ӨМҮР БАЯН
«Жахаба эч качан жалгыз калтырган жок»
КӨБҮБҮЗДҮН эле кайсы бир жагдайдан улам, мисалы, сүйүктүү адамыбыздан айрылганда, жаңы жерге көчүп барганда же жаныбызда сыр чечишип сүйлөшөр бир жан жок калганда жалгызсыраган учурларыбыз болот. Ушунун баары башыман өткөн. Бирок азыр ойлонуп көрсөм, Жахаба мени эч качан жалгыз калтырбаптыр. Эмне үчүн ушинтип айтып жатканым жөнүндө кеп салып берейин.
АТА-ЭНЕМДИН ҮЛГҮСҮ
Атам менен апам католик динине берилген адамдардан болчу. Бирок Ыйык Китептен Кудайдын аты Жахаба экенин билишкенде экөө тең Жахабанын ынталуу кызматчысы болушкан. Атам уста болгондуктан, Исанын сөлөкөтүн жасаганды жакшы көрчү. Бирок чындыкты таанып-билгенден кийин үйдүн биринчи кабатын жыйналыш өткөргөнгө ылайыктуу кылып жасаган. Ошентип, үйүбүз Сан-Хуан дель Монтедеги биринчи Падышалык залы болуп калган. Биз Филиппиндин борбор шаары Маниланын чет жакасында турчубуз.
Мен 1952-жылы жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем мени жана 4 байкем менен 3 эжемди чындык жолунда колунан келишинче жакшы тарбиялашкан. Бала кезимден эле атам мени Ыйык Китептен күнүгө бир бөлүм окуганга үндөчү. Ал уюмубуз чыгарган ар кандай адабияттарды колдонуп мага Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берген. Кээде атамдар кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү жана Бейтелде кызмат кылгандарды үйгө конокко алчу. Алар менен сүйлөшкөн баарыбызга аябай жакчу. Анткени алар көптөгөн кызыктуу, дем-күч берген окуяларды айтып беришчү. Бул бизге Жахабага кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга койгонго түрткү берген.
Жахабага берилгендигин сактаган ата-энем мени көп нерсеге үйрөттү. Жанымдай жакшы көргөн апам катуу ооруп, каза болуп калгандан кийин, 1971-жылы атам экөөбүз пионердик кызматты баштадык. Өкүнүчтүүсү, 1973-жылы атам да каза болуп калды. Ошондо 20да болчумун. Атамдан да, апамдан да айрылганда жан дүйнөм аңгырап, бопбош болуп, өзүмдү жалгыз калгандай эле сезгем. Бирок Ыйык Китептеги «бекем жана сөзсүз орундала» турган үмүт мага кайгыга чөгүп кетпегенге жана рухий жактан бекем бойдон калганга күч берди (Евр. 6:19). Атам көз жумгандан көп өтпөй эле Палаван провинциясындагы обочо жайгашкан Корон аралында атайын пионер болгонго макул болдум.
ООР ТАПШЫРМАЛАРДЫ ЖАЛГЫЗ АТКАРЫШЫМ
Коронго барганымда 21 жашта болчумун. Ал аралда электр жарыгы бат-бат өчүп, таза суу тартыш экен, унаалар да дээрлик жок экен.
Шаарда чоңойгондуктан мындайды көрбөгөн жаным буга аябай таң калдым. Жахабанын Күбөлөрү аз болгондуктан, кээде шеригим жок, өзүм жалгыз кабар айтчумун. Бир айдан кийин үйүмдү, бир туугандарымды, досторумду сагынып, абдан куса болдум. Түнүчүндө жалгызсырап, жылдыздарды карап алып, көзүмө жаш тегеренчү. Баарын таштап, үйүмө кетип калгым келчү.Жалгыздык жанга баткан ошондой учурларда жүрөгүмдөгүнүн баарын Жахабага төкчүмүн. Ыйык Китептен жана адабияттардан окуган дем-шык берген ойлорду да эсиме салчумун. Забур 19:14тө жазылгандар жөнүндө көп ойлондум. Анан Жахабанын иштери, сапаттары сыяктуу жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүртсөм, ал «менин Аска-Зоом, Куткаруучум» болорун түшүндүм. Ошондой эле «Күзөт мунарасына» чыккан «Силер эч качан жалгыз эмессиңер» a деген макала абдан сооротту. Аны кайра-кайра окудум. Бир чети, жалгыз болгондуктан Жахаба менен болуп көрбөгөндөй ынак болуп калдым. Анткени көбүрөөк тиленгенге, изилдегенге жана ой жүгүрткөнгө сонун шарт түзүлчү.
Коронго барганыман көп өтпөй эле аксакал болуп дайындалдым. Жалгыз аксакал болгондуктан Теократиялык кызмат мектебин, кызмат жолугушуусун, жыйналыштын китеп изилдөөсүн жана «Күзөт мунарасын» изилдөөнү өткөрө баштадым. Жума сайын жалпыга арналган баяндама да айтчумун. Ошентип, жалгызсыраганга убактым да болбой калды.
Корондогу кызматым абдан жемиштүү болду. Мени менен изилдегендердин айрымдары чөмүлүштү. Анткен менен кыйынчылыктар да болбой койгон жок. Кээде аймагыма жөө-жалаң жарым күн дегенде араң жетчүмүн. Анан ал жактан тааныбаган бирөөлөрдүкүнө түнөп калганга туура келчү. Жыйналышыбыздын аймагына көптөгөн майда аралдар да кирчү. Ал аралдарга көп учурда чакан моторлуу кайык менен албууттанган толкундарды жиреп отуруп жетчүмүн. Сүзгөндү да билчү эмесмин. Ошондой кыйынчылыктардын баарында Жахаба мени коргоп, колдоп жатканын сезчүмүн. Көрсө, ошондо Жахаба мени андан да чоң кыйынчылыктар менен коштоло турган тапшырмаларды аткарганга даярдаптыр.
ПАПУА-ЖАҢЫ ГВИНЕЯ
1978-жылы Австралиянын түндүгүндөгү Папуа-Жаңы Гвинеяга дайындалдым. Папуа-Жаңы Гвинея — тоолуу өлкө. Аянты дээрлик Испанияныкындай. Калкынын саны, болжолу, 3 миллионго жетерин жана ал жакта жашагандар 800дөн ашуун тилде сүйлөй турганын билгенде айран-таң калдым. Бактыга жараша, элдин көбү ток-писин деп да белгилүү болгон меланезия пиджин тилинде сүйлөйт экен.
Мен башында Папуа-Жаңы Гвинеянын борбор шаары Порт-Морсбидеги англис тилиндеги жыйналышка дайындалдым. Бирок кийин ток-писин тилиндеги жыйналышка которулуп, тил үйрөнүш үчүн курска бара баштадым. Курстан үйрөнгөндөрүмдү кабар айтканда колдонгонго аракет кылдым. Ошонун аркасында тилди бат өздөштүрүп кеттим. Ошентип, көп өтпөй эле ток-писин тилинде баяндама айта баштадым. Папуа-Жаңы Гвинеяга барганымдан 1 жыл өтпөй эле мени райондук көзөмөлчү кылып дайындашты. Мен бир нече чоң провинциядагы ток-писин тилиндеги жыйналыштарды кыдырмакчы болдум. Ошондо таң калганымды сурабагыла.
Жыйналыштар бири-биринен алыс жайгашкандыктан, бир нече райондук жыйынды уюштурушум керек болчу жана ал жакка барыш үчүн көп жол жүргөнгө туура келчү. Андан тышкары, жаңы
өлкөгө, жаңы тилге, жаңы маданиятка көнө албай да кыйналгам. Тоолуу жер болгондуктан, жолдору да аябай начар болгондуктан, кээ бир жыйналыштарга унаа менен барыш мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан дээрлик жума сайын эскилиги жетип, чачырап кетчүдөй болгон чакан учак менен барчумун. Кээде жалгыз эле жүргүнчү болуп калчумун. Көздөгөн жагыма жеткичекти, баягы кайык менен жүргөндөй эле, стресс болчумун.Ал кезде телефон баарында эле болчу эмес. Ошондуктан жыйналыштарга кат жөнөтчүмүн. Бирок жөнөткөн катыман мурун өзүм биринчи барып калган учурларым көп болчу. Андайда ар кимден: «Жахабанын Күбөлөрүн билесиңерби?» — деп сураштырып, аларды издеп табышым керек болчу. Анан тапканда, алардын сүйүнгөнүн, ыраазы болгонун көрүп кыйналганымдын баарын унутуп калчумун. Жахабанын мени ар кандай жолдор менен колдогонун көп жолу сездим. Ошон үчүн аны менен мурункудан да ынак боло бердим.
Бугенвиль деген аралга биринчи жолу барганымда, бир жубайлар жаныма келип, жылмайып: «Бизди эстедиңби?» — деп сурашты. Ошондо аларга Порт-Морсбиге биринчи жолу барганда кабар айтканымды эстедим. Мен алар менен Ыйык Китепти изилдей баштап, кийин ошол жердеги бир туугандарга табыштап кеткем. Көрсө, экөө тең чөмүлүптүр. Папуа-Жаңы Гвинеяда кылган үч жылдык кызматымда Жахаба мага көптөгөн баталарды төктү. Алардын бири ушул жубайлардын өзүн Жахабага арнаганы болду.
ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛЫШЫМ
1978-жылы Аделге жолуктум. Мен анда башка жакка дайындалып, Корондон кеткени жаткам. Адель жакшынакай, жан аябас келин болчу. Ал Сэмуел деген уулун жана Ширли деген кызын, улгайган апасын карачу. Ошого карабай үзгүлтүксүз пионер болуп жүрүптүр. 1981-жылы майда Адель менен баш кошуш үчүн кайра Филиппинге бардым. Үйлөнгөндөн кийин экөөбүз тең андан ары үзгүлтүксүз пионер болуп, үй-бүлөбүзгө чогуу кам көрө баштадык.
Үй-бүлөлүү болгонума карабай, 1983-жылы кайрадан атайын пионер болуп дайындалдым. Кабар айта турган аймагым Палаван провинциясындагы алыскы Линапакан аралы болчу. Биз үй-бүлөбүз менен ал жакка көчүп бардык. Ал жакта бир да Жахабанын Күбөсү жок болчу. Көчүп барганыбызга бир жыл болуп калганда кайненем өтүп кетти. Оңой болбосо да, кызматыбызды уланттык. Бул бизге күйүткө алдырбаганга жардам берди. Линапаканда көптөр менен Ыйык Китепти изилдеп, алар ийгилик кыла баштады. Ошондуктан чакан Падышалык залын куралы деп чечтик. Ошол аралга барганыбыздан үч жыл өткөндөн кийин Эскерүү кечесине 110 киши катышты. Буга аябай сүйүндүк. Алардын көбү кийин чөмүлүштү.
1986-жылы Кулион аралына дайындалдым. Ал жакта пес оорусу менен ооругандар жашаган атайын аймак бар болчу. Барганыбыздан көп өтпөй эле Адель да атайын пионер болду. Башында пес оорулууларга кабар айткандан коркуп жүрдүк. Бирок жергиликтүү жарчылар дарыланып жатканда алардын оорусу көп жукпай каларын айтышты. Пес оорусу менен ооругандардын кээси бир эженин үйүндө өткөрүлгөн жыйналышка барчу. Бара-бара пес оорулууларга коркпой кабар айтып калдык. Алар өздөрүн Кудай да, эл да бөлүп салгандай Лк. 5:12, 13).
сезишчү. Бирок аларга, Ыйык Китепте убада кылынгандай, бир күнү азаптуу оорусунан айыгып, ден соолугу чың болорун айтканыбызда, кадимкидей жанданып калышчу. Аларды көрүп биз да кубанчубуз (Эми балдарыбыз Кулионго көнүп кетиш үчүн эмне кылганыбызды айтып берейин. Адель экөөбүз балдарыбызга жакшы таасир этсин деп Корондон жыйналышыбыздагы эки карындашыбызды өзүбүз жашаган жакка чакырып алганбыз. Алар да, Сэмуел менен Ширлидей болуп, башкаларга кабар айтканды жакшы көрчү. Адель экөөбүз ата-энеси менен Ыйык Китепти изилдесек, алар балдары менен изилдешчү. Бир кезде ошентип 11 үй-бүлө менен изилдеген учурубуз болгон. Изилдегендердин көбү жакшы ийгиликтерди кылгандыктан, жаңы жыйналыш уюштурулган.
Башында ошол аймакта жалгыз эле аксакал болчумун. Андыктан филиал менден Кулиондогу 8 жарчыга жана ошондон кайык менен 3 саат жол жүрүп жете турган Марили аймагындагы 9 жарчыга жума сайын жыйналыш өткөрүп турушумду суранды. Ал жактарда жыйналыш өткөрүп коюп, үй-бүлөбүз менен Халси кыштагына жөнөчүбүз. Ал кыштактагылар менен Ыйык Китепти изилдеш үчүн тоолуу аймакты аралап, бир нече саат жөө басчубуз.
Марилиге, Халсиге көп күч жумшап барганыбыздын акыбети кайтып, акыры, ал жерлерге эки чакан Падышалык залын курдук. Линапакандагыдай эле, жергиликтүү жарчылар менен чындыкка кызыккан адамдар курулуш материалдарын өздөрү алып келип, көп жумушту өздөрү бүтүрүштү. Марилидеги залга 200 киши батчу жана ал залды чоңойтуш оңой болгондуктан, ал жерге жыйындарды өткөрчүбүз.
КҮЙҮТ ТАРТЫШЫМ, ЖАЛГЫЗСЫРАШЫМ ЖАНА КАЙРА КУБАНЫЧКА БӨЛӨНҮШҮМ
1993-жылы, балдарыбыз бойго жетип калгандыктан, Адель экөөбүз Филиппинге райондук көзөмөлчү болуп дайындалдык. Андан соң 2000-жылы мен нускоочу болгонго үйрөнүш үчүн Кызматка окутуу мектебинде окудум. Мен өзүмдү нускоочу болгонго жараксыз деп эсептечүмүн. Бирок Адель мага дайыма дем-шык берип турчу. Ал Жахабанын мага ошол жаңы тапшырманы аткарганга күч берерин эсиме салчу (Флп. 4:13). Адель буга өз тажрыйбасынан улам ынанып келаткан. Анткени ден соолугу начарлап баратканына карабай, кызматын аткарып жаткан.
2006-жылы нускоочу болуп жүргөн кезимде Аделдин Паркинсон оорусуна чалдыкканын билдик. Ошондо дендароо болуп эле туруп калдык. Мен Аделди караш үчүн кызматымды токтотмокчу болдум. Ошондо Адель мага: «Мени дарылай ала турган жакшы доктур издейли. Жахаба кызматыбызды улантып кеткенге сөзсүз жардам берет»,— деди. Ошондой кийин ал дагы 6 жыл бою кызматын уланта берди, эч наалыган жок. Майыптар коляскасына отуруп калганда да кабар айта берчү. Бара-бара жакшы сүйлөй албай калды, ошентсе да жыйналыштан бир-эки сөз менен жооп бергенге аракет кылчу. Боордошторубуз Аделди туруктуулугу үчүн дайыма мактап, көңүлүн көтөргөн сөздөрдү жазып турушчу. Байбичем 2013-жылы көз жумду. Ишеними күчтүү, мээримдүү жан шеригим менен 30 жылдан ашуун чогуу өмүр сүрдүк. Ал көз жумгандан кийин кайрадан күйүт тартып, жалгыздыктын каарын тарттым.
Адель менин кызматымды уланта беришимди каалаган. Ошондуктан анын керээзин аткардым. Кабар айтуу иши менен алек болгонум мага жалгызсырабаганга жардам берди. 2014—2017-жылга чейин ишибизге чектөө коюлган өлкөлөрдөгү тагал тилиндеги жыйналыштарды кыдырганга дайындалдым. Андан кийин Тайвандагы, АКШдагы, Канададагы тагал тилиндеги жыйналыштарды кыдырдым. 2019-жылы болсо Индияда жана Таиландда англис тилинде өткөрүлгөн Падышалыктын жарчыларынын мектебинде сабак бердим. Ушундай иштерди аткарып жүрүп, чоң кубанычка бөлөндүм. Мен өзүмдү Жахаба тапшырган иштерди аткарганга толугу менен арнаганда бактылуу болорумду түшүндүм.
ЖАХАБА ЖАЛГЫЗ КАЛТЫРГАН ЖОК
Кайсы жерге барбайын, ал жактагы боордошторубузду жакшы көрүп калчумун. Анан кайра башка жакка дайындалганда аларды калтырып кетиш оор болчу. Ошондой учурларда Жахабага толугу менен таянганды үйрөндүм. Анын колдоп жатканын дайыма сезчүмүн. Бул мага, жашоомдо кандай өзгөрүү болбосун, баарына көнүп кеткенге жардам берди. Азыркы учурда Филиппинде атайын пионер болуп кызмат кылып жатам. Жаңы жыйналышыма көнүп калдым, алар мени жөлөп-таяп, мага өз атасындай эле каралашып турушат. Сэмуел менен Ширлинин, апасындай болуп, ишенимин бек сактап жатканын көргөндө, аябай сыймыктанам (Жкн. 3-к. 4).
Ооба, башыман көп кыйынчылыктарды кечирдим. Баарынан да, сүйүктүү жубайымдын жан сыздаткан оору менен алышып, соолуп баратканын көрүш аябай кыйын болду. Улам бир жаңы нерсеге көнүш да оңой болгон жок. Бирок, кандай жагдай болбосун, Жахабанын «ар бирибизге жакын» экенине кайра-кайра ынанып келем (Элч. 17:27). «Жахабанын колу кыска эмес». Ал өзүнүн кызматчыларын, атүгүл алар жердин түбүндө жашаса да, күч берип, кубаттай алат (Ыш. 59:1). Жахаба менин Аскам, ал мени өмүр бою жандап келатат. Мен ага миң мертебе ыраазымын. Ал мени эч качан жалгыз калтырган жок.
a Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1972-ж., 1-сент., 521—527-б., англ.