Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын берилген кызматчысы экениңди далилде

Жахабанын берилген кызматчысы экениңди далилде

«Жахаба экөөбүздүн ортобузда, ошондой эле менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда түбөлүккө күбө болсун» (1 ШЕМ. 20:42).

ЫРЛАР: 125, 62

1, 2. Жонатан менен Дөөтүнүн достугун эмне үчүн берилгендиктин мыкты үлгүсү деп айтууга болот?

ЖАШ Дөөтү алп Голиат менен беттешкени чыкканда, Жонатан анын эр жүрөктүгүнө тан берсе керек. Дөөтү Голиатты өлтүргөндөн кийин анын «башын көтөрүп алып», Ысрайылдын падышасы Шабулдун алдына барган (1 Шем. 17:57). Ошондо Жонатан Дөөтүнү Жахаба колдоп жатканын көрүп, аны «жанындай жакшы көрүп калган», анан «аны менен келишим түзгөн» (1 Шем. 18:1—3). Ал өмүрүнүн акырына чейин Дөөтүгө берилгендик көрсөткөн.

2 Кудай Дөөтүнү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып тандаганда да, Жонатан берилгендигинен жазган эмес. Атасы Шабул Дөөтүнү өлтүргөнгө аракет кылганда, ал кан досу үчүн күйүп-бышкан. «Дөөтүнүн Кудайга болгон ишенимин бекемдеш» үчүн Жонатан Хорештеги чөлгө барган. Анан: «Коркпо... Сен Ысрайылга падыша болосуң, мен болсо сенден кийин турган адам болом»,— деп аны кайраттандырган (1 Шем. 23:16, 17).

3. Жонатан үчүн Дөөтүгө болгон берилгендигине караганда эмне маанилүүрөөк болгон жана муну кайдан билебиз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

3 Берилгендик көрсөткөндөргө адатта баары эле суктанат. Бирок Жонатандын Кудайга болгон берилгендигине көңүл бурбай, Дөөтүгө көрсөткөн берилгендигине гана суктансак, маанилүү нерсе көз жаздымында калып калат. Ойлонуп көрсөң, Жонатан эмне үчүн Дөөтүнү атаандашы катары эмес, досундай көргөн? Анткени ал өз кызыкчылыгын эмес, башка нерсени маанилүү деп эсептеген. Анын Дөөтүгө «Кудайга болгон ишенимин бекемдөөгө» жардам бергенин эстесең. Мындан Жонатандын биринчи кезекте Жахабага берилген адам болгону көрүнгөн. Ошондуктан ал Дөөтүгө да берилгендик көрсөткөн. Жонатан менен Дөөтү бири-бирине: «Жахаба экөөбүздүн ортобузда, ошондой эле менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда түбөлүккө күбө болсун»,— деп айткан антына ылайык жашашкан (1 Шем. 20:42).

4. а) Канткенде жүрөгүбүз кубанычка толуп, бактылуу болобуз? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

4 Кудайдын кызматчылары катары биз башкалардын берилгендигине суктанып эле койбостон, өзүбүз да үйдөгүлөрүбүзгө, досторубузга жана ишенимдештерибизге берилгендик көрсөтөбүз (1 Тес. 2:10, 11). Бирок баарынан мурда Жаратканыбызга берилгендик көрсөткөнүбүз маанилүү (Аян 4:11). Ошондо жүрөгүбүз кубанычка толуп, чындап бактылуу болобуз. Анткен менен Кудайга болгон берилгендигибизди далилдеш үчүн оор сыноолордо да ага ишенимдүү бойдон калышыбыз керек. Бул макалада 1) бийлиги бар бирөө урмат-сыйга татыксыздай сезилгенде, 2) кимге берилгендик көрсөтүүнү чечиш керек болгондо, 3) башкалар бизди туура эмес түшүнүп алганда же адилетсиз мамиле кылганда жана 4) сөзүбүзгө туруу кыйын болгондо Жонатандын үлгүсү бизге кандайча Жахабага берилгендик сактоого жардам берерин карап чыгабыз.

БИЙЛИГИ БАР БИРӨӨ УРМАТ-СЫЙГА ТАТЫКСЫЗДАЙ СЕЗИЛГЕНДЕ

5. Шабулдун убагында эмне үчүн ысрайылдыктарга Жахабага берилгендигин сактоо кыйын болгон?

5 Жахаба Жонатандын атасы Шабулду падыша кылып майласа да, ал кийинчерээк тоң моюн болуп калгандыктан, аны четке каккан (1 Шем. 15:17—23). Бирок Шабулду тактыдан дароо түшүрүп салбагандыктан, ал дагы бир топ жыл бийлик кылган. Анын жаман иштеринен, тоң моюндугунан улам кол астындагылары, жакындары кыйналган жана аларга Жахабага берилгендигин сактоо оңой болгон эмес (1 Жылн. 29:23).

6. Жонатандын Жахабага берилген киши болгону эмнеден көрүнгөн?

6 Атасы өз билгенин жасап, баш ийбестик кыла баштаганда, Жонатан Жахабага берилгендигин сактаган (1 Шем. 13:13, 14). Шемуел пайгамбар мурунураак: «Жахаба өзүнүн улуу ысмы үчүн өз элин таштабайт»,— деп айткан болчу (1 Шем. 12:22). 30 000 майдан арабасы бар пелиштиликтердин чоң аскери ысрайыл элине кол салмакчы болгондо, Жонатандын ошол сөздөргө бекем ишенери айкын көрүнгөн. Ысрайылдыктардын аскери 600 эле кишиден турган, анын үстүнө, Шабул менен Жонатанда гана курал-жарак болгон. Ошентсе да Жонатан курал-жарагын көтөргөн кызматчысы менен бирге пелиштиликтердин күзөт аскерлери турган жерге барган. Ал: «Аз киши аркылуу куткарабы же көп киши аркылуубу, Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албайт»,— деп айткан. Анан экөө эле пелиштиликтердин 20дай кишисин өлтүрүшкөн. Ошондо «жер... титиреп», душмандардын үрөйү учкан. Атүгүл эмне кыларын билбей, дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирин кылычтай башташкан. Ошентип, Жонатандын ишениминин аркасында ысрайыл эли жеңишке жеткен (1 Шем. 13:5, 15, 22; 14:1, 2, 6, 14, 15, 20).

7. Жонатан атасына кандай мамиле кылган?

7 Шабулдун Кудай менен болгон мамилесине доо кетсе да, Жонатан мүмкүн болгон учурлардын баарында атасына баш ийчү. Мисалы, Кудайдын элин коргоо үчүн ал атасы менен бирге согуштарга аттанчу (1 Шем. 31:1, 2).

8, 9. Бийлиги барларды урматтоо менен кандайча Жахабага берилгендик көрсөтөбүз?

8 Жонатандын үлгүсү бизге жогорку бийликтегилерге, атүгүл алардын айрымдары урмат-сыйга татыксыздай сезилсе да, баш ийип, Кудайга болгон берилгендигибизди көрсөтүүгө түрткү берет. Бийлиги барлар адилетсиз иштерди кылса да, биз алардын ээлеген абалын эске алып, баш иебиз, анткени муну бизден Кудай талап кылат. (Оку: Римдиктер 13:1, 2.) Жахаба кимге бийлик берсе, ошолордун баарына урмат-сый менен мамиле кылышыбыз керек (1 Кор. 11:3; Евр. 13:17).

Жахабага берилгендик көрсөтүүнүн бир жолу — ишенимдеш эмес жарыбызды урматтоо (9-абзацты кара)

9 Түштүк Америкада жашаган Ольга [1] абдан оор жагдайларда күйөөсүн урматтоо менен Кудайга болгон берилгендигин көрсөткөн. Ольганын Жахабанын Күбөсү болгонуна жолдошу көп жыл бою кыжырданып келген. Ал ага ачуу сөздөрдү айтчу, кээде сүйлөшпөй койчу, эки баласын алып, аны таштап кетем деп коркутчу. Бирок Ольга жамандыкка жамандык менен жооп бербей, жакшы зайып болгонго умтула берген. Ал анын тамак-ашын белендеп, кийим-кечегин жууп-тазалап, үй-бүлөсүнө жакшы кам көрчү (Рим. 12:17). Жолдошунун туугандары же кесиптештери чогулганда, мүмкүнчүлүгү болсо, аны коштоп барчу. Ал эми кайын атасы каза болуп калганда, алыс жолго чыгыш үчүн балдарын даярдап, башка дагы керектүү нерселердин баарын камдаган. Анан сөөк коюу каадасы аяктаганча, күйөөсүн чиркөөнүн сыртында күтүп турган. Анын чыдамдуу болуп, урмат-сый менен мамиле кылганынын аркасында жолдошу бир топ жылдан кийин жумшара баштаган. Учурда ал Ольганы Падышалык залына жеткизип турат, атүгүл жыйналыштарга барууга үндөп, анда-санда өзү да келип калат (1 Пет. 3:1).

КИМГЕ БЕРИЛГЕНДИК КӨРСӨТҮҮНҮ ЧЕЧИШ КЕРЕК БОЛГОНДО

10. Жонатан кимге берилгендик көрсөтүшү керектигин кантип билген?

10 Шабул Дөөтүнү өлтүрүүнү чечкенде, Жонатан кыйын жагдайга туш болгон. Ал Дөөтү менен келишим түзгөн болчу, ошол эле учурда атасына баш ийиши керек эле. Бирок Жонатан Кудайдын Шабулду эмес, Дөөтүнү колдоп жатканын жакшы билген. Ошондуктан биринчи кезекте Дөөтүгө берилгендик көрсөткөн. Ал ага жашынышы керектигин эскерткен, анан атасына ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айткан. (Оку: 1 Шемуел 19:1—6.)

11, 12. Кудайга болгон сүйүүбүз кандайча ага берилгендик сактоого көмөк кылат?

11 Австралиялык Элиске да биринчи кезекте кимге берилгендик көрсөтүүнү чечүүгө туура келген. Ал Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып эле окуп-билгендерин үйүндөгүлөрү менен бөлүшө баштаган. Кийинчерээк аларга Рождествону майрамдабай турганын айтып, себебин түшүндүргөн. Үйүндөгүлөрү мурун аны ойлоп тынчсызданып жүрүшсө, ошондон тартып ага аябай ачуулана башташкан. Аларга Элис үй-бүлөсүнөн баш тартып жаткандай сезилген. Апасы болсо аны экинчи көргүсү келбей турганын айткан. Элис мындай дейт: «Ошондо эмне кыларымды билбей, дендароо болдум. Жүрөгүм жараланып, аябай кыйналдым, анткени үй-бүлөмдү абдан жакшы көрчүмүн. Анткен менен жүрөгүмдө биринчи кезекте Жахабага жана анын Уулуна берилгендик сактоону чечип алдым. Анан кийинки эле жыйында чөмүлдүм» (Мт. 10:37).

12 Эгер сак болбосок, улутубузду, мектебибизди же кайсы бир спорт командасын аздектеп отуруп Кудайга толук берилбей калышыбыз мүмкүн. Генри деген бир тууганды мисалга алалы. Ал шахмат ойногонду аябай жакшы көрчү. Анын мектеби шахмат боюнча мелдештерде дайыма алдыңкы орундарды алчу. Генри да мектебине жеңиш алып келүүгө бүт күчүн жумшай баштаган. Бара-бара анын жашоосунда Кудайга болгон берилгендигине караганда мектептин намысын коргоо биринчи орунда туруп калган. Ал: «Дем алыш күндөрү шахмат боюнча мелдештерге катышкандыктан, кызматка тийиштүү түрдө көңүл бурбай калгам. Ошондуктан шахматчылардын командасынан чыгып кеттим»,— дейт (Мт. 6:33).

13. Кудайга болгон берилгендик үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө кандайча жардам берет?

13 Кээде үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн кимисине берилгендик көрсөтөрүбүздү билбей, бушайман болушубуз ыктымал. Буга байланыштуу Кен мындай дейт: «Апамдын жашы өр тартып калган. Аныкына бат-баттан барып тургум келчү, ал да биздикине кез-кезде келип турса дечүмүн. Өкүнүчтүүсү, апам менен жубайым тил табыша алган жок. Башында кимисине тартарымды билбей, кыйналдым. Себеби бир эле учурда экөөнө тең жагуу мүмкүн эмес болчу». Кен Ыйык Китептеги принциптер тууралуу ой жүгүртүп, ошол жагдайда жубайына көбүрөөк берилгендик көрсөтүшү керектигин түшүнгөн. Анан сылыктык менен жубайына эмне үчүн апасына жылуу-жумшак мамиле кылышы керектигин, ал эми апасына эмне үчүн келинин ызатташы керектигин түшүндүргөн. Ошентип, ал жубайына жаккандай, ошол эле учурда эч кимди таарынтпагыдай иш кылган. (Оку: Башталыш 2:24; 1 Корунттуктар 13:4, 5.)

БАШКАЛАР БИЗДИ ТУУРА ЭМЕС ТҮШҮНГӨНДӨ ЖЕ АДИЛЕТСИЗДИК КЫЛГАНДА

14. Шабул Жонатанга кандайча адилетсиз мамиле кылган?

14 Жетекчиликти колго алган бир тууган бизге адилетсиз мамиле кылса, Жахабага берилгендик сактоо оңойго турбашы мүмкүн. Жонатан да ушундай жагдайга туш болгон. Кудайдын майланган падышасы Шабул анын Дөөтү менен дос экенин билген, бирок алардын эмне себептен достошуп жүргөнүн түшүнгөн эмес. Ошон үчүн бир жолу каары кайнап, Жонатанга кемсинтерлик сөздөрдү айткан. Бирок уулу ага өзүнө жараша жооп кайтарган эмес. Ошондой эле Кудайга жана Ысрайылдын кийинки падышасы боло турган Дөөтүгө берилгендик көрсөтө берүүгө чечкиндүү болгон (1 Шем. 20:30—41).

15. Эгер адилетсиздикке туш болсок, эмне кылышыбыз керек?

15 Жахабанын элинин арасында кимдир бирөөнүн бизге адилетсиз мамиле кылганы чанда эле болот. Бирок жетекчиликти колго алган бир туугандар жеткилеңсиз болгондуктан кээде кайсы бир иш-аракетибизди туура эмес түшүнүп алышы ыктымал (1 Шем. 1:13—17). Андайда эч нерсеге карабай, Жахабага берилген бойдон калалы.

СӨЗҮБҮЗГӨ ТУРУУ КЫЙЫН БОЛГОНДО

16. Кандай жагдайларда жан аябас болуп, Кудайга берилгендик сакташыбыз керек?

16 Шабул Жонатандын өзүнөн кийинки падыша болушун каалаган (1 Шем. 20:31). Бирок Жонатан Жахабага берилген киши болгондуктан өз кызыкчылыгын көздөбөй, Дөөтү менен болгон достугун бек сактаган. «Өзү зыян тартса да, берген антын бузбаган» адамдын Жахабага жагарын унутпасак, биз да Жонатандай жан аябас болобуз (Заб. 15:4). Ал Дөөтүгө «берген антын бузган» эмес. Биз да сөзүбүзгө бек турушубуз керек. Алсак, кимдир бирөө менен келишим түзгөндөн кийин, баары биз ойлогондой болбой, келишимдин талаптарын аткаруу кыйын болуп калса да, убадабызга турабыз. Буга Кудайга болгон берилгендигибиз, Ыйык Китепти баалаганыбыз түрткү берери шексиз. Ал эми никеде кыйынчылыктарга туш болуп жатсакчы? Кудайга болгон сүйүүбүз жарыбызга берилгендик сактоого жардам берет. (Оку: Малаки 2:13—16.)

Келишимге бек туруу менен Кудайга болгон берилгендигибизди айгинелейбиз (16-абзацты кара)

17. Бул макала сага эмнеси менен пайдалуу болду?

17 Жонатандын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүүнүн аркасында, ага окшоп, Кудайга берилген адам болууга түрткү алган жокпузбу? Келгиле, биз да жан аябас бололу. Ишенимдештерибиз көңүлүбүздү оорутса да, берилгендигибизден жазбайлы. Ошондой эле оор жагдайларда Жахабага берилген бойдон калалы. Ошентсек, анын жүрөгүн кубанткандан тышкары, өзүбүз да бактылуу болобуз (Накыл 27:11). Эгер Жахабага берилген бойдон калсак, анын бизден жакшылыгын аябай турганына жана дайыма кам көрөрүнө ынанабыз. Кийинки макалада Дөөтүнүн убагында берилгендик көрсөткөндөрдөн эмнеге үйрөнө аларыбызды жана ишенимсиздик кылгандардан кандай сабак алсак болорун талкуулайбыз.

^ [1] (9-абзац) Айрым ысымдар өзгөртүлдү.