Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага кубаныч менен кызмат кыла бер

Жахабага кубаныч менен кызмат кыла бер

КАЙСЫ күн сен үчүн эң кубанычтуу болду эле? Жубайың менен баш кошкон күнбү же балалуу болгон күнүңбү? Балким, чөмүлүп, Жахабага арналган күнүңдүр? Ырас, чөмүлүү жашоодогу эң маанилүү жана бактылуу учур. Кудайды бүт жүрөгүң, бүт жаның, бүт акылың, бүт күчүң менен сүйөрүңдү эл алдында көрсөткөнүңдө, ишенимдештериң да абдан сүйүнүшкөн (Мр. 12:30).

Чөмүлгөндөн бери Жахабага кызмат кылуудан зор кубаныч алып келатканың шексиз. Бирок айрым жарчылар убакыттын өтүшү менен Жахабага баштагыдай кубаныч менен кызмат кылбай калышкан. Эмне үчүн? Мындан ары да кубаныч менен кызмат кыла беришибизге кандай себептер бар?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН КУБАНЫЧЫН ЖОГОТУП КОЮШКАН?

Жахабанын жакында азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылып, жаңы дүйнөнү орнотору жөнүндө ойлогондо кубанбай койбойбуз. Мындан тышкары, Сепания 1:14тө: «Жахабанын улуу күнүнө аз калды. Ал жакындап калды, абдан шашып келатат»,— деп жазылган. Анткен менен Кудайдын күнүн өзүбүз ойлогондон көбүрөөк убакыттан бери күтүп келатсак, кубанычыбыз жоголуп, ыйык кызматыбызды мурдагыдай ынталуу аткарбай калышыбыз мүмкүн (Накыл 13:12).

Жахабанын эли менен тыгыз байланышта болуу кубаныч менен кызмат кыла беришибизге өбөлгө түзөт. Балким, айрымдарыбызга чындык жолуна түшүп, жалындуу кызмат кыла башташыбызга Жахабанын кызматчыларынын үлгүлүү жүрүм-туруму түрткү бергендир (1 Пет. 2:12). Бирок кээде кайсы бир ишенимдешибизге Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашабаганы үчүн тартипке салуу чарасы көрүлөт. Андайда Жахабанын элинин жүрүм-турумуна таасирленип, чындык жолуна түшкөндөрдүн көңүлү чөгүп, ындыны суушу мүмкүн.

Шайтандын соода-сатык өркүндөгөн ыймансыз дүйнөсүндө жашап жаткандыктан да кубанычыбызды сактоо кыйын болушу ыктымал. Ибилис өзүнүн дүйнөсү аркылуу анча зарыл эмес нерселерди бизге абдан керектүүдөй кылып көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок биз Машаяктын: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген сөздөрүн эсибизден чыгарбашыбыз керек (Мт. 6:24). Ооба, бул дүйнөдө көп нерсеге ээ болууга умтулуп, ошол эле учурда Жахабага кубаныч менен кызмат кылуу мүмкүн эмес.

БИЗДИ «КУТКАРГАН КУДАЙДЫ ОЙЛОП ШАТТАН»

Жахабаны сүйгөндөр ага кызмат кылууну оор жүк катары көрүшпөйт (1 Жкн. 5:3). Исанын мындай дегенин эстесең: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил» (Мт. 11:28—30). Исанын жолдоочусу болуу, чынында эле, сергитет жана кубаныч тартуулайт. Бизди «куткарган Кудайды ойлоп шаттанууга» көптөгөн маанилүү себептер бар (Хаб. 3:18). Келгиле анда, алардын үчөөсүн карап көрөлү.

Биз баарыбызга өмүр берген бактылуу Кудайга кызмат кылабыз (Элч. 17:28; 1 Тим. 1:11). Ал бизди жаратпаса, бул жарык дүйнөнү көрбөйт болчубуз. Ошондуктан, чөмүлгөнүбүздөн бери канча жыл өтпөсүн, ага кубаныч менен кызмат кыла берели.

Эктор кубанычын жоготпош үчүн кызматка ынталуу катышып, Падышалыкка байланыштуу үмүтүн эсинде бек сактап келет

Бул жагынан 40 жыл кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Эктор бир тууган жакшы үлгү. Ал азыр бир топ жашка келип калса да, Кудайдын жолунда «гүлдөп» жатат (Заб. 92:12—14). Жубайынын оорусунан улам Кудайга мурдагыдай кызмат кыла албай калганына карабай, Эктор көңүлүн чөгөргөн жок. Ал мындай дейт: «Жубайымдын ден соолугу улам начарлап, ага кам көрүү барган сайын оор болуп баратканы өкүнүчтүү болсо да, чыныгы Кудайга кубанычымды жоготпой кызмат кылууга умтулуп келем. Адамдарды белгилүү бир максат менен жараткан Жахабанын мага өмүр бергенинин өзү эле аны жан-дилден сүйүп, бүт жүрөгүм менен кызмат кылууга түрткү берет. Кубанычымды жоготпош үчүн кабар айтуу ишине ынталуу катышууга жана Падышалыкка байланыштуу үмүтүмдү эсиме бек сактоого аракет кылам».

Бактылуу боло алышыбыз үчүн, Жахаба куткаруу курмандыгын берген. Ооба, ал «бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген» (Жкн. 3:16). Жахабанын сүйүүсүн далилдеген куткаруу курмандыгына ишенсек, күнөөлөрүбүз кечирилип, түбөлүк өмүргө ээ боло алабыз. Бул бизге ыраазы болууга жана ыраазычылыгыбызды Жахабага кубаныч менен кызмат кылуу аркылуу билдирүүгө түрткү бербейби?

Хесус жашоосун жөнөкөйлөтүп, бир топ жыл Жахабага кубанычтуу кызмат кылган

Мексикадагы Хесус аттуу бир ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшкөн: «Мен жумушумдун кулу болчумун. Милдеттүү болбосом деле, кээде көбүрөөк акча табыш үчүн бир нече күн катары менен көп сааттан иштечүмүн. Кийинчерээк Жахаба жөнүндө жана анын адамзат үчүн сүйүктүү Уулун бергени тууралуу билдим. Ошондо ага кызмат кылгым келе баштады. Ошентип, өмүрүмдү Жахабага арнадым. Анан 28 жылдан бери иштеп келаткан жумушумду таштап, толук убактагы кызматты баштоону чечтим». Ошентип, ал көп жылдарга созулган кубанычтуу кызматын баштаган.

Биз берип жаткан жемиш кайгы эмес, кубаныч тартуулайт. Жахабаны таанып-билгенге чейин жашооң кандай болгону тууралуу ойлонуп көрсөң. Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине бир кездерде «күнөөнүн кулу болуп келишкенин», бирок кийин «адилдиктин кулу болуп калышканын» айткан. Ошондой эле: «Силердин жемишиңер — ыйыктык; анын жыйынтыгы — түбөлүк өмүр»,— деген (Рим. 6:17—22). Биз да адеп-ахлаксыз иштердин, жаман жүрүм-турумдун кесепетинен алыс болуп, ыйык болууга аракет кылуудабыз. Мунун аркасында жүрөгүбүздө дайыма шаттык өкүм сүрөт!

«Жахабага кызмат кылган жылдарым жашоомдогу эң кубанычтуу жылдар деп айта алам» (Хайме)

Мурун бокс менен машыккан жана эволюция теориясын жактап, атеист болгон Хайменин окуясын карап көрөлү. Ал жыйналыш жолугушууларына бара баштаганда бир туугандардын ортосундагы сүйүүнү көрүп, абдан таасирленген. Мурун кылып жүргөн иштерин ташташ үчүн ал Жахабадан ага ишенүүгө жардам беришин сурап тиленген. Хайме мындай дейт: «Бара-бара мээримдүү жана ырайымдуу Кудай бар экенине ынандым. Жахабанын адил нормаларына карманганым мени коргоп келет. Эгер өзгөрбөсөм, бокс менен машыккан мурунку досторумдун айрымдарына окшоп, мен да эбак эле өмүрүмдөн айрылмак болушум керек. Жахабага кызмат кылган жылдарым жашоомдогу эң кубанычтуу жылдарым деп айта алам».

БАГЫНБА!

Бул дүйнөнүн акырын кандай маанай менен күтүшүбүз керек? Биздин «рухка сээп» жатканыбызды жана келечекте «түбөлүк өмүрдү оруп аларыбызды» унутпа. Андыктан «жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (Гал. 6:8, 9). Жахабанын жардамы менен аягына чейин чыдайлы, улуу алааматтан аман өтүүгө жардам бере турган сапаттарды өрчүтүүгө бүт күчүбүздү жумшайлы жана кыйынчылыктарга туш болсок да, ага кубаныч менен кызмат кыла берели (Аян 7:9, 13, 14; Жкп. 1:2—4).

Туруктуулугуң үчүн Жахабадан сыйлык аларыңа эч шектенбе, анткени ал ага жана ысымына көрсөткөн сүйүүбүздү, кылып жаткан эмгегибизди эң жакшы билет. Эгер мындан ары да кубаныч менен кызмат кыла берсек, Дөөтү пайгамбардай болуп: «Жахаба дайыма көз алдымда. Ал оң жагымда болгондуктан, мен олку-солку болбойм. Ошондуктан жүрөгүм кубанычка толуп, жаным шаттанат. Денем да коопсуздукта жашайт»,— деп айта алабыз (Заб. 16:8, 9).