Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Жахаба мага жемиштүү кызмат кылууга жардам берип келет

Жахаба мага жемиштүү кызмат кылууга жардам берип келет

Мен офицерге мурун согушка катышпаганым үчүн түрмөгө отурганымды айттым. Анан: «Мени кайра каматканы жатасыңарбы?» — деп сурадым. Ошондо Кошмо Штаттардын аскерине экинчи жолу чакырылган элем.

МЕН 1926-жылы Кошмо Штаттардын Огайо штатындагы Круксвилл кыштагында туулгам. Ата-энем динчил кишилерден болушпаса да, бизге — сегиз баласына — чиркөөгө барышыбыз керектигин айтышчу. Мен методисттердин чиркөөсүнө барчумун. Бир жыл бою жекшемби күнкү жолугушууну такыр калтырбаганым үчүн, 14 жашымда дин кызматчы мага сыйлык берген.

Маргарет Уолкер эже (сол жактан санаганда экинчи турат) чындыкты таанып-билишиме жардам берген

Ошол убактарда кошуна жашаган Маргарет Уолкер деген Жахабанын Күбөсү апама келип, Ыйык Китеп жөнүндө айтып бере баштады. Бир күнү алардын талкуусуна катышууну чечтим. Апам мени изилдөөгө тоскоолдук кылат деп ойлоп, эшикке чыгышымды айтты. Бирок мен болбой эле алардын талкуусун угуп отура бердим. Бир нече жолу келгенден кийин Маргарет эже менден: «Кудайдын аты ким экенин билесиңби?» — деп сурады. Мен: «Муну баары эле билет да, анын аты — Кудай»,— дедим. Ал: «Ыйык Китебиңди алып, Забур 83:18ди окуп көрсөң»,— деди. Аятты окуп, Кудайдын аты Жахаба экенин билдим. Анан досторума чуркап барып: «Кечинде үйүңөргө барганда Ыйык Китептен Забур 83:18ди окуп көрсөңөр, Кудайдын аты ким экенин билесиңер»,— деп айттым. Ошентип, дароо эле күбөлөндүрө баштадым.

Ыйык Китепти изилдеп, 1941-жылы чөмүлдүм. Көп өтпөй жыйналыштын китеп изилдөөсүн өткөрүүгө дайындалдым. Китеп изилдөөгө апам менен бир туугандарымды чакырдым, алар да келе башташты. Атам болсо кызыкчу эмес.

ҮЙДӨГҮ КАРШЫЛЫК

Кийинчерээк жыйналышта көбүрөөк жоопкерчиликтерге ээ болдум, ошондой эле биздин уюм чыгарган адабияттарды чогулта баштадым. Күндөрдүн биринде атам китептеримди көрсөтүп: «Мобунун баарын үйдөн жогот, өзүң да жогол»,— деди. Мен Огайо штатындагы жакын жерде жайгашкан Зейнсвилл шаарына көчүп кеттим, бирок үйдөгүлөрдү бекемдеш үчүн келип турдум.

Атам апамдын жолугушууларга катышышына бир топ тоскоолдук кылып жүрдү. Кээде апамдын артынан кубалап барып, үйгө алып келген учурлары болчу. Бирок апам башка эшиктен чыгып, жыйналышка кетип калчу. Мен апамды: «Тынчсызданбай эле коюңуз. Атам аркаңыздан чуркап жүрүп, акыры чарчайт»,— деп жубаткам. Убакыттын өтүшү менен атам каршылык көрсөткөнүн койгондуктан, апам жыйналыштарга ээн-эркин барып калды.

1943-жылдан тарта жыйналышыбызда Теократиялык кызмат мектеби өткөрүлүп, мектептен тапшырмалар менен чыга баштадым. Тапшырмаларды аткарганыма байланыштуу берилген кеңештер сүйлөө жөндөмдүүлүгүмдү жакшыртууга көмөк кылды.

СОГУШ УБАГЫНДА БЕЙТАРАПТУУ БОЛУШУМ

Ошол кезде Экинчи дүйнөлүк согуш күч алып турган эле. 1944-жылы аскердик кызматка чакырылдым. Огайо штатынын Колумбус шаарындагы Форт Хейс аскердик бөлүгүндө медициналык текшерүүдөн өтүп, айрым кагаздарды толтурдум. Мен ал жактагыларга жоокер болгум келбей турганын айтканда, алар мени кетирип жиберишти. Анткен менен бир нече күндөн кийин үйүмө бир полиция кызматкери келип: «Корвин Робисон, мен сени камаганы келдим»,— деди.

Эки жумадан кийин ишим каралып жатканда, сот мага: «Эгер менин эркимде болсо, сени өмүр бою түрмөдө отурсун деп өкүм чыгармакмын. Айтчу сөзүң барбы?» — деди. Ага: «Урматтуу сот, мен дин кызматчы катары эсептелишим керек *. Ар бир үйдүн босогосу — окута турган жерим. Мен Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды көптөргө айтып келатам»,— деп жооп бердим. Сот болсо сот арачыларына: «Силер бул жигиттин дин кызматчы же дин кызматчы эмес экенин аныктоого эмес, аскерге барышы керекпи же жокпу, ошону аныктоого тийишсиңер»,— деди. Сот арачылары жарым саатка жетпеген убакыттын ичинде мени күнөөлүү деп табышты. Сот Кентукки штатынын Ашленд шаарындагы федералдык түрмөдө 5 жыл отурушума өкүм чыгарды.

ТҮРМӨДӨ ЖАТКАНЫМДА ЖАХАБА КОЛДОДУ

Алгачкы эки жума Колумбустагы түрмөдө отурдум. Бир күн камерада отургандан кийин Жахабага: «Камерада минтип беш жыл отура албайм. Эмне кылышты билбей жатам»,— деп айттым.

Эртеси сакчылар мени ал жерден алып кетип, узун бойлуу, кең далылуу бир түрмөчүнүн жанына алып барышты. Экөөбүз терезе жакты карап турганда, ал менден: «Эй, кодо, эмнеге камалдың?» — деп сурады. «Мен Жахабанын Күбөсүмүн»,— дедим. Ал: «Сенби? Анда бул жерде эмне кылып жүрөсүң?» — деп таң калды. Мен: «Жахабанын Күбөлөрү согушка барбайт, киши өлтүрбөйт»,— деп айттым. Ал: «Сени киши өлтүрбөгөнүң үчүн түрмөгө камашты, башкаларды болсо киши өлтүргөнү үчүн камашты. Ушу да туурабы?» — деди. Мен: «Жок»,— дедим.

Анан ал: «Мен 15 жыл башка түрмөдө болгом. Ал жактан силердин адабияттарыңарды окугам»,— деп айтты. Ошондо: «Жахаба, бул киши мен тарапта болсо экен, жардам берчи»,— деп тилендим. Так ошол учурда ал (аты Пол болчу) мага: «Эгерде түрмөдөгүлөрдүн бири сага тие турган болсо, билдирип кой. Мен аларга көрсөтөм»,— деди. Анан, чын эле, ал бөлүмдөгү 50 түрмөчүнүн бири да мага тийген жок.

Бейтараптуулукту сактаганыбыз үчүн Кентукки штатынын Ашленд шаарындагы түрмөдө отурганбыз

Андан кийин мени Ашленддеги түрмөгө которушту. Ал жакта бир нече жетилген бир тууган бар экен. Алар менен пикир алышуу мага жана башкаларга Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактаганга жардам берди. Алар Ыйык Китепти жума сайын чогуу окуп турушубузга чара көрүштү. Ал жолугушууларга суроолор менен жоопторду даярдачубуз. Арабызда аймакка жооптуу бир тууган да бар болчу. Биз көптөгөн керебеттер жайгашкан чоң бөлмөдө уктачубуз. Аймакка жооптуу бир тууган мага: «Робисон, сен тиги, тиги керебеттерге жооптуусуң. Ушул сенин аймагың. Аларга кимдер жатпасын, кеткиче кабар айтканга аракет кыл»,— деп айтар эле. Ошентип, биз уюшулгандыкта кабар айтчубуз.

ТҮРМӨДӨН КИЙИНКИ ЖАШООМ

Экинчи дүйнөлүк согуш 1945-жылы соңуна чыкты, бирок мен ошондон кийин да бир канча убакыт түрмөдө болдум. Үйдөгүлөрдү ойлоп, тынчсызданып жүрдүм. Себеби атам: «Сенден арылсам эле, калгандарын теске салуу оңой»,— деген болчу. Бирок түрмөдөн чыкканымда, жакшы жаңылык санаамды тынчытты: атамдын каршылыгына карабай, үйдөгүлөрдүн жетөө жыйналышка барып жүрүптүр, бир карындашым болсо чөмүлүптүр.

Жахабага 1913-жылдан тартып кызмат кыла баштаган Димитрий Папажорж деген майланган бир тууган менен кабар айтып жүрөм

1950-жылы Корея согушу тутанды. Ага АКШнын да катышы болгондуктан, мени экинчи жолу аскерге чакырышты жана Форт Хейс аскердик бөлүгүнө барышым керектигин айтышты. Жөндөмдүүлүктөрүмдү текшеришкен соң, бир офицер: «Сен тобуңдагылардын ичинен эң жогорку баа алгандардын катарына кирдиң»,— деди. Мен: «Жакшы экен, бирок аскерге барбайм»,— деп айттым. Анан 2 Тиметей 2:3тү цитата кылып: «Мен Машаяктын жоокеримин»,— дедим. Ал бир топко чейин ойлонгондон кийин: «Кете берсең болот»,— деди.

Кийинчерээк Огайо штатындагы Цинциннати шаарында болгон жыйында Бейтелде кызмат кылгысы келгендер үчүн өткөрүлгөн жолугушууга катыштым. Милтон Хеншель бир тууган Падышалык үчүн күжүрмөн эмгектенүүнү каалаган эркек бир туугандардын Бейтелге керек экенин айтты. Мен арыз толтуруп, 1954-жылы августта Бруклиндеги Бейтелде кызмат кыла баштадым. Азыркыга чейин ошол жактамын.

Бейтелде жумуш аз болуп калган күндөр такыр болгон жок. Бир нече жыл басмаканадагы жана офистер жайгашкан имараттардагы суу ысытуучу аппараттарды жөнгө салып иштедим, механиктин жумушун аткардым, кулпуларды оңдодум. Андан сырткары, Нью-Йорк шаарындагы жыйындар залдарында иштедим.

Бруклиндеги Бейтелде суу ысытуучу аппараттарды карап жатам

Мага Бейтелдеги рухий иш-чаралар, анын ичинде таңкы сыйынуу, «Күзөт мунарасын» изилдөө, ошондой эле жыйналыштагылар менен кабарга чыгуу абдан жагат. Негизи, мунун баарын Жахабанын уюмундагы ар бир үй-бүлө кыла алат жана кылышы керек. Эгер ата-эне менен балдары күндөлүк аятты чогуу талкуулашса, сыйынуу кечин үзгүлтүккө учуратпай өткөрүшсө, жыйналыштарга жана кабар айтуу ишине жигердүү катышышса, баары Жахаба менен жакшы мамиледе болору күмөнсүз.

Мен Бейтелден жана жыйналыштан көптөгөн досторду таптым. Алардын айрымдары майланган болушчу жана асмандагы сыйлыгын алышты. Башкалары майланган эмес. Бирок Жахабанын кызматчыларынын баары, анын ичинде бейтелдиктер да жеткилеңсиз. Эгер бир тууганым менен таарыныша кетсем, тынчтыкты сактаганга аракет кылам. Матай 5:23, 24-аяттардагы келишпестиктерди чечүүгө байланыштуу кеңеш тууралуу ойлоном. Ырас, кечирим суроо оңой эмес, бирок ошонун аркасында түшүнбөстүктөрдү жоюуга болот.

КЫЗМАТЫМДЫН ЖЕМИШТЕРИ

Карылыктын айынан азыр мага үймө-үй кабар айтуу кыйынга турат, бирок багынган жокмун. Кытай (мандарин) тилин бир аз үйрөнүп алгандыктан, көчөдөн кытай улутундагыларга кабар айтып калам. Кээде кызыккандарга түшкө чейин эле 30-40 журнал тараткан күндөрүм болот.

Бруклинде кытай улутундагыларга кабар айтып жүрөм (Нью-Йорк)

Кабарды жакшы уккан кытайларга атүгүл кайра жолугам! Бир жолу жер-жемиштердин жарнамасын таратып жүргөн жакшынакай жаш кыз мага жылмайып калды. Мен да жылмайып, ага кытай тилиндеги «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарын сунуштадым. Ал аларды алып, аты Кейти экенин айтты. Ошондон тартып экөөбүз көрүшкөн сайын маектешип жүрдүк. Мен ага жер-жемиштер менен жашылчалардын англисче аталыштары кандай болорун айтчумун, ал болсо айткандарымды кайталачу. Андан тышкары, ага Ыйык Китептеги аяттарды түшүндүрүп, «Ыйык Китепте эмне делет?» китебин бердим. Бирок бир нече жумадан кийин Кейти көрүнбөй калды.

Кийинчерээк жарнамаларды таратып жүргөн дагы бир кыз менден журналдарды алды. Кийинки жумада ал мага телефонун сунуп, Кытайдан бирөө чалып атканын айтты. «Кытайдан эч кимди тааныбайм»,— десем болбой, телефонун сунуп туруп алды. Телефонду алып: «Алло, бул Робисон»,— дедим. Ошондо: «Роби, бул мен, Кейтимин. Мен Кытайга кетип калгам»,— деген үн угулду. «Кытайга?» — деп таң калдым. Кейти: «Ооба. Роби, сага телефон берген кыз сиңдим болот. Сен мага көп жакшы нерселерди үйрөттүң. Аны да үйрөтүшүңдү суранам»,— деди. «Колуман келгендин баарын кылам, Кейти. Каякта жүргөнүңдү билдирип койгонуңа рахмат»,— дедим. Ошондон көп өтпөй анын сиңдиси да көрүнбөй калды. Ал эже-сиңди каякта жүрбөсүн, Жахабаны жакшыраак таанып-билишет деп үмүттөнөм.

Жахабага ыйык кызмат кылып келатканыма 73 жылдын жүзү болду. Анын түрмөдө отурганымда бейтараптуулукту сактап, ишенимдүү калышыма жардам бергенине ыраазымын. Атамдын каршылыктарына моюн сунбай, бекем болгонум бир туугандарыма дем-күч бергенин укканда да аябай сүйүнгөм. Убакыттын өтүшү менен апам жана алты бир тууганым чөмүлдү. Атам болсо баштагыдай каршы болбой, жумшарып калды. Атүгүл көз жумганга чейин бир нече жолу жыйналыш жолугушууларына барды.

Эгер Жахабанын эркине ылайык келсе, көзү өтүп кеткен жакындарым менен досторум жаңы заманда тирилишет. Жакшы көргөн кишилерибиз менен Жахабага түбөлүккө кызмат кылуу кандай гана кубанычтуу болорун элестетсеңер! *

^ 14-абз. АКШда дин кызматчылар аскердик кызматтан бошотулчу.

^ 32-абз. Бул макала даярдалып жатканда, Корвин Робисон бир тууган көз жумду. Ал аягына чейин Жахабага ишенимдүү бойдон калды.