Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүүнүн кайсы түрү чындап бактылуу кылат?

Сүйүүнүн кайсы түрү чындап бактылуу кылат?

«Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!» (ЗАБ. 144:15).

ЫРЛАР: 111, 109

1. Өзгөчө убакта жашап жатабыз деп эмне үчүн айта алабыз?

БИЗ адамзат тарыхындагы эң эле өзгөчө убакта жашап жатабыз. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, Жахаба «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» «эбегейсиз көп адамдарды» чогултууда. Алар сегиз миллиондон ашуун кишиден турган бактылуу, «күчтүү элди» түзүшөт жана Кудайга «күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат» (Аян 7:9, 15; Ыш. 60:22). Кудайды да, жакындарын да сүйгөн адамдар буга чейин мынчалык көп болгон эмес.

2. Кудайдан алыстагандар сүйүүнүн кандай түрүн өрчүтүүдө? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

2 Анткен менен Ыйык Китепте биздин күндөрдө Кудайдан алыстагандардын сүйүүнүн туура эмес түрүн, башкача айтканда, өзүмчүлдүккө түрткөн сүйүүнү чагылдырары да айтылган. Элчи Пабыл: «Акыркы күндөрдө... адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн [болушат]»,— деп жазган (2 Тим. 3:1—4). Сүйүүнүн мындай түрү Кудайдын кызматчылары өрчүткөн сүйүүгө карама-каршы келет. Керт башынын кызыкчылыгын көздөгөндөр өздөрү ойлогондой бактылуу боло алышпайт. Тескерисинче, андай сүйүү өзүмчүлдүктүн кулач жайышына алып келгендиктен, жашоо «өзгөчө оор» болууда.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз жана эмне үчүн?

3 Пабыл өзүн сүйгөндөрдүн көп болорун жана мунун Кудайдын кызматчыларына терс таасир этиши мүмкүн экенин түшүнгөн. Ошондуктан ишенимдештерин андайлардан «алыс болууга» үндөгөн (2 Тим. 3:5). Албетте, биз алар менен такыр байланышпай коё албайбыз. Анда канткенде бул дүйнөгө мүнөздүү көз караштан алыс болуп, сүйүүнүн Кудайы болгон Жахабага жага алабыз? Эмесе, 2 Тиметей 3:2—4-аяттарда айтылган сүйүүнүн Кудайга жаккан сүйүүдөн кандай айырмасы бар экенин карап көрөлү. Бул бизге өзүбүздү текшерүүгө, ошондой эле чыныгы канааттануу тартуулаган жана бактылуу болушубузга өбөлгө түзгөн сүйүүнү дагы көбүрөөк өрчүтүүгө жардам берет.

КУДАЙДЫ СҮЙӨСҮҢБҮ ЖЕ ӨЗҮҢДҮБҮ?

4. Эмне үчүн өзүбүздү тийиштүү деңгээлде сүйгөнүбүз орундуу?

4 «Адамдар өзүн өзү сүйгөн... болушат»,— деп жазган Пабыл. Өзүбүздү сүйгөнүбүз туура эмеспи? Жок. Өзүбүздү тийиштүү деңгээлде сүйгөнүбүз — табигый эле нерсе, атүгүл зарыл. Жахаба бизди ушинтип жараткан. Иса Машаяк: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген (Мр. 12:31). Эгер өзүбүздү сүйбөсөк, жакыныбызды да сүйө албайбыз. Ыйык Китептен: «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт»,— дегенди да окуйбуз (Эф. 5:28, 29). Андыктан өзүбүздү кандайдыр бир деңгээлде сүйгөнүбүз орундуу.

5. Өзүн ашыкча сүйгөндөр кандай болот?

5 Ал эми 2 Тиметей 3:2де айтылган «өзүн өзү сүйүү» — бурмаланган, өзүмчүлдүккө жаткан сүйүү. Андай сүйүүнү чагылдыргандар өздөрү жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлошот. (Оку: Римдиктер 12:3.) Алар жалаң эле өз кызыкчылыгын көздөшөт, башкалар менен иши деле болбойт. Кайсы бир нерсе ойдогудай болбой калса, айыбын мойнуна алгандын ордуна, күнөөнү бирөөлөргө оодара салышат. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу андай адамдарды кирпичеченге салыштырган. Ал сүрөттөгөндөй, кирпичечен топко окшоп топтомолок болуп алганда учтуу ийнелери сыртта калып, өзү болсо жумшак, жылуу жүнүнө оронуп алат. Керт башынын гана кызыкчылыгын ойлогондор чындап бактылуу боло алышпайт.

6. Кудайды сүйүүнүн натыйжасы кандай болот?

6 Элчи Пабыл акыркы күндөрдө кеңири тарай турган терс сапаттарды санап жатканда өзүн өзү сүйүүнү эң биринчи айткан. Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулардын ою боюнча, мунун себеби башка терс сапаттар ошондой сүйүүдөн улам пайда болот. Ал эми Кудайды сүйгөндөр таптакыр башка сапаттарды чагылдырышат. Ыйык Китепте Кудайга жаккан сүйүү кубаныч, тынчтык, чыдамкайлык, боорукердик, жакшылык, ишеним, жумшактык, өзүн өзү кармай билүү менен байланыштырылат (Гал. 5:22, 23). Забурчу: «Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!» — деген (Заб. 144:15). Жахаба — бактылуу Кудай. Анын кызматчылары да бактылуу. Андан тышкары, өзүн сүйгөндөрдөн жана алсам эле деп тургандардан айырмаланып, алар башкаларга жакшылык кылуудан кубаныч алышат (Элч. 20:35).

Өзүбүздү сүйүүдөн канткенде кача алабыз? (7-абзацты кара)

7. Кудайга болгон сүйүүбүздү текшерип көрүүгө кайсы суроолор жардам берет?

7 Өзүбүзгө караганда Кудайды көбүрөөк сүйөрүбүздү кантип аныктасак болот? Филипиликтер 2:3, 4төгү кеңеш жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал жерде: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө. Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деп жазылган. Ар бирибиз: «Бул кеңешти колдонуп жатамбы? Кудайдын эркин аткарууга чын жүрөктөн умтуламбы? Жыйналыштагыларга, кызматта жолуктурган адамдарга жардам берүүгө аракет кыламбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Жан аябас болуу дайыма эле оңойго тура бербейт. Бул күч-аракетти, өз кызыкчылыгыбыздан баш тартууну талап кылат. Бирок анын аркасында Ааламдын Эгедеринин жүрөгүн сүйүнтөбүз. Муну билүүдөн өткөн кубаныч жок!

8. Кудайга болгон сүйүүсү айрымдарга эмне кылууга түрткү берүүдө?

8 Жахабаны сүйгөндүктөн айрымдар ага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн жыргал жашоого шарт түзгөн мансаптан баш тартышкан. Мисалы, Кошмо Штаттарда жашаган Эрика доктур болуп иштейт. Ал медицина тармагында албан ийгиликтерге жетүүнү көздөбөй, үзгүлтүксүз пионер болуп, күйөөсү менен бир нече өлкөдө кызмат кылган. Эрика артка кылчая карап, мындай дейт: «Бөтөн тилдеги аймактарда кызмат кылганда болгон окуялар жана тапкан досторубуз жашообузду чындап эле байытты. Мен азыр деле доктур болуп иштейм. Бирок убактымдын, күчүмдүн көбүн башкаларды рухий жактан айыктырууга жана жыйналыштын муктаждыктарына кам көрүүгө жумшаганым жүрөгүмдү кубанычка толтуруп, терең канааттануу тартуулайт».

БАЙЛЫКТЫ АСМАНГА ТОПТОЙСУҢБУ ЖЕ ЖЕРГЕБИ?

9. Эмне үчүн акчаны сүйгөндөр бактылуу боло алышпайт?

9 Пабыл көптөрдүн «акчаны сүйөрүн» да айткан. Бир нече жыл мурун Ирландиядагы бир пионер бир киши менен Кудай жөнүндө сүйлөшүп калган. Ал киши капчыгынан акчасын алып чыгып: «Мына менин кудайым!» — деп сыймыктана сүйлөгөн. Көптөр акча жөнүндөгү оюн ага окшоп ачык айтпаса да, дүйнө акчаны жана ага сатып алчу нерселерди сүйгөн адамдарга жык толгон. Бирок Ыйык Китепте: «Күмүштү сүйгөн күмүшкө тойбойт, байлыкты сүйгөн кирешеге тойбойт»,— делет (Нас. 5:10). Андайлар болгон сайын болсо дей беришет жана дүнүйө топтоо менен өздөрүн «көптөгөн азаптарга» дуушар кылышат (1 Тим. 6:9, 10).

10. Агур байлык менен жакырчылык жөнүндө эмне деп жазган?

10 Албетте, акча баарыбызга эле керек. Ал кандайдыр бир деңгээлде коргойт (Нас. 7:12). Бирок акчасы зарыл нерселерге гана жеткен адамдар чындап бактылуу боло алабы? Сөзсүз. (Оку: Насаатчы 5:12.) Байыркы убакта Жакенин уулу Агур: «Мени жакыр да, бай да кыла көрбө. Ырыскымды бере көр»,— деген. Анын эмне үчүн өтө жакыр болгусу келбегени айкын. Өзү түшүндүргөндөй, ал жакырлыктан улам уурулукка баргысы келген эмес, анткени уурулук кылгандар Кудайга тил тийгизет. Ал эмне үчүн: «Бай да кыла көрбө»,— деп да тиленген? «Ашыра тоюп алып, сенден баш тартып: „Жахаба ким экен?!“ — деп айтпагыдай болоюн»,— деген ал (Накыл 30:8, 9). Балким, сен Кудайга эмес, байлыгына таянгандарды билеттирсиң.

11. Иса акчага байланыштуу кандай кеңеш берген?

11 Акчаны сүйгөндөр Кудайга жага албайт. Иса: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт, анткени бирин жек көрүп, экинчисин жакшы көрөт же бирине берилгендик менен кызмат кылып, экинчисин баркка албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кул боло албайсыңар»,— деген. Ал сөздөрдү айтканга чейин: «Жер үстүнө байлык жыйнаганыңарды токтоткула. Жерде аны күбө жейт, дат басат, уурулар кирип, уурдап кетишет. Анын ордуна, байлыкты асманга топтогула. Ал жакта аны күбө жебейт, дат баспайт, уурулар кирип, уурдап кетишпейт»,— деген (Мт. 6:19, 20, 24).

12. Жөнөкөй жашоо кандайча Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга шарт түзөт? Мисал келтир.

12 Көп ишенимдештерибиз жөнөкөй жашоо бактылуу кылгандан тышкары, Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга шарт түзөрүн байкашкан. Кошмо Штаттарда жашаган Жэк деген бир тууган заңгыраган үйүн сатып, жүргүзгөн ишин токтоткон. Анткени ушунун аркасында жубайына кошулуп пионер боло аларын түшүнгөн. Ал мындай дейт: «Сонун жерде жайгашкан кооз үйүбүздү, жерибизди сатуу оңой болгон жок. Бирок мурунку жумушумда иштеп жүргөн жылдары ал жактагы көйгөйлөрдөн улам үйгө жанчылып келчүмүн. Ал эми аялым үзгүлтүксүз пионер болгондуктан дайыма кубанычтуу жүрчү. Ал: „Менин чоңумдай эч ким жок го!“ — деп айтып калар эле. Азыр мен да пионер болгондуктан, экөөбүз тең бир башчыга — Жахабага — кызмат кылып жатабыз».

Акчаны сүйүүдөн канткенде кача алабыз? (13-абзацты кара)

13. Акчага болгон көз карашыбызды кантип текшерсек болот?

13 Акчага болгон көз карашыбызды текшериш үчүн мындай суроолорго чынчылдык менен жооп берип көрүшүбүз керек: «Ыйык Китепте акча жөнүндө айтылгандарга чындап эле ишенемби жана ошого ылайык жашап жатамбы? Акча табуу жашоомдо биринчи орунда турган жокпу? Жахаба жана адамдар менен болгон мамилеме караганда материалдык нерселерди көбүрөөк баалабаймынбы? Жахабанын мага кам көрөрүнө толук ишенемби?» Биз Кудайдын ага үмүт арткандарды эч качан калтырбай турганына күмөн санабасак болот (Мт. 6:33).

ЖАХАБАНЫ СҮЙӨСҮҢБҮ ЖЕ ЫРАХАТТЫБЫ?

14. Көңүл ачууга карата тең салмактуу көз караш кандай болот?

14 Алдын ала айтылгандай, бүгүнкү күндө көптөр «ырахатты сүйөт». Өзүбүзгө жана акчага карата тең салмактуу көз карашта болуунун жаман жери жок болгондой эле, орду менен көңүл ачуунун да жаман жери жок. Жахаба биздин кубаныч тартуулаган жакшы иштерден таптакыр баш тартып, көңүлсүз жүрүшүбүздү каалабайт. Тескерисинче, Ыйык Китепте Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына: «Бар да, наныңды кубаныч менен же, шарабыңды шайыр жүрөк менен ич»,— деп айтылган (Нас. 9:7).

15. 2 Тиметей 3:4төгү «ырахатты сүйүү» деген сөздөр эмнени билдирет?

15 2 Тиметей 3:4тө Кудайды унутуп, ырахатка берилип кеткен адамдар тууралуу сөз кылынат. Эске алчу нерсе, аятта алардын Кудайга караганда ырахатты көбүрөөк сүйөрү, тагыраак айтканда, Кудайды кандайдыр бир деңгээлде сүйөрү айтылган эмес. Ал жерде: «Кудайдын ордуна»,— деп жазылган. Бир изилдөөчү буга байланыштуу: «[Аяттагы сөз] алардын Кудайды да кандайдыр бир деңгээлде сүйөрүн эмес, аны такыр эле сүйбөй турганын билдирет»,— деген. Ырахат алууну эле көздөп калгандар үчүн бул абдан олуттуу эскертүү! «Бул жашоонун... ырахатына берилгендер» «ырахатты сүйгөндөр» деп кандай гана таамай сыпатталган (Лк. 8:14).

16, 17. Көңүл ачуу жагынан Иса Машаяк кандай үлгү калтырган?

16 Көңүл ачууга карата тең салмактуу көз карашта болуу жагынан Иса Машаяк эң мыкты үлгү көрсөткөн. Ал бир жолу үйлөнүү тоюна барган. Ошондой эле бир кишинин үйүндө өткөн чоң тойго катышкан (Жкн. 2:1—10; Лк. 5:29). Үйлөнүү тоюнда шарап түгөнүп баратканда, керемет жолу менен сууну шарапка айланткан. Андан тышкары, адилсинген кишилер аны ичип-жегени үчүн сындашканда, аларды ашкерелеген (Лк. 7:33—36).

17 Анткен менен Исанын оюнун баары эле көңүл ачуу болуп калган эмес. Ал Жахабаны биринчи орунга койгон жана башкаларга жардам берүү үчүн талыкпай күч жумшаган. Көптөр өмүр алышы үчүн, атүгүл жаза устунунда азап чегип өлүүгө даяр болгон. Иса анын жолун жолдогусу келгендерге мындай деген: «Мен үчүн кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар жана силерге ар кандай жалган жалаа жабышса, бактылуусуңар. Кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан» (Мт. 5:11, 12).

Ырахатты сүйүүдөн канткенде кача алабыз? (18-абзацты кара)

18. Ырахатты канчалык сүйөрүбүздү билүүгө кайсы суроолор жардам берет?

18 Ырахатты канчалык сүйөрүбүздү кантип билсек болот? Ан үчүн мындай деп ойлонуп көрүшүбүз керек: «Жыйналыш жолугушуулары, кабар айтуу кызматы көңүл ачуудан кийинки орунда туруп калган жокпу? Кудайга кызмат кылыш үчүн өзүмө жаккан нерселерден баш тартууга даярмынбы? Көңүл ачууну тандап жатканда Жахабанын көз карашын эске аламбы?» Эгер Кудайды чындап жакшы көрсөк, ага жакпай турганына көзүбүз жеткен нерселерден эле эмес, ага жакпайт болуш керек деп ойлогон нерселерден да качабыз. (Оку: Матай 22:37, 38.)

ЧЫНЫГЫ БАКЫТ

19. Кимдер эч качан чыныгы бакытка жете алышпайт?

19 Адам баласын 6 000 жылдай убакыттан бери эзип келаткан Шайтандын дүйнөсү жакында соңуна чыгат. Учурда жер бети өзүн, акчаны, ырахатты бөтөнчө сүйгөн адамдарга толду. Алар каалаганына жетүүгө умтулушат жана өздөрүнүн каалоосун баарынан жогору коюшат. Бирок андай адамдар эч качан чыныгы бакытка жете алышпайт. Чынында, забурчу жазгандай, «Жакыптын Кудайынан жардам күткөн, Жахаба Кудайынан үмүттөнгөн адам бактылуу» (Заб. 146:5).

20. Кудайга болгон сүйүүң бактылуу болушуңа кандайча өбөлгө түзүүдө?

20 Жахабанын кызматчыларынын ага болгон сүйүүсү барган сайын артууда жана алардын катары жылдан жылга өсүүдө. Бул Кудайдын Падышалыгы бийлик кылып жатканын жана жакында жер бетине кереметтүү баталарды төгөрүн ырастап турат. Биз Эң Жогорку Кудайдын эркин аткарып, анын жактыруусуна ээ болгондо гана зор кубаныч алабыз. Жахабаны сүйгөндөр түбөлүккө бактылуу болушат. Кийинки макалада өзүмчүлдүк чагылдырылган сүйүүдөн улам пайда болуучу терс сапаттардын айрымдарына токтолобуз. Ошондой эле алардын Жахабанын кызматчыларына мүнөздүү сапаттардан эмнеси менен айырмаланарын талкуулайбыз.