Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Билесиңби?

Билесиңби?

Байыркы Ысрайылда Муса аркылуу берилген Мыйзам күнүмдүк жашоодогу юридикалык маселелерде колдонорлук болгонбу?

ООБА, айрым учурларда колдонорлук болгон. Бир мисал карап көрөлү. Мыйзам 24:14, 15те: «Жарды, кыйналып жүргөн жалданма жумушчуңду, ал бир тууганың болобу же сенин жериңде... жашаган келгин болобу, акысын берип жатканда алдаба... Болбосо ал зар-муңун айтып Жахабага кайрылат, ошондо күнөөлүү болуп каласың»,— деп жазылган.

Сынык чопого жазылган талаа жумушчусунун доо-арызы

Азотко жакын жерден ушундай жагдайга байланышы бар бир доо-арыз табылган. Ал б.з.ч. 7-кылымга таандык. Кыязы, ал буудайдын бир күндүк нормасын чыгарган жок деп айыпталган талаа жумушчусунун доо-арызы болгон. Чопонун сыныгына жазылган ал документте мындай делген: «Сиздин кызматчыңыз [доо-арыз менен кайрылган киши] бир нече күн мурун түшүмдү кампага жыйнап бүткөндөн кийин, Шобайдын уулу Хошаяху келип, кызматчыңыздын жамынчысын алып кетти... Мени менен күндүн ысыгында чогуу иштегендердин баары... айткандарымдын чындык экенин ырастай алышат. Менин эч кандай күнөөм жок... Эгер мырзам кызматчысынын жамынчысын алдырып берүүгө өзүн милдеттүү эсептебесе, анда боорукердигинен улам ошентишин өтүнөм. Кызматчыңыз жамынчысы жок калганда, унчукпай койбоңуз».

Бул доо-арыздан, Саймон Шама деген тарыхчы белгилегендей, «жумушчунун [жамынчысын] алууга далалат кылганын эле эмес, анын Ыйык Китептеги мыйзам жыйнагын, айрыкча, Лебилер жана Мыйзам китебиндеги кедей-кембагалдарга катаал мамиле кылбоого байланыштуу буйруктарды билгенин көрүүгө болот».