Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жанга жагымдуу биримдик жана Эскерүү кечеси

Жанга жагымдуу биримдик жана Эскерүү кечеси

«Бир туугандардын биримдикте жашаганы... кандай жагымдуу!» (ЗАБ. 133:1).

ЫРЛАР: 18, 14

1, 2. 2018-жылы кайсы азем биримдикке өбөлгө түзгөн өзгөчө окуя болот жана эмне үчүн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

2018-ЖЫЛЫ 31-мартта күн кылкылдап уясына бата баштаганда, Кудайдын эли жана көптөгөн башка адамдар жыл сайын өткөрүлчү Эскерүү кечесин белгилөө үчүн чогулушат. Жер планетасы өз огунда айланып жаткан убакыт аралыгында дүйнөнүн чар тарабындагы миллиондогон адамдар Машаяктын өлүмүн эскеришет. Жыл сайын белгиленген бул азем бүт жер жүзү боюнча биримдикке өбөлгө түзгөн өзгөчө окуя болуп саналат.

2 Ошол күн соңуна чыккыча, саат сайын ар кайсы жерде миллиондогон адамдардын ал аземди белгилеп жатканын көргөндө Жахаба менен Исанын канчалык кубанарын элестетсең. Ыйык Китепте «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» «эбегейсиз көп адамдардын»: «Бизди тактыда отурган Кудайыбыз менен Козу куткарды»,— деп кубанычтуу үн салары алдын ала айтылган (Аян 7:9, 10). Ар жылы өткөрүлгөн Эскерүү кечесинде Жахаба менен Исанын ушундайча даңкталып жатканы кандай жагымдуу!

3. Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Бул макалада төмөнкү суроолорго жооп алабыз: 1) Ар бирибиз Эскерүү кечесине кантип даярдансак болот жана канткенде андан пайда алабыз? 2) Эскерүү кечеси Кудайдын элинин биримдигине кандайча өбөлгө түзөт? 3) Ал биримдикке ар бирибиз кандай жолдор менен салым кошо алабыз? 4) Эскерүү кечеси акыркы жолу белгиленген убак болобу? Эгер болсо, качан?

КАНТИП ДАЯРДАНСА ЖАНА ПАЙДА АЛСА БОЛОТ?

4. Эскерүү кечесине мүмкүн болушунча дайыма катышканыбыз эмне үчүн маанилүү?

4 Эскерүү кечесине катышуунун канчалык маанилүү экени жөнүндө ойлонуп көрсөң. Жыйналыш жолугушуулары сыйынуубуздун бир бөлүгү болуп эсептелет. Жахаба менен Иса жыл сайын боло турган ошол эң маанилүү жолугушууга келүүгө күч-аракет жумшагандардын ар бирин байкап турат. Биз алардын, ден соолугубуз же жагдай-шартыбыз такыр жол бербей койбосо эле, Эскерүү кечесине дайыма келгенибизди көрүшүн каалайбыз. Сыйынуу үчүн өткөрүлгөн жолугушууларды баалаарыбызды ишибиз менен көрсөтсөк, бул Жахабанын ысмыбызды «эстелик китептен» — «өмүр китебинен» — өчүрбөшүнө дагы бир себеп болот. Ысымы ал китепке жазылгандар түбөлүк өмүргө ээ болушат (Мал. 3:16; Аян 20:15).

5. Эскерүү кечесине бир нече убакыт калганда, «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү» кантип текшерип көрсөк болот?

5 Эскерүү кечесине бир нече убакыт калганда, атайын убакыт бөлүп, Жахаба менен болгон мамилебиздин канчалык бекем экенин тиленүү менен кылдат текшерип көрүшүбүз керек. (Оку: 2 Корунттуктар 13:5.) Буга эмне жардам берет? Ар бирибиз «ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүбүздү» текшеришибиз зарыл. Ан үчүн мындай деп ойлонуп көрсөк болот: «Жахаба өзүнүн эркин аткарыш үчүн колдонуп жаткан жападан жалгыз уюмдун мүчөсү экениме толук ишенемби? Башкаларга Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, аларды окутуп-үйрөтүүгө бүт күчүмдү жумшап жатамбы? Азыр акыркы күндөр экенине жана Шайтандын башкаруусу жакында жок болоруна ишенерим иштеримен көрүнүп турабы? Жахаба менен Исага болгон ишенимим дагы деле өмүрүмдү Жахабага арнаган убактагыдай бекемби?» (Мт. 24:14; 2 Тим. 3:1; Евр. 3:14). Ушу сыяктуу суроолор тууралуу ой жүгүртүү өзүбүздү «сынап турууга» жардам берет.

6. а) Түбөлүк өмүргө канткенде ээ болобуз? б) Бир аксакал Эскерүүгө жыл сайын кантип даярданат жана канткенде сен да ошенте аласың?

6 Эскерүү кечесинин маанилүүлүгү талкууланган, Ыйык Китепке негизделген материалдарды окуп, ой жүгүрт. (Оку: Жакан 3:16; 17:3.) Жахабаны «таанып-билип», анын жалгыз Уулу Исага ишенгенде гана түбөлүк өмүргө ээ болобуз. Андыктан Эскерүү кечесине даярдануу үчүн Жахаба менен Исага мурдагыдан да жакындоого жардам берген темаларды изилдеп көрсөң болот. Мисалга көп жылдан бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан бир ишенимдешибизди алалы. Ал Эскерүү кечеси жана Жахаба менен Исанын бизге көрсөткөн сүйүүсү тууралуу жазылган «Күзөт мунарасындагы» макалаларды бир топ жылдан бери чогултуп келет. Эскерүүгө бир нече жума калганда, ошол макалаларды кайра окуп, кеченин маанилүүлүгү жөнүндө ой жүгүртөт. Чогулткан макалаларына кээде бир же эки жаңы макала кошуп турат. Ал аксакал ошол макалаларды кайра-кайра окуунун жана Ыйык Китептен Эскерүү кечесине байланыштуу берилген аяттарды окуп-ой жүгүртүүнүн аркасында жыл сайын жаңы нерселерди билерин байкаган. Андан да маанилүүсү, Жахаба менен Исага болгон сүйүүсү жылдан жылга тереңдеп баратканын сезген. Ушундай изилдөө жүргүзүү сенин да Жахаба менен Исага болгон сүйүүңдү жана ыраазычылыгыңды арттырып, Эскерүү кечесинен толук пайда алууга жардам берет.

БИРИМДИГИБИЗГЕ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

7. а) Эскерүү кечеси негизделген түнү Иса эмне жөнүндө тиленген? б) Жахабанын Исанын тиленүүсүнө жооп бергени эмнеден көрүнүп турат?

7 Эскерүү кечеси негизделген түнү Иса Машаяк Атасына кайрылып, экөө биримдикте болгондой эле, жолдоочуларынын да биримдикте болушун тиленген. (Оку: Жакан 17:20, 21.) Жахаба сүйүктүү Уулунун ошол тиленүүсүнө жооп берген. Кудайдын эли өткөргөн жолугушуулардын ичинен Эскерүү кечесинде алардын биримдүү экени айрыкча байкалат. Жахабанын өз Уулун жибергенине ишенгендиктен улуту, терисинин түсү ар кандай болгон, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган миллиондогон адамдар ал аземди белгилөө үчүн чогулушат. Айрым жерлерде ар кайсы расадагы адамдардын диний жолугушууга чогулганы өөн учурайт же көптөргө жакпайт. Бирок мындай биримдик Жахаба менен Исага аябай жагымдуу көрүнөт!

8. Жахаба Жезекиел пайгамбарга биримдикке байланыштуу эмне деген?

8 Жахабанын эли катары биз арабызда биримдик өкүм сүрүп жатканына таң калбайбыз. Жахаба ушундай болорун тээ мурун эле айткан болчу. Анын Жезекиел пайгамбарга эки таякты, Жүйүттүн таягы менен Жусуптун таягын, бириктирерине байланыштуу айткан сөздөрү жөнүндө ойлонуп көрсөң. (Оку: Жезекиел 37:15—17.) «Күзөт мунарасынын» 2016-жылы июлда чыккан санындагы «Окурмандардын суроолорунда» бул тууралуу мындай делген: «Жахаба эки падышалыкка бөлүнүп кеткен ысрайыл элинин убада кылынган жерге кайтып келгенден кийин биригерин Жезекиел пайгамбар аркылуу алдын ала айткан. Бул пайгамбарлык акыркы күндөрдө Кудайдын кызматчыларынын бир эл болуп биригерин да билдирген».

9. Жезекиелдин пайгамбарлыгы аткарылып жатканы жыл сайын Эскерүү кечесинен кандайча көрүнүүдө?

9 1919-жылдан тартып Жахаба каймана мааниде Жүйүттүн таягын билдирген майлангандарды кайрадан уюштуруп, бириктире баштаган. Кийин аларга Жусуптун таягын билдирген, жер бетинде жашоого үмүттөнгөн көптөгөн адамдар кошулуп, эки топ «бир оторду» түзгөн (Жкн. 10:16; Зак. 8:23). Жахаба ал эки таяктын биригип, анын колунда бир таяк болорун убада кылган (Жез. 37:19). Азыр ал эки топ бир Падышанын — даңкталган Иса Машаяктын — жетеги астында биримдикте кызмат кылууда. Кудай аны Жезекиелдин пайгамбарлыгында «кызматчым Дөөтү» деп атаган (Жез. 37:24, 25). Жезекиел китебинде сүрөттөлгөн баа жеткис биримдик майлангандардын калдыгы менен «башка койлор» жыл сайын Машаяктын өлүмүн эскерүү үчүн чогулганда айкын көрүнөт. Ал биримдикке өбөлгө түзүп, аны сакташ үчүн ар бирибиз эмне кылсак болот?

БИРИМДИККЕ ӨБӨЛГӨ ТҮЗҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

10. Кудайдын элинин биримдигине кантип өбөлгө түзө алабыз?

10 Кудайдын элинин биримдигине өбөлгө түзүүнүн бир жолу — момундукту өрчүтүү. Иса жерде жүргөндө шакирттерин момун болууга үндөгөн (Мт. 23:12). Эгер чындап момун болсок, дүйнөдөгү көптөгөн адамдарга окшоп өзүбүздү башкалардан жогору көрбөйбүз. Момундук бизге жетекчиликти колго алгандарга баш ийүүгө жардам берет. Андай баш ийүү жыйналыштын биримдиги үчүн абдан зарыл. Баарынан маанилүүсү, момундук Кудайга жагат. Анткени ал «бой көтөргөндөргө каршы, ал эми момундарга ырайым кылат» (1 Пет. 5:5).

11. Эскерүү кечесинде колдонулган символдордун мааниси тууралуу ой жүгүртсөк, кандайча биримдикке салым кошобуз?

11 Биримдикке салым кошуунун экинчи жолу — Эскерүү кечесинде колдонулган символдордун мааниси тууралуу ой жүгүртүү. Эскерүүнүн алдында жана айрыкча, ошол кечте ачытылбаган нан менен кызыл шараптын мааниси жөнүндө терең ой жүгүрт (1 Кор. 11:23—25). Нан Иса пайгамбардын курмандыкка чалынган күнөөсүз денесин, шарап болсо төгүлгөн канын билдирет. Бирок муну акылыбыз менен эле түшүнүп койгонубуз жетишсиз. Машаяктын куткаруу курмандыгы теңдешсиз эки сүйүүнү — биз үчүн өз Уулун берген Жахабанын жана биздин жыргалчылыгыбыз үчүн өмүрүн берүүгө даяр болгон Исанын сүйүүсүн — чагылдырарын унутпа. Бул жөнүндө ой жүгүртүү бизге аларды сүйүүгө түрткү берет. Ошондой эле ар бирибиздин Жахабага болгон сүйүүбүз жип сыңары баарыбызды бириктирип, биримдигибизди чыңдайт.

Кечиримдүү болсок, биримдикке өбөлгө түзөбүз (12, 13-абзацтарды кара)

12. Кулдары менен эсептешкен падыша жөнүндөгү мисалында Иса Жахабанын кечиримдүү болушубузду күтөрүн кантип баса белгилеген?

12 Биримдикке шарт түзүүнүн үчүнчү жолу — башкаларды айкөлдүк менен кечирүү. Көңүлүбүздү ооруткан кишини кечирсек, Машаяктын куткаруу курмандыгынын аркасында өзүбүздүн күнөөлөрүбүздүн кечирилгенине ыраазы экенибизди көрсөтөбүз. Иса пайгамбардын Матай 18:23—34-аяттарда жазылган мисалын окуп, мындай деп ойлонуп көр: «Исанын айткандарына ылайык иш кыламбы? Кызматташтарыма чыдамдуулук, түшүнүү менен мамиле кыламбы? Мага каршы күнөө кылгандарды кечирүүгө даярмынбы?» Албетте, күнөө ар кандай болот. Айрымдары жүрөктү катуу жаралагандыктан, жеткилеңсиз адамдар үчүн кечирүү оңой эмес. Анткен менен мисалдан Жахабанын бизден эмнени күтөрү айкын көрүнүп турат. (Оку: Матай 18:35.) Иса баса белгилегендей, ишенимдештерибиз чындап өкүнсө да, кечирбей койсок, Жахаба да бизди кечирбейт. Кандай гана сестентерлик ой! Эгер Исанын айтканына ылайык иш кылып, башкаларды кечирсек, баа жеткис биримдигибизди коргоп, сактап калабыз.

13. Тынчтык жаратуучу болсок, кандайча биримдикке шарт түзөбүз?

13 Башкаларды кечирүү менен тынчтык жаратуучу экенибизди айгинелейбиз. Элчи Пабылдын «рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулушубуз» керектигин айтканын эстесең (Эф. 4:3). Эскерүү өткөрүлчү маалда жана ал азем өткөрүлгөн кечте башкаларга кылган мамилең жөнүндө терең ой жүгүрт. «Көңүлүмө кир сактабай турганым айкын көрүнөбү? Тынчтыкка, биримдикке өбөлгө түзүү үчүн бүт күчүмдү жумшаймынбы?» — деп ойлонуп көр. Булар — Эскерүү кечеси өткөрүлчү убакта ой жүгүртүшүбүз керек болгон маанилүү суроолор.

14. «Бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз?

14 Биримдикке салым кошуунун төртүнчү жолу — сүйүүнүн Кудайы болгон Жахабага окшоп сүйүү көрсөтүү (1 Жкн. 4:8). Биз ишенимдештерибиз жөнүндө: «Алар бир туугандарым болгондуктан, сүйүшүм керек. Бирок чынында мен аларды сүйбөйм»,— деп айткыбыз келбейт. Бул Пабылдын: «Бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула»,— деген кеңешине каршы келет (Эф. 4:2). Ал: «Бири-бириңерге... көтөрүмдүү болгула»,— деп эле айтып койгон эмес. «Сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула»,— деген. Бул экөөнүн ортосунда айырма бар. Жыйналыштарыбыз Жахаба өзүнө жакындаткан ар кандай адамдардан турат (Жкн. 6:44). Жахаба аларды өзүнө жакындаткан болсо, демек, алардын жакшы жактарын көргөн. Анда аларды сындап, сүйүүбүзгө татыктуу эместей көргөнүбүз туура болобу? Биз аларга, Жахаба буйругандай, сүйүү көрсөтүшүбүз керек (1 Жкн. 4:20, 21).

АКЫРКЫ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ КАЧАН БОЛОТ?

15. Эскерүү кечеси акыркы жолу белгилене турган күн келерин кайдан билебиз?

15 Эскерүү кечеси акыркы жолу белгиленген күн да келет. Муну кайдан билебиз? Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен Корунттагы майланган ишенимдештерине биринчи катын жазганда аларга Эскерүү кечесин жыл сайын белгилөө менен «Мырзабыз келгенге чейин, анын өлүмүн жарыялай» беришерин айткан (1 Кор. 11:26). Бул аяттагы «келүү» деген сөз да, Исанын бул дүйнөнүн акыры жөнүндө айткан пайгамбарлыгындагы «келүү» деген сөз да бир эле окуяга карата колдонулган. Алдыда боло турган улуу алаамат жөнүндө сөз кылып жатып Иса мындай деген: «Асмандан адам Уулунун жышааны көрүнөт жана жердеги бардык уруулар төшүн ургулап боздошот. Алар адам Уулунун асмандагы булуттардын үстүндө күч-кубат жана улуу даңк менен келатканын көрүшөт. Ал [Иса] периштелерин жиберет. Алар анын тандагандарын катуу тартылган сурнайлардын коштоосунда төгөрөктүн төрт бурчунан, асмандын бир учунан экинчи учуна чейин чогултушат» (Мт. 24:29—31). Тандалгандардын чогултулушу көзү тирүү майлангандардын баары асмандагы сыйлыгын ала турган убакты билдирет. Бул улуу алааматтын биринчи баскычы башталгандан Армагедон согушу башталганга чейинки убакыт аралыгында болот. 144 000дин баары асманга чогултулуп, Иса менен бирге жердеги падышаларга каршы согушуп, жеңишке ээ болот (Аян 17:12—14). Иса «келип», майлангандарды асманга чогултардын алдында өткөрүлө турган Эскерүү эң акыркы Эскерүү кечеси болот.

16. Эмне үчүн ушул жылы өткөрүлө турган Эскерүү кечесине катышууга чечкиндүүсүң?

16 2018-жылы 31-мартта өткөрүлө турган Эскерүү кечесине катышып, толук пайда алганга ар бирибиз чечкиндүү бололу. Ошондой эле Жахабадан мындан ары да анын элинин биримдигине салым кошууга жардам беришин тилене берели. (Оку: Забур 133:1.) Бир күнү биз белгилеген Эскерүү кечелеринин бири акыркысы болорун унутпайлы. Ал убак келгенге чейин, Эскерүү кечесине катышуу үчүн бүт күчүбүздү жумшап, ошол кечеде өкүм сүргөн биримдикти жогору баалай берели.