Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Петирдин эки катынан эмнелерди биле алабыз?

Петирдин эки катынан эмнелерди биле алабыз?

«Буларды дайыма эсиңерге салып турууну каалайм» (2 ПЕТ. 1:12).

127-ЫР: Кандай адам болушум керек?

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Көз жумарына аз калганда элчи Петирге кандай иш тапшырылган?

 ЭЛЧИ Петир жакында көз жумарын билген. Ал көптөгөн жылдар бою ишенимдүү кызмат кылган. Алсак, Иса жерде кызмат кылган кезде аны коштоп жүргөн жана жүйүт элинен болбогондорго биринчилерден болуп кабар айткан. Кийин болсо жетектөөчү кеңештин мүчөсү болуп кызмат кылган. Бирок Петирдин кызматы ушу менен эле соңуна чыккан эмес. Б. з. 62—64-жылдары Жахаба ага 2 кат жаздырткан. Ыйык Китепте алар Петирдин 1 жана 2-каттары деп аталат. Петир каттары ал көз жумгандан кийин да ишенимдештерине пайда алып келет деп ишенген (2 Пет. 1:12—15).

2. Эмне үчүн Петирдин каттарын өз учурунда жазылган деп айтса болот?

2 Петир каттарын ишенимдештери башынан «ар кандай сыноолорду» кечирип жаткан кезде жазган (1 Пет. 1:6). Ошол учурда ыймансыздар жалган окууларды жана ыпылас жүрүм-турумду жыйналышка сиңиргенге аракет кылып жатышкан (2 Пет. 2:1, 2, 14). Иерусалимде жашаган Машаяктын жолдоочулары жакында «бардык нерсенин аягына», тагыраак айтканда, римдиктердин шаарды жана ибадаткананы талкалашына күбө болушмак (1 Пет. 4:7). Петирдин каттары аларга кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүп кеткенге, келечектеги окуяларга даяр болгонго жардам бергени шексиз b.

3. Петирдин каттарын изилдегенибиздин кандай пайдасы бар?

3 Петир каттарын Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына жазса да, Жахаба аларды өзүнүн Сөзүнө коштуруп койгон. Андыктан ал каттардан биз да пайда ала алабыз (Рим. 15:4). Бүгүн биз да ыпыластык күч алып жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Ошондой эле Жахабага кызмат кылганга тоскоолдук кылган кыйынчылыктарга да туш болуп келебиз. Мындан тышкары, жакында тарыхта эч качан болуп көрбөгөн улуу алаамат болот. Андыктан элчи Петирдин эки катында бизге пайдалуу боло турган маанилүү ойлор камтылат. Алар бизге Жахабанын күнүн эсибизге бек сактаганга, адамдардан коркуу сезимин жеңгенге жана бири-бирибизди жан-дилибиз менен сүйгөнгө жардам берет. Ошондой эле аксакалдарга оторду кайтарганга байланыштуу жакшы кеңештер камтылат.

ЖАХАБАНЫН КҮНҮН «ЭСИҢЕРДЕ БЕК САКТАГЫЛА»

4. 2 Петир 3:3, 4кө ылайык, ишенимибизди эмне солгундатышы мүмкүн?

4 Биз Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга ишенбегендердин арасында жашайбыз. Бул дүйнөнүн акырын көптөн бери күтүп келаткандыктан, каршылаштарыбыз бизди шылдыңдашы мүмкүн. Кээ бирлер болсо ал күн эч качан келбейт деп айтышат. (Окугула: 2 Петир 3:3, 4.) Кызматта жолуктургандардын, кесиптештердин же үйдөгүлөрдүн ушундай шылдың сөздөрү ишенимибизди солгундатышы мүмкүн. Петир бизге ушундайда эмне жардам берерин түшүндүрүп берген.

5. Бул дүйнөнүн акырына туура көз карашта болгонго бизге эмне жардам берет? (2 Петир 3:8, 9).

5 Айрымдарга Жахаба бул ыймансыз дүйнөнү жок кыла турган убакытты создуктуруп жаткандай сезилиши ыктымал. Петирдин сөздөрү бизге туура көз карашта болгонго көмөк кыла алат. Анткени ал Жахабанын убакытты кантип эсептери биздикинен кыйла айырмаланарын жазган. (Окугула: 2 Петир 3:8, 9.) Жахаба үчүн миң жыл бир күнгө тете. Ал чыдамдуу эч кимдин өлүшүн каалабайт. Ошентсе да ал белгилеген убакыт келгенде бул дүйнөнү жок кылат. Ошол күн келгенге чейинки убакытты бардык улуттарга кабар айтыш үчүн колдонсок, эң туура кылган болобуз.

6. Жахабанын күнүн канткенде эсибизде бек сактай алабыз? (2 Петир 3:11, 12)

6 Петир бизди Жахабанын күнүн эсибизде «бек сактаганга» үндөгөн. (Окугула: 2 Петир 3:11, 12.) Канткенде ошенте алабыз? Ан үчүн мүмкүн болсо күн сайын жаңы заманда ала турган баталарыбыз жөнүндө ойлонсок болот. Мисалы, таза абадан кере-кере дем алып жатканыңарды, түркүн дүйүм тамак-аштан даам сызып жатканыңарды, тирилген жакындарыңарды тосуп алып жатканыңарды жана кылымдар мурун жашаган адамдарга Ыйык Китептеги аткарылган пайгамбарлыктарды түшүндүрүп жатканыңарды элестетсеңер. Ошенткенибиз Жахабанын күнүн эсибизде бек сактаганга жана акыркы күндө жашап жатканыбызды унутпаганга жардам берет. Келечектеги окуяларды «алдын ала билгендиктен» жалган окууларды жайылткандарга азгырылып кетпейбиз (2 Пет. 3:17).

АДАМДАРДАН КОРКПОГУЛА

7. Адамдардан коркуу бизге кандай таасир этет?

7 Жахабанын күнү жакындап келатканын билгендиктен, башкалар да ошол тууралуу билиши үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз. Бирок ошентсе да айрым учурларда кабар айткандан коркушубуз мүмкүн. Эмне үчүн? Буга көбүнчө адамдардан коркконубуз себеп болот. Элчи Петир да ошондой болгон. Иса өлөр түнү Петир анын шакирти экенин айткандан коркуп, Исадан кайра-кайра баш тарткан (Мт. 26:69—75). Бирок ал кийин өзгөрүп: «Башкалар корккон нерседен коркпогула, тынчсызданбагыла»,— деп жазган (1 Пет. 3:14). Элчи Петирдин сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, биз да адамдардан коркуу сезимин жеңе алабыз.

8. Адамдардан коркпогонго эмне жардам берет? (1 Петир 3:15).

8 Адамдардан коркпош үчүн эмне кылсак болот? Петир: «Машаякты Мырзаңар катары жүрөгүңөрдө ыйык туткула»,— деген. (Окугула: 1 Петир 3:15.) Бул өз ичине Машаяк Исанын Мырзабыз жана Падышабыз катары ээлеген абалы, бийлиги жөнүндө ой жүгүртүүнү камтыйт. Эгер мүмкүнчүлүк түзүлгөндө кабар айткандан коркуп же тынчсызданып жатсаңар, Падышабызды эстегиле. Анын асманда башкарып жатканын жана жанында сансыз периштелер турганын элестеткиле. Ага «асмандагы жана жердеги бийликтин баары» берилгенин, ошондой эле: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деген сөздөрүн эстегиле (Мт. 28:18—20). Петир башкаларга ишенген нерселерибиз жөнүндө айтканга дайым «даяр болууга» үндөгөн. Жумуштан, мектептен жана башка жерлерден кайраттуулук менен кабар айтыш үчүн эмне кылсаңар болот? Ан үчүн кайсы учурда эмне деп кабар айтса болорун алдын ала ойлонуштуруп алгыла. Жахабадан кайраттуулук сурап тиленгиле. Анын силерге коркпой кабар айтканга жардам береринен шектенбегиле (Элч. 4:29).

«БИРИ-БИРИҢЕРДИ ЖАН-ДИЛИҢЕР МЕНЕН СҮЙГҮЛӨ»

Петир Пабылдын кеңешин туура кабыл алган. Ал эки катында ишенимдештерибизди кантип жакшы көрүшүбүз керектигин жазган (9-абзацты карагыла)

9. Бир жолу Элчи Петир ишенимдештерин жакшы көрөрүн эмне болуп көрсөтө албай калган? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Петир башкаларды чын жүрөктөн сүйгөнгө үйрөнгөн. Ал Исанын: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген сөздөрүн уккан (Жкн. 13:34). Ошого карабай кийинчерээк Петир кысымга алдырып, жүйүт эмес ишенимдештери менен тамактанбай калган. Элчи Пабыл Петирге эки жүздүүлөнбөшү керектигин айткан (Гал. 2:11—14). Петир анын кеңешин туура кабыл алып, кийин өзгөргөн. Ошол себептен элчи Петир эки катында тең сүйүү тек гана сезим болбой, иш жүзүндө көрсөтүлүшү керектигин баса белгилеген.

10. Ишенимдештерибизди чындап жакшы көргөнгө эмне түрткү берет? Түшүндүргүлө. (1 Петир 1:22).

10 Элчи Петир ишенимдештерибизди өз бир туугандарыбыздай, чындап жакшы көрүшүбүз керектигин айткан. (Окугула: 1 Петир 1:22.) Мындай сезим «чындыкка баш ийгенде» пайда болот. Ал чындык өз ичине «Кудайдын бет карама эмес экени» жөнүндөгү окууну да камтыйт (Элч. 10:34, 35). Эгер жыйналыштагылардын айрымдарын гана жакшы көрсөк, Исанын осуятына баш ийбей койгон болобуз. Албетте, кээ бир ишенимдештерибизге башкаларына караганда жакыныраак болушубуз ыктымал. Иса деле ошенткен (Жкн. 13:23; 20:2). Бирок элчи Петир ишенимдештерибиздин баарын уялаш бир туугандарыбыздай жакшы көрүп, ошондой ынактыкты туйганга үндөгөн (1 Пет. 2:17).

11. Башкаларды «жан-дилиңер менен сүйүү» деген эмнени билдирет?

11 Петир: «Бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деп айткан. Бул контекстте «жан-дилиңер менен сүйгүлө» деген кимдир бирөөнү оор болсо да, жакшы көрүүнү билдирет. Алсак, ишенимдешибиз таарынтып же көңүлүбүздү калтырып койду дейли. Андайда аны жакшы көрөрүбүздү көрсөткөндүн ордуна өзүнө жараша мамиле кылсамбы деген ойлор келиши мүмкүн. Бирок Иса Петирди үйрөткөндөй, андай мамиле Кудайга жакпайт (Жкн. 18:10, 11). Ошондуктан Петир: «Жамандык кылгандарга жамандык кылбагыла, силерди кордогондорду кордобогула. Тескерисинче, батаңарды бергиле»,— деп жазган (1 Пет. 3:9). Ишенимдештериңерди жан-дилден жакшы көрсөңөр, алар көңүлүңөрдү оорутуп алса да, боорукердик, түшүнүү менен мамиле кыласыңар.

12. a) Ишенимдештериңерди жан-дилиңер менен сүйгөнүңөр дагы эмне кылганга түрткү берет? б) «Баалуу биримдикти сактагыла» деген видеодон көргөнүбүздөй, эмне кылганга чечкиндүү болушубуз керек?

12 Элчи Петир «жан-дилиңер менен сүйгүлө» деген сөз айкашын биринчи катында бир нече жолу колдонгон. Андай сүйүү бир нече эмес, «көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Пет. 4:8). Ушул сөздөрдү жазганда Петир Исанын бир топ жыл мурун кечиримдүүлүккө байланыштуу айткандарын эстесе керек. Ошол кезде Петир: «Бир тууганымды „жети жолу“ кечиришим керекпи?» — деп сураганда, өзүн абдан айкөл киши деп эсептесе керек. Бирок Иса ага жана бизге «жетимиш жети жолу», тагыраак айтканда, чексиз кечиришибиз керектигин эскерткен (Мт. 18:21, 22). Эгер ушул кеңешти колдоно албай жатсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Жахабанын жеткилең эмес бардык эле кызматчыларына кечирүү айрым учурларда оңойго турбайт. Эгер азыр ошондой болуп жатса, бир тууганыңарды кечирип, аны менен элдешиш үчүн колуңардан келгендин баарын кылгыла c.

АКСАКАЛДАР, ОТОРГО КАМ КӨРГҮЛӨ!

13. Аксакалдарга ишенимдештерине көңүл буруп, кубаттаганга убакыт табуу эмне үчүн оңойго турбашы мүмкүн?

13 Петир Иса тирилгенден кийин ага: «Койлорумду кайтар»,— деп айтканын дайыма эстеп жүрсө керек (Жкн. 21:16). Эгер аксакал болсоңор, ошол сөздөр силерге да тиешелүү экенин билесиңер. Анткен менен ушул маанилүү ишти аткарыш үчүн аксакалдарга убакыт табыш дайыма эле оңойго турбайт. Аксакалдар биринчи кезекте үй-бүлөсүн багып, аларга эмоциялык жана рухий жактан кам көрүшү зарыл. Ошондой эле алар кабар айтуу ишине ынталуу катышып, жолугушууларга жакшы даярданып, жыйналыштарда жана жыйындарда алган тапшырмаларын аткарууда үлгүлүү болушу керек. Кээ бирлер Ооруканалар менен байланышуу комитеттеринде же Жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүндө кызмат кылышат. Чынында эле аксакалдардын иши чачтан көп!

Мээримдүү аксакалдар, иши аябай көп болсо да, Кудайдын оторун кайтарганга бүт дитин коюшат (14, 15-абзацтарды карагыла)

14. Аксакалдарга оторду кайтарганга эмне көмөк кылат? (1 Петир 5:1—4).

14 Петир аны менен чогуу кызматташкан аксакалдарга: «Кудайдын... оторун кайтаргыла»,— деп кеңеш берген. (Окугула: 1 Петир 5:1—4.) Эгер аксакал болсоңор, ишенимдештериңерди жакшы көрөрүңөргө жана аларга койчу катары кам көргүңөр келерине шектенбейбиз. Бирок кээде ишиңер көп болгондуктан же чарчагандыктан бул ишти аткара албай жатам деген ойлор келеби? Андайда эмне кылсаңар болот? Жүрөгүңөрдү өйүгөн нерселердин баарын Жахабага айткыла. Петир: «Ким кызмат кылса, Кудай берген күчкө таянып кызмат кылсын»,— деп жазган (1 Пет. 4:11). Балким, боордошторуңардын кыйынчылыктары жаңы заман келгенге чейин чечилбейттир. Бирок «башкы койчубуз» Иса Машаяк силерден да көбүрөөк жардам бере аларын эсиңерден чыгарбагыла. Ал муну азыр да, кийин жаңы заманда да кыла алат. Кудай болсо аксакалдардын тек гана ишенимдештерин сүйүшүн, кайтарышын жана «үлгү көрсөтүшүн» каалайт.

15. Бир аксакал оторду кантип кайтарат? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан Вильям оторду кайтаруу канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. COVID-19 пандемиясы башталганда ал жана жыйналышындагы башка аксакалдар өздөрүнүн тобундагы ар бир жарчы менен жума сайын байланышып турабыз деп максат коюп алышкан. Мунун себебин ал мындай деп түшүндүргөн: «Ишенимдештерибиздин көбү үйлөрүндө жалгыз болгондуктан, аларды тез эле жаман ойлор басышы мүмкүн болчу». Эгер кайсы бир ишенимдеши кыйналып жатса, ага кантип жардам берсе болорун билиш үчүн Вильям аны кунт коюп укчу. Анан ошого байланыштуу атайын маалыматтарды, көбүнчө сайтыбыздагы видеолорду таап берчү. Ал мындай деп кошумчалаган: «Азыркы учурда оторду кайтаруу болуп көрбөгөндөй маанилүү. Биз башкаларга Жахаба жөнүндө билгенге жардам бериш үчүн көп күч жумшайбыз. Оторду кайтарганга, Жахабанын козуларына чындыкта бекем бойдон калганга жардам бериш үчүн да ошондой эле күч жумшашыбыз керек».

ЖАХАБАНЫН СИЛЕРДИ АЯГЫНА ЧЕЙИН ӨЗҮ ҮЙРӨТҮШҮНӨ ЖОЛ БЕРГИЛЕ

16. Петирдин каттарынан кандай пайдалуу кеңештерди таптык?

16 Бул макалада Петирдин эки катындагы бир нече эле кеңешти карап чыктык. Балким, аларды окуп жатканда жакшырткыңар келген жактарыңарды байкагандырсыңар. Мисалы, жаңы заманда ала турган баталар жөнүндө көбүрөөк ойлонгонго түрткү алып калдыңарбы? Жумушта, мектепте же дагы башка жерлерде кабар айтам деп максат койдуңарбы? Ишенимдештериңерди жан-дилиңер менен жакшы көрөрүңөрдү дагы кантип көрсөтө аласыңар? Аксакалдар, Жахабанын койлорун чын дилиңер менен, бүт ынтаңар менен кайтарганга бел байладыңарбы? Өзүңөрдү чынчылдык менен текшерип көргөндөн кийин кайсы бир жактарыңарды өзгөртүшүңөр керектигин байкашыңар мүмкүн. Ошондой болсо, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анткени «Мырзабыз... боорукер» жана силерге жакшырганга жардам бергиси келет (1 Пет. 2:3). Элчи Петир бизди: «Кудай силерди аягына чейин өзү үйрөтүп, бекем, күчтүү кылат»,— деп ынандырган (1 Пет. 5:10).

17. Эгер ишенимдүү бойдон калсак жана Жахабанын окутуп-үйрөтүшүнө жол берсек, кандай баталарга ээ болобуз?

17 Элчи Петир башында өзүн Кудайдын Уулунун жанында турганга татыксыз сезген (Лк. 5:8). Бирок Жахабанын жана Исанын мээримдүүлүк менен колдогонунун аркасында ал аягына чейин ишенимдүүлүк менен кызмат кыла алган. Ошондуктан ага «Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүк Падышалыгына эшик кенен ачылган» (2 Пет. 1:11). Бул кандай гана баа жеткис сыйлык! Эгер силер да, Петирдей болуп, аягына чейин ишенимдүү бойдон калсаңар жана Жахабанын силерди окутуп-үйрөтүшүнө жол берсеңер, силерге да түбөлүк өмүр сыйлыгы ыйгарылат. Ошондо «ишенимиңердин аркасында жаныңар... куткарылат» (1 Пет. 1:9).

109-ЫР: Чын жүрөктөн чыккан күчтүү сүйүү

a Бул макалада элчи Петирдин каттары кыйынчылыктарга туруштук бергенге кандайча жардам берерин билебиз. Ошондой эле аксакалдарга мыкты койчу болгонго эмне көмөк кыларына токтолобуз.

b Кыязы, Палестинадагы Машаяктын жолдоочулары Петирдин каттарын б. з. 66-жылы Иерусалим талкаланар алдында алышкан көрүнөт.

c jw.org сайтыбыздан «Баалуу биримдикти сактагыла» деген видеону көргүлө.