Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

130-ЫР: Кечиримдүү бололу

Кечиримдүү Жахабадан кантип үлгү алсак болот?

Кечиримдүү Жахабадан кантип үлгү алсак болот?

«Жахаба силерди айкөлдүк менен кечиргендей, силер да айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛ. 3:13).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада кимдир бирөө жүрөгүбүздү жаралаганда, эмне кылсак болоруна байланыштуу колдонорлук кеңештер талкууланат.

1, 2. а) Кандай учурларда башкаларды кечириш өзгөчө оор болушу мүмкүн? б) Дина эмне кылган?

 СИЛЕРГЕ башкаларды кечириш кыйынбы? Ооба, бул көбүбүз үчүн эле кыйын. Өзгөчө, кимдир бирөө жүрөгүбүздү катуу жаралаган сөздөрдү айтканда же иштерди кылганда, кечириш оңой эмес. Бирок жүрөгүбүзгө так калтырган сезимдерден арылып, башкаларды айкөлдүк менен кечире алабыз. Буга Дина a деген ишенимдешибизди мисал кылса болот. 2017-жылы ал үй-бүлөсү менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңы эле курулган бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгын көргөнү барган. Алар кайра үйүнө баратканда жол кырсыгына учураган: бир айдоочу рулду башкара албай, алардын унаасын сүзгөн. Дина эс-учун жоготуп койгон. Эсине келгенде балдары катуу жаракат алып, күйөөсү Брайан каза болуп калганын билген. Дина мындай деп эскерет: «Жашоом бырпырап калгандай эле болгон, эмне кылышты билбей калгам». Кийинчерээк Дина айдоочунун мас болгондуктан же алаксып кеткендиктен сүзбөгөнүн, тек гана кырсык болуп кеткенин билген. Ошондо ал Жахабадан жүрөгүнө тынчтык беришин, айдоочуну жек көрбөгөнгө жардам беришин сурап тиленген.

2 Аларды сүзгөн айдоочуга кокусунан киши өлтүрдү деген айып тагылган. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, ал түрмөгө кесилмек. Бирок Дина соттун акыркы чечими анын берген көрсөтмөсүнөн көз каранды болорун билген. Ал мындай дейт: «Жашоомду азапка салган ошол окуяны айтып беришим керектигин билгенде, бүтүп келаткан жараатымды бирөө кайра тилип, тузду жаба сепкендей эле болгон». Бир нече жумадан кийин Дина тиги айдоочуга байланыштуу көрсөтмө бериш үчүн сот залына барган. Ошондо ал эмне деген? Дина соттон айдоочуга ырайым кылышын суранган b. Ал сөзүн айтып бүткөндө, сот ыйлап жиберген. Анан мындай деген: «Мен 25 жылдан бери сот болуп келатам. Ушуга чейин сот залынан мындай сөздөрдү уккан эмесмин. Жабыр тарткан тараптын зыян келтирген кишиге ырайым сураганын биринчи жолу көрүп жатам. Сүйүү, кечиримдүүлүк жөнүндөгү мындай сөздөрдү өмүрү уккан эмесмин».

3. Динага кечиргенге эмне түрткү берген?

3 Динага кечиргенге эмне жардам берген? Ал Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндө ой жүгүрткөн (Мик. 7:18). Ооба, Жахабанын бизди кечирип жатканына канчалык ыраазы болсок, башкаларды кечиргенге ошончолук түрткү алабыз.

4. Жахаба бизден эмнени күтөт? (Эфестиктерге 4:32).

4 Жахаба биздин да, өзүндөй болуп, башкаларды айкөлдүк менен кечиришибизди каалайт. (Окугула: Эфестиктерге 4:32.) Ал бизден көңүлүбүздү ооруткандарды кечиргенге даяр болушубузду күтөт (Заб. 86:5; Лк. 17:4). Бул макалада кечиримдүү болгонго жардам берген 3 нерсеге токтолобуз.

СЕЗИМДЕРИҢЕРГЕ КӨЗ ЖУМБАГЫЛА

5. Накыл сөздөр 12:18ге ылайык, кимдир бирөө таарынтканда кандай сезимде болобуз?

5 Кимдир бирөөнүн, өзгөчө, жакын адамыбыздын айткан сөзү же кылган иши жүрөгүбүздү катуу жаралашы мүмкүн (Заб. 55:12—14). Ошонун айынан кээде жүрөгүбүзгө бычак сайылгандай болуп, кыйналышыбыз ыктымал. (Окугула: Накыл сөздөр 12:18.) Андайда сезимдерибизди басканга же көз жумуп койгонго аракет кылышыбыз мүмкүн. Бирок ошенткенибиз сайылган бычакты суурубай эле калтырып койгонго окшош болуп калмак. Ошол сыңары, сезимдерибизге көз жумуп койсок эле, жеңилдеп калам деп ойлобошубуз керек.

6. Бирөө таарынтканда эмне кылышыбыз мүмкүн?

6 Кимдир бирөө таарынтканда шак эле жинибиз келип кетери турган иш. Ыйык Китепте да каарданышыбыз мүмкүн экени айтылат. Бирок анда ошол сезимдерибиздин бизди бийлеп алышына жол бербешибиз керектиги эскертилет (Заб. 4:4; Эф. 4:26). Эмне үчүн? Анткени сезимдер иш-аракет кылганга түртөт. Ачуулануу сезими болсо көбүнчө жакшылыкка алып барбайт (Жкп. 1:20). Бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: бирөө таарынтканда ачууланарыбыз кадимки эле нерсе, болгону, андан ары ачууга алдырабызбы, жокпу, өзүбүздөн.

Башкалардын бизге эмне деп айтары, кандай иш кылары бизден көз каранды эмес. Бирок аларга кандай жооп кайтарарыбыз бизден көз каранды

7. Башкалар көңүлүбүздү оорутканда дагы кандай сезимдер чулгашы мүмкүн?

7 Башкалар көңүлүбүздү оорутканда дагы башка терс сезимдер капташы мүмкүн. Энн деген карындашыбыз мындай дейт: «Кичинекей кезимде атам апамды таштап, мени караган аялга үйлөнүп алган. Ошондо өзүмдү ташталгандай, ал эми алар балалуу болгондо өзүмдү эч кимге керегим жоктой сезгем. Ушул сезим чоңойгуча көөдөнүмдү кемирип жеген». Жоржетта деген ишенимдешибиз күйөөсү көзүнө чөп салганда кандай сезимде болгонун мындай деп эскерет: «Бала кезден дос болчубуз. Чогуу пионер болгонбуз. Ошондуктан анын ойноштук кылганын билгенде жүрөгүмө канжар сайылгандай эле болгон». Алар, акыр-аягы, ажырашкан. Ал эми Наоми мындай дейт: «Күйөөм ушундай кылат деп эч качан ойлогон эмесмин. Ал мага порнография көрүп жүргөнүн айтканда, өзүмдү алдангандай, күйөөм мени сатып кеткендей эле сезгем».

8. а) Башкаларды эмне үчүн кечиришибиз керек? б) Кечиргенибиздин кандай пайдасы бар? (« Кимдир бирөө жүрөгүбүзгө так калтырганда» деген кутучаны да карагыла).

8 Башкалардын бизге эмне деп айтары, кандай иш кылары бизден көз каранды эмес. Бирок аларга кандай жооп кайтарарыбыз бизден көз каранды. Көп учурда кечирип койгондон өтөрү жок. Эмне үчүн? Анткени биз Жахабаны жакшы көрөбүз, ал болсо биздин кечиримдүү болушубузду каалайт. Эгер кек сактап, кечирбей жүрө берсек, акылсыз ишке барышыбыз же ден соолугубузга зыян келтиришибиз мүмкүн (Накыл 14:17, 29, 30). Кристина мындай дейт: «Кимдир бирөөгө таарынып же капа болуп калганда үңүрөйүп эле калам. Зыяндуу тамак көп жей баштайм. Жетиштүү да уктабай калам. Ошонун айынан сезимдеримди башкарыш ого бетер кыйын болуп калат. Бул болсо күйөөмө да, башкаларга да кылган мамилеме таасир этет».

9. Эмне үчүн таарынычтан арылышыбыз керек?

9 Жүрөгүбүздү жаралаган киши эч качан кечирим сурабаса да, жараатыбызды айыктыра алабыз. Кантип? Буга чейин сөз кылынган Жоржетта мындай дейт: «Мага убакыт керек болду. Бирок акыры мурунку күйөөмө ачууланбай калдым, ичимди өрттөгөн сезимдер да өтүп кетти. Ошондон кийин жүрөгүмө тынчтык орноду». Жүрөктөгү таарынычтын тамырын жулсак, ызанын бизди бийлеп алышына жол бербейбиз. Бул өзүбүзгө эле жакшы болот. Көңүлүбүздү башка нерсеге топтой баштайбыз жана кубанычыбыз кайра кайтып келет (Накыл 11:17). Бирок баарын түшүнүп турсак да, кечире албай жатсак, эмне кылсак болот?

ТЕРС СЕЗИМДЕР МЕНЕН КҮРӨШКҮЛӨ

10. Эмне үчүн кечиргенге убакыт керек? (Сүрөттү да карагыла.)

10 Ичиңди муздаткан сезимдерден канткенде арыла аласың? Ан үчүн убакыт өтүш керек. Алсак, катуу жараат алган киши дарыланган күндө да, сакайып кетиши үчүн убакыт керек болот. Ошол сыңары, жүрөктөгү жараат айыгып, таарынткан кишини кечириш үчүн убакыт талап кылынат (Нас. 3:3; Пет. 1-к. 1:22).

Кадимки жараат айыгышы үчүн туура дарылоо жана убакыт талап кылынат. Жүрөктөгү жараат да ошондой (10-абзацты карагыла)


11. Тиленүү кечиримдүү болгонго кандайча жардам берет?

11 Жахабадан кечиримдүү болгонго жардам беришин сура c. Жогоруда айтылган Энн тиленгени ага кандайча жардам бергени жөнүндө мындай дейт: «Мен Жахабадан үйдөгүлөрдүн ар биринин кылган туура эмес иши үчүн кечирим сурадым. Андан кийин атама жана экинчи аялына кат жазып, аларды кечиргенимди айттым». Энн үчүн бул оңойго турган эмес. Бирок ал: «Жахабаны туурап, кечиримдүү болгонум атама жана жубайына Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге жардам берет деп үмүттөнөм»,— деп бөлүшөт.

12. Эмне үчүн сезимдерибизге эмес, Жахабага таянышыбыз керек? (Накыл сөздөр 3:5, 6).

12 Жахабанын айткандары дайыма туура экенине ишенгиле. Сезимдериңерге алданбагыла. (Окугула: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Жахаба биз үчүн эмне жакшы болорун билет (Ыш. 55:8, 9). Ал бизден зыян алып келе турган нерселерди кылышыбызды эч качан суранбайт. Ошондуктан кечиримдүү болгонго үндөгөндө, биздин эле жыргалчылыгыбызды ойлорунан шектенбесек болот (Заб. 40:4; Ыш. 48:17, 18). Ал эми сезимдерибизге эле көңүл топтоп алсак, жүрөгүбүздү жаралагандарды эч качан кечире албашыбыз мүмкүн (Накыл 14:12; Жер. 17:9). Өйдөдө кеп кылынган Наоми мындай дейт: «Башында күйөөмдү порнография көрүп жүргөнү үчүн кечирбей эле койсом болот деп ойлогом. Эгер кечирсем, кайра эле ошонусун кылат, мени канчалык сыздатканын сезбей калат деп коркком. Жахаба да сезимдеримди түшүнөт деп ойлогом. Бирок бара-бара Жахабанын түшүнгөнү сөзсүз эле аларды туура көрөт дегенди билдирбей турганын түшүндүм. Албетте, ал менин кандай сезимде болуп жатканымды, жүрөгүмдөгү жараат айыккыча убакыт керек экенин билет. Ошол эле учурда кечиримдүү болушумду каалайт» d.

ЖЫЛУУ СЕЗИМДЕРДИ ПАЙДА КЫЛГЫЛА

13. Римдиктерге 12:18—21-аяттарга ылайык, эмне кылышыбыз зарыл?

13 Көңүлүбүздү катуу ооруткандарды кечиргенибиз, өткөндү кеп кылбайбыз дегенди эле билдирбейт. Биз андан да көптү кылгыбыз келет. Бизди капа кылган киши ишенимдешибиз болсо, анда максатыбыз аны менен элдешүү болушу керек (Мт. 5:23, 24). Ошондуктан ачууну боорукердикке, таарынычты кечиримдүүлүккө алмаштырганыбыз зарыл. (Окугула: Римдиктерге 12:18—21; Пет. 1-к. 3:9.) Муну кантип кылсак болот?

14. Эмне кылганга аракет кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

14 Таарынткан кишиге Жахаба карагандай караганга аракет кылышыбыз керек. Жахаба адамдардын дайыма жакшы жактарына көңүл бурат (Жыл. 2-к. 16:9; Заб. 130:3). Биз, адатта, адамдардын кайсы жагына көңүл бурсак, ошону көргөнгө жакын келебиз. Эгер жакшы жактарына көңүл топтосок, аларды кечириш оңоюраак болот. Мисалы, Жарет мындай дейт: «Ишенимдешим таарынтканда, анын мага жаккан көп жакшы жактарын эстейм. Ошондо аны оңой кечирем».

15. Таарынткан кишиге кечиргениңерди айткандын кандай пайдасы бар?

15 Көңүл кири айтса кетет дегендей, силерди таарынткан кишиге кечиргениңерди айткыла. Бул эмне үчүн маанилүү? Наоминин эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Күйөөм менден: „Мени кечирдиңби?“ — деп сурады. Мен болсо кекиртегим буулуп: „Мен сени кечирдим“,— деп айта албай койдум. Көрсө, аны кечире элек болчу экенмин. Бирок убакыттын өтүшү менен: „Мен сени кечирдим“,— деген үч күчтүү сөздү айта алдым. Ушуну укканда күйөөм көзүнө жаш алды. Экөөбүздүн тең үстүбүздөн оор жүк түшкөндөй болду. Ошондон тартып мен ага кайрадан ишеним арта баштадым. Азыр экөөбүз абдан ынакпыз».

16. Кечирүү жөнүндө эмнени билдиңер?

16 Жахаба биздин кечиримдүү болушубузду каалайт (Кол. 3:13). Ошентсе да башкаларды кечирүү дайыма эле оңойго турбашы ыктымал. Башкаларды кечириш үчүн терс сезимдерге көз жумбашыбыз жана алар менен күрөшкөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошентсек, алардын ордун баса турган жылуу сезимдерди пайда кыла алабыз. (« Кечиргенге жардам берген үч кадам» деген кутучаны карагыла.)

КЕЧИРИМДҮҮЛҮКТҮН ПАЙДАСЫ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНГУЛА

17. Кечиримдүү болгонубуздун кандай пайдасы бар?

17 Кечиримдүү болгонго көптөгөн себептер бар. Алардын айрымдарына токтололу. Биринчиден, асмандагы кайрымдуу Атабыз Жахабаны туурайбыз жана аны кубантабыз (Лк. 6:36). Экинчиден, анын бизди айкөлдүк менен кечирип жатканына ыраазы экенибизди көрсөтөбүз (Мт. 6:12). Үчүнчүдөн, ден-соолугубуз чың, башкалар менен достугубуз бек болот.

18, 19. Кечиримдүү болгонубуздун натыйжасы кандай болушу ыктымал?

18 Башкаларды кечиргенде өзүбүз ойлобогон баталарды алабыз. Башында сөз кылынган Динанын окуясы андан ары кандай өрчүгөнүнө көңүл бурсаңар. Аларды сүзүп кеткен киши сот өкүмү чыккандан кийин өмүрүн кыюуну ойлонуштуруп жатыптыр. Дина бул жөнүндө билген эмес экен. Бирок ал киши Динанын кечиргенине ушунчалык ыраазы болгондуктан Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр.

19 Балким, бизге да кимдир бирөөнү кечириш аябай оор болуп жаткандыр. Бирок анын акыбети ашыгы менен кайтат (Мт. 5:7). Андыктан, келгиле, Жахабадай кечиримдүү болгонго колубуздан келишинче аракет кыла берели.

125-ЫР: Кайрымдуулар бактылуу

a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

b Мындай жагдайда Кудайдын ар бир кызматчысы эмне кылышты өзү чечет.

c jw.org сайтынан «Бири-бирибизди кечирели», «Айкөлдүк менен кечирели», «Доспуз кайрадан» деген ырлардын видеолорун көргүлө.

d Порнография көрүү күнөө болсо да жана көңүлдү катуу оорутса да, бул күнөөсүз тарапка Ыйык Китеп боюнча ажырашканга негиз болуп бербейт.