37-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
Шымшондой болуп, Жахабага таянгыла
«Оо, Эгедер Теңир Жахаба, суранам, мени эстей көр, мага күч бере көр!» (БИЙ. 16:28).
30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум
БУЛ МАКАЛАДА a
1, 2. Шымшон жөнүндө изилдегенибиздин кандай пайдасы бар?
ШЫМШОН деген атты укканда оюңарга эмне келет? Балким, күчү ташкындаган кишини элестетет чыгарсыңар. Ооба, чынында ошондой болгон. Бирок анын бир туура эмес чечими көп азап тартышына себеп болгон. Ошентсе да Жахаба Шымшондун ишенимдүүлүгүнө көңүл топтогон жана аны туурай алышыбыз үчүн Ыйык Китепке жаздырып койгон.
2 Жахаба Шымшонду колдонуп, өзүнүн элине, ысрайылдыктарга, жардам бериш үчүн укмуштуудай иштерди кылган. Ошондуктан Жахаба жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин элчи Пабылга ыйык руху аркылуу күчтүү ишеними менен белгилүү болгон кишилер жөнүндө жаздырганда Шымшондун да атын кошкон (Евр. 11:32—34). Шымшондун үлгүсү бизге дем-күч бере алат. Ал Жахабага, атүгүл оор учурларда да, таянган. Бул макаладан Шымшондун жашоосунан эмнелерди биле аларыбызды жана анын үлгүсү бизди кандайча күч-кайратка толтурарын билебиз.
ШЫМШОН ЖАХАБАГА ТАЯНГАН
3. Жахаба Шымшонго кандай тапшырма берген?
3 Шымшон төрөлгөндө ысрайылдыктарды пелиштиликтер башкарып турган (Бий. 13:1). Алар камчысынан кан тамган эл болгондуктан, ысрайылдыктар көп азап тартышкан. Ошондо Жахаба «Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткарыш» үчүн Шымшонду тандап алган (Бий. 13:5). Бул ишти аткаруу оңойго турмак эмес. Ошон үчүн ал Жахабага таянышы керек болчу.
4. Жахаба Шымшонго пелиштиликтердин колунан бошонгонго кантип жардам берген? (Бийлер 15:14—16).
4 Келгиле анда, Шымшон Жахабага таянарын жана анын жардам берерине ишенерин кантип көрсөткөнүнө токтололу. Бир жолу пелиштиликтердин аскери Шымшонду кармаш үчүн, сыягы, Жүйүт жериндеги Лехиге барышкан. Ошондо жүйүт эркектери коркуп кетип, аны душмандардын колуна салып берели дешкен. Шымшонду өзүнүн эле эли эки жаңы аркан менен бекем байлашкан да, пелиштиликтердин колуна салып беришкен (Бий. 15:9—13). Бирок ага «Жахабанын руху түшүп», аркандарды оңой эле үзүп салган. Анан ал «эшектин жаак сөөгүн таап алып», пелиштиликтердин 1 000 кишисин өлтүргөн. (Окугула: Бийлер 15:14—16.)
5. Шымшондун эшектин жаак сөөгүн колдонгонунан Жахабага бекем ишенери кандайча көрүнүп турат?
5 Эшектин жаак сөөгүн согуш куралы деп айтууга болбойт. Анда эмне үчүн Шымшон ошону колдонгон? Анткени ал жеңиш куралдан эмес, Жахабадан көз каранды экенин билген. Ооба, ал ишенимдүү киши Жахабанын тапшырмасын аткарыш үчүн колунда болгонун колдонгон. Шымшон Жахабага таянгандыктан ийгиликке жеткен.
6. Шымшон жөнүндөгү окуядан кандай маанилүү нерсени биле алабыз?
6 Жахаба бизге да аткара албачудай сезилген тапшырмаларды аткарганга күч бере алат. Анын жардамы менен кыла албайм деген ишти кылып салганыбызды көрүп, таң калышыбыз мүмкүн. Силер да Шымшонго күч берген Жахабага таянгыла. Ага жардам сурап кайрылсаңар, ал силерге анын эркин аткарыш үчүн күч берет (Накыл 16:3).
7. Жахабадан жетекчилик сураганыбыз эмне үчүн маанилүү? Мисал келтиргиле.
7 Курулуш иштерине катышкан көптөгөн ишенимдештерибиз Жахабага таянарын көрсөтүп келишет. Мурун көптөгөн Падышалык залдарыбыз же башка имараттар уюм тарабынан долбоорлонуп, курулчу. Бирок бара-бара жарчылардын саны өсүп, уюм куруу иштерине байланыштуу айрым нерселерди өзгөртүүнү туура көргөн. Жооптуу бир туугандар Жахабадан жетекчилик сурап, жаңы ыкмаларды колдонуп көрүүнү, алсак, имараттарды сатып алып, аларды оңдоп-түзөөнү чечишкен. Акыркы жылдары дүйнө жүзү боюнча көптөгөн курулуш иштерине жардам берген Роберт мындай дейт: «Башында жаңы ыкма боюнча иштегенге көнө албай жүрдүк. Анткени көп нерсе башкача болуп калган. Бирок боордошторубуз бат эле ылайыкташып кетти. Жахабанын жаңы ыкма боюнча иштегенибизге батасын берип жатканы айдан-ачык көрүндү». Бул Жахабанын өз элин анын эркине ылайык иш кылууга жетектеп жатканынын бир эле мисалы. Ошондуктан кээде өзүбүздү мындай деп текшерип турганыбыз маанилүү: «Жахабанын ишин аткарууда анын жетекчилигин издегенге умтуламбы? Ага эң жакшысын бериш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү кылганга даярмынбы?»
ШЫМШОН ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГАН
8. Бир жолу Шымшон каны катканда эмне кылган?
8 Балким, Шымшондун дагы башка таң каларлык иштерин окуган чыгарсыңар. Бир жолу ал колунда эч нерсеси жок болсо да, арстанды экиге бөлүп салган. Кийинчерээк Ашкелон шаарында 30 пелиштиликти өлтүргөн (Бий. 14:5, 6, 19). Шымшон бул иштерди Жахабанын жардамысыз эч качан кыла алмак эместигин жакшы түшүнгөн. Бул 1 000 пелиштиликти өлтүргөндөн кийин каны катып суусап турганда айкын болгон. Ал ошондо эмне кылды эле? Шымшон өзүнө таянып, шак эле суу издеп кирбей, Жахабадан жардам сурап, ага кайрылган (Бий. 15:18).
9. Жахаба Шымшондун жалынычына кантип жооп берген? (Бийлер 15:19).
9 Жахаба Шымшондун жалынычына жооп берип, кереметтүү жол менен суу чыгарган. «Шымшон ал суудан ичкенде жанданып, кайрадан күчкө толгон». (Окугула: Бийлер 15:19.) Сыягы, ошол жаңы булак көптөгөн жылдардан кийин, Шемуел пайгамбар Бийлер китебин жазып жатканда да, бар болчу. Ысрайылдыктар аны көргөндө Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына зар болуп турганда жардам берерин эстешкен.
10. Жахабанын жардамын кабыл алыш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)
10 Канчалык таланттуу, жөндөмдүү болбойлу же кызматта кандай ийгиликтерге жетпейли, биз да Жахабадан жардам издегенибиз зарыл. Биз ийигиликке Жахабага таянганда гана жете аларыбызды момундук менен моюнга алышыбыз керек. Шымшон Жахаба берген суудан ичкенде күчкө толгон. Биз да Жахабанын ишенимибизди бек сакташ үчүн берип жаткан нерселеринин баарын колдонсок, рухий жактан күчкө толобуз (Мт. 11:28).
11. Канткенде Жахабанын жардамын толугу менен кабыл ала алабыз?
11 Орусияда жашаган жана катуу куугунтукка чыдап келаткан Алексей деген бир тууганыбыздын айтып бергендерин карайлы. Ага аябай оор учурларда да бекем бойдон калганга эмне жардам берген? Аялы экөөнүн мурунтан эле жакшы рухий күн тартипке карманып келишкени. Алексей Жахаба менен болгон мамилесин бекемдеш үчүн Ыйык Китепти күнүгө окуп, аны өз алдынча изилдечү. Ошондой эле күн сайын эртең менен аялы экөө күндөлүк аятты талкуулап, Жахабадан чогуу тиленишчү. Андан эмнеге үйрөнсөк болот? Өзүбүзгө таянбай, Жахабага таянышыбыз керек. Кантип? Ыйык Китепти дайыма изилдесек жана башка рухий иштерге катышсак, ишенимибизди бекемдей алабыз. Жахаба болсо ага кызмат кылышыбыз үчүн жумшаган эмгегибизге мол батасын төгөт. Ал Шымшонду күчкө толтурган, бизди да сөзсүз ошентет.
ШЫМШОН БАГЫНГАН ЭМЕС
12. Шымшондун Делила менен болгон мамилеси эмнеси менен айырмаланган?
12 Шымшон бизге окшогон эле пенде болгондуктан, кээде туура эмес иш кылып алган. Өзгөчө, бир жолу Кудай тапшырган ишти эсинде сактабай коюп, катуу жаңылган. Ал бий болуп жүргөн кезде «Сорек өзөнүндө жашаган Делила деген кызды сүйүп калган» (Бий. 16:4). Мурунураак ал пелиштилик бир кызга үйлөнөйүн деген. Буга Жахаба түрткү берген. Анткени ал «Ысрайылга үстөмдүк кылып турган пелиштиликтерден өч алуунун жолун издеп жаткан». Кийинчерээк Шымшон пелиштиликтердин Аза деген шаарындагы бир сойку аялдыкына токтогон. Анда да Жахаба Шымшонду күчкө толтуруп, ошол шаарды коргоосуз калтырган. Шымшон шаардын дарбазасын сууруп алып, алыс жакка алып барып салган (Бий. 14:1—4; 16:1—3). Ал эми Делила менен мамиле түзгөндө Жахабанын эмес, өз кызыкчылыгын көздөгөн. Себеби Делила, сыягы, ысрайылдык кыз болчу.
13. Делила эмне кылган?
13 Делила пелиштиликтердин көп акчасына кызыгып, Шымшонго чыккынчылык кылган. Балким, Шымшон махабатка мас болуп, Делилага ушунчалык ишенип алгандыктан, анын арам оюн баамдабай калгандыр. Кандай болбосун, Делила Шымшондун жанын койбой, күчүнүн сыры эмнеде экенин сурай берип, акыры билип алган. Өкүнүчтүүсү, бул Шымшондун бир нече убакытка күчүнөн да, Жахабанын ырайымынан да айрылып калышына себеп болгон (Бий. 16:16—20).
14. Шымшондун Делилага ишенип алганынын кесепети кандай болгон?
14 Жахабага таянбай, Делилага ишенип алганы үчүн Шымшон азапка малынган. Пелиштиликтер аны кармап алып, көзүн оюп, мурун өзү дарбазаларын жулуп алган Азага алып барып, кишендеп салышкан. Ал жактан кул кылып, тегирмен ташын айландыртып коюшкан. Анан бир күнү майрам өткөрүп, Шымшонду шылдыңга алышкан. Алар: «Душманыбыз Шымшонду кудайыбыз колубузга салып берди» — деп, кудайы Дагонго көп курмандык чалышкан. Анан «тамаша коюп», элдин көңүлүн ачыш үчүн, Шымшонду түрмөдөн алып келишкен (Бий. 16:21—25).
15. Шымшон кайрадан Жахабага таянарын кантип көрсөткөн? (Бийлер 16:28—30). (Мукабадагы сүрөттү карагыла.)
15 Шымшон катуу жаңылып алса да, багынып калган эмес. Ал Жахабанын пелиштиликтерге байланыштуу берген тапшырмасын аткарганга мүмкүнчүлүк издей берген. (Окугула: Бийлер 16:28—30.) Анан Шымшон Жахабадан: «Пелиштиликтерден өч алайын!» — деп жалбарган. Чыныгы Кудай Шымшондун жалынычын орундатып, керемет жол менен аны кайрадан күчкө толтурган. Ошонун аркасында Шымшон мурункудан да көп пелиштиликтерди өлтүргөн.
16. Шымшондун катасынан эмнени биле алабыз?
16 Шымшон катасынын ачуу кесепетин тартса да, Жахабанын эркин аткарганга умтула берген. Биз да жаза басып алгандыктан, ашкереленсек же сыймыктуу жоопкерчилигибизден айрылып калсак, багынып калбашыбыз керек. Жахабанын бизди кечиргенге даяр экенин унутпагыла (Заб. 103:8—10). Ал туура эмес иш кылып алган Шымшонго кол шилтеп салган эмес. Бизге да антпейт.
17, 18. Майклдын окуясы силерди эмнеси менен бекемдеди? (Сүрөттү да карагыла.)
17 Майкл деген бир жаш ишенимдешибиздин мисалына токтололу. Ал кызмат жардамчысы жана үзгүлтүксүз пионер болуп, убактысынын көбүн Жахабага кызмат кылганга арначу. Өкүнүчтүүсү, бир жолу ал күнөө кетирип алып, жыйналыштагы жоопкерчиликтеринен айрылып калган. Ал мындай деген: «Ушуга чейин Жахабага жанымды аябай жакшы эле кызмат кылып жүргөм. Анан баары бир паста эле өзгөрүп кетти. Өзүмдү жарга такалгандай сездим. Албетте, Жахаба мени таштап салган жок. Бирок аны менен болгон мамилем баштагыдай болобу же ага мурункудай болуп жыйналышта толук кызмат кыла аламбы деп санааркай берчүмүн».
18 Бактыга жараша, Майкл багынган эмес. Ал мындай деп кошумчалайт: «Мен Жахаба менен болгон мамилемди кайрадан калыбына келтиргенге басым койдум. Ан үчүн күн сайын жүрөгүмдөгүнүн баарын Жахабага айтып, тиленип, изилдөө жүргүзүп, ой жүгүрткөнгө аракет кылдым». Убакыттын өтүшү менен Майклга жыйналыштан кайрадан сыймыктуу жоопкерчиликтер артылган. Азыр ал аксакал жана үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Ал мындай дейт: «Башкалардын, өзгөчө, аксакалдардын жөлөп-таяп, кубаттап турганы Жахабанын мени дагы деле жакшы көрөрүнө ынандырды. Мен азыр кайрадан таза абийир менен кызмат кылып жатам. Ушул окуядан улам Жахабанын чындап өкүнгөндөрдү кечирерин түшүндүм». Жаза басып алсак да, кайра оңолуш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып, Жахабага андан ары да таянышыбыз керек. Ошентсек, ал бизди керегине жаратарына, кайрадан батасын төгөрүнө бекем ишенсек болот (Заб. 86:5; Накыл 28:13).
19. Шымшондун үлгүсү сени эмнеси менен бекемдеди?
19 Бул макалада Шымшондун жашоосундагы укмуштуудай бир нече окуяны карап чыктык. Ал жеткилең эмес киши болгон. Ошентсе да Жахабага кызмат кылыш үчүн бүт күчүн жумшай берген. Атүгүл Делиланын айынан ката кетирип алса да, багынган эмес. Жахаба да ага кол шилтеп салган эмес. Кайра эле укмуштуудай жол менен колдонгон. Жахаба аны дагы деле ишеними абдан күчтүү киши деп эсептейт. Ошондуктан Еврейлер китебинин 11-бөлүмүндөгү ишенимдүү кызматчыларынын катарына кошкон. Биз бардык учурда, өзгөчө, алсырап турганда күч-кубатка толтурган мээримдүү Атабызга кызмат кылабыз. Муну билгенибиз бизди кандай гана бекемдейт! Ошондуктан Шымшондой болуп: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, суранам, мени эстей көр, мага... күч бере көр!» — деп жалына берели (Бий. 16:28).
3-ЫР: Күч, үмүт, кайрат бересиң
a Шымшонду атүгүл Ыйык Китепти көп билбегендер да билишет. Анын окуясы оюндарда, кинолордо коюлуп келет. Ал жөнүндө ырлар да бар. Бирок анын жашоосу жөнүндө айтылгандар жөн эле жомок эмес. Ишеними күчтүү ал инсандан биз көп нерсеге үйрөнө алабыз.