Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын досторунан үлгү алалы

Жахабанын досторунан үлгү алалы

«Жахаба Өзүнөн корккондор менен ынак мамиледе» (ЗАБ. 25:14).

ЫРЛАР: 106, 118

1—3. а) Кудай менен дос боло аларыбызды кайдан билебиз? б) Бул макалада кимдер жөнүндө талкуулайбыз?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Ыбрайым пайгамбардын Кудайдын досу болгону айтылган (Ыш. 41:8; Жкп. 2:23). Андан башка эч кимге карата «Кудайдын досу» деген сөздөр колдонулган эмес. Ушундан улам адамдардын арасынан жалгыз гана Ыбрайым Жахабанын досу болгон деп жыйынтык чыгарууга болобу? Жок. Ыйык Китептен ар бирибиздин Кудай менен дос боло аларыбыз айкын көрүнүп турат.

2 Алсак, анда Жахабадан корккон, ага ишенген жана аны менен ынак мамиледе болгон көптөгөн эркек-аялдар жөнүндө баяндалат. (Оку: Забур 25:14.) Алар элчи Пабыл айткан «көп күбөлөрдүн» катарына кирет (Евр. 12:1). Кудайдын досторунун арасында ар кандай адамдар болгон.

3 Анда эмесе, Жахабанын Ыйык Китепте жазылган досторунун үчөө тууралуу кененирээк сүйлөшөлү. Алар: Маап жеринен болгон жана берилгендигин сактаган жесир келин Рут; жүйүттөрдүн адил падышасы Хиския; Кудайга момундук менен баш ийип, Машаякты чоңойтуп-өстүргөн Мариям. Алардын ар бири Кудай менен кантип ынак мамиле өрчүткөнүн карап чыгуудан эмнелерге үйрөнө алабыз?

АЛ ТУРУКТУУ СҮЙҮҮ КӨРСӨТКӨН

4, 5. Рутка кандай чечим чыгарууга туура келген жана бул эмне үчүн оңой болгон эмес? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

4 Кийимдеринин этек-жеңи шамалга желпилдеп, Маап түздүгүндөгү жалгыз аяк жолдо бараткан үч жесир аялды көз алдыңа тартып көрсөң. Алардын бири — Наами, ал эми жанындагы экөө — келиндери Рут менен Орпа. Жарым жолго жетишкенде, Орпа өз мекени Маапка кайтууну чечет. Наами болсо туулуп-өскөн жери Ысрайылга жолун уламакчы. Так ошол учурда Рутка абдан маанилүү чечим чыгарууга туура келген. Кайра Маапка кайтабы же кайненеси менен Бетлехемди көздөй жөнөйбү, ал өзү чечмек (Рут 1:1—8, 14).

5 Эгер Маапка кайтса, энеси менен туугандары анын кем-карчына каралашып, жардам бере алышмак. Кантсе да, Маап өз жери болчу, анын маданияты, тили, эли да бөтөн эмес эле. Ал эми Бетлехемге барса, Наами ага мунун бирин да бере алмак эмес. Ошондуктан Наами Рутка күйөө да, үй да таап бере албай турганын айтып, Маапта эле калышын өтүнгөн. Рут эмне кылган? Абысыны Орпага окшоп, «өз элине, өз кудайларына кайтууну» чечкенби? (Рут 1:9—15). Жок.

6. а) Рут кандай туура чечим чыгарган? б) Эмне үчүн Бууз Рутту Жахабанын «канатынын астынан баш маана издеген» деп айткан?

6 Кыязы, Рут Жахаба Кудай жөнүндө көзү өтүп кеткен күйөөсүнөн же Наамиден укса керек. Ал Жахабанын мааптыктар табынган жалган кудайлардан абдан айырмаланарын, ошондой эле анын сүйүүгө, сыйынууга татыктуу Кудай экенин түшүнгөн. Бирок бул жетишсиз болчу. Рут ага сыйынар-сыйынбасын чечиши керек эле. Ал кайненесине: «Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деген (Рут 1:16). Бул эң туура чечим болгон. Руттун Наамиге болгон сүйүүсү жөнүндө ой жүгүрткөндө жүрөгүбүз козголбой койбойт. Бирок анын Жахабаны сүйгөнү андан да маанилүү болгон. Кийинчерээк Бууз аны Жахабанын «канатынын астынан баш маана издегени» үчүн мактаган. (Оку: Рут 2:12.) Бул камкор энесинин кубаттуу канатына коргологон балапанды эске салат (Заб. 36:7; 91:1—4). Жахаба Рутту канатына калкалап, ага ишеними үчүн сыйлык берген. Ошондуктан Рутта чыгарган чечимине өкүнүүгө эч кандай себеп болгон эмес.

7. Чечкиндүү боло албай жүргөндөргө өздөрүн Жахабага арноого эмне жардам бериши мүмкүн?

7 Бүгүнкү күндө көптөр Жахаба жөнүндө билим алганы менен, андан баш маана издешпейт, башкача айтканда, өздөрүн Жахабага арнабай, чөмүлбөй жүрө беришет. Эгер алардын арасында сен да болсоң, анын себеби тууралуу ой жүгүртүп көр. Ар бир эле адам кайсы бир кудайга сыйынат (Жаш. 24:15). Андыктан чыныгы Кудайга кызмат кылууну тандаганың жакшы эмеспи? Өзүңдү Жахабага арноо — ага ишенериңди көрсөтүүнүн эң сонун жолу. Жахаба сага чыгарган чечимиңе ылайык жашоого жана кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө көмөк кылат. Ал Рутка так ушундай жардам берген.

«АЛ ЖАХАБАГА БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАГАН»

8. Хискиянын бала чагы кандай болгон?

8 Руттан айырмаланып, Хиския Жахабага арналган элдин мүчөсү болчу. Бирок ысрайылдыктардын баары эле арналуусуна ылайык жашай берген эмес. Хискиянын атасы Ахаз падыша да ошондой киши болгон. Ал ыймансыз падыша Жүйүт жеринде бурканга сыйынууну жайылтып, атүгүл Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын арамдаган. Андан да жаманы, өз канынан жаралган баласын жалган кудайга курмандыкка чалып, тирүүлөй өрттөгөн. Андыктан Хиския бала чагында жүрөктүн үшүн алган окуяларга күбө болгону шексиз (2 Пад. 16:2—4, 10—17; 2 Жылн. 28:1—3).

9, 10. а) Эмне үчүн Хиския ырайымсыз адам болуп чоңоюшу мүмкүн эле? б) Эмне себептен Жахабага каарданбашыбыз керек? в) Эмне үчүн көргөн тарбиябыз кандай адам болорубузду чечип коёт деп ойлобошубуз керек?

9 Башынан өткөн окуялардан улам Хиския ырайымсыз, Кудайга каршы чыккан адам болуп чоңоюшу мүмкүн эле. Анткени аныкынан жеңилирээк эле кыйынчылыктарга туш болгондордун айрымдары «Жахабага каарданышына» же анын уюмуна нааразы болушуна орчундуу себеп бар деп ойлошот (Накыл 19:3). Дагы башкалар жаман иштерди кылып жатканына көргөн тарбиясы же ата-энесинин жаман үлгүсү себеп болгонун айтышат (Жез. 18:2, 3). Мындай көз караш туурабы?

10 Хискиянын үлгүсүн карап чыгуунун аркасында бул суроого «жок» деген жооп алабыз. Жахабага каарданууга эч кандай себеп жок, анткени азыркы каардуу дүйнөдө кабылып жаткан кыйынчылыктарыбызга ал себепкер эмес (Аюп 34:10). Албетте, ата-энелер балдарына же жакшы, же жаман таасир эте алат (Накыл 22:6; Кол. 3:21). Бирок бул баланын үйдө көргөн тарбиясы анын келечекте кандай адам болорун чечип коёт дегенди билдирбейт. Жахаба бизге баалуу белекти — чечим чыгаруу эркиндигин — бергендиктен, эмне кылууну, кандай адам болууну өзүбүз тандайбыз (Мыйз. 30:19). Хиския ал белекти кандай колдонгон?

Көптөгөн жаштар, бала кезинде кейиштүү окуяларга туш болгонуна карабай, чындык жолуна түшүүдө (9, 10-абзацтарды кара)

11. Хиския эмнеден улам жүйүттөрдүн эң жакшы падышаларынын бири болгон?

11 Атасы жүйүт элинин эң эле начар падышаларынын бири болсо да, Хиския эң жакшы падышалардын бири болгон. (Оку: 2 Падышалар 18:5, 6.) Ал атасынын жолун жолдобой, замандаштары болгон Ышая, Микей жана Ошуя пайгамбарлардын айткандарына кулак каккан. Хиския алардын ыйык рухтун жетеги менен айткан сөздөрүнө терең маани берип, Жахабанын акыл-насаатын, кеңештерин жан-дили менен кабыл алганы күмөнсүз. Ошондуктан ал атасы кылган жаман иштердин баарын оңдогон, тактап айтканда, ибадаткананы тазалаган, Кудайдан элдин күнөөсүн кечиришин өтүнгөн жана чоң өнөктүк жүргүзүп, буркандарды жок кылган (2 Жылн. 29:1—11, 18—24; 31:1). Ал эми Иерусалимге Ашур падышасы Сенхейрип кол салмакчы болуп, бүтүндөй журтка коркунуч туулганда, Хиския кайраттуу болуп, ишеним менен иш кылган. Кудайдын коргооруна толук ишенип, элин сөзү менен да, үлгүсү менен да бекемдеген (2 Жылн. 32:7, 8). Кийинчерээк Жахаба аны «жүрөгү текеберденип кеткени» үчүн оңдоп-түзөгөндө, ал момундук көрсөтүп, өкүнгөн (2 Жылн. 32:24—26). Ырас, Хиския бала чагындагы болгон окуялардын келечегин ойрон кылышына жол берген эмес. Ал, чынында эле, Жахабанын досу болгон жана бизге жакшы үлгү калтырган.

12. Бүгүнкү күндө көптөр кандайча, Хискиядай болуп, Жахаба менен дос болууда?

12 Таш боордук, ырайымсыздык өкүм сүргөн азыркы дүйнөдө канчалаган балдар ата-эненин мээримин, камкордугун көрбөй чоңоюуда (2 Тим. 3:1—5). Учурда Кудайдын көптөгөн кызматчылары, бала кезинде кейиштүү окуяларга туш болгонуна карабай, аны менен ынак мамиле өрчүтүшүүдө. Хискиядай болуп, алар адамдын балачагы анын келечекте кандай адам болорун аныктап койбой турганын тастыктап жатышат. Жахаба ар бирибизге чечим чыгаруу эркиндигин белек кылган. Аны менен ынак мамиле өрчүтүп, аны даңктасак, Хискиядай эле, биз да ал белекти туура колдонгон болобуз.

«МЕН ЖАХАБАНЫН КУЛУМУН!»

13, 14. Мариямга берилген тапшырма эмне үчүн оңой болгон эмес, бирок ал аны кандай кабыл алган?

13 Хиския падышанын күндөрүнөн бир канча кылым өткөндөн кийин, Назарет шаарында Жахаба менен өзгөчө ынак мамиледе болгон Мариям аттуу бир жүйүт кыз жашаган. Кудай адам баласынын бирине да аныкындай тапшырма берген эмес. Ал Кудайдын жалгыз Уулун төрөп, аны чоңойтуп-өстүрүү сыймыгына ээ болгон. Мариямга ушундай абдан жооптуу ишти тапшырганынан Жахабанын ага канчалык ишенгенин билүүгө болот. Мариям өзүнө берилген тапшырма тууралуу укканда кандай сезимде болгон?

«Мен Жахабанын кулумун!» (13, 14-абзацтарды кара)

14 Биз адатта Мариямга кандай зор сыймык ыйгарылганы жөнүндө эле ойлонуп, анын эмнелерге тынчсызданышы мүмкүн болгонун эске албайбыз. Жебирейил периште ага керемет жолу менен кош бойлуу болорун, башкача айтканда, эркек менен жыныстык катнашта болбой эле боюна бүтөрүн айткан болчу. Ал Мариямдын тууган-туушкандарына, кошуна-колоңдоруна анын кантип кош бойлуу болуп калганын түшүндүргөн эмес. Андыктан алар Мариям жөнүндө эмне деп ойлоп калышмак? Ал эми болочок күйөөсү Жусупчу? Мариям ага боюнда бар экенин, бирок анын көзүнө чөп салбаганын кантип түшүндүрүп берет эле? Андан тышкары, Эң Жогорку Кудайдын жалгыз Уулуна кам көрүп, чоңойтуп-өстүрүп, тарбиялоонун өзү эле эмне деген чоң жоопкерчилик эле! Жебирейил периштенин айткандарын укканда Мариям ушул нерселерди ойлоп, тынчсызданганбы же жокпу, так айта албайбыз. Бир билгенибиз, ал периштеге: «Мен Жахабанын кулумун! Мен жөнүндө эмне деп айтсаң, ошонун баары аткарылсын»,— деп жооп берген (Лк. 1:26—38).

15. Мариямдын ишеними эмне үчүн күчтүү болгон?

15 Мариям, чындап эле, күчтүү ишенимге ээ болгон! Кожоюнуна толук баш ийген кулга окшоп, ал өзүн толугу менен Кожоюну Жахабага тапшырып, анын кам көрүп, коргой турганына шектенген эмес. Мариям ушундай бекем ишенимди кантип өрчүткөн? Негизи, ишеним адам менен кошо төрөлчү тубаса сапат эмес. Аны өрчүтүш үчүн күч-аракет жумшап, Кудайдан аракетибизге бата беришин сурашыбыз керек (Гал. 5:22; Эф. 2:8). Мариям ишенимин өрчүтүш үчүн талыкпай эмгектенген. Муну кайдан билебиз? Келгиле анда, ага эмнелер жардам бергенин карап көрөлү.

16. Мариямдын айтылгандарды кунт коюп укканы кайсы окуялардан көрүнүп турат?

16 Мариям кантип уккан? Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө... шашпасын»,— деген кеңеш берилет (Жкп. 1:19). Мариям ушул сөздөргө ылайык иш кылчу. Луканын Инжилинде анын терең мааниге ээ сөздөрдү кунт коюп угуп, ошолор жөнүндө ой жүгүрткөнү эки ирет жазылган. Айталы, Иса төрөлгөндө, талаадагы койчулар периштеден уккан кабарды Мариямга келип айтып беришкен. Ал эми андан 12 жылдай өткөндөн кийин, уулу Иса терең маанини камтыган ойлорду айткан. Эки жолкусунда тең Мариям айтылгандарды кунт коюп угуп, аларды көкүрөгүнө түйүп алып, кылдат ой жүгүрткөн. (Оку: Лука 2:16—19, 49, 51.)

17. Мариям эмне тууралуу сүйлөгөндү жакшы көрчү жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

17 Мариям эмне тууралуу сүйлөгөн? Анын сөздөрү Ыйык Китепке көп деле жазылган эмес. Анын эң эле узак сөзүн Лука 1:46—55-аяттардан окуй алабыз. Алар анын Ыйык Жазманы абдан жакшы билгенинен кабар берип турат. Андан тышкары, ал сөздөрү Шемуел пайгамбардын энеси Аннанын тиленүүсүнө окшошуп кетет (1 Шем. 2:1—10). Бир изилдөөгө ылайык, ал Еврей Жазмаларынан 20дай жолу үзүндү келтирген. Ырас, Мариямдын жүрөгүндөгү «казынасынан» рухий ойлор ашып-ташып турчу. Ал өзүнүн Досу Жахаба Кудайдан билген баалуу чындыктар жөнүндө айтканды абдан жакшы көрчү.

18. Ишеними күчтүү Мариямды кайсы жактардан туурай алабыз?

18 Жахаба бизге кайсы бир тапшырманы бергенде, аны аткаруу колубуздан келбечүдөй сезилиши мүмкүн. Ошондой болсо, ишеними күчтүү Мариямдан үлгү алып, момундук менен Жахабага толук таяналы жана анын жардам берерине шектенбейли. Андан тышкары, Жахаба жана анын ой-ниети жөнүндөгү ойлорду кунт коюп угуп, ошолор тууралуу ой жүгүртүп, окуп-билгендерибизди башкаларга кубаныч менен айта берели (Заб. 77:11, 12; Лк. 8:18; Рим. 10:15).

19. Ыйык Китепте жазылган ишеними күчтүү инсандардан үлгү алсак, жыйынтыгы кандай болот?

19 Ооба, Ыбрайым пайгамбар, Рут, Хиския жана Мариям Жахабанын досторунан болушкан. Алар Кудай менен ынак мамиледе болгон «көп күбөлөрдүн» айрымдары гана. Аларга окшоп, Кудай менен болгон достугун жогору баалаган ишенимдүү эркек-аялдар абдан арбын. Келгиле, мындан ары да ишеними күчтүү ошол инсандардан үлгү ала берели (Евр. 6:11, 12). Ошентсек, чоң сыйлык аларыбызга — түбөлүккө Жахабанын досу болорубузга — күмөн санабасак болот!