6-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз
Жахабанын кечиримдүүлүгүн жогору баалайсыңарбы?
«Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун . . .берди» (ЖКН. 3:16).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Баарыбыз Жахабанын кечиримдүүлүгүнө болгон ыраазычылыгыбызды арттыргыбыз келет. Буга Жахабанын күнөөлөрүбүздү кечириши үчүн эмнелерди кылганын билгенибиз жардам берет.
1, 2. Кандайча адамзаттын жагдайы 1-абзацта айтылган жигиттикине окшош?
БАЙ үй-бүлөдө чоңойгон жаш жигитти элестетсеңер. Бир күнү эле ата-энеси каза болуп калат. Муну укканда ал асманы жерге түшүп эле отуруп калат. Бирок көп өтпөй дагы башка жаман кабар угат. Көрсө, ата-энеси бүт акчасын чачып, карызга белчесинен батып калган экен. Ошентип, ага ата-энесинен мурас катары байлык эмес, очойгон карыз калат. Карыз бергендер да жанын койбой акчасын доолайт. Андай карызды болсо ал өмүрү төлөп бүтө алмак эмес.
2 Биздин жагдайыбыз да кандайдыр бир мааниде ушул жигиттикине окшош. Тээ түпкү ата-энебиз — Адам ата менен Обо эне — жеткилең болушкан жана көркү көз жоосун алган бейиште жашашкан (Башт. 1:27; 2:7—9). Алар азап-кайгы деген эмне экенин билбей, түбөлүк өмүр сүрө алмак. Бирок күнөө кылганда баары көз ирмемде өзгөргөн. Алар бейиштен да, түбөлүк өмүрдөн да кол жууган. Ал эми урпактарына кандай «мурас» калтырышкан? Ыйык Китепте бул тууралуу: «Күнөө адамзатка бир киши [Адам ата] аркылуу өткөн, ал эми күнөө аркылуу өлүм өткөн, ошентип, өлүм баарына тараган, себеби баары күнөөкөр болуп калган»,— делет (Рим. 5:12). Адам атадан бизге өлүмгө алып бара турган күнөө «мурас» катары өтүп келет. Күнөөнү очойгон карызга салыштырса болот. Аны эч кимибиз төлөй албайбыз (Заб. 49:8).
3. Кандайча күнөөлөрүбүз карызга окшош?
3 Иса күнөөнү «карызга» салыштырган (Мт. 6:12; Лк. 11:4, шилт.). Күнөө кетиргенде Жахабага карыз болгондой болуп калабыз. Аны төлөбөсөк, жазаланмакпыз. «Карызыбыз» өлгөндө гана жокко чыкмак жана эч качан кайра жашаганга үмүттөнө алмак эмеспиз (Рим. 6:7, 23).
4. а) Чара көрүлбөсө, күнөөкөрлөр эмне болмок? (Забур 49:7—9). б) «Күнөө» деген сөз Ыйык Китепте эмнеге карата айтылат? (« Күнөө» деген кутучаны карагыла.)
4 Адам ата менен Обо эне жоготкон нерсени өз күчүбүз менен кайтара алабызбы? Жок, эч качан. (Окугула: Забур 49:7—9.) Эгер чара көрүлбөсө, келечекте түбөлүк жашайбыз же тирилебиз деп эч качан үмүттөнө алмак эмеспиз. Жаныбарлардай болуп эле жок болуп кете бермекпиз (Нас. 3:19; Пет. 2-к. 2:12).
5. Мээримдүү Атабыз карызыбызды төлөгөнгө кантип жардам берген? (Сүрөттү да карагыла.)
5 Башында сөз кылынган жигитке кайрылып келели. Эгер анын карызынын баарын бир бай киши төлөп коюну сунуштаса, ал кандай сезимде болмок? Жигит ал кишинин марттыгына абдан ыраазы болуп, сунушуна макул болмоктугу шексиз. Ошол сыңары, мээримдүү Атабыз Жахаба Адам атадан калган «карызды» толугу менен төлөп берген. Иса бул тууралуу мындай деген: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк жашасын деп берди» (Жкн. 3:16). Андан тышкары, Жахабанын бул белеги бизге аны менен ынак мамиледе болгонго да жол ачкан.
6. Бул макалада эмнелерди карайбыз жана эмне үчүн?
6 Канткенде ушул баа жеткис белектин пайдасы тийип, «карыздарыбыз» же күнөөлөрүбүз кечирилет? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китептеги элдешүү, күнөөдөн арылуу, кун төлөө, эркиндикке чыгаруу жана адил деп жарыялоо деген сөз айкаштарын изилдеп көрүшүбүз керек. Бул макалада ушулардын ар биринин маанисин талкуулайбыз. Ушулар тууралуу ой жүгүрткөндө Жахабанын бизди эмненин негизинде кечирерин билип, ага ыраазычылыгыбыз артат.
МАКСАТ: ЭЛДЕШҮҮ
7. а) Адам ата менен Обо эне дагы эмнеден айрылган? б) Алардын урпактары катары биз эмне кылышыбыз керек болчу? (Римдиктерге 5:10, 11).
7 Адам ата менен Обо эне түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылгандан тышкары, асмандагы Атасы Жахаба менен болгон мамилесинен да кол жууп калган. Башында алар Кудайдын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болчу (Лк. 3:38). Бирок Жахабага баш ийбей койгондо ошол үй-бүлөдөн куулуп чыгышкан. Ал кезде алар балалуу боло элек эле (Башт. 3:23, 24; 4:1). Алардын урпактарынын эч кимиси, анын ичинде биз да Жахабанын үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алмак эмеспиз. Ортодогу мамилени калыбына келтириш үчүн кимдир бирөө бизди элдештириши керек болчу. (Окугула: Римдиктерге 5:10, 11.) Ошондо аны менен кас болбой, дос боло алмакпыз. Бир эмгекке ылайык, грек тилиндеги «элдешүү» деген сөз «душман менен достошуу» деген да маанини камтыйт. Таң калыштуусу, Жахаба биз менен элдешиш үчүн өзү биринчи кадам таштаган. Кандайча?
ЧАРА: КҮНӨӨДӨН АРЫЛТУУ
8. Жахаба эмне кылган жана ал эмнеге жол ачкан?
8 Күнөөдөн арылтуу чарасы. Жахаба бул чараны күнөөкөр адамзат менен кайрадан дос болуш үчүн көргөн. Ушундайча ал Адам ата кол жууган нерсени кайрып алмак. Кантип? Ан үчүн Адам ата жоготкон нерсенин ордун баса ала турган бир нерсе берген. Римдиктерге 3:25те Жахаба адамдарды өзү менен «элдештириш үчүн» Машаякты курмандыкка чалганы айтылат. Мунун аркасында ар бирибиз аны менен жакшы мамиледе боло алабыз.
9. Ысрайылдыктардын күнөөсү кечирилиши үчүн Жахаба кандай убактылуу чара көргөн?
9 Байыркы учурда ысрайылдыктар күнөөлөрү кечирилип, Жахаба менен ынак мамиледе боло алышы үчүн курмандык чалышчу. Бул убактылуу чара болчу. Ошондой эле Ысрайылда жыл сайын Күнөөдөн арылуу күнү белгиленчү. Ошол күнү башкы дин кызматчы эл үчүн малды курмандыкка чалчу. Албетте, ал курмандыктар эч кимди күнөөдөн толугу менен арылта алган эмес. Анткени жаныбарлар адамдан төмөн турат. Ошентсе да ысрайылдыктар күнөөсү үчүн өкүнүп, Жахаба талап кылган курмандыктарды чалганда, ал аларды кечирген (Евр. 10:1—4). Мындан тышкары, ошол күнү жана башка учурларда чалынган курмандыктар элге күнөөкөр экенин жана күнөөдөн биротоло арылта турган башка курмандыкка муктаж экенин эскертип турган.
10. Жахаба адамзатты күнөөдөн биротоло арылтыш үчүн эмне кылган?
10 Адамзатты күнөөдөн толугу менен арылтыш үчүн Жахаба эмне кылган? Ал сүйүктүү Уулун «көптөрдү күнөөдөн арылтыш үчүн. . . бир жолу, биротоло курмандыкка чалган» (Евр. 9:28). Ушундайча Иса «көптөр үчүн өз өмүрүн кун катары берген» (Мт. 20:28). Кун деген эмне?
ТӨЛӨНГӨН БАА: КУН
11. а) Жахаба эмне үчүн кун төлөөнү чечкен? б) Кун төлөнүшү үчүн эмне талап кылынган?
11 Ыйык Китепке ылайык, Жахаба күнөөлөрүбүз кечирилип, аны менен ынак мамиледе боло алышыбыз үчүн кун төлөнүшү керек деп чечкен a. Кун жоготкон нерсени кайра кайрыганга негиз бермек. Кандайча? Адам ата менен Обо эненин жеткилеңдиктен жана түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылганын эстесеңер. Кун алар жоготкон нерсенин ордуна төп келиши керек болчу (Тим. 1-к. 2:6). Кунду эресеге жеткен эркек киши гана төлөй алмак. Ал 1) жеткилең болушу, 2) жер бетинде түбөлүк жашай алгыдай болушу жана 3) биз үчүн өмүрүн кун катары бергенге даяр болушу керек болчу. Ошондо гана ал Адам ата жоготкон нерсени кайрып бере алмак.
12. Эмне үчүн кунду Иса төлөй алган?
12 Кунду эмне үчүн Иса төлөй алмактыгынын үч себебин карап көрөлү. 1) Ал жеткилең болгон жана «бир да күнөө кылган эмес» (Пет. 1-к. 2:22). 2) Ошол себептен ал жер бетинде түбөлүк жашай алмак, 3) ал биз үчүн өмүрүн бергенге даяр болгон (Евр. 10:9, 10). Адам ата күнөө кетиргенге чейин жеткилең болгондой эле, Иса да жеткилең болгон (1 Кор. 15:45). Ошондуктан Иса өмүрүн бергенде бизди Адам атанын күнөөсүнөн арылтып, ал жоготкон нерсени кайрып берген (Рим. 5:19). Ушундайча ал «акыркы Адам» болуп калган. Андыктан башка жеткилең киши келип, кун төлөшү зарыл болбойт. Анткени Иса «өзүн бир эле жолу, биротоло курмандыкка чалган» (Евр. 7:27; 10:12).
13. Күнөөдөн арылтуу чарасы менен кундун кандай айырмасы бар?
13 Күнөөдөн арылтуу чарасы менен кундун кандай айырмасы бар? Күнөөдөн арылтуу чарасы деген Кудай адамзат менен кайрадан жакшы мамиледе болуш үчүн кылган иш-аракетин билдирет. Ал эми кун — адамзатты күнөөдөн арылтыш үчүн төлөнгөн баа. Ал баа Исанын биз үчүн төккөн канын билдирет (Эф. 1:7; Евр. 9:14).
НАТЫЙЖА: ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРУУ ЖАНА АДИЛ ДЕП ЖАРЫЯЛОО
14. Азыр эмнени карайбыз жана эмне үчүн?
14 Жахабанын адамзатты күнөөдөн арылтыш үчүн көргөн чарасынын натыйжасы кандай болгон? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китептеги эки сөз айкашынын маанисин талкуулайлы. Алар Жахабанын кечиримдүүлүгү эмнеге жол ачканын түшүнгөнгө жардам берет.
15, 16. а) Кун төлөнгөнүнүн натыйжасы кандай болгон? б) Бул бизде кандай сезимдерди туудурат?
15 Ыйык Китепте кун төлөнгөндүктөн биздин эркиндикке чыкканыбыз айтылат. Муну элчи Петир мындай деп түшүндүргөн: «Өзүңөр билгендей, силер ата-бабаларыңардан өтүп келаткан маңызсыз жашоодон күмүш же алтын сыяктуу чирип жок боло турган нерселердин күчү менен эмес, Машаяктын таза, кемтиги жок козунун канындай болгон баа жеткис каны аркылуу кутулдуңар» (Пет. 1-к. 1:18, 19).
16 Кун төлөнгөндүктөн биз күнөө менен өлүмдүн туткунунан боштондукка чыкканбыз (Рим. 5:21). Бизди эркиндикке чыгарганы үчүн Жахаба менен Уулуна миң мертебе ыраазыбыз (Кор. 1-к. 15:22).
17, 18. а) Адил деп жарыялоо деген эмнени билдирет? б) Бул бизге кандай таасир этет?
17 Ыйык Китепте Жахаба өзүнүн кызматчыларын адил деп жарыялаары айтылат. Бул анын бизден күнөөлөрүбүздү же «карызыбызды» төлөгүлө деп талап кылбай турганын билдирет. Жахабанын ушундай кылганы өзүнүн адил талаптарын бузгандыкка жатпайт. Ал бизди өзүбүз татыктуу болгон үчүн адил деп жарыялабайт жана күнөөлөрүбүзгө көз жумбайт. Ал күнөөдөн арылтуу чарасына жана төлөнгөн кунга ишенгенибиз үчүн күнөөлөрүбүздү өчүрүп салганга даяр (Рим. 3:24; Гал. 2:16).
18 Бул ар бирибиз үчүн эмнени билдирет? Адил деп жарыялангандардын айрымдары Иса менен асманда башкарганга тандалып, Кудайдын балдары болуп калган (Тит 3:7; Жкн. 1-к. 3:1). Жахаба алардын күнөөсүн биротоло өчүрүп салган. Ошон үчүн падыша болгонго жарактуу болуп калышкан (Рим. 8:1, 2, 30). Адил деп жарыялангандардын көбү болсо жер бетинде жашаганга үмүттөнөт. Жахаба алардын күнөөсүн кечирип, өзү менен дос болгонго мүмкүнчүлүк берип келет (Жкп. 2:21—23). Армагедондон аман өткөн эбегейсиз көп адамдардын эч качан өлбөй жашаганга мүмкүнчүлүгү бар (Жкн. 11:26). Өлүм уйкусунда жаткан адил адамдар да, адил эмес адамдар да тирилет (Элч. 24:15; Жкн. 5:28, 29). Эң акырында, Жахабанын ага баш ийген жердеги кызматчыларынын баары «Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгат» (Рим. 8:21). Биз ошол убакты чыдамсыздык менен күтүп келебиз!
19. Кандайча жагдайыбыз жакшы жакка өзгөргөн? (« Бул биз үчүн эмнени билдирет?» деген кутучаны да карагыла.)
19 Биздин жагдайыбыз макаланын башында айтылган жигиттикине окшош болчу. Бирок, бактыга жараша, Жахаба жардамга келген. Жагдайыбыз Жахабанын күнөөдөн арылтуу чарасынын жана кун төлөгөнүнүн аркасында өзгөргөн. Иса Машаякка болгон ишенимибиз бизди күнөө менен өлүмдүн туткунунан эркиндикке чыгарат. Күнөөлөрүбүз да биротоло өчүрүлөт. Баарынан маанилүүсү, асмандагы мээримдүү Атабыз Жахаба менен азыртан эле жакшы мамиледе боло алабыз.
20. Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?
20 Жахаба менен Исанын биз үчүн кылгандары жөнүндө ойлонгондо жүрөгүбүз ыраазычылыкка толоруна шек жок (Кор. 2-к. 5:15). Алардын жардамысыз эч нерседен үмүттөнө алмак эмеспиз. Эмки макалада Жахабанын кечиримдүүлүгү эмнени билдирерин талкуулайбыз.
10-ЫР: Жахаба Кудайды даңктагыла!
a Айрым тилдерде «кун» деген сөз түзмө-түз «өмүрдүн баасы» же «кайсы бир нерсе үчүн төлөнгөн акы» дегенди билдирет.