Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайда баары бар болсо, эмне үчүн ага беришибиз керек?

Кудайда баары бар болсо, эмне үчүн ага беришибиз керек?

«Оо, Кудайыбыз, биз сага ыраазычылык билдирип, сенин даңктуу ысмыңды даңазалап жатабыз» (1 ЖЫЛН. 29:13).

ЫРЛАР: 80, 50

1, 2. Жахаба баалуу нерселерин кантип берешендик менен колдонот?

ЖАХАБА — берешен Кудай. Биздеги бардык нерселерди ал берген. Алтын, күмүш жана башка жаратылыш байлыктарынын баары Жахабага таандык. Ал аларды жер бетиндеги жашоо-тиричилик үчүн колдонот (Заб. 104:13—15; Акай 2:8). Ыйык Китепте Жахабанын өзүнүн элине кам көрүш үчүн ошол баалуу нерселерин кереметтүү түрдө кантип колдонгону жөнүндө көптөгөн билдирүүлөр бар.

2 Мисалы, ысрайыл эли чөл кезип жүргөн кезде, Жахаба аларды 40 жыл бою манна жана суу менен камсыз кылып турган (Чыг. 16:35). Ошондуктан алар «эч нерседен кем болушкан» эмес (Нек. 9:20, 21). Жахаба кийин Элиша пайгамбар аркылуу керемет жасап, бир ишенимдүү жесир аялдын кенедей майын көбөйтүп берген. Ал ошол майды сатып, карыздарынан кутулган, атүгүл калган акчага уулдары менен күн көргөн (2 Пад. 4:1—7). Иса Машаяк да Жахабанын жардамы менен зарыл учурда керемет жасап, айрымдарды керектүү тамак-аш, тыйын менен камсыз кылган (Мт. 15:35—38; 17:27).

3. Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Жахаба жердеги жаратууларына кам көрүш үчүн каалаган нерсесин колдоно алат. Ошентсе да ал кызматчыларын өздөрүндөгү материалдык нерселерди анын уюмундагы иштер үчүн жумшоого чакырат (Чыг. 36:3—7; оку: Накыл сөздөр 3:9). Эмне үчүн Жахаба баалуу нерселерибизди ага беришибизди күтөт? Байыркы убакта ишенимдүү адамдар Жахабанын өкүлдөрү аткарган иштерге кантип материалдык жактан колдоо көрсөтүшкөн? Бүгүнкү күндө биздин уюм тартуу кылынган акчаны кантип колдонууда? Бул макаладан ушул суроолорго жооп алабыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАХАБАГА ТАРТУУ БЕРЕБИЗ?

4. Жахабанын ишин колдогонубузда эмнени айгинелейбиз?

4 Биз Жахабага аны сүйгөндүктөн жана ага ыраазы болгондуктан тартуу беребиз. Анын биздин жыргалчылыгыбыз үчүн эмнелерди кылып жатканы жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө жүрөгүбүз ыраазычылыкка толот. Дөөтү падыша ибадаткананы куруу үчүн эмнелер керек болорун түшүндүргөндө биздеги нерселердин баары Жахабадан экенин жана андан алганды эле кайра өзүнө берерибизди айткан. (Оку: 1 Жылнаама 29:11—14.)

5. Чын жүрөктөн тартуу кылуу чыныгы сыйынуунун маанилүү бөлүгү экени Ыйык Китептен кандайча көрүнүп турат?

5 Жахабага тартуу кылганыбыздын дагы бир себеби бул сыйынуубуздун бир бөлүгү болуп саналат. Бир жолу элчи Жакан аянда Жахабанын асмандагы кызматчыларынын: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп жатканын көргөн (Аян 4:11). Жахабанын ага эң жакшы нерсебизди берүү менен даңктап-макташыбызга татыктуу экенине кошуларың шексиз. Ал Муса пайгамбар аркылуу элине жыл сайын үч майрамды белгилөө үчүн анын алдына келип турушу керектигин буйрук кылган. Тартуу кылуу сыйынуунун бир бөлүгү болгондуктан, ал майрамдарда ысрайылдыктар «Жахабанын алдына куру кол келбеши» керек болчу (Мыйз. 16:16). Бүгүнкү күндө да чын жүрөктөн тартуу берүү сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Аны менен биз Жахабанын уюмунун жердеги бөлүгү аткарып жаткан ишке ыраазы экенибизди жана аны колдоорубузду көрсөтөбүз.

6. Тартуу кылганыбыз өзүбүзгө эле жакшы деп эмне үчүн айта алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

6 Тартуу кылганыбыз өзүбүзгө эле жакшы. Биз алганда эмес, марттык менен бергенде пайда алабыз. (Оку: Накыл сөздөр 29:21.) Ата-энеси берген аз акчанын кайсы бир бөлүгүнө белек сатып алып, аларга берген бала жөнүндө ойлонуп көрсөң. Баласынан белек алганда ата-энеси кандай гана сүйүнөт! Же ата-энеси менен чогуу жашап, пионер болуп кызмат кылып жаткан баласы үй-бүлөнүн чыгымдарын жабууга көмөк кылыш үчүн аларга анча-мынча акча бериши мүмкүн. Ата-энеси муну күтпөсө да, жардам катары берген акчасын алууну туура көрүшү ыктымал, себеби ошонун аркасында баласы ата-энесинин ал үчүн кылган жакшылыктарына ыраазы экенин көрсөтө алат. Анын сыңарындай, Жахаба да баалуу нерселерибизди ага бергенибиз өзүбүзгө эле пайдалуу болорун жакшы билет.

БАЙЫРКЫ УБАКТА ТАРТУУ КЫЛГАНДАР

7, 8. Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары а) белгилүү бир ишке тартуу кылуу жагынан, б) Кудайдын ишинде жетекчиликти колго алгандарга материалдык жактан колдоо көрсөтүүдө кандай үлгү көрсөтүшкөн?

7 Ыйык Китептен Жахабанын элинин колдо бар нерселеринен тартуу кылганы жөнүндө окуйбуз. Айрым учурларда алар белгилүү бир иш үчүн тартуу кылышчу. Алсак, Муса пайгамбар ыйык чатырды, ал эми кийинчерээк Дөөтү падыша ибадаткананы куруу үчүн элди тартуу алып келүүгө чакырган (Чыг. 35:5; 1 Жылн. 29:5—9). Жааш падышанын убагында болсо дин кызматчылар чогулган акчаны Жахабанын үйүн оңдоого жумшашкан (2 Пад. 12:4, 5). 1-кылымда Машаяктын Жүйүт жериндеги жолдоочулары ачарчылыктан улам жардамга муктаж болушканда, ишенимдештеринин «ар бири мүмкүнчүлүгүнө жараша» аларга жардам берүүнү чечишкен (Элч. 11:27—30).

8 Жахабанын эли анын ишин аткарууда жетекчиликти колго алгандарга да материалдык жактан колдоо көрсөтүшкөн. Маселен, Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга ылайык, лебилер башка уруулардай болуп үлүш алышкан эмес. Аларга ысрайылдыктар ондук, башкача айтканда, бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берип турушкан. Ошонун аркасында лебилер ыйык чатырдагы кызматын эч нерсеге алаксыбай аткара алышкан (Сан. 18:21). Ошол сыяктуу эле, Исанын күндөрүндө айрым берешен аялдар «өздөрүнүн каражатын Иса менен анын элчилерине кызмат кылууга жумшашкан» (Лк. 8:1—3).

9. Байыркы убакта тартуу кылынган нерселердин айрымдары каяктан алынган?

9 Кудайдын эли тартуу катары берген нерселерин ар кандай жолдор менен алышкан. Мисалы, ысрайылдыктар чөлдө ыйык чатырды курууга берген тартуулардын арасында, сыягы, алар Мисирден ала чыккан нерселер да болгон (Чыг. 3:21, 22; 35:22—24). Ал эми 1-кылымда айрымдар жер же үй сыяктуу мүлкүн сатып, акчасын элчилерге алып келип турушкан. Элчилер ал акчаны муктаж болгондорго беришчү (Элч. 4:34, 35). Башкалар болсо Кудайдын ишин колдош үчүн белгилүү бир суммада акча бөлүп коюп, дайыма тартуу кылып турушкан (1 Кор. 16:2). Демек, тек-жайы ар кандай адамдардын баары: байы да, кедейи да тартуу кыла алган (Лк. 21:1—4).

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ТАРТУУ КЫЛУУ

10, 11. а) Жахабанын байыркы убактагы берешен кызматчыларынан кандай үлгү алсак болот? б) Падышалыктын ишине салым кошуу сыймыгына кандай карайсың?

10 Бүгүнкү күндө биз да белгилүү бир иш үчүн тартуу кылууга чакырылышыбыз мүмкүн. Балким, силердин жыйналышыңар үчүн Падышалык залы курулганы жаткандыр. Же учурда колдонуп жаткан Падышалык залыңарды оңдоп-түзөө керектир. Мүмкүн жергиликтүү филиалды оңдоп-түзөөгө, биз бара турган жыйынды уюштурууга же табигый кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерибизге жардам берүүгө акча-каражат керек экенин билеттирбиз. Биз бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкта жана дүйнө жүзүндөгү филиалдарда кызмат кылгандарды колдоо үчүн да тартуу кылабыз. Тартууларыбыз миссионерлердин, атайын пионерлердин жана кыдыруучулук ишти аркалап жаткандардын кем-карчына да жумшалат. Андан тышкары, жыйындар залдарын жана Падышалык залдарын куруу ишине акча жагынан жардам берүү үчүн жыйналыштарда чечим кабыл алынып турат. Мунун аркасында жер жүзүндөгү бир туугандарыбыз зор пайда алууда.

11 Жахабанын азыркы акыркы күндөрдө аткарып жаткан ишине ар бирибиз салым кошо алабыз. Кимдин канча тартуу кылып жатканын адатта эч ким билбейт. Себеби тартуубузду Падышалык залындагы кутучаларга салганда же jw.org сайты аркылуу тартуу кылганда, эч кимге жар салбайбыз. Балким, менин кичинекей тартуум эмне болмок эле деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, чынында, бүгүнкү күндөгү тартуулардын көбүн аз кишинин чоң тартуулары эмес, кичинеден чогулган тартуулар түзөт. Ишенимдештерибиз, анын ичинде жакыр өлкөдө жашагандар да Македониядагы бир туугандардай иш-аракет кылышууда. Иса Машаяктын Македониядагы ал жолдоочулары «аябай жакыр» турса да, ишенимдештерине жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берилишин көптөн-көп өтүнүп, марттык менен тартуу кылышкан (2 Кор. 8:1—4).

12. Кандайча биздин уюм тартууларды туура колдонууга аракет кылат?

12 Жетектөөчү Кеңеш уюмга түшкөн тартууларды колдонуу жагынан да ишенимдүү жана акылдуу болуу үчүн тиленүү менен иш кылат (Мт. 24:45). Алар акча-каражаттын эмнелерге жумшаларын чечишет жана каражат ошого жараша сарпталат (Лк. 14:28). Байыркы убакта тартууларга жооптуу ишенимдүү кишилер алардын максатка ылайык гана колдонулушуна кам көрүшкөн. Мисалга Эзра пайгамбарды алалы. Ал Персия падышасы тартуу кылган нерселерди: алтынды, күмүштү жана башка баалуу буюмдарды алып, Иерусалимге жөнөгөн. Алардын баасы, бүгүнкү акча менен эсептегенде, 100 миллиондон ашуун долларга барабар болгон. Эзра аларды Жахаба үчүн берилген ыктыярдуу тартуу катары көргөн. Ошондуктан душмандар аңдып жаткан кооптуу жол аркылуу Иерусалимге чыпчыргасын коротпой алып барыш үчүн баарын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурган (Эзра 8:24—34). Ал эми кийинчерээк элчи Пабыл Жүйүт жериндеги муктаж болгон бир туугандар үчүн тартуу чогулткан. Ал ошол тартууларды тийиштүү жерге жеткире турган бир туугандардын «ишти аткарууда Жахабанын алдында эле эмес, адамдардын алдында да чынчыл болушуна» кам көргөн. (Оку: 2 Корунттуктар 8:18—21.) Эзра пайгамбар менен элчи Пабылдан үлгү алып, бүгүнкү күндө биздин уюм да түшкөн тартууларды туура бөлүштүрүү үчүн баарын кылдат ойлонуштурат.

13. Эмне үчүн уюм акыркы жылдары айрым нерселерди өзгөртүүнү туура көрдү?

13 Кайсы бир үй-бүлө киреше-чыгашасын тең салмакташтырыш үчүн же Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну көздөп чыгашасын азайтыш үчүн айрым нерселерин өзгөртүшү мүмкүн. Жахабанын уюму тууралуу да ошону айтууга болот. Акыркы жылдары жүрөк толкуткан көптөгөн жаңы өзгөрүүлөр болду. Алардын айрымдары кирешеге караганда чыгашаны көбүрөөк талап кылды. Ошондуктан уюм силердин тартууларыңардын негизинде көп нерсени ишке ашырыш үчүн чыгашаны азайтуунун жана ишти жөнөкөйлөтүүнүн жолдорун табууга аракет кылып келет.

ТАРТУУЛАРЫҢ ЭМНЕЛЕРГЕ САЛЫМ КОШУУДА?

Марттык менен берген тартууларың бүткүл дүйнөлүк ишке салым кошууда (14—16-абзацтарды кара)

14—16. а) Тартууларыңдын аркасында эмнелер ишке ашууда? б) Жогоруда айтылган рухий иш-чаралардан кандай пайда алып жатасың?

14 Жахабага бир топ жылдан бери кызмат кылып келаткан бир туугандар учурда рухий иш-чаралардын мурда болуп көрбөгөндөй көп болуп жатканын айтышат. Мисалы, акыркы жылдардан бери jw.org сайтын колдонуудабыз жана JW телеберүүсүн көрүп келатабыз. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» көптөгөн тилдерде жарык көрүүдө. 2014, 2015-жылдары бүт дүйнө жүзү боюнча 14 шаардагы чоң-чоң стадиондордо «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын издегиле!» деп аталган үч күнгө созулган эл аралык жыйындар өттү. Ал жыйындарга катышкандар кубанычы койнуна батпай сүйүнүштү.

15 Жахабанын уюму берип жаткан ушундай өзгөчө белектерге көптөр ыраазычылык билдирүүдө. Алсак, Азия өлкөсүндөгү бир жубайлар JW телеберүүсүнө байланыштуу мындай деп жазышкан: «Биз чакан шаарда кызмат кылабыз. Ошондуктан өзүбүздү элден алыс калгандай сезебиз. Кээде Жахабанын ишинин канчалык кулач жайып жатканын эстен чыгарып коёбуз. Бирок JW телеберүүсүн көргөн сайын өзүбүздүн эл аралык бир туугандыктын мүчөсү экенибизди эстейбиз. Жергиликтүү бир туугандар JW телеберүүсүн сүйүнүп көрүшөт. Алар анын ай сайынкы программасын көргөндөн кийин Жетектөөчү Кеңешке жакын болуп калганын көп айтышат. Азыр алар Жахабанын уюмунун мүчөсү экенине мурдагыдан да көбүрөөк сыймыктанышат».

16 Учурда дүйнө жүзү боюнча 2 500гө жакын Падышалык залы курулуп же оңдолуп-түзөлүүдө. Гондурастагы бир жыйналышта кызмат кылган бир туугандар жаңы Падышалык залын колдоно баштаганда мындай дешкен: «Биз Жахабанын ааламды кучагына алган үй-бүлөсүнүн мүчөсү экенибизге жана бүткүл дүйнөлүк кереметтүү бир туугандыгыбыздын бар экенине аябай кубанычтабыз. Ушул эки нерсенин аркасында биздин аймакта да Падышалык залы болсо деген кыялыбыз ишке ашты». Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды эне тилинде алганда, табигый кырсыктан жапа чегип, жардам көрсөтүлгөндө же ири шаарларда, эл көп жерде күбөлөндүрүү ишинин натыйжасын көргөндө дагы башка көп бир туугандар ыраазычылык билдиришкен.

17. Уюмду Жахаба колдоп жатканын каяктан билебиз?

17 Жахабанын Күбөсү болбогон адамдар ушул иштердин баары кандайча ыктыярдуу тартуулардын негизинде гана каржыланып жатканын түшүнө алышпайт. Филиалдарыбыздын бирине экскурсияга келген бир чоң компаниянын жетекчиси ал жердеги иштердин эч кандай соода-сатык жүргүзүлбөй же элден милдеттүү түрдө акча чогултулбай эле, ыктыярчылардын кызматынын жана ыктыярдуу тартуулардын аркасында аткарылып жатканын билгенде аябай таң калган. Ал мунун мүмкүн эмес экенин айткан. Биз да ага кошулабыз. Себеби бул Жахабанын колдоосу менен гана мүмкүн болуп жатканын жакшы билебиз (Аюп 42:2).

ТАРТУУ БЕРГЕНДЕРДИ ЖАХАБА БАТАСЫЗ КАЛТЫРБАЙТ

18. а) Падышалыктын ишин колдогонубузда кандай бата алабыз? б) Балдарыбызды жана Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды ал ишке салым кошууга кантип үйрөтсөк болот?

18 Жахаба бүгүнкү күндө аткарылып жаткан зор ишке колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен бизге чоң сыймык ыйгарууда. Ал бизди эгер Падышалыктын иштерине колдоо көрсөтсөк сөзсүз батасын берерине ынандырат (Мал. 3:10). Ошондой эле берешендик менен бергендерге жакшылыгынын артын кайтарарын убада кылат. (Оку: Накыл сөздөр 11:24, 25.) Андан тышкары, берүү бизге кубаныч тартуулайт, анткени Ыйык Китепте: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деп жазылган (Элч. 20:35). Биз сөзүбүз, үлгүбүз менен балдарыбызды жана Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды Падышалыктын ишине кантип салым кошо аларына үйрөтүп, анын аркасында көптөгөн баталарга ээ болорун түшүнүүгө жардам берсек болот.

19. Бул макала сага эмне кылууга түрткү берди?

19 Биздеги нерселердин баары Жахабадан. Андан алганды кайра өзүнө кайтаруу менен аны сүйөрүбүздү, биз үчүн кылган жакшылыктарын баалаарыбызды көрсөтөбүз (1 Жылн. 29:17). Ысрайылдыктар ибадаткананын курулушуна тартуу кылышканда аябай сүйүнүшкөн. Ыйык Китепте: «Ыктыярдуу тартуу бергендер абдан кубанып жатышты, анткени алар Жахабага бүт жүрөгү менен тартуу кылып жатышты»,— делет (1 Жылн. 29:9). Андыктан, келгиле, биз да алардай болуп Жахабадан алган нерселерди өзүнө берүү менен мындан ары да кубанычка бөлөнө берели.