Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ар бирибиз бере ала турган жөнөкөй суроо

Ар бирибиз бере ала турган жөнөкөй суроо

МЭРИ менен күйөөсү Жондун a өлкөсүнө Филиппинден көптөр иштегени келет. Ошондуктан аларга кабар айтканга жакшы шарт түзүлөт. COVID-19 пандемиясы учурунда Мэри өзүнүн өлкөсүндөгүлөр менен эле эмес, башка өлкөдөн келгендер менен да көп изилдөө баштаган. Ал муну кантип кылган?

Адатта, Мэри өзү менен изилдегендерден: «Ыйык Китепти изилдегиси келген дагы башка бирөөлөрдү билесиңби?» — деп сурачу экен. Эгер ошондойлор болсо, алар менен тааныштырып коюшун суранчу экен. Ушундай жөнөкөй эле суроонун аркасында жакшы натыйжа болгон. Эмне үчүн? Анткени Кудайдын Сөзүн жогору баалагандар билгендери тууралуу үйүндөгүлөрү, достору менен бөлүшкүсү келет. Мэринин суроосуна аны менен изилдегендер эмне деп жооп берген?

Мэри менен изилдеген Жасмин деген кыз аны дагы башка 4 киши менен тааныштырган. Алардын бири Кристин деген келин болчу. Ага изилдөө ушунчалык жаккандыктан, Мэриден жумасына 2 жолу изилдеп туралы деп суранган. Мэри андан да Ыйык Китепти изилдегиси келгендерди билер-билбесин сураганда, анын ошондой достору бар экенин айткан. Бир нече жуманын ичинде эле Кристин Мэрини 4 досу менен тааныштырган. Кийинчерээк Кристин аны дагы башка кыздар менен тааныштырган. Алардын айрымдары болсо Мэрини өздөрүнүн курбу-курдаштары менен тааныштырышкан.

Кристин Филиппинде жашаган үйдөгүлөрүнүн да Ыйык Китеп тууралуу билишин каалаган. Ошон үчүн ал кызы Андреага Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү сунуштаган. Башында Андреа: «Жахабанын Күбөлөрүнүн дини бир кызыктай. Алар Исага ишенбейт, Байыркы Келишимди эле изилдейт»,— деп ойлогон. Бирок бир эле жолу изилдеп көргөндөн кийин көз карашы өзгөргөн. Жаңы нерселерди билген сайын ал: «Ыйык Китепте ушинтип айтылса, демек бул чындык да!» — деп айтчу.

Кийинчерээк Андреа Мэрини эки досу жана чогуу иштеген бир аял менен тааныштырган. Алар да изилдей баштаган. Андреанын Анжела деген да көзү көрбөгөн тууганы бар болчу. Ал Мэри Андреага изилдөө өткөндө, аларды дайыма угуп отурчу экен. Бирок муну Мэри билген эмес. Бир күнү эле Анжела Андреадан: «Мени да Мэри менен тааныштырып койчу. Изилдегим келип жатат»,— деп суранган. Анжелага билген нерселери аябай жаккан. Ал бир айдын ичинде эле бир нече аятты жаттап алган жана жумасына 4 жолу изилдегиси келерин айткан. Ал Андреанын жардамы менен жыйналышка дайыма онлайн катыша баштаган.

Мэри Кристин менен изилдеп жатканда, Кристиндин күйөөсү Жошуанын кулак түрүп, ары-бери көп кирип-чыгарын байкаган. Ошондуктан андан да изилдегиси келер-келбесин сураган. Жошуа болсо: «Мен жөн эле угуп отурам. Мага суроо бербегиле. Суроо берсеңер, туруп алып кетип калам»,— деген. Бирок 5 мүнөт өтүп-өтпөй эле, ал Кристинге караганда көбүрөөк суроо бере баштаган. Анан андан ары да изилдегиси келерин айткан.

Мэри бир эле жөнөкөй суроо берип, көптөр менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Алардын айрымдары менен башка боордошторунан изилдөө өтүшүн суранган. Баары биригип, Мэри 28 изилдөө баштаган. Алар 4 башка өлкөдөн болчу.

Биринчи болуп изилдей баштаган Жасмин 2021-жылы апрелде чөмүлгөн. Кристин болсо 2022-жылы майда чөмүлүп, үй-бүлөсү менен чогуу болуш үчүн Филиппинге кайтып барган. Кристин Мэри менен тааныштырган эки кыз да чөмүлгөн. Көзү көрбөгөн Анжела болсо изилдей баштаганынан бир нече ай өткөндөн кийин чөмүлгөн. Азыр ал үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылат. Ал эми Кристиндин күйөөсү Жошуа, кызы Андреа жана башкалар жакшы ийгиликтерди кылып жатышат.

1-кылымда да жакшы кабар аябай бат тараган. Анткени көптөр билгендерин үйүндөгүлөрүнө, досторуна айтышкан (Жкн. 1:41, 42а; Элч. 10:24, 27, 48; 16:25—33). Андыктан силер менен изилдегендерден же чындыкка кызыккандардан: «Ыйык Китепти изилдегиси келгендерди билесиңби?» — деп сурап көргүлө. Ким билет, балким, ушундай жөнөкөй эле суроонун аркасында көптөр Ыйык Китепти изилдей баштайттыр.

a Ысымдар өзгөртүлдү.