Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бул дүйнөнүн көз карашына алдырып, өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула

Бул дүйнөнүн көз карашына алдырып, өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ көптөрдүн өзүнө өзгөчө мамиле кылынышын талап кыларын байкадыңар беле? Аларга канчалык өзгөчө мамиле кылынбасын: «Мен мындан да көпкө татыктуумун»,— дешет. Мындай ой жүгүртүү өзүмчүлдүктөн жана жакшылыкты билбегендиктен пайда болот. Ыйык Китепте акыркы күндөрдө ушундай адамдардын көп болору айтылган (Тим. 2-к. 3:2).

Албетте, өзүмчүлдүк сапаты тээ алмустактан бери эле тамырын жайып келе жатат. Мисалы, Адам ата менен Обо эне эмне туура, эмне туура эмес экенин өздөрү тандоону чечишкен. Ошонун айынан баарыбыз тең азап чегип жатабыз. Ошондон бир топ кылым өткөндөн кийин Жүйүт падышасы Узия ибадатканада жыпарзат түтөтүп, укугу жок нерсени кылган. Бирок мунун ачуу кесепетин тарткан (Жыл. 2-к. 26:18, 19). Ошол сыяктуу эле, фарисейлер менен садукейлер Ыбрайымдын урпактары болгондуктан эле Кудай аларга өзгөчө мамиле кылышы керек деп эсептешкен (Мт. 3:9).

Биз өзүмчүл жана менменсинген адамдардын арасында жашагандыктан, алардын көз карашы бизге да таасир этиши мүмкүн (Гал. 5:26). Ошонун айынан «башкалар мага өзгөчө мамиле кылышы керек, мен буга татыктуумун» деп ойлой башташыбыз ыктымал. Канткенде ушинтип ойлогондон алыс боло алабыз? Эң алды, Жахабанын көз карашын түшүнүшүбүз керек. Ан үчүн Ыйык Китептеги эки принципти карап чыгалы.

Биздин эмнеге татыктуу экенибизди бир гана Жахаба чечет. Айрым мисалдарга токтололу.

  • Жахабанын талабына ылайык, үй-бүлөдө аял күйөөсүн урматташы, ал эми күйөөлөр аялын сүйүшү керек (Эф. 5:33). Ошондой эле жубайлар махабат сезимдерин бири бирине гана арнашы керек (Кор. 1-к. 7:3). Ата-энелер балдарынан тил алууну талап кылганга укуктуу. Балдар болсо ата-энесинин сүйүүсүнө, мээримине бөлөнүп чоңоюшуна татыктуу (Кор. 2-к. 12:14; Эф. 6:2).

  • Жыйналыштагы күжүрмөн эмгектенген аксакалдар биздин аларды урматтап-сыйлашыбызга татыктуу (Тес. 1-к. 5:12). Ошентсе да алардын боордошторуна үстөмдүк кылганга укугу жок (Пет. 1-к. 5:2, 3).

  • Кудай өкмөт башындагыларга элден салык төлөөнү жана урматтоону талап кылганга укук берген (Рим. 13:1, 6, 7).

Биз татыктуу болбосок да, Жахаба сүйүүсүнөн улам бизге көп нерсени берген. Күнөөкөр болгондуктан, биз өлүмгө эле татыктуу болчубуз (Рим. 6:23). Анткен менен Жахаба бизди ушунчалык сүйгөндүктөн бизге көп жакшылык кылган (Заб. 103:10, 11). Биз андан алган ар бир батага, сыймыктуу жоопкерчиликке татыктуу болгон үчүн эмес, ал бизге ырайым кылган үчүн ээ болуп жатабыз (Рим. 12:6—8; Эф. 2:8).

ӨЗҮМЧҮЛ БОЛУП, МЕНМЕНСИНБЕШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

Бул дүйнөнүн көз карашын жуктуруп алгандан сак болгула. Өзүбүз байкабай эле: «Мен башкаларга караганда көп нерсеге татыктуумун»,— деп ойлой башташыбыз ыктымал. Оңой эле ушинтип ойлоп алышыбыз мүмкүн экенин түшүндүрүш үчүн Иса бир мисал келтирген. Ал күнүгө бир динар алып иштегенге макул болгон жумушчулар жөнүндө айтып берген. Алардын айрымдары таң заарда келип, мээ кайнаткан ысыкта бир күн кечке иштешсе, башкалары бир саат эле иштеген. Бир күн кечке иштеген жумушчулар: «Бизге көбүрөөк акы төлөнүшү керек»,— деп ойлошкон (Мт. 20:1—16). Иса бул мисал менен жолдоочуларына Кудай эмне берсе, ошого ыраазы болушу керектигин түшүндүргүсү келген.

Бир күн кечке иштеген жумушчулар көбүрөөк акы алганга татыктуумун деп ойлогон

Ыраазы боло билгиле, талапчыл болбогула (Тес. 1-к. 5:18). Элчи Пабылдан үлгү алгыла. Укуктуу болсо да, ал Корунттагы жыйналыштан анын кем-карчын толукташын талап кылган эмес (Кор. 1-к. 9:11—14). Биз да башкалардын жакшылыгына ыраазы болуп, талапчыл болбошубуз керек.

Элчи Пабыл башкалардан анын кем-карчын толукташын талап кылган эмес

Момун болгула. Өзү жөнүндө өтө эле жогору ойдо болгон адам өзү укуктуу болгон нерседен да көптү көксөй баштайт. Ал эми момундук — акылды ууландырган ушундай көз караштын уу кесери.

Жахаба Даниелди момун болгону үчүн жогору баалаган

Даниел пайгамбар момун болуп, жакшы үлгү калтырган. Ал тектүүлөрдүн тукумунан чыккан келишимдүү, жөндөмдүү, зээндүү жигит болгон. Ушул нерселер аны менменсинүүгө, өзгөчө мамилеге татыктуумун деген ойго түртүп коё алмак. Бирок Даниел момун бойдон калган (Дан. 1:3, 4, 19, 20). Жахаба аны так ушул сапаты үчүн жогору баалаган (Дан. 2:30; 10:11, 12).

Азыркы дүйнөдө өзүмчүл, менменсинген адамдар аябай көп. Биз алардай болбойлу. Анын ордуна, Жахабанын чексиз ырайымынан улам берген ар бир батасын баалап, ошол нерселерге кубана берели.