Канткенде чыныгы дос боло аласыңар?
КАЙСЫ бир кыйынчылык менен алпурушуп жатканда өзүңөрдү жалгыз калгандай сездиңер беле? Биз «өзгөчө оор» мезгилде жашап жаткандыктан ичтеги арманыбызды эч кимге айта албай кыйналышыбыз мүмкүн (Тим. 2-к. 3:1). Бирок кыйын кезеңде бизге жардамга келе тургандар сөзсүз болот. Ыйык Китепте «кыйын мезгилде» чыныгы достордун болгону абдан маанилүү экени баса белгиленет (Накыл 17:17).
ЧЫНЫГЫ ДОСТОР КАНДАЙ ЖАРДАМ КӨРСӨТӨ АЛАТ?
Элчи Пабылдын миссионердик сапарларында коштоп жүргөн достору болгон. Алар ага көп жагынан жардам берген (Кол. 4:7—11). Алсак, Пабыл Римде түрмөдө отурганда, достору анын айрым иштерин бүтүрүп берген. Мисалы, Эпафродит Филипидеги боордошторунун Пабылга берип жиберген нерселерин жеткирип берген (Флп. 4:18). Тихик болсо Пабылдын каттарын ар кайсы жыйналышка алып барып берген (Кол. 4:7). Достору колдогону үчүн Пабыл үй камагында же түрмөдө отурса да, Кудайга кылган кызматын уланта алган. Силер да бүгүн башкаларга кантип чыныгы дос боло аласыңар?
Бүгүнкү күндөгү бир туугандарыбыздын окуялары да чыныгы достун жардамы канчалык чоң экенин көрсөтүп турат. Испанияда үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылган Элизабеттин окуясына токтололу. Анын апасынын рактын оор түрүнө чалдыкканы аныкталган. Ошондо бир эже Элизабетке дем-күч берген аяттарды дайыма жөнөтүп турган. «Анын жазгандарын окуганда мени ойлогон бирөө бар турбайбы деп сүйүнүп калчумун. Бул мага багынбаганга жардам берди»,— дейт Элизабет (Накыл 18:24).
Бир туугандарыбызга жакшы кабарды айтканга жана жыйналышка катышканга жардам берсек да, ортодогу достугубуз чыңдалат. Мисалы, улгайган боордошторуңарды жыйналышка же кызматка машине менен алып бара аласыңарбы? Эгер ошентсеңер, өзүңөр да, алар да дем-күчкө толуп, сүйүнүп каласыңар (Рим. 1:12). Бирок айрымдар үйүнөн чыга албайт. Анда канткенде аларга чыныгы дос болуп бере аласыңар?
ҮЙҮНӨН ЧЫГА АЛБАГАНДАРГА ЧЫНЫГЫ ДОС БОЛГУЛА
Кээ бирлер ден соолугуна байланыштуу же башка жагдайлардан улам жыйналыштарга бара албайт. Мисалга Дэйвидди алалы. Ага лимфома деген диагноз коюшкан. Ал 6 ай бою химиотерапия алган. Ошол учурда жубайы Лидия экөө жыйналышка үйүнөн онлайн катышчу.
Жыйналыштагы достору аларды кантип колдогон? Алар ар бир жыйналыштан кийин Падышалык залынан Дэйвид жана Лидия менен видео аркылуу сүйлөшүп турчу. Дейвиддер жооп бергенде, ишенимди бекемдеген ойлорду айтканы
үчүн жыйналыштагылары рахмат айтып билдирүү жөнөтүшчү. Ошонун аркасында Дэйвид менен Лидия өздөрүн жалгыз калгандай сезишкен эмес.Үйүнөн чыга албагандар менен кызматка чыгып тура аласыңарбы? Күн тартибиңерди бир аз эле өзгөртсөңөр, ошенткенге мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал. Ошондо андай бир туугандарыбыз өздөрүн четте калып калгандай сезбейт (Накыл 3:27). Балким, алар менен чогуу кат жазып же телефон чалып жакшы кабар айтаттырсыңар. Же алар кабар айтуу жолугушуусуна видео байланыш аркылуу кошулаттыр. Дэйвид менен Лидия жыйналыштагылары аларга ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергенине аябай ыраазы болгон. Дэйвид мындай дейт: «Кыска эле убакыт болсо да, кабар айтуу тобундагылар менен талкуу жүргүзгөнүбүз жана чогуу тиленгенибиз бизге тоодой күч берчү». Эгер үйүнөн чыга албагандарга ыңгайлуу болсо, балким, силер менен изилдеген киши менен кээде аныкына барып, чогуу изилдейттирсиңер.
Үйүнөн чыга албагандар менен кызматташсаңар, алардын сонун сапаттарын байкап, бири-бириңерге ынак болуп каласыңар. Айталы, чогуу кабар айтканда башкалардын жүрөгүн козгош үчүн Кудайдын Сөзүн чебер колдонгонун байкашыңар мүмкүн. Мунун аркасында аларды мурункудан да баалап каласыңар. Боордошторуңар менен рухий иштерди чогуу кылсаңар, жаңы досторду табарыңар шексиз (Кор. 2-к. 6:13).
Пабыл кыйналган учурларда, Тит жанында болуп, аны жөлөп-таяп турчу (Кор. 2-к. 7:5—7). Мындан көрүнүп тургандай, көңүл бурушубузга муктаж болгондорду сөзүбүз менен эле сооротуп койбой, жанында болуп, колубуздан келген жардамыбызды берсек болот (Жкн. 1-к. 3:18).
КУУГУНТУКТАЛГАНДАРГА ЧЫНЫГЫ ДОС БОЛГУЛА
Орусиядагы бир туугандарыбыз бири-бирин колдоо жагынан мыкты үлгү көрсөтүп келишет. Сергей менен анын жубайы Татьянанын окуясына токтололу. Полиция кызматкерлери алардын үйүн тинтип, экөөнү суракка алып кетишкен. Андан соң Татьянаны бошотушкан. Ал үйүнө кайтып барганда эмне болгонун Сергей мындай деп эскерет: «Татьяна үйгө барса эле — эшиктин алдында бир эже туруптур. Ал коркпой эле үйүбүзгө барыптыр. Анан дагы башка досторубуз келип, үйүбүздү жыйнаганга жардам бериптир».
Сергей мындай деп кошумчалайт: «Мага Накыл сөздөр 17:17де жазылган сөздөр аябай жагат. Ал жерде: „Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгилде бир тууганыңдай болот“,— деп жазылган. Бул сөздөр куугунтук учурунда мен үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп калды. Анткени өзүм жалгыз эч нерсе кыла албайт болчумун. Жахаба мага мени колдоп турган кайраттуу досторду берди» a.
Азыркы оор күндөрдө таяна ала турган досторго муктажбыз. Улуу алаамат учурунда андан бетер муктаж болобуз. Андыктан, келгиле, азыртан эле ар бирибиз чыныгы дос болгонго күч жумшай берели! (Пет. 1-к. 4:7, 8).
a jw.org сайтынан «Жахаба мага мени тайманбай колдогон. . . досторду берди» деген макаланы окугула.