Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамдардын ортосундагы айырмачылыкты көрө бил

Адамдардын ортосундагы айырмачылыкты көрө бил

«Адил адам менен ыймансыз адамдын... ортосундагы айырманы көрөсүңөр» (МАЛ. 3:18).

ЫРЛАР: 127, 101

1, 2. Кудайдын эли бүгүнкү күндө кандай кыйынчылыкка дуушар болууда? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү кара.)

КӨПТӨГӨН доктурлар жугуштуу ооруга чалдыккандардын арасында иштешет. Алар бейтаптарга оорусунан айыгууга жардам бергиси келгендиктен кам көрүшөт. Бирок ошол эле учурда ал ооруну өздөрү жуктуруп албаш үчүн сактанышы керек болот. Анын сыңарындай, көптөрүбүз Кудайга жакпаган маанайды, сапаттарды жуктуруп алган адамдардын арасында жашайбыз же алар менен чогуу иштейбиз. Бул биз үчүн өзүнчө бир кыйынчылык.

2 Учурда адамдар барган сайын бузулуп баратат. Элчи Пабыл Тиметейге жазган экинчи катында Кудайдан алыстагандарга мүнөздүү болгон жана акыркы күндөрдө кеңири кулач жая турган сапаттарды санап өткөн. (Оку: 2 Тиметей 3:1—5, 13.) Андай сапаттарды чагылдырган адамдардын улам көбөйүп баратканына аябай тынчсызданышыбыз мүмкүн. Бирок сак болбосок, алардын жүрүм-туруму, маанайы бизге да таасир этиши ыктымал (Накыл 13:20). Бул макалада ошол терс сапаттар менен Кудайдын кызматчылары чагылдырган сапаттардын айырмачылыгына токтолобуз. Ошондой эле башкаларга рухий жактан жардам берип жатып алардын терс таасиринен кантип коргонсок болорун карайбыз.

3. 2 Тиметей 3:2—5-аяттардагы сапаттар кимдерге мүнөздүү?

3 Элчи Пабыл: «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгил... келет»,— деп жазган. Андан соң азыркы убакта жашап жаткан адамдарга мүнөздүү 19 терс сапат тууралуу сөз кылган. Ал жерде жазылгандар Римдиктер 1:29—31-аяттарда айтылгандарга окшош. Бирок Тиметейге жазылган каттагы тизмеде Грек Жазмаларынын башка китептеринде кездешпеген сөздөр камтылат. Пабыл сөзүн: «Себеби адамдар...» — деп баштаган. Анткен менен ал санап өткөн сапаттарды адамдардын баары чагылдырбайт. Кудайдын кызматчылары такыр башка сапаттарды өрчүтүүгө умтулушат. (Оку: Малаки 3:18.)

ӨЗҮБҮЗ ЖӨНҮНДӨ КАНДАЙ ОЙДОБУЗ?

4. Текебер адамды кантип сүрөттөп берет элең?

4 Пабыл адамдардын өзүн өзү жана акчаны сүйөрүн айткандан кийин мактанчаак, бой көтөргөн, текебер болорун да кошумчалаган. Бул сапаттарды чагылдыргандар көп учурда жөндөмдүүлүгүнөн, сырткы көрүнүшүнөн, байлыгынан же ээлеген абалынан улам өздөрүн жогору көрүшөт. Ошондой эле башкалардын аларга суктанып, туу тутушун эңсешет. Бир окумуштуу текебердикке ууккан адам тууралуу: «Анын жүрөгүндө өзүнө өзү сыйына турган кичинекей курмандык жайы бар»,— деп айткан. Текебердик ушунчалык жаман сапат болгондуктан, атүгүл текебер адам да башка бирөөнүн текеберденгенин жактырбайт.

5. Жахабанын айрым ишенимдүү кызматчылары кандайча текебер болуп кетишкен?

5 Текебердик Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Ал «менменсинген көздөрдү» жек көрөт (Накыл 6:16, 17). Текебер адамдар Кудайга жакындай албайт (Заб. 10:4). Ал — Шайтанга мүнөздүү сапат (1 Тим. 3:6). Өкүнүчтүүсү, Жахабанын берилген кызматчыларынын айрымдары да текебердикти жуктуруп алышкан. Алсак, жүйүттөрдүн падышасы Узия көп жылдар бою Жахабага ишенимдүү кызмат кылган. Бирок Ыйык Китепте: «Күчтүү болгондон кийин, анын жүрөгү менменсинип кетти. Бул акыры анын кыйрашына алып келди. Ал Жахаба Кудайына ишенимсиздик көрсөтүп, жыпарзат түтөткүчтүн үстүндө жыпарзат түтөтүш үчүн Жахабанын ибадатканасына кирди»,— делет. Кийин Хиския падыша да кыска убакытка текеберденип кеткен (2 Жылн. 26:16; 32:25, 26).

6. Дөөтү эмнеден улам менменсинип кетиши мүмкүн эле, бирок ал эмне үчүн анткен эмес?

6 Кээ бирлер келбетинен, атак-даңкынан, музыкалык шык-жөндөмүнөн, күчүнөн же жогорку абалынан улам менменсинишет. Дөөтүдө булардын бири эле эмес, баары болгон, ошентсе да ал өмүр бою момун бойдон калган. Ал Голиатты жеңгенде, Шабул ага кызын аялдыкка берем деген. Бирок Дөөтү: «Падышага күйөө бала болгудай мен ким элем, менин туугандарым менен атамдын уруусу Ысрайылда ким эле?» — деген (1 Шем. 18:18). Ага момун бойдон калганга эмне жардам берген? Дөөтү сонун сапаттарга, жөндөмдүүлүктөргө, сыймыктуу жоопкерчиликтерге, Кудай «эңкейгени» үчүн, башкача айтканда, ага момундук менен көңүл бурганы үчүн ээ болгон (Заб. 113:5—8). Ал өзүндөгү жакшы нерселердин бардыгы Жахабадан экенин эң сонун билген. (Салыштыр: 1 Корунттуктар 4:7.)

7. Момундук көрсөтүүгө бизге эмне жардам берет?

7 Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да Дөөтүгө окшоп момун болууга умтулат. Ааламдагы эң улуу Кудайыбыз Жахабанын ушул жагымдуу сапатты чагылдырарын билүү кастарлоо сезимин туудурбай койбойт (Заб. 18:35). Андыктан биз рухтун жетеги менен жазылган: «Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле»,— деген кеңешке ылайык иш кылгыбыз келет (Кол. 3:12). Ошондой эле биз сүйүүнүн мактанбай, менменсинбей турганын да билебиз (1 Кор. 13:4). Зайып күйөөсүн сөзү менен эмес, жүрүм-туруму менен чындык жолуна тарткандай эле, Жахабанын эли да момундугу менен башкаларга ага жакындоого түрткү берет (1 Пет. 3:1).

БАШКАЛАРГА КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛАБЫЗ?

8. а) Бүгүнкү күндө айрымдар балдардын ата-энесине тил албаганына кандай карашат? б) Ыйык Китепте балдар эмне кылууга чакырылышат?

8 Элчи Пабыл акыркы күндөрдө адамдардын бири-бирине кандай мамиле кыларын айткан. Маселен, балдардын ата-энесинин тилин албай турганын жазган. Азыркы учурда кээ бир китептерде, кинолордо, телеберүүлөрдө балдардын ата-энесине баш ийбегенинин эч жаман жери жоктой, атүгүл туура нерседей көрсөтүлөт. Бирок ал коомдогу эң маанилүү түзүлүштүн — үй-бүлө түйүнүнүн — бекем болушуна бөгөт коёт. Муну тээ илгерки убакта жашагандар да жакшы түшүнүшкөн. Алсак, байыркы Грецияда ата-энесин урган киши жарандык укуктарынын баарынан айрылмак. Ал эми римдиктердин мыйзамына ылайык, атасына кол көтөрүү киши өлтүрүү сыяктуу олуттуу кылмыш катары саналчу. Еврей Жазмаларында да, Грек Жазмаларында да балдардын ата-энесин сыйлашы керектиги айтылат (Чыг. 20:12; Эф. 6:1—3).

9. Жаштарга ата-энесинин тилин алганга эмне жардам берет?

9 Ата-энесинин кылган жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүү балдарга баш ийбес адамдардын маанайынан сак болууга жардам берет. Эгер алар ата-энеге баш ийүүнү баарыбыздын Атабыз Жахаба Кудай талап кыларын түшүнүшсө, ата-энесине ыраазы болуп, аларга баш ийүүгө түрткү алышат. Ошондой эле алар жөнүндө жакшы сөздөрдү айтуу менен башка жаштарга да өздөрүнүн ата-энесин сыйлоого, баалоого түрткү беришет. Албетте, ата-эне балдарына сүйүү көрсөтпөсө, балдары аларга чын жүрөктөн баш ие албашы мүмкүн. Ал эми ата-энесинин аны чындап сүйөрүн сезген бала, баш ийбегенге азгырылса да, аларга жаккандай иш кылууга түрткү алат. Остин деген бала мындай дейт: «Тыюу салынган нерселерди кылганга азгырылган учурларым көп болчу. Бирок ата-энем акылга сыярлык талаптарды коюп, эмне үчүн ошондой эрежелерди бекиткенинин себебин түшүндүрүп беришчү. Аларга каалаган учурда кайрылып, ачык сүйлөшө алчумун. Бул мага ата-энеме баш ийгенге жардам берчү. Мага чындап кам көрүп жатканын сезгендиктен, аларга жаккым келчү».

10, 11. а) Адамдардын бири-бирин сүйбөй турганын кайсы нерселер көрсөтүп турат? б) Исанын чыныгы жолдоочулары башкаларды канчалык сүйөт?

10 Элчи Пабыл адамдардын бири-бирин сүйбөй турганын көрсөткөн дагы башка терс сапаттар жөнүндө жазган. Анын балдардын «ата-энесинин тилин албай» турганын айткандан кийин жакшылыкты билбегендер жөнүндө сөз кылганы орундуу болгон. Себеби жакшылыкты билбегендер башкалардын аларга кылгандарын баалабайт. Пабыл адамдардын ишенимсиз да болорун айткан. Ошондой эле эпке-сөзгө келбегендер, тагыраак айтканда, башкалар менен элдешүүнү такыр каалабагандар да болмок. Акарат кылгандар, чыккынчылар да көбөймөк. Андайлар зыяндуу сөздөрдү айтышат жана адамдарга, атүгүл Кудайга тил тийгизишет. Андан сырткары, жалаа жапкандар — башкалардын аброюн түшүрүш үчүн ушак сөздөрдү тараткандар — чыкмак *.

11 Бири-бирин сүйбөгөн адамдардан айырмаланып, Жахабага сыйынгандар жакындарын чын жүрөктөн сүйүшөт. Алар дайыма ушинтип келишет. Иса Машаяк Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдагы жакыныбызды сүйүүгө (сүйүүнүн агапе деп аталган түрүнө) байланыштуу осуят Кудайды сүйүшүбүз керектиги жөнүндөгү осуяттан кийинки эле экинчи маанилүү осуят экенин айткан (Мт. 22:38, 39). Иса өзүнүн чыныгы жолдоочуларынын бири-бирине көрсөткөн сүйүүсү менен айырмаланарын да айткан. (Оку: Жакан 13:34, 35.) Алар атүгүл душмандарын да сүйүшү керек болчу (Мт. 5:43, 44).

12. Иса башкаларды сүйөрүн кантип көрсөткөн?

12 Иса башкаларды чын жүрөктөн сүйгөн. Ал шаарларды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айткан. Ошондой эле сокурларды, аксактарды, пес оорулууларды, кулагы укпагандарды айыктырган жана өлгөндөрдү тирилткен (Лк. 7:22). Көптөр аны жек көрсө да, ал бүт адамзат үчүн өз өмүрүн берген. Анын сүйүүсү Атасынын сүйүүсүн жеткилең түрдө чагылдырып турат. Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү да башкаларга аныкындай сүйүү көрсөтүшөт.

13. Башкаларга сүйүү көрсөткөнүбүздө, алар кандайча Жахабага тартылышы мүмкүн?

13 Башкаларга сүйүү көрсөткөнүбүздө, алар асмандагы Атабызга тартылат. Мисалы, Таиландда жашаган бир киши региондук жыйындан бир туугандардын ортосундагы сүйүүнү көргөндө жүрөгү козголгон. Үйүнө баргандан кийин Жахабанын Күбөлөрүнөн жумасына эки жолу ыйык китептик изилдөө өткөрүп турушун суранган. Ал туугандарынын баарына кабар айткан. Жыйынга барганынан алты эле ай өткөндөн кийин, ал Падышалык залында биринчи жолу тапшырма менен чыгып, Ыйык Китепти окуп берген. Канчалык деңгээлде сүйүү көрсөтүп жатканыбызды текшериш үчүн мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Үй-бүлөмө, жыйналыштагыларга жана кызматта жолуктурган адамдарга жардам бергенге умтуламбы? Башкаларга Жахаба карагандай караймбы?»

КАРЫШКЫР МЕНЕН КОЗУ

14, 15. Көптөр айбандарга мүнөздүү кандай сапаттарды чагылдырышат, бирок айрымдар кандайча өзгөрүшкөн?

14 Акыркы күндөрдө адамдар башка терс сапаттарды да чагылдырышмак. Бул — алардан алыс болушубуз керектигинин дагы бир себеби. Мисалы, жакшылык кылгысы келбеген же айрым котормолордо берилгендей, «жакшыны жек көргөн», «жакшы нерсенин баарына каршы чыккан» адамдар көбөймөк. Ошондой эле көптөр өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз болушмак. Айрымдар болсо өз дегенин бербеген, башкача айтканда, ойлонбой иш кылган, кылган ишинин башкаларга кандай таасир этерине башын оорутпаган адамдар болушмак.

15 Мурун айбандарга мүнөздүү ушундай сапаттарды чагылдыргандардын көбү өзгөргөн. Бул Ыйык Китептеги бир пайгамбарлыкта алдын ала сонун сүрөттөлгөн. (Оку: Ышая 11:6, 7.) Ал жерден карышкыр, арстан сыяктуу жапайы жаныбарлардын козу жана музоо сыяктуу үй айбанаттары менен бирге тынчтыкта жашаарын окуйбуз. Ыйык Китепте алардын «жер Жахаба жөнүндөгү билимге толгондуктан» тынчтыкта жашаары айтылат (Ыш. 11:9). Жаныбарлар Жахаба жөнүндө биле албагандыктан, бул пайгамбарлыктын каймана мааниде аткарылышы адамдарга тиешелүү деп айтууга болот.

Ыйык Китептеги принциптерди колдонуу адамды өзгөртөт! (16-абзацты кара)

16. Ыйык Китеп көп адамдарга өзгөрүүгө кандайча жардам берүүдө?

16 Бир кезде карышкырдай ырылдаган зөөкүр адамдар азыр башкалар менен ынтымактуу жашап жатышат. Алардын айрымдарынын башынан өткөн окуяларды jw.org сайтынан «Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат» деген рубрикадан окуй аласың. Жахабаны таанып-билип, ага кызмат кылып жаткандар Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөндөрдөн кыйла айырмаланышат. Андай адамдар сыртынан Кудайга сыйынгандай көрүнгөнү менен, кылган иши такыр башканы көрсөтүп турат. Мурун ачуулуу болгон кишилер «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жана чыныгы адилдик менен берилгендиктин талаптарына жооп берген жаңы табиятты кийүүдө» (Эф. 4:23, 24). Кудайды таанып-билгенден кийин көптөр анын талаптарына ылайык өзгөрүшү керектигин түшүнүшөт. Андан соң Кудайга жакпаган диний ишенимдеринен, көз караштарынан жана жүрүм-турумунан арылууга аракет кылышат. Андай өзгөрүүлөрдү кылуу оңой эмес, бирок Кудай өзүнүн эркин чын жүрөктөн аткаргысы келгендерге ыйык руху аркылуу жардам берет.

«АНДАЙЛАРДАН АЛЫС БОЛ»

17. Канткенде Кудайга жакпаган сапаттарды өрчүткөндөрдүн таасирине алдырбайбыз?

17 Кудайга кызмат кылгандар менен кызмат кылбагандардын ортосундагы айырмачылык барган сайын айкын болууда. Кудайдын кызматчылары катары биз ага баш ийбегендердин таасирине алдырып коюудан сак болушубуз керек. 2 Тиметей 3:2—5-аяттарда сүрөттөлгөн адамдардан алыс болушубуз керектиги жөнүндөгү кеңешке кулак какканыбыз акылдуулукка жатат. Албетте, Кудайга жакпаган сапаттарды чагылдыргандар менен такыр аралашпай коё албайбыз. Биз алар менен чогуу иштейбиз, окуйбуз же жашайбыз. Ошентсе да алардын ой жүгүртүүсүн, терс сапаттарын жуктуруп алуудан кача алабыз. Ан үчүн Ыйык Китепти изилдеп, Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү болгондор менен тыгыз мамиледе болуп, рухийлигибизди чыңдай беришибиз керек.

18. Сөзүбүз жана жүрүм-турумубуз менен башкаларга рухий жактан кантип жардам беришибиз мүмкүн?

18 Биз башкаларга рухий жактан жардам берүүгө да умтулушубуз зарыл. Андыктан кабар айтканга мүмкүнчүлүк изде, Жахабадан туура нерсени ылайыктуу учурда айтканга жардам беришин сура. Башкаларга Жахабанын Күбөсү экенибизди айткандан тартынбашыбыз керек. Ошентсек, жакшы жүрүм-турумубуздун аркасында өзүбүз эмес, Жахаба Кудай даңкталат. Биз «ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагууга жана азыркы дүйнөдө акыл-эстүүлүк, адилдик, Кудайга берилгендик көрсөтүп жашоого үйрөтүлгөнбүз» (Тит 2:11—14). Эгер Кудайга жаккандай жашасак, башкалар бизди байкап, атүгүл айрымдары: «Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук»,— деши мүмкүн (Зак. 8:23).

^ 10-абз. «Жалаачы» деп которулган сөз грекче «диаболос» деп айтылат. Ыйык Китепте бул сөз Кудайга жалаа жапкан Шайтанга карата колдонулган.