ЭМНЕНИ ИЗИЛДЕСЕ БОЛОТ?
Кысымга карабай, кайраттуу болгула
Жеремия 38:1—13-аяттарды окуп, Жеремия пайгамбар менен эфиопиялык Эбетмелектин кайраттуу болгонунан эмнеге үйрөнө аларыңарга көңүл бургула.
Контекстти талдагыла. Жахаба айт деген кабарды жарыялаш үчүн Жеремия эмне үчүн кайраттуу болушу керек болгон? (Жер. 27:12—14; 28:15—17; 37:6—10). Анын айткандары элге кандай таасир эткен? (Жер. 37:15, 16).
Тереңирээк казгыла. Жеремияга кандай кысым көрсөтүшкөн? (jr 26, 27-б., 20—22-абз.). Байыркы учурда кудуктар кандай болгонун изилдеп көргүлө (w11 1/1 19-б.). Баткакка толгон кудукта отурганда Жеремияны кандай сезимдер чулгаган? Эбетмелек эмнеден коркушу мүмкүн болгон? (wp12 1/5 31-б., 2, 3-абз.).
Эмнелерге үйрөнсөңөр болот? Минтип ойлонуп көргүлө:
-
Бул окуядан Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларын кантип коргооруна байланыштуу эмнени билдим? (Заб. 97:10; Жер. 39:15—18).
-
Кандай жагдайларда кайраттуу болушум керек болот?
-
Башкалар кысым көрсөткөндө коркпой, туура иш кыла бериш үчүн эмне кылышым керек? (w11 1/3 30-б., ор.) a.
a Эмнелерди изилдесе болоруна байланыштуу кеңештерди бул жерден карагыла: «Күзөт мунарасы», 2023-ж., июль, «Изилдегенге сунуш».