Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын берилген кызматчыларынан үлгү алалы

Жахабанын берилген кызматчыларынан үлгү алалы

«Сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң» (ЗАБ. 18:25).

ЫРЛАР: 63, 43

1, 2. Дөөтү Кудайга болгон берилгендигин кантип көрсөткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ТҮН. Дөөтү менен Абышай уктап жаткан 3 000 аскерди шырп алдырбай аралап баратышат. Алар кошуундун так ортосунда катуу уктап жаткан Шабул падышаны көрүшөт. Негизи, Шабул Жүйүт чөлүнө Дөөтүнү өлтүрүш үчүн келген эле. Абышай Дөөтүгө: «Мага уруксат берсең, мен муну найза менен жерге кадап салайын, бир сайып эле өлтүрөм»,— деп шыбырайт. Бирок Дөөтү: «Ага тийбе. Жахабанын майланганына кол көтөргөн адам жазасыз калмак беле?.. Жахабанын майланганына кантип кол көтөрмөк элем?» — деп күтүлбөгөн жооп айтат (1 Шем. 26:8—12).

2 Дөөтү Жахабага берилгендик көрсөтүү деген эмне экенин жакшы түшүнгөн. Шабулга зыян келтирүү анын оюнда да жок болчу. Эмне үчүн? Анткени Шабулду падыша кылып Кудай өзү майлаган. Ооба, Жахабанын берилген кызматчысы ал бийлик берген адамдарды урматтайт. Жахаба кызматчыларынын баарынан «берилгендик көрсөтүүнү» талап кылат. (Оку: Забур 18:25.)

3. Абышай Дөөтү падышага берилгендигин кантип көрсөткөн?

3 Абышай Дөөтүнү дайыма урматтаган. Бул анын ага кылган мамилесинен көрүнүп турган. Дөөтү Батшеба менен ойноштук кылганын жашыруу максатында анын күйөөсү Урийдин көзүн тазалаш үчүн Жоапка аны катуу салгылаш болуп жаткан жерге коюуну буйрук кылган (2 Шем. 11:2—4, 14, 15; 1 Жылн. 2:16). Жоап иниси болгондуктан, Абышай бул тууралуу аздыр-көптүр билсе керек. Ошентсе да ал Дөөтүнү Кудай дайындаган падыша катары урматтай берген. Ошондой эле аскер башчысы катары бийлигин кыянат колдонуп, тактыны тартып алууга умтулбай, Дөөтү падышаны көп жолу чыккынчылардан жана душмандардан коргогон (2 Шем. 10:10; 20:6; 21:15—17).

4. а) Дөөтү Кудайга берилгендик сактоо жагынан кандайча бизге жакшы үлгү көрсөткөн? б) Бул макалада дагы кимдер жөнүндө талкууланат?

4 Дөөтүнүн Шабул падышага зыян келтирүүдөн баш тартканынан анын Жахабанын берилген кызматчысы экени көрүнгөн. Жахабаны сүйгөндүктөн ал жаш кезинде «тирүү Кудайдын аскерлерин мазактоого» батынган алп Голиат менен беттешкен (1 Шем. 17:23, 26, 48—51). Падыша болгондон кийин ойноштук кылганы жана киши өлтүргөнү үчүн Натан пайгамбар ашкерелегенде, күнөөсүн мойнуна алып, өкүнгөн (2 Шем. 12:1—5, 13). Жашы өр тартып калган кезинде да Жахабага болгон берилгендигинен жазган эмес. Мисалы, ибадаткананы куруу үчүн марттык менен тартуу кылган (1 Жылн. 29:1—5). Ырас, Дөөтү олуттуу күнөөлөрдү кылса да, Кудайга берилген киши болгон (Заб. 51:4, 10; 86:2). Келгиле анда, Дөөтү пайгамбар менен анын убагында жашаган айрым адамдар жөнүндөгү дагы башка билдирүүлөрдү карап көрөлү. Аларды талкуулап жатканда: «Биринчи кезекте кимге берилгендик көрсөтүшүбүз керек? Берилгендик сактоо үчүн кайсы сапаттарды чагылдыруу зарыл?» — деген суроолор тууралуу ой жүгүртөлү.

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ КИМГЕ БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

5. Абышайдын кетирген катасынан эмнеге үйрөнсөк болот?

5 Абышай Шабулдун кошуунуна барганда Дөөтүгө болгон берилгендигинен улам Шабулду өлтүргүсү келген. Бирок Дөөтү «Жахабанын майланганына кол көтөрүү» туура эмес экенин билгендиктен аны токтотуп койгон (1 Шем. 26:8—11). Бул окуядан биз маанилүү бир нерсеге үйрөнө алабыз: биринчи кезекте кимге берилгендик көрсөтүүнү чечиш керек болгондо Ыйык Китептеги принциптер жөнүндө ой жүгүртүшүбүз талап.

6. Досубузга же жакыныбызга берилгендик көрсөтүү туура болсо да, эмне үчүн сак болушубуз керек?

6 Берилгендик жүрөктөн чыгат, ал эми адамдын жүрөгү «митаам» (Жер. 17:9). Ошондуктан Кудайдын берилген кызматчысы да сезимге алдырып, жакын досу же тууганы туура эмес иш кылганда, ага болгон берилгендигин жогору коюп коюшу мүмкүн. Өзгөчө, жакын кишибиз чындыктан кетип калганда, биринчи кезекте Жахабага берилгендик көрсөтүшүбүз керектигин унутпашыбыз кажет. (Оку: Матай 22:37.)

7. Бир ишенимдешибиз оор жагдайда кантип Кудайга болгон берилгендигин сактаган?

7 Жакыныбыз жыйналыштан чыгарылганда, Жахабага болгон берилгендигибиз сыналат. Мисалга Энн [1][2] бир тууганды алалы. Бир күнү ага жыйналыштан чыгарылган апасы телефон чалып, үй-бүлөсү менен пикирлешпей калганы үчүн кыйналып жатканын жана аныкына баргысы келерин айткан. Апасынын жалбарганын укканда Энндин жүрөгү сыздап, ага кат аркылуу жооп берерин убада кылган. Кат жазардан мурун ал Ыйык Китептеги принциптер тууралуу ой жүгүрткөн (1 Кор. 5:11; 2 Жкн. 9—11). Анан апасына өзү күнөө кылып, өкүнбөгөндүктөн үй-бүлөсүнөн бөлүнүп калганын жумшактык менен эстетип: «Кайгыдан арылуунун жалгыз жолу — Жахабага кайтып келүү»,— деп жазган (Жкп. 4:8).

8. Кудайга берилген адам болгонго кайсы сапаттар жардам берет?

8 Дөөтүнүн убагында жашаган айрым кишилер жөнүндөгү билдирүүлөрдөн Кудайга болгон берилгендигибизди сактоого үч сапат: момундук, боорукердик жана кайраттуулук жардам берерин биле алабыз. Эмесе, алардын ар бирин кезеги менен карап чыгалы.

КУДАЙГА БОЛГОН БЕРИЛГЕНДИК МОМУНДУКТУ ТАЛАП КЫЛАТ

9. Эмне үчүн Абинер Дөөтүнү өлтүрүүгө аракет кылган?

9 Дөөтү Голиаттын кесилген башын Шабул падышага алып келип, аны менен сүйлөшүп жатканда, ал жерде, жок эле дегенде, эки киши бар болчу. Алардын бири Шабулдун уулу Жонатан болгон. Ал Дөөтү менен достук келишимин түзгөн. Ал эми экинчиси аскер башчысы Абинер эле (1 Шем. 17:57—18:3). Кийинчерээк Шабул Дөөтүнү өлтүрүүгө аракет кылганда, Абинер аны колдогон. Ошондуктан Дөөтү: «Зулумдар жанымды алууну көздөп жатышат»,— деп айткан (Заб. 54:3; 1 Шем. 26:1—5). Эмне үчүн Абинердин Дөөтүгө болгон көз карашы Жонатандыкынан кыйла айырмаланган? Жонатандай эле Абинер да Кудай Ысрайылдын падышасы кылып Дөөтүнү тандаганын жакшы билген. Эгер ал момун, Кудайга берилген киши болсо, Шабул өлгөндөн кийин, анын уулу Ишпошетти эмес, Дөөтүнү колдомок. Бирок ал, кыязы, падышалык тактыны өзү ээлеп алгысы келген. Балким, ошо себептен Шабулдун токолу менен жыныстык мамиледе болсо керек (2 Шем. 2:8—10; 3:6—11).

10. Эмне үчүн Абышалом Кудайга берилген адам болгон эмес?

10 Дөөтүнүн уулу Абышалом да Кудайга берилген адам болгон эмес, себеби ал текебер болчу. Момун болбогондуктан Абышалом такты ээлегиси келип, «өзүнө араба жасатып, аттарды даярдап, арабасынын алдында чуркап жүргөнгө элүү киши дайындаган» (2 Шем. 15:1). Ошондой эле ал көпчүлүктүн берилгендигин «уурдап» алган. Абышалом Жахабанын падыша кылып Дөөтүнү дайындаганын билсе да, Абинерге окшоп, аны өлтүрүүнү көздөгөн (2 Шем. 15:13, 14; 17:1—4).

11. Ыйык Китептеги Абинер, Абышалом жана Барух тууралуу билдирүүлөрдө биз үчүн кандай сабак камтылган?

11 Абинер менен Абышаломдун окуясынан көрүнүп тургандай, атак-даңкты сүйүү Кудайга берилген киши болууга тоскоолдук кылат. Албетте, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын эч кимиси аларга окшоп ыймансыз, өзүмчүл болгусу келбейт. Андан сырткары, биз баюуну же бул дүйнөдө мансапка жетүүнү эңсөөдөн да сак болушубуз керек. Анткени бул Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирет. Мисалы, Жеремия пайгамбардын катчысы Барух өзүндө жок нерсени көксөп, Кудайга кызмат кылууда кубанычын жоготуп койгон. Ошондуктан Жахаба ага: «Мына, мен курганымды талкалайм, тиккенимди жулуп таштайм. Бул жердин баарын ушинтем. Сен болсо чоң нерсени көксөп жатасың. Көксөбө»,— деген (Жер. 45:4, 5). Барух Жахабанын кеңешин кабыл алган. Азыркы ыймансыз дүйнөнүн акырына аз калгандыктан, биздин да Кудайдын ал сөздөрүн эсибизде бек сактаганыбыз акылдуулук болот.

12. Өзүмчүл болсок, эмне үчүн Кудайга болгон берилгендигибизди сактай албайбыз?

12 Мексикалык Даниелге бир кездерде олуттуу чечим чыгарууга туура келген. Ал ишенимдеш эмес бир кыз менен баш кошкусу келип жүргөндүктөн, Кудайга болгон берилгендигин сактайбы же өз кызыкчылыгын көздөйбү, тандашы керек болгон. Даниел: «Мен пионер болгондон кийин деле аны менен кат жазышып жүрдүм»,— дейт. Бирок акыры ал туура эмес кылып жүргөнүн түшүнгөн жана тажрыйбалуу бир аксакалга кайрылып, жагдайы жөнүндө айтып берген. Даниел мындай деп кошумчалайт: «Аксакал мага Кудайга болгон берилгендигимди сакташ үчүн ал кызга кат жазганымды токтотушум керектигин түшүнүүгө жардам берди. Көп жолу көз жашымды төгүп, тиленгенден кийин, ал кыз менен болгон мамилемди үздүм. Ошондон көп өтпөй эле кызматтан көбүрөөк кубаныч ала баштадым». Кийинчерээк Даниел сонун бир тууганга үйлөнгөн. Учурда ал райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылууда.

КУДАЙГА БОЛГОН БЕРИЛГЕНДИК БООРУКЕР БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Ишенимдешиңдин олуттуу күнөө кылганын билсең, Кудайга болгон берилгендигиңден улам ага рухий жардам алууга түрткү бересиңби? (14-абзацты кара)

13. Дөөтү күнөө кылганда, Натан кандайча ага да, Кудайга да берилгендик көрсөткөн?

13 Эгер Жахабага берилген киши болсок, адамдарга да берилгендик көрсөтө алабыз. Алсак, Натан пайгамбар Кудайга да, Дөөтүгө да берилгендигин сактаган. Натан анын ойноштук кылганын жана аялдын күйөөсүн өлтүрткөнүн уккан. Жахаба аны Дөөтүнү ашкерелөөгө жөнөткөндө, ал Дөөтүгө берилген киши болсо да, тил алып, кайраттуулук менен иш кылган. Ошол эле учурда аны боорукердик, акылдуулук менен ашкерелеген. Дөөтүгө күнөөлөрүнүн канчалык олуттуу экенин түшүнүүгө жардам бериш үчүн ал жардынын жалгыз козусун союп алган адилетсиз бай жөнүндө мисал айткан. Дөөтү бай кишиге каарданганда, Натан: «Ошол киши сенсиң!» — деген. Ошондо Дөөтү Жахабага каршы күнөө кылганын түшүнгөн (2 Шем. 12:1—7, 13).

14. Кантип Жахабага да, жакын кишиңе да берилгендик көрсөтө аласың?

14 Биринчи кезекте кимге берилгендик көрсөтөрүбүздү билбей жатканда, боорукердик туура чечим чыгарууга жардам берет. Маселен, кайсы бир ишенимдешиңдин олуттуу күнөө кылганын билип калдың дейли. Ал, өзгөчө, жакын досуң же тууганың болсо, ага берилгендик көрсөтүшүм керек деп ойлошуң мүмкүн. Бирок анын жаман ишин жашырсаң, Кудайга берилгендик көрсөтпөй каласың. Андайда Жахабага болгон берилгендигиң биринчи орунда турушу керек болгондуктан, Натан пайгамбарга окшоп, боорукер, ошол эле учурда кайраттуу бол. Күнөө кылган досуңду же тууганыңды аксакалдардан жардам суроого үндө. Эгер ал белгилүү бир убакыттын ичинде аксакалдарга кайрылбаса, аларга өзүң барып айтышың керек. Ошентсең, Жахабага болгон берилгендигиңди көрсөтөсүң жана күнөө кылган кишиге боорукердик кылган болосуң, анткени аксакалдар ага туура жолго түшүүгө жумшактык менен жардам берүүгө аракет кылышат. (Оку: Лебилер 5:1; Галатиялыктар 6:1.)

КУДАЙГА БОЛГОН БЕРИЛГЕНДИК КАЙРАТТУУ БОЛУУНУ ТАЛАП КЫЛАТ

15, 16. Кудайга берилгендигин сакташ үчүн Хушайга эмне себептен кайраттуулук керек болгон?

15 Кудайга берилгендик көрсөтүш үчүн Хушай деген кишиге кайраттуулук керек болгон. Ал Дөөтү падышанын берилген досу болчу. Бирок Дөөтүнүн уулу Абышалом амалкөйлүк менен элдин ишенимине кирип, Иерусалимди жана падышалык тактыны атасынан тартып алууну көздөгөндө, Хушайдын берилгендиги сыналган (2 Шем. 15:13; 16:15). Улгайып калган Дөөтү падыша жанын сактап калыш үчүн шаардан качып чыкканда, Хушай эмне кылган? Абышаломдун тарабына өтүп кеткенби же падышанын артынан жөнөгөнбү? Кудай майлаган падышага берилген бойдон калууга чечкиндүү болгондуктан Хушай ага жолугуш үчүн Зайтун тоосуна барган (2 Шем. 15:30, 32).

16 Дөөтү андан Иерусалимге кайтып барып, Абышаломдун досу болумуш болуп, Акитопелдин кеңешин бузууну өтүнгөн. Хушай Кудайга болгон берилгендигинен улам өмүрүн тобокелге салып, Дөөтүнүн өтүнүчүн аткарган. Натыйжада, Дөөтү тиленгендей эле, Абышалом тараптагылар Акитопелдин эмес, Хушайдын кеңешин угушкан (2 Шем. 15:31; 17:14).

17. Кудайга берилген бойдон калуу үчүн эмне себептен кайраттуулук керек?

17 Жахабага берилген бойдон калыш үчүн бизге да кайраттуулук керек. Кудайга болгон берилгендигинен улам көп бир туугандар үйдөгүлөрүнүн, жумушундагыларынын же бийликтегилердин кысымына туруштук бере алышкан. Алардын бири — жапониялык Таро. Ал балачагынан эле ата-энесинин сөзүн эки кылбай, аларга бардык жагынан баш ийип келген. Ал өзүн милдеттүү сезгендиктен эмес, ата-энесин кубантууну каалагандыктан тил алчу. Ошондуктан ата-энеси анын Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып жатканына каршы болгондо, аларга жыйналышка бара берерин айтуу аябай кыйын болгон. Таро мындай дейт: «Алар абдан ачууланып, үйгө келишиме тыюу салып коюшкандыктан, көп жыл бою катташа албай жүрдүм. Чечимиме бек карманыш үчүн Кудайдан кайраттуулук сурачумун. Азыр ата-энем жумшарып калгандыктан, аларга дайыма барып турам». (Оку: Накыл сөздөр 29:25.)

18. Бул макаладан кандай пайда алдың?

18 Келгиле, ар бирибиз мындан ары да Дөөтүгө, Жонатанга, Натанга жана Хушайга окшоп, Жахабага берилгендигибизди сактап, кубаныч ала берели. Ошондой эле Кудайга ишенимсиздик кылган Абинер менен Абышаломдун катасынан сабак алалы. Баарыбыз эле Дөөтүдөй болуп, Жахабага акырына чейин берилген бойдон калгыбыз келет. Албетте: «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт»,— дегендей, жеткилеңсиз болгондуктан ката кетирбей койбойбуз. Ошентсе да Жахабага болгон берилгендигибизди дайыма биринчи орунга коё алабыз.

^ [1] (7-абзац) Айрым ысымдар өзгөртүлдү.