Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ал чарчаганга күч берет»

«Ал чарчаганга күч берет»

2018-жылдын аяты: «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот» (ЫШ. 40:31).

ЫРЛАР: 3, 47

1. Кандай кыйынчылыктарга дуушар болуудабыз? Жахабанын жүрөгүн эмне кубантат? (Макаланын башындагы сүрөттөрдү карагыла.)

БААРЫҢАР эле жашоо оңой эмес экенине кошулат чыгарсыңар. Алсак, көбүңөр олуттуу оору менен күрөшүп жатасыңар. Башкаларыңар, бир топ жашка чыгып калсаңар да, кары туугандарыңарга кам көрүп келесиңер. Дагы бирөөлөрүңөр болсо үй-бүлөңөрдүн негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн эле кара жаныңарды карч уруп иштеп жатасыңар. Ошондой эле көптөрүңөргө андай көйгөйлөрдүн бири менен эле эмес, бир нечеси менен күрөшүүгө туура келүүдө. Бул көп убакытты, күчтү, акча-каражатты талап кылат. Ошого карабай силер Кудайдын убадаларынын аткарыларынан эч шектенбей, жаркын келечекке болгон ишенимиңерди бекем сактап келатасыңар. Бул Жахабанын жүрөгүн кандай гана кубантат!

2. Ышая 40:29да жазылгандар бизди эмне үчүн бекемдейт, бирок кандай олуттуу ката кетирип алышыбыз мүмкүн?

2 Кээде кыйынчылыктар менен күрөшүүгө алыңар калбай калгандай сезилеби? Эгер ошондой болсо, жалгыз эмессиңер. Ыйык Китепте Кудайдын байыркы убактагы айрым ишенимдүү кызматчыларынын да ушундай сезимде болгону айтылат (1 Пад. 19:4; Аюп 7:7). Бирок алар кыйынчылыктарга багынып калбай, Жахабадан күч сурашкан. Жахаба «чарчаганга күч бергендиктен», алар көңүл кайт болушкан эмес (Ыш. 40:29). Өкүнүчтүүсү, кээ бир ишенимдештерибиз: «Турмуштун кысымына туруштук берүүнүн эң жакшы жолу — ага кызмат кылууну убактылуу токтото туруу»,— деп жаңылыш ойлоп алышат. Аларга Кудайга кызмат кылуу бата эмес, оор жүктөй сезилип калат. Ошондуктан Ыйык Китепти окубай, жыйналышка барбай, кызматка чыкпай калышат. Шайтан так ушуну көздөйт.

3. а) Шайтан бизди алсырата албашы үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

3 Рухий иштерге толук кандуу катышуу бизге дем-күч берерин Шайтан жакшы билет. Ал биздин бекем болушубузду каалабайт. Андыктан чарчаганда, көңүлүбүз чөккөндө Жахабадан алыстап кетпешибиз керек. Тескерисинче, ага ого бетер жакындашыбыз зарыл, анткени ал бизди «бекем, күчтүү кылат» (1 Пет. 5:10; Жкп. 4:8). Бул макалада Кудайга мурдагыдай ынталуу кызмат кылбай калышыбызга себеп болушу мүмкүн болгон эки жагдайды жана алар менен күрөшкөнгө Ыйык Китептеги принциптер кандайча жардам берерин талкуулайбыз. Бирок адегенде Ышая 40:26—31-аяттарга токтолуп, Жахабанын бизди кандайча күчтүү кыла аларын карап чыгалы.

ЖАХАБАГА ҮМҮТ АРТКАНДАР КАЙРАДАН КҮЧКӨ ТОЛОТ

4. Ышая 40:26дан эмнени билүүгө болот?

4 Оку: Ышая 40:26. Эч ким ааламдагы жылдыздардын баарын санай албайт. Илимпоздор Саманчынын жолу галактикасында эле 400 миллиард жылдыз бар болушу мүмкүн деп айтышат. Ал эми Жахаба ар бир жылдызга ат койгон. Мындан эмнени билүүгө болот? Эгер ал жансыз табиятка ушунча көңүл буруп жатса, анда силерге кантип көңүл бурбай койсун?! Силер ага программаланган үчүн эмес, аны чындап сүйгөндүктөн кызмат кылып жатасыңар (Заб. 19:1, 3, 14). Асмандагы Атабыз ар бириңерди жакшы билет. Атүгүл «чачыңардын ар бир талы саналуу» (Мт. 10:30). Забурчу бизди: «Жахаба кынтыксыздардын күндөрүн билет»,— деп ынандырат (Заб. 37:18). Ооба, Кудай силер кабылып жаткан кыйынчылыктардын баарын көрүп турат жана аларга туруштук беришиңер үчүн, күч бере алат.

5. Жахаба бизге күч бере алат деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Оку: Ышая 40:28. Жахаба — күчтүн булагы. Мисалы, ал жараткан Күндүн канчалык кубаттуу экенин карап көрөлү. Илимий жазуучу Дэвид Боданистин айтканына ылайык, Күн секунда сайын миллиард атом бомбасы жарылгандагыга барабар энергия бөлүп чыгарат. Дагы бир изилдөөчү Күндүн бир секундада адамзатка 200 000 жылга жете тургандай энергия бөлүп чыгарарын айткан. Күнгө ушундай кубат берген Кудай бизге кыйынчылыктарыбыз менен күрөшкөнгө кантип эле күч бербесин?!

6. Исанын моюнтуругу кандай мааниде ыңгайлуу жана муну билүү бизге кандай таасир этиши керек?

6 Оку: Ышая 40:29. Жахабага кызмат кылуу зор кубаныч тартуулайт. Иса Машаяк шакирттерине: «Менин моюнтуругумду алгыла»,— деген. Анан: «Ошондо жаныңар сергийт. Себеби моюнтуругум ыңгайлуу, жүгүм жеңил»,— деп кошумчалаган (Мт. 11:28—30). Анын сөздөрүндө калет жок! Кээде жыйналышка же кызматка баратканда дарманыбыз калбай калгандай сезилет. Бирок кайтып келатканда кандай сезимде болобуз? Кадимкидей сергип, турмуш түйшүктөрү менен күрөшкөнгө даяр болуп калабыз. Ооба, Исанын моюнтуругу ыңгайлуу!

7. Матай 11:28—30-аяттарда жазылгандардын чындык экенин ырастаган окуя айтып бергиле.

7 Бир ишенимдешибиз, анын атын Кэйла деп коёлу, өнөкөт чарчоонун синдромунан, депрессиядан жана мигренден жапа чегип келет. Ошонун айынан кээде ага жыйналышка баруу кыйынга турат. Бир жолу аябай кыйналып турса да, жалпыга арналган жолугушууга барган. Ал: «Жыйналыштан көңүл чөгөттүк жөнүндө баяндама айтылды. Баяндамачы ушунчалык боорукердик, түшүнүү менен сүйлөгөндүктөн, көзүмө жаш алдым. Ошондо жолугушууларга дайыма барып турушум керектигин дагы бир жолу эсиме салдым»,— деп жазган. Күч жумшоого туура келсе да, жыйналышка барганына ал кандай гана кубанган!

8, 9. Элчи Пабылдын: «Алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деген сөздөрү эмнени билдирген?

8 Оку: Ышая 40:30. Кандай шык-жөндөмдөргө ээ болбойлу, өз күчүбүз менен кыла албай турган нерселер көп. Муну унутпашыбыз кажет. Мисалы, элчи Пабыл абдан жөндөмдүү болгон. Бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, дайыма эле ойлогон оюна жете берген эмес. Бир жолу Кудайга кайрылып, өзүн тынчсыздандырган нерселер жөнүндө айтканда, Кудай ага: «Менин күчүм алсыздык аркылуу жеткилең болот»,— деген. Пабыл анын айткандарынын маңызын түшүнгөн. Ошондуктан: «Алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деп айткан (2 Кор. 12:7—10). Анын бул сөздөрү эмнени билдирген?

9 Пабыл өзүнөн алда канча күчтүү бирөөнүн жардамысыз көп нерсе колунан келбей турганын түшүнгөн. Ал алсырап турганда, Кудай ага ыйык руху аркылуу күч бермек. Ал эле эмес, ыйык рухтун жардамы менен Пабыл эч качан өз күчү менен кыла албай турган иштерди да аткара алган. Биз тууралуу да ушуну айтууга болот. Эгер бизге күчтү Жахаба берип жатса, анда сөзсүз күчтүү боло алабыз!

10. Жахаба Дөөтүгө кыйынчылыктары менен күрөшүүгө кантип жардам берген?

10 Забурчу Дөөтү Кудайдын ага ыйык руху аркылуу күч бергенин далай жолу сезген. Ошол себептен: «Сенин жардамың менен талап-тоноочуларга каршы чабуул коём, Кудайымдын жардамы менен дубалга чыгам»,— деп ырдаган (Заб. 18:29). Кээде биз чыга албай турган «дубалдар», башкача айтканда, өз күчүбүз менен чече албай турган кыйынчылыктар болот. Алар менен күрөшүүдө Жахабанын колдоосуна муктаж болобуз.

11. Кыйынчылыктар менен күрөшүүгө ыйык рух кантип жардам берет?

11 Оку: Ышая 40:31. Бүркүт өзүнүн күчү менен асманда көпкө чейин каалгып жүрө албайт. Анын бийик көтөрүлүшүнө абанын жылуу агымы шарт түзөт. Ошонун аркасында ал күчүн үнөмдөй алат. Андыктан оор кыйынчылыкка кабылганда бүркүттү эстегиле. Жахабадан «жардамчы, ыйык рух», аркылуу «өйдө көтөрүшүн» сурангыла (Жкн. 14:26). Ага ыйык рух сурап каалаган убакта, 24 саат бою, кайрыла алабыз. Жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешибиз менен келишпестиктер болгондо Кудайдын жардамына аябай муктаж болушубуз мүмкүн. Андай келишпестиктер эмнеден улам пайда болот?

12, 13. а) Кудайдын кызматчыларынын ортосунда эмне үчүн келишпестиктер пайда болот? б) Жусуптун окуясынан Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

12 Пикир келишпестиктер баарыбыз жеткилең эмес болгондуктан келип чыгат. Кээде кайсы бир ишенимдешибиз сөзү же кылган иши менен кыжырыбызды келтириши же тескерисинче, биз башкаларды кыжырдантышыбыз ыктымал. Бул оор сыноо болушу мүмкүн. Бирок башка сыноолордой эле, андайда ишенимдештерибиз менен эриш-аркак кызмат кылууга үйрөнүү менен Жахабага болгон берилгендигибизди далилдөөгө мүмкүнчүлүгүбүз болот. Жахаба аларды жеткилеңсиздигине карабай жакшы көрөт. Биз да ошентишибиз керек.

Жахаба Жусупту эч качан таштаган эмес, силерди да таштабайт (13-абзацты карагыла)

13 Жусуптун окуясы көрсөтүп тургандай, Жахаба кызматчыларынын сыналышына жол берет. Жаш Жусупту өзүнүн эле көрө албас агалары кулчулукка сатып жиберишкен. Сатып алгандар аны Мисирге алып кетишкен (Башт. 37:28). Жахаба баарын көрүп турган. Адил досу Жусупка катаал мамиле кылынганына анын кайгырганы шексиз. Ошентсе да жагдайга кийлигишкен эмес. Кийинчерээк Потипардын аялын зордуктаганга аракет кылды деген жалган жалаа менен зынданга салынганда да, Жахаба кийлигишкен эмес. Анда, эмне, ал Жусупту таштап койгонбу? Жок. Тескерисинче, «Жусуп эмне иш кылбасын, Жахаба ага батасын берген» (Башт. 39:21—23).

14. Ачуубузду тыя билүүнүн кандай пайдалары бар?

14 Дагы бир мисал карап көрөлү. Дөөтү падышанын аябай жаман мамилеге кабылган учурлары көп болгон. Бирок Кудайдын ал досу жүрөгүнө таарынычтын уялашына жол берген эмес. Ал: «Ачууңду тый, каарыңды бас, жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба»,— деген (Заб. 37:8). Биз «күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабаган» Жахабаны туурагыбыз келет. Бул — ачуубузду тыйышыбыз керектигинин эң негизги себеби (Заб. 103:10). Ачууну тыя билүүнүн башка да пайдалары бар. Ачууга алдырган кишинин ден соолугу жабыркайт. Маселен, кан басымы жогорулайт, дем алуу органдарына, бооруна, уйку безине доо кетет жана тамак сиңирүүсү начарлайт. Ошондой эле ачууланып турганда тунук ой жүгүртө албай калабыз. Анын айынан кээде туура эмес сүйлөп же иш кылып алып, көпкө чейин көңүлүбүз чөгүшү мүмкүн. Ошондуктан сабырдуу болгонубуз жакшы. Ыйык Китепте: «Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет»,— делет (Накыл 14:30). Анда ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутканда, терс сезимдерге алдырбай, аны менен болгон мамилебизди сактап калыш үчүн эмне кылсак болот? Кудайдын Сөзүндөгү даанышман кеңештерди колдонуу менен бул жагынан ийгиликке жете алабыз.

ИШЕНИМДЕШИБИЗ КӨҢҮЛҮБҮЗДҮ ООРУТКАНДА

15, 16. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутканда, эмне кылышыбыз керек?

15 Оку: Эфестиктер 4:26. Бул дүйнөдөгүлөр бизге катаал мамиле кылганда таң калбайбыз деле. Ал эми ишенимдешибиз же үйдөгүлөрүбүздүн бири ошондой мамиле кылса, жүрөгүбүз жараланып, аябай жаман болобуз. Айталы, анын сөзүн же ишин унута албашыбыз мүмкүн. Андайда таарынычтын жүрөгүбүздө көп жылдар бою жашап жүрө беришине жол беребизби? Же көйгөйдү тезирээк чечиш үчүн Ыйык Китептеги баалуу кеп-кеңештерге ылайык иш кылабызбы? Аны менен эртерээк сүйлөшүп, чечишип албасак, жагдай барган сайын оордой берет.

16 Мисалы, ишенимдешибиздин кылгандарын такыр унута албай жатабыз дейли. Андай учурда кантип тынчтыкка умтулсак болот? Биринчиден, Жахабадан жалындуу тиленип, ишенимдешибиз менен жай отуруп чечишип алганга жардам беришин сурашыбыз керек. Анын да Кудайдын досу экенин унутпайлы (Заб. 25:14). Жахаба аны да жакшы көрөт. Ал досторуна боорукердик менен мамиле кылат жана бизден да ошону күтөт (Накыл 15:23; Мт. 7:12; Кол. 4:6). Экинчиден, эмне айтарыбызды дагы бир жолу жакшылап ойлонуп алганыбыз маанилүү. Ал мени атайылап таарынтты деп жыйынтык чыгарганга шашпай, аны актаганга аракет кылганыбыз жакшы. Ошондой эле ортобуздагы жараканын пайда болушуна кандайдыр бир деңгээлде өзүбүз да себепкер болушубуз мүмкүн экенин эске алышыбыз керек. Сөзүбүздү: «Балким, мен өтө эле көңүлүмө жакын алып алгандырмын, бирок кечээ сенин сөздөрүңөн улам өзүмдү...» — деп баштасак болот. Эгер аракетибизден майнап чыкпаса, аны менен жарашыш үчүн башка ылайыктуу учурду күткөнүбүз туура. Ошол эле учурда ал үчүн тиленип, Жахабадан ага батасын беришин жана бизге анын жакшы жактарына көңүл топтогонго көмөк кылышын сурана беришибиз керек. Натыйжасы кандай болбосун, Жахабанын ишенимдешибизди — анын досун — кайрып алыш үчүн жасаган аракетибизди баалаарына шектенбесек болот.

ӨТКӨНДҮ ЭСТЕП КЫЙНАЛГАНДА

17. Олуттуу күнөө кылып алганыбызда, Жахаба кантип жардам берет жана эмне үчүн анын жардамын кабыл алышыбыз керек?

17 Айрымдар олуттуу күнөө кылып алгандыктан Жахабага кызмат кылууга татыксызмын деп ойлошот. Ошондон улам жан дүйнөсү тынч болбой, кубанычын жоготуп, алсырашы мүмкүн. Мунун кандай болорун күнөөнүн айынан кыйналган Дөөтү падыша: «Унчукпай жүргөнүмдө, эртеден кечке онтогонуман сөөктөрүм кургап кетти. Анткени сенин колуң мени күнү-түнү кыйнады»,— деп сүрөттөгөн. Бирок андан кийин: «Акыры күнөөмдү сага ачык айттым... Ошондо сен менин катамды, күнөөлөрүмдү кечирдиң»,— деген. Бул сөздөрүнөн анын рухий жактан жетилген адам катары иш кылганы көрүнүп турат (Заб. 32:3—5). Эгер олуттуу күнөө кылып алсак, Жахаба кайрадан бутубузга турганга жардам берет. Бирок ан үчүн анын жыйналыш аркылуу берген жардамын кабыл алышыбыз зарыл (Накыл 24:16; Жкп. 5:13—15). Бул түбөлүк өмүр алар-албасыбызга таасир эткендиктен, созуп жүрө бербегенибиз абдан маанилүү. Эгер күнөөбүз кечирилгенден көп убакыт өткөндөн кийин деле аны эстеп, абийирибиз жемелей берсе, эмне кылсак болот?

18. Мурунку күнөөсүн ойлоп кыйналып жүргөндөр Пабыл жөнүндөгү билдирүүдөн эмнеге үйрөнө алышат?

18 Элчи Пабылдын да мурунку каталарынан улам кыйналган учурлары болгон. Ал: «Мен элчилердин эң кичинесимин, атүгүл элчи деп аталууга да татыксызмын, анткени мурун Кудайдын жыйналышын куугунтуктап жүргөм»,— деп жазган. Бирок: «Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун»,— деп кошумчалаган (1 Кор. 15:9, 10). Жахаба Пабылды кандай болсо, ошондой кабыл алган жана анын буга толук ынанышын каалаган. Эгер мурунку күнөөлөрүбүз үчүн чын жүрөктөн өкүнүп, тийиштүү иш-аракеттерди кылсак, Жахабанын бизге ырайым кыларынан шектенбесек болот. Анын кечиргенине такыр күмөн санабайлы! (Ыш. 55:6, 7).

19. 2018-жылдын аяты кайсы жана ошол аяттын тандалганы эмне үчүн абдан орундуу?

19 Бул дүйнө соңуна чыгып бараткандыктан, жашоо уламдан улам оордой берет. Бирок «чарчаганга күч берген» жана «алсыраганга кубат берген» Жахаба бизге да керектүү учурда күч-кубат берет (Ыш. 40:29; Заб. 55:22; 68:19). 2018-жылдын ичинде Падышалык залынан: «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот»,— деген жылдык аятты окуган сайын ушул маанилүү чындыкты эсибизге салып турабыз (Ыш. 40:31).