Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кеннет бир тууган менен аялы Жейми

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

Жетектөөчү Кеңештин жаңы мүчөсү

2018-ЖЫЛДЫН 24-январында, шаршемби күнү, эртең менен Кошмо Штаттардагы жана Канададагы Бейтелдерде өзгөчө кулактандыруу болду: Кеннет Кук бир туугандын Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин жаңы мүчөсү болуп дайындалганы айтылды.

Кеннет бир тууган Пенсильванияда (АКШ) төрөлүп-өскөн. Ал чындыкты мектепти бүтөргө жакын классташынан уккан. Анан 1980-жылы 7-июнда чөмүлгөн. 1982-жылы 1-сентябрда үзгүлтүксүз пионер болуп, толук убакыт кызмат кыла баштаган. Ал кызматты эки жыл аркалагандан кийин, 1984-жылы 12-октябрда, Уолкиллдеги (Нью-Йорк) Бейтелге чакырылган.

Ошондон кийин 25 жыл бою ал басмаканада жана Бейтел бюросунда кызматтын ар кандай түрлөрүн аткарып келген. 1996-жылы ал Жейми деген бир тууганга үйлөнүп, Уолкиллдеги Бейтелде чогуу кызмат кыла башташкан. 2009-жылдын декабрында алар Патерсондогу Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборуна жөнөтүлүп, Кеннет бир тууган Каттарга жооп берүү бөлүмүнө дайындалган. Кайра Уолкиллге кайтып барып, кыска убакыт кызмат кылгандан кийин 2016-жылы апрелде Бруклиндеги (Нью-Йорк) Бейтелге дайындалышкан. Беш айдан кийин алар Уориктеги (Нью-Йорк) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыкка көчүрүлгөн. Ал эми 2017-жылдын январында Кеннет бир тууган Жетектөөчү Кеңештин Жазуу комитетинин жардамчысы катары кызмат кыла баштаган.