынан жакшыра албай же алсыздыгыңар менен көптөн бери күрөшүп келатасыңарбы? Эгер ошондой болсо, Петир жөнүндө изилдегениңер силерге үмүтүңөрдү үзбөгөнгө жардам берет. Кандайча? Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: Жахаба Петирдин ката-кемчиликтерин Ыйык Китепке жаздырбай коё алмак. Бирок Жахаба аларды бизге сабак болуш үчүн жаздырган (2 Тим. 3:16, 17). Петирдин да биздикиндей эле сезимдери, алсыздыктары болгон. Ал жөнүндө изилдегенибиз Жахабанын бизден жеткилеңдикти күтпөй турганын түшүнгөнгө жардам берет. Ал биздин алсыздыктарыбызга багынып бербешибизди, туруктуу болушубузду каалайт.
3. Туруктуу болгонубуз эмне үчүн маанилүү?
3 Туруктуулугубуздан жазбаганыбыз эмне үчүн маанилүү? Кайсы бир нерсени канчалык көп кыла берсек, аны ошончолук жакшы кылып калабыз. Мисалга кимдир бирөө музыкалык аспапта мыкты деңгээлде ойногусу келет дейли. Буга көп жылдар талап кылынат. Ошол убакыт аралыгында ал көп жолу жаңылышы мүмкүн. Бирок кайра-кайра машыга бергендиктен, жаңылбай ойноп калат. Атүгүл ал мыкты ойноп калса да, жаңылган учурлары болбой койбойт. Ошентсе да багынбай, андан ары да жакшырганга аракет кыла берет. Ошо сыңары, кайсы бир алсыздыгыбызды жеңдик деп эсептесек да, кайра эле кайталап алышыбыз ыктымал. Бирок багынбай, жеңгенге аракет кыла беребиз. Баарыбыздын эле кийин өкүнүп кала тургандай сөздөрдү айтып же иштерди кылып алган учурларыбыз болот. Андайда багынбасак, Жахаба бизге жакшыра бергенге жардам берет (1 Пет. 5:10). Келгиле, Петирдин кантип туруктуулук көрсөткөнүнө кененирээк токтололу. Петир жаңылып алганда, Иса ага боорукердик менен мамиле кылган. Муну билгенибиз бизге Жахабага андан ары да кызмат кылганга түрткү берет.
ПЕТИРДИН АЛСЫЗДЫКТАРЫ ЖАНА АЛГАН БАТАЛАРЫ
4. Лука 5:5—10-аяттарга ылайык, Петир өзү жөнүндө эмне деп айткан жана Иса аны эмнеге ынандырган?
4 Ыйык Китепте Петирдин эмне үчүн күнөөкөрмүн дегени же кайсы күнөөсү үчүн өзүн ушинтип айтканы жазылбайт. (Окугула: Лука 5:5—10.) Бирок анын олуттуу ката кетирген учурлары болсо керек. Иса Петирдин өзүн татыксызмын деп ойлогондуктан коркуп жатканын билген. Ошондой эле анын ишенимдүү бойдон кала аларын да билген. Ошон үчүн ага жумшактык менен: «Коркпо»,— деген. Исанын Петирге ишенгени анын жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Кийинчерээк бир тууганы Андрес экөө балык улоо ишин таштап, Машаякты жолдошкон. Алар бүт убактысын ошого арнаганынын аркасында көп баталарды алышкан (Мр. 1:16—18).
5. Терс сезимдерин жеңип, Исанын чакырыгын кабыл алганынын аркасында Петир кандай баталарды алган?
5 Петир Машаякты жолдой баштагандан тартып, көптөгөн кереметтерге күбө болгон. Алсак, ал Исанын оорулууларды айыктырганын, жиндерди кууп чыкканын, атүгүл өлгөндөрдү тирилткенин көргөн b (Мт. 8:14—17; Мр. 5:37, 41, 42). Ошондой эле Петир Исанын Падышалыкта кандай даңкка ээ болорун көргөн. Бул анын эсинде ташка тамга баскандай эле сакталып калганы шексиз (Мр. 9:1—8; 2 Пет. 1:16—18). Эгер ал Исаны жолдобосо, ушундай кереметтерди эч качан көрмөк эмес. Петир ушундай баталардан куру калтыра турган терс сезимдерине алдырбаганына абдан сүйүнсө керек.
6. Петир алсыздыктарын бат эле жеңгенби? Түшүндүргүлө.
6 Петир Исанын укмуштуудай сөздөрүн угуп, укмуштуудай иштерин көрсө да, алсыздыктарына алдырган учурлары болгон. Келгиле, анда ошолордун бир нечесине токтололу. Бир жолу Иса Ыйык Китептеги пайгамбарлык аткарылышы үчүн өзүнүн азап чегип, өлөрүн айтканда, Петир ага каршы болгон (Мр. 8:31—33). Петир менен башка элчилери кимибиз чоңбуз деп кайра-кайра талашкан (Мр. 9:33, 34). Иса өлтүрүлөр түнү болсо Петир көз ачып-жумгуча эле бир кишинин кулагын шылый чапкан (Жкн. 18:10). Ошол эле түнү коркуп кетип, досун — Исаны — тааныбайм деп 3 жолу баш тарткан (Мр. 14:66—72). Ошентип алып, кайра өксөп ыйлаган (Мт. 26:75).
7. Иса тирилгенден кийин Петирге кандай мүмкүнчүлүк берген?
7 Иса кайгыга баткан элчисине кол шилтеп салган эмес. Тирилгенден кийин Петирге аны жакшы көрөрүн билдиргенге мүмкүнчүлүк берген. Ошондон кийин Иса Петирди койлоруна кам көрүп, момун койчу болгонго чакырган (Жкн. 21:15—17). Петир Иса айткандын баарын кылганга даяр болгон. Ошол себептен Иерусалимдеги Элүүнчү күн майрамына барган жана алгачкылардан болуп, ыйык рух менен майланган.
8. Антиохиядан Петир кандай олуттуу ката кетирген?
8 Майлангандан кийин деле Петирге алсыз жактары менен күрөшө бергенге туура келген. Б. з. 36-жылы Кудай Петирди жүйүт элинен болбогон Корнелийге жиберип, ыйык рух менен майлаган. Ошондо «Кудайдын бет карама эмес экени» жана ошондон тартып башка улуттагылар да Машаяктын жолдоочусу боло алары айкын болгон (Элч. 10:34, 44, 45). Ошондон кийин Петир эзели кылбаган нерсени кылып, башка улуттагылар менен чогуу тамактана баштаган (Гал. 2:12). Бирок Машаяктын айрым жүйүт жолдоочулары жүйүттөр менен башка улуттагылар чогуу тамактанбаш керек деп ойлошкон. Ошондой көз карашта болгондордун кээ бирлери Антиохияга келгенде, Петир аларды таарынтып алгандан коркуп, башка улуттан болгон ишенимдештери менен тамактанбай калган. Мындай эки жүздүүлүктү байкаган элчи Пабыл элдин көзүнчө Петирге катуу кеңеш берген (Гал. 2:13, 14). Ушундай олуттуу ката кетиргенине карабай Петир туруктуулугунан жазган эмес. Ага эмне жардам берген?
ПЕТИРГЕ ТУРУКТУУЛУГУНАН ЖАЗБАГАНГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН?
9. Жакан 6:68, 69дан Петирдин берилген киши болгону кандайча көрүнүп турат?
9 Петир берилген адам болгон. Ал эч нерсеге карабай Исаны жолдой бергенге бел байлаган. Анын берилгендиги Иса шакирттерине аларга түшүнүксүз нерсени айтканда айкын болгон. (Окугула: Жакан 6:68, 69.) Ошондо көптөр Исанын сөздөрүнүн маанисин түшүндүрүп беришин күтпөй эле, өздөрү да сурабай эле, кетип калышкан. Бирок Петир, алардай болуп, Исаны жолдобой калган эмес. Анткени ал «түбөлүк өмүргө алып баруучу сөздөр» бир гана Исада экенин билген.
10. Иса Петирге бекем ишенерин кантип көрсөткөн? (Сүрөттү да карагыла.)
10 Иса Петирди таштап салган эмес. Өлтүрүлөр түнү ал Петирдин жана башка элчилердин аны жалгыз калтырып кетерин билген. Ошентсе да Петирдин кийин кайра кайтып келип, ишенимдүүлүгүн аягына чейин сактаган элчи болоруна бекем ишенерин көрсөткөн (Лк. 22:31, 32). Анткени Иса «рух сергек, ал эми дене алсыз» экенин билген (Мр. 14:38). Ошондуктан Петир андан баш тартып кеткенде, Иса андан үмүтүн үзүп койгон эмес. Тирилгенден кийин, кыязы, Петирге жекеме-жеке жолуккан (Мр. 16:7; Лк. 24:34; 1 Кор. 15:5). Бул аябай жаман болуп жүргөн элчисин кандай гана кубаттандырса керек!
11. Иса Петирди Жахабанын ага кам көрөрүнө кантип ынандырган?
11 Иса Петирди Жахабанын кам көрөрүнө ынандырган. Тирилгенден кийин Иса Петир менен башка элчилерге дагы бир жолу көп балык кармаганга жардам берген (Жкн. 21:4—6). Ошол керемет Петирди Жахабанын аны керектүү нерселер менен оңой эле камсыз кылып коё аларына ынандырганы шексиз. Балким, ал Исанын «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегендер» эч нерседен кем болбой турганын айтканын эстеген чыгар (Мт. 6:33). Ошол сөздөрдөн кийин Петир балык улоону эмес, кабар айтуу ишин биринчи орунга койгон. Б. з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Петир кайраттуулук менен кабар айтып, миңдегендерге чындык жолуна түшкөнгө жардам берген (Элч. 2:14, 37—41). Ошондон кийин ал самариялыктарга жана башка улуттагыларга Машаяктын жолдоочусу болгонго көмөк кылган (Элч. 8:14—17; 10:44—48). Чынында эле, Жахаба Петирди ар кайсы улуттагы адамдарды чындыкка алып келиш үчүн колдонгон.
ПЕТИРДЕН ЭМНЕНИ ҮЙРӨНӨ АЛАБЫЗ?
12. Кайсы бир алсыздыгыбыз менен көптөн бери күрөшүп келаткан болсок, Петирдин үлгүсү кандайча жардам берет?
12 Жахаба бизге туруктуу болгонго жардам бере алат. Кайсы бир алсыздыгыбыз менен көптөн бери алышып келатсак, туруктуу болуу кыйынга турушу мүмкүн. Айрым учурларда алсыздыктарыбыз Петирдикинен да күчтүүдөй сезилиши ыктымал. Бирок Жахаба багынбашыбыз үчүн күч бере алат (Заб. 94:17—19). Мисал үчүн, бир ишенимдешибиз чындыкка келгенге чейин көптөгөн жылдар бою гомосексуал болуп жүргөн. Ал жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүп, ошол ыпылас иштерин таштаган. Ошентсе да маал-маалы менен жаман каалоолору менен күрөшкөнгө туура келген. Ага багынбаганга эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жахаба мени күчкө толтуруп келет. Анын ыйык рухунун жардамы менен... ага жаккандай жашаса болорун түшүндүм. Жахаба мени кемчиликтериме карабай керегине жаратып келатат жана дайыма күч берип келет».
13. Элчилер 4:13, 29, 31-аяттарда жазылгандарга ылайык, Петирден кадай үлгү ала алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)
13 Жогорудан окуганыбыздай, Петирдин адамдардан корккондуктан олуттуу ката кетирип алган учурлары болгон. Бирок Петир Жахабадан кайраттуулук сурап тиленип, эр жүрөктүк менен иш кылган. (Окугула: Элчилер 4:13, 29, 31.) Биз да коркуу сезимин жеңе алабыз. Нацисттик Германия учурунда жашаган Хорст деген ишенимдешибиздин кандай окуяга туш болгонуна көңүл буралы. Мектепте окуп жүргөн кезинде туура эмес экенин билсе да, кысымга алдырып «Хайль Гитлер» (бизди Гитлер сактайт) деп айтып алган учурлары болгон. Анын ата-энеси аны урушпай, кайра Жахабадан тиленип, ага кайраттуулук беришин суранышкан. Ата-энеси жардам бергендиктен жана өзү да Жахабага таянгандыктан Хорст бир тууганыбыз, акыры, кысымга туруштук бере алган. Кийин ал: «Жахаба мени такыр калтырган жок»,— деп айткан c.
14. Камкор койчулар көңүлү чөккөндөргө кантип дем-шык бере алышат?
14 Жахаба менен Иса эч качан бизге кол шилтеп койбойт. Исадан баш тартып кеткенден кийин Петирге жашоосунда олуттуу чечим чыгарганга туура келген. Ал андан ары да Машаяктын жолун жолдойбу же ошо менен баарынан баш тартабы, чечиши керек болчу. Иса Петир ишениминен тайып кетпесе экен деп Жахабадан жалбарып тиленген. Ал Петирге ошентип тиленгенин жана Петир кийин бир туугандарын бекемдей турганын айткан (Лк. 22:31, 32). Петирдин кийин Исанын ошол сөздөрү жөнүндө ой жүгүрткөнү ага дем-шык бергени күмөнсүз. Бизге да жашоодо олуттуу чечим чыгарганга туура келгенде, Жахаба ишенимибизден тайып кетпешибиз үчүн камкор койчулары аркылуу бизди сүйүүсүнө ынандырышы мүмкүн (Эф. 4:8, 11). Көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылган Паул деген ишенимдешибиз башкаларды ошенткенге аракет кылат. Мисалы, баарына кол шилтеп салгысы келгендерден Жахаба аларды чындыкка кантип алып келгени жөнүндө ой жүгүрткөнгө үндөйт. Андан соң Жахаба аларды абдан жакшы көргөндүктөн кол шилтеп салбай турганына ынандырат. Ал сөзүн: «Көңүлү чөккөн көптөгөн ишенимдештерибиз Жахабанын жардамы менен кайрадан жанданып калышты»,— деп корутундулайт.
15. Петирдин жана Хорст бир тууганыбыздын мисалы Матай 6:33тө жазылгандар чындык экенин кандайча көрсөтүп турат?
15 Жахаба Петирди жана башка элчилерди зарыл нерселер менен камсыз кылгандай эле, бизди да, эгер кызматты жашообузда биринчи орунга койсок, зарыл нерселерден өксүтпөйт (Мт. 6:33). Жогоруда айтылган Хорст бир тууганыбыз Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин пионердик кызматты баштасамбы деп ойлонгон. Абдан жакыр тургандыктан, жумуш менен толук убакыт кызматты бирдей алып кете аламбы деп тынчсызданган. Ал эмне кылган? Хорст бир тууганыбыз райондук көзөмөлчү келген жумада бүт убактысын кызматка арнап, Жахабаны сынап көрүүнү чечкен. Анан жуманын аягында райондук көзөмөлчү белгисиз бирөөдөн деп колуна конверт карматканда, Хорст бир тууганыбыз айран-таң болгон. Конвертте ага бир нече ай бою алаксыбай пионер болуп кызмат кылганга жете тургандай акча бар болчу экен. Ал белек аны Жахаба калтырбай турганына ынандыргандай эле болгон. Ал өмүрү өткүчө Падышалыкты биринчи орунга коюп жашаган (Мал. 3:10).
16. Петирдин үлгүсү жана жазгандары бизге эмнеси менен пайдалуу?
16 Петир: «Мырзам, жаныман кет»,— дегенде Исанын кетип калбаганына кандай гана сүйүнсө керек. Машаяк Петирди ишенимдүү элчи болгонго андан ары да үйрөтө берген. Ошонун аркасында Петир Исанын жолдоочуларына мыкты үлгү калтырган. Исанын Петирди окутуп үйрөткөнү Ыйык Китепке жаздырылгандыктан, биз аларды окуп, көп нерсеге үйрөнө алабыз. Петир алардын айрымдарын 1-кылымдагы жыйналыштарга жазган эки катында айтып өткөн. Эмки макалада ошол каттардагы эскертүүлөрдү жана бүгүн аларды кантип колдонсок болорун карап чыгабыз.
126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу
a Бул макала кайсы бир алсыздыгы менен күрөшүп жүргөндөр аны жеңе аларына жана Жахабага туруктуулугунан жазбай кызмат кыла аларына ынандырыш үчүн чыгарылды.
b Бул макаладагы көптөгөн аяттар Марк Инжилинен алынган. Марк, кыязы, ошол окуяларды аларга өзү күбө болгон Петирден угуп, жазып алса керек.
c Хорст Хеншелдин өмүр баянын «Үй-бүлөмдүн Кудайга берилген бойдон калганы мага дем-шык берген» деген макаладан окуй аласыңар («Ойгонгула!», 22-февраль, 1998-жыл (ор.)).
d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ, : Сахналаштырылган сүрөттө көрүнүп тургандай, Хорст Хеншелдин ата-энеси аны менен чогуу тиленип, Жахабага берилгендигин сактаганга кайраттандырып жатат.