Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БИЗДИН АРХИВДЕН

Атагы алыска кеткен автоунаа

Атагы алыска кеткен автоунаа

«Бразилияда Мырзабыздын ишинде үн күчөткүч орнотулган бир машине — „Күзөт мунарасынын машинеси“ — колдонулууда. Аны миллиондогондор жакшы билип калды» (Натаниел Юилл, 1938-жыл).

БРАЗИЛИЯДА 1930-жылдардын башында Падышалыктын иши салыштырмалуу жай жүргөн. 1935-жылы пионер болуп кызмат кылган Натаниел жана Мод Юилл деген жубайлар кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алган Жозеф Рутерфорд бир тууганга кат жазып, кайсы жакка дайындалбасын, кызмат кылууга даяр экенин билдиришкен.

Ошол убакта 62 жаштагы Натаниел бир тууган ардактуу эс алууда эле. Мурун ал курулуш инженери болуп иштеген. Натаниел бир тууган АКШнын Сан-Франциско шаарындагы жыйналышта кызмат жетекчиси болчу. Ал жакта күбөлөндүрүү ишин уюштуруп, кызматта үн күчөткүч аппараттарды мыкты колдоно турган. Тажрыйбасынын, кызмат кылууга болгон даярдуулугунун аркасында ал көп тилдүү жаңы аймакта — учу-кыйырсыз Бразилияда — филиалдын кызматчысы катары жемиштүү эмгектенген.

Натаниел менен жубайы Мод жана аларга тилмеч катары жардам берген Антонио Андраде деген пионер Бразилияга 1936-жылы барышкан. Алар ал жакка абдан баалуу мүлктү — 35 патефон жана үн күчөткүч орнотулган бир машине — ала барышкан. Аймагынын чоңдугу боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турган Бразилияда ал кезде 60тай эле жарчы бар болчу. Бирок техниканын жаңы түрлөрү аларга бир нече эле жылдын ичинде миллиондогондорго чындыкты жеткирүүгө жардам берген.

Юилл бир туугандардын барганына бир ай болгондо, филиал Бразилияда биринчи кызмат жыйынын уюштурган. Жыйын Сан-Паулуда өткөн. Үн күчөткүч орнотулган машинеде коюлган баяндаманы уккандардын саны 110го жеткен. Машинени, сыягы, Мод эже айдаган. Жыйын жарчыларга ушунчалык дем-күч бергендиктен, алар көбүрөөк кызмат кылууга түрткү алышкан. Жарчылар адабияттарды, күбөлөндүрүү баракчаларын, ошондой эле англис, немис, венгр, поляк, испан жана кийинчерээк португал тилдериндеги жаздырууларды кызматта колдонууну үйрөнүшкөн.

Үн күчөткүч орнотулган ушул машине аркылуу жакшы кабар Бразилиядагы миллиондогон адамдарга жеткен

1937-жылы Сан-Паулу, Рио-де-Жанейро жана Куритиба шаарларында өткөрүлгөн үч кызмат жыйынынан кийин ишенимдештерибиз жакшы кабарды жарыялоого жаңы күч менен киришишкен. Машине менен үймө-үй кабар айтылган. Аны жыйынга катышкандар коштоп жүргөн. Ошол кездеги жаш бала Жозе Магловский кийинчерээк: «Биз Ыйык Китепке негизделген адабияттарды текчеге тизип койчубуз. Анан машинеде коюлган баяндаманы угуп, эмне болгонун көрүш үчүн үйлөрүнөн чыккан кишилерге кабар айтчубуз»,— деп жазган.

Жаңылар дарыяда чөмүлүп жатканда, алыс эмес жерде сууга түшкөн адамдар күнгө кактанып жатышкан. Мунун аркасында кабар айтууга сонун мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Рутерфорд бир туугандын чөмүлө тургандарга арналган баяндамасы угузулганда, бүйүрү кызыган адамдар машинени тегеректеп калышкан. Баяндама португал тилине которулуп жатканда, алар кунт коюп угушкан. Анан чөмүлө тургандар поляк тилиндеги Падышалык ырларын бүт дити менен угушкан. Ал эми ишенимдештерибиз ал ырларды чогуу ар кандай тилдерде ырдашкан. 1938-жылдын «Жылдык китебинде»: «Бул Элүүнчү күн майрамына катышкандардын ар бири айтылгандарды өз эне тилинде укканын эске салды»,— деп жазылган.

Жыйындардан кийин жекшемби сайын, жаан жайбы же күн ачык болобу, Сан-Паулунун борборундагы жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы сейил бактарында, турак жайларда, завод-фабрикаларда машинеден Ыйык Китепке негизделген баяндамалар угузулчу. Бир туугандар ал машине менен ай сайын Сан-Паулудан түндүк-батышты көздөй 100 чакырымдай алыс жайгашкан жана 3 000 пес оорулуу жашаган колонияга да барышчу. Кийин ал жакта жыйналыш уюштурулуп, дүркүрөп өсө баштаган. Ал жыйналыштагы жарчылар азаптуу оорусуна карабай, башка колониядагы пес оорулууларга Ыйык Китептеги жубатарлык кабарды жеткирүүгө уруксат алышкан.

1938-жылдын аягында жакшы кабар португал тилинде да жаздырыла баштаган. Маркумдарды эскерүү күнү жарчылар машине менен көрүстөндөрдү кыдырып, «Адам өлгөндө эмне болот?», «Жахаба», «Байлык» деген баяндамаларды угузушкан. Аларды күйүт тарткан 40 000ден ашуун киши уккан!

Бир туугандардын чындыкты кайраттуулук менен жарыялап жатканына каарданган чиркөө кызматчылары бийликтегилерди тукуруп, машиненин үнүн экинчи угулгус кылууга далай жолу аракет кылышкан. Мод эже эскергендей, бир жолу жергиликтүү дин кызматчынын көкүтүүсү менен топ эл машинени курчап алган. Бирок ошондо мэр менен полиция кызматкерлери келип калышкан. Алар жаздырууну башынан аягына чейин угушкан. Ошондой эле мэр биздин адабияттардан алып кеткен. Ошентип, ал күнү эч кандай тополоң болгон эмес. Катуу каршылыктар болсо да, 1940-жылдын «Жылдык китебинде» жазылгандай, 1939-жыл Бразилияда «Улуу Теократка кызмат кылып, анын ысмын жарыялоо үчүн эң сонун убак болгон».

«Күзөт мунарасынын машинеси» деп аталган унаанын келиши менен Бразилиядагы кабар айтуу ишинде чоң бурулуш болгон. Ал жакшы кабардын миллиондогондорго жетишине зор салым кошкон. Атагы алыска кеткен ал машине 1941-жылы сатылып кетсе да, Жахабанын Күбөлөрү учу-кыйырына көз жетпеген Бразилиядагы жүрөгү таза адамдарга жакшы кабарды жарыялаганын улантууда! (Бразилиядагы архивибизден).