Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба аны «досум» деп атаган

Жахаба аны «досум» деп атаган

«Ысрайыл, сен менин кызматчымсың. Өзүм тандаган Жакып, сен менин досум Ыбрайымдын тукумусуң» (ЫШ. 41:8).

ЫРЛАР: 91, 22

1, 2. а) Адамдардын Кудай менен дос боло аларын кайдан билебиз? б) Бул макалада эмне тууралуу талкуулайбыз?

БЕШИКТЕ жаткандан тартып көргө барганга чейин баарыбыз сүйүүгө абдан муктажбыз. Бул өз ичине махабат сезимин эле эмес, башкалар менен достошууну, карым-катнашта болууну да камтыйт. Бирок биз баарынан да Жахаба Кудайдын сүйүүсүнө муктажбыз. Асмандагы Кудуреттүү Кудай көзгө көрүнбөгөндүктөн, көптөр аны менен тыгыз мамиле өрчүтүп, дос болуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Биз, албетте, андай көз карашта болуудан алыспыз!

2 Ыйык Китепте жеткилең эмес адамдардын Кудай менен дос болгону жөнүндө жазылган. Алардын үлгүсү тууралуу ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Себеби Кудай менен дос болуу — алдыбызга коё турган эң арзырлык максат. Бул жагынан бизге мыкты үлгү көрсөткөндөрдүн бири Ыбрайым пайгамбар болгон. (Оку: Жакып 2:23.) Ал кантип Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алган? Анын Кудайга болгон ишеними күчтүү болгон. Ошондуктан Ыйык Жазмада ал «бардык ишенгендердин атасы» деп аталган (Рим. 4:11). Анда эмесе, Ыбрайым пайгамбарга Кудай менен достошууга ишеними кандайча жардам бергенин карап көрөлү. Ошондой эле ал тууралуу талкуулап жатканда ар бирибиз: «Кантип Ыбрайым пайгамбардыкындай күчтүү ишеним өрчүтүп, Жахаба менен болгон мамилемди бекемдей алам?» — деп ой жүгүртөлү.

ЫБРАЙЫМ ЭМНЕНИН АРКАСЫНДА ЖАХАБА МЕНЕН ДОС БОЛГОН?

3, 4. а) Ыбрайым пайгамбар үчүн, сыягы, эмне эң эле оор сыноо болгон? б) Ыбрайым пайгамбар эмне үчүн уулун курмандыкка чалууга даяр болгон?

3 Улгайып калган пайгамбардын тоонун боору менен акырын чыгып баратканын элестетсең. Ал анын өмүрүндөгү эң эле оор сапары болгон чыгар. Кеп анын карылыгында эмес эле. Анткени 125 жаштарда болсо да, ал дагы эле күүлүү-күчтүү болчу. [1] Артында 25тердеги уулу Ыскак отун көтөрүп баратат. Пайгамбар өзү менен кошо бычак жана от тамызганга керектүү нерселерди ала чыккан. Жахаба ага уулун курмандыкка чалышы керектигин айткан эле (Башт. 22:1—8).

4 Бул Ыбрайым пайгамбар үчүн аябагандай оор сыноо болгону шексиз. Айрымдар Кудайдын ага уулун курмандыкка чал деп айтканы ырайымсыздык болгон деп айтышат. Дагы башкалары Ыбрайым уулун жакшы көрбөгөндүктөн Кудайдын айтканын аткарууга даяр болгон деп ойлошот. Алар өздөрү Кудайга ишенбегендиктен жана чыныгы ишеним кандай болорун түшүнбөгөндүктөн ошентип ой жүгүртүшөт (1 Кор. 2:14—16). Бирок Ыбрайым сокур ишенимге жетектелген эмес. Тескерисинче, ишениминин аркасында ал Кудайды каймана мааниде көрүп тургандыктан тил алган. Ал асмандагы Атасынын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынан аларга орду толгус зыян алып келе турган ишти кылууну талап кылбай турганына шектенген эмес. Ошондой эле эгер Жахабанын тилин алса, өзү да, сүйүктүү уулу да андан бата алышарын жакшы билген. Анын ишеними эмне үчүн күчтүү болгон? Анткени ишеними билимге жана тажрыйбага негизделген.

5. Ыбрайым пайгамбар Жахаба жөнүндө, кыязы, кайдан билген жана билими ага кандай таасир эткен?

5 Билим. Ыбрайым пайгамбар халдейлердин Ур шаарында чоңоюп-өскөн. Ал шаардын тургундары, анын ичинде атасы Терах да буркандарга табынчу (Жаш. 24:2). Ушундай чөйрөдө жашаса да, Ыбрайым пайгамбар кантип Жахабаны жакшы билген? Бул туурасында Ыйык Китепте ачык айтылбайт. Бирок анын Нух пайгамбардын уулдарынын бири Шемдин тогузунчу муундагы урпагы болгону көңүлгө аларлык. Ыбрайым пайгамбар төрөлгөндөн кийин, ишеними күчтүү Шем дагы 150 жылдай жашаган. Анын өзүнүн үй-бүлөсүнө Жахаба жөнүндө билгендерин айтып бергени шексиз. Так айта албасак да, Шемдин Жахаба жөнүндө айткандары Ыбрайым пайгамбарга да жетип, жүрөгүн козгогон деп жыйынтык чыгарганыбыз негиздүү. Ыбрайым Кудай жөнүндө билген сайын аны ого бетер жакшы көрө берген. Ошол билими ага бекем ишеним өрчүтүүгө жардам берген.

6, 7. Топтогон тажрыйбасы Ыбрайым пайгамбарга ишенимин бекемдөөгө кандайча жардам берген?

6 Тажрыйба. Ыбрайым пайгамбар кантип тажрыйба топтогон жана ошол тажрыйбасы кандайча Жахабага болгон ишенимин бекемдеген? Айрымдар айткандай, ойлор сезимге, сезим болсо иш-аракетке алып барат. «Асман-жердин Жаратканы Эң Жогорку Кудай Жахаба» жөнүндө билгендери пайгамбарга аны кастарлап, урматтоого түрткү берген (Башт. 14:22). Ыйык Китепте андай сезим «Кудайдан коркуу» деп аталат. Кудай менен дос болуу үчүн андан коркууга үйрөнүшүбүз зарыл (Евр. 5:7; Заб. 25:14). Так ошол Кудайдан коркуу сезими Ыбрайымга иш-аракет кылууга түрткү берген.

7 Жахаба жашы өр тартып калган Ыбрайым менен Саарага Ур шаарынан чыгып, ата-бабасы тааныбаган жерге кетүүнү буйруган. Андан тышкары, алар өмүрүнүн акырына чейин чатырларда жашашы керек болчу. Ыбрайым пайгамбар тил алгандыктан, Кудай аны бардык жерде коргоп, батасын мол берген. Мисалы, анын бөтөн жерликтер ажарлуу жубайы Саараны тартып алып, өзүн өлтүрүп салышат деп корккон учурлары болгон. Кооптонушуна негиз бар болсо да, ал коркунучка алдырып, Кудайдын тилин албай койгон эмес. Ошондуктан Жахаба өзү кийлигишип, Ыбрайым менен Саараны эки жолу тең керемет жолу менен коргоп калган (Башт. 12:10—20; 20:2—7, 10—12, 17, 18). Башынан өткөн ошол окуялар пайгамбардын ишенимин чыңдаган.

8. Канткенде Жахаба менен болгон достугубузду чыңдай турган билимге жана тажрыйбага ээ боло алабыз?

8 Биз да Жахаба менен дос боло алабызбы? Албетте! Учурда бизде керектүү билим да, тажрыйба да арбын. Ыбрайымдан айырмаланып, бизде Кудайдын терең, түгөнгүс акылмандыгы камтылган Ыйык Китеп бар (Дан. 12:4; Рим. 11:33). Андагы сан жеткис асыл ойлор «асман-жердин Жаратканы» жөнүндөгү билимибизди арттырып, аны сүйүүгө жана урматтоого көмөк кылат. Андай сезимдер Кудайга баш ийүүгө түрткү берет. Ал эми Кудайга баш ийгенибиздин жакшы натыйжасын көргөн сайын, тажрыйба топтой беребиз. Анын кеп-кеңештери бизди коргоорун жана анын бизге батасын берип, колдоп жатканын көрөбүз. Ошондой эле Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылуу канааттануу, кубаныч тартуулап, жан дүйнө тынчтыгына ээ кыларына ынана беребиз (Заб. 34:8; Накыл 10:22). Ошентип, билимибизди арттырып, тажрыйба топтой берсек, Жахабага болгон ишенимибиз өсүп, достугубуз бекемделет.

ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН ДОСТУГУН КАНТИП САКТАГАН?

9, 10. а) Достук бекем болушу үчүн эмне кылуу зарыл? б) Ыбрайымдын Жахаба менен болгон достугун баалап, көздүн карегиндей сактаганы эмнеден көрүнгөн?

9 Достук — баа жеткис байлык. (Оку: Накыл сөздөр 17:17.) Бирок ал кооздук үчүн гана колдонула турган кымбат баалуу буюмга эмес, убагында сугарып, карап туруш керек болгон кооз гүлгө окшош. Ыбрайым пайгамбар Жахаба менен болгон достугун жогору баалап, көздүн карегиндей сактаган. Кантип?

10 Ал Кудайдан коркорун жана ага баш иерин жетиштүү эле деңгээлде көрсөттүм деп ойлогон эмес. Үйүндөгүлөрү менен Канаан жерине баргандан кийин да ал кичинекей жана чоң чечимдерди чыгарарда дайыма Жахабадан жетекчилик издеген. Ыскактын төрөлөрүнө бир жыл калганда, Жахаба 99 жаштагы Ыбрайым пайгамбарга үйүндөгү эркек аттуунун баары сүннөткө отургузулушу керектигин айткан. Ошондо пайгамбар ал буйруктун туура экенине шек санап, олку-солку болду беле? Аны аткарбай коюунун амалын издеди беле? Жок, ал Кудайга толугу менен ишеним артып, ошол эле күнү анын буйругун аткарган (Башт. 17:10—14, 23).

11. Содом менен Амордун талкаланарын билгенде Ыбрайым эмне үчүн тынчсызданган жана Жахаба ага кантип жардам берген?

11 Ыбрайым пайгамбар майда-чүйдөдөй сезилген иштерде да Жахабанын тилин алгандыктан аны менен ынак мамиледе болгон. Ал жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ой-сезимдерин, анын ичинде түпөйүл кылган ойлорун да Жахабага ачык айта турган. Маселен, Кудайдын Содом менен Амор шаарларын жок кыларын билгенде адил адамдар ыймансыздар менен бирге кырылып калабы деп тынчсызданган. Кыязы, пайгамбар Содом шаарында жашаган иниси Лот менен анын үй-бүлөсүнүн тагдырын ойлоп, сарсанаа болсо керек. Бирок ал Кудайга — «бүт жер жүзүнүн Сотуна» — толук таянган жана ага жүрөгүн өйүгөн суроолорун момундук менен берген. Жахаба болсо пайгамбарына өзүнүн канчалык ырайымдуу Кудай экенин жана сот өкүмүн ишке ашырып жатканда да адил адамдарды аман алып калыш үчүн ар бир адамдын жүрөгүн кылдат текшерерин түшүнүүгө чыдамкайлык менен жардам берген (Башт. 18:22—33).

12, 13. а) Билими менен тажрыйбасынын Ыбрайымга кийин кандай пайдасы тийген? б) Ыбрайымдын Жахабага бекем ишенери эмнеден көрүнгөн?

12 Топтогон тажрыйбасы менен билиминин аркасында Ыбрайым пайгамбар Жахаба менен болгон достугун ар убак бекем сактаган. Ал оор сыноого туш болгондо, тактап айтканда, Жахаба уулу Ыскакты курмандыкка чалууну буйрук кылганда, асмандагы Досунун сапаттары жөнүндө ой жүгүрткөн. Анын Мориа жериндеги тоого чыгып баратканын кайрадан элестетип көрөлү. Ал ошондо Жахабаны тез эле өзгөрүп, ырайымсыз, таш боор болуп калды деп ойлоду беле? Албетте, жок! Муну кайдан билебиз?

13 Кызматчыларынын жанынан кетерде Ыбрайым аларга: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз»,— деген (Башт. 22:5). Ал эмнени айткысы келген? Уулун курмандыкка чаларын билип туруп анын кайтып келерин айтуу менен кызматчыларын алдады беле? Жок. Ыйык Китептен Ыбрайымдын ошондо эмне деп ой жүгүрткөнүн биле алабыз. (Оку: Еврейлер 11:19.) Ал «уулун өлгөндөрдүн арасынан тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет деп ой жүгүрткөн». Ооба, ал тирилүүгө ишенген. Анткени байбичеси экөө карып калганда, Жахаба алардын тукум улоо жөндөмдүүлүгүн керемет жолу менен калыбына келтирген болчу (Евр. 11:11, 12). Ошондон улам Жахабанын колунан келбеген эч нерсе жок экенине көзү жеткен. Андыктан кабыргасын кайыштырган ошол күнү кандай окуя болбосун, Жахаба өзүнүн убадаларын аткарыш үчүн анын уулун кайра тирилтерине шектенген эмес. Мына ошондуктан ал «бардык ишенгендердин атасы» деп аталып калган!

14. Жахабага кызмат кылууда кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатасың жана Ыбрайымдын үлгүсү сага кандайча жардам бериши мүмкүн?

14 Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Албетте, Жахаба бизден балабызды курмандыкка чалышыбызды суранбайт. Бирок ал кайсы бир буйругун аткаруу оор сезилсе да же анын себебин толук түшүнбөй жатсак да, баш ийишибизди күтөт. Сага да Кудайдын айткандарын аткаруу кээде кыйын болобу? Алсак, айрым ишенимдештерибизге кабар айтуу оңой эмес. Тартынчаак болгондуктан аларга чоочун кишилер менен сүйлөшүү кыйынга турат. Кээ бирөөлөргө мектептен же жумуштан башкалардан айырмаланып туруу өзүнчө эле сыноо болушу мүмкүн (Чыг. 23:2; 1 Тес. 2:2). Кайсы бир тапшырманы аткаруу колуңан келбечүдөй көрүнүп, өзүңдү Мориа жериндеги тоого чыгып бараткан Ыбрайым пайгамбардай сезген учурларың болобу? Ошондой болсо, анын кайраттуулугу, ишеними тууралуу ой жүгүртүп, андан үлгү ал. Байыркы убактагы ишенимдүү эркек-аялдар жөнүндө ой жүгүртсөк, алардан үлгү алууга жана Досубуз Жахабага мурдагыдан да жакындоого түрткү алабыз (Евр. 12:1, 2).

МОЛ БАТА МЕНЕН КОШТОЛГОН ДОСТУК

15. Ыбрайым пайгамбар Жахабага толугу менен баш ийгенине такыр өкүнгөн эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

15 Кандай деп ойлойсуң, Ыбрайым пайгамбар Жахабага толугу менен баш ийгенине өкүнгөнбү? Ыйык Китептеги: «Ал узак жашап, өмүргө тоюп көз жумуп, ата-бабаларына кошулду»,— деген сөздөргө көңүл бурсаң (Башт. 25:8). Мындан көрүнүп тургандай, Ыбрайым пайгамбар 175ке чыгып, алдан-күчтөн тайып калса да, артка кылчая карап, өткөргөн өмүрүнө ыраазы болгон. Себеби анын жашоосунда Жахаба Кудай менен болгон достугу дайыма биринчи орунда турган. «Өмүргө тоюп көз жумду» деген сөздөр анын жашоодон тажап, келечекте кайра жашагысы келбей калганын билдирбейт.

16. Бейиште эмнелер Ыбрайым пайгамбардын кубанычына кубаныч кошот?

16 Ыйык Китепте Ыбрайым пайгамбардын «пайдубалы бекем, куруучусу жана жаратуучусу Кудай болгон шаарды күтүп жүргөнү» да жазылган (Евр. 11:10). Ал ошол шаарды — жер жүзүн башкара турган Кудайдын Падышалыгын — бир күнү көрөрүнө ишенген. Анын үмүтү сөзсүз ишке ашат! Ыбрайым пайгамбардын жаңы дүйнөдө Жахабага мурдагыдан да ынак болуп, бактылуу өмүр сүрүп жатканын элестетсең. Ал өзүнүн үлгүсү миңдеген жылдар бою Жахабанын көптөгөн кызматчыларына ишенимин бекем сактоого жардам бергенин билгенде аябай кубанат болуш керек. Бейиште ал уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгону «каймана мааниге» ээ болгонун да билет (Евр. 11:19). Андан тышкары, анын ошондо канчалык кайгырганы жөнүндө ой жүгүртүү миллиондогон ишенимдүү кишилерге Жахабанын өз сүйүктүү Уулун курмандыкка бергенде жүрөгү канчалык сыздаганын түшүнүүгө жардам бергенин угуп, сүйүнөрү күмөнсүз (Жкн. 3:16). Пайгамбардын үлгүсү, чынында эле, бизге Жахабанын сүйүүсүнүн эң зор далили болгон кунга чексиз ыраазы болууга жардам берип келет!

17. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң? Кийинки макалада эмне жөнүндө талкуулайбыз?

17 Келгиле, ар бирибиз мындан ары да ишеними күчтүү Ыбрайым пайгамбардан үлгү алууга чечкиндүү бололу. Жахабаны жакшыраак таанып-биле берсек, анын алдында жакшы атка ээ болобуз жана берилгендигибиз үчүн андан сыйлык аларыбызга ынана беребиз. (Оку: Еврейлер 6:10—12.) Андыктан Жахаба менен түбөлүккө дос бололу! Кийинки макалада Кудай менен ынак мамиледе болгон дагы үч инсандын үлгүсүн карап чыгабыз.

^ [1] (3-абзац) Ыбрайым пайгамбардын мурунку аты Ыбрам, ал эми байбичесиники Сара болгон. Бирок бул макалада алардын Жахаба койгон Ыбрайым жана Саара деген ысымдары колдонулат.