Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жолугушууларга барганыбыз биз жөнүндө эмнени айтып турат?

Жолугушууларга барганыбыз биз жөнүндө эмнени айтып турат?

«Мырзабыз келгенге чейин, анын өлүмүн жарыялайсыңар» (1 КОР. 11:26).

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Миллиондогон адамдар Эскерүү кечесине чогулганда, Жахаба эмнени көрөт? (Мукабадагы сүрөттү карагыла.) б) Бул макалада эмнени карайбыз?

ЖАХАБАНЫН дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын Эскерүү кечесине чогулганын карап турганын элестетсеңер. Ал эмнени көрөт? Жахаба топ элге эле эмес, кечеге келген ар бир кишиге көңүл бурат. Мисалы, ал Эскерүү кечесине жыл сайын келип жүргөндөрдү байкап турат. Алардын арасында катуу куугунтукка карабай келгендер да бар. Айрымдар болсо башка жолугушууларга дайыма келе албаса да, Эскерүү кечесин маанилүү деп эсептегендиктен ага сөзсүз келишет. Жахаба ал аземге жөн эле кызыккандыктан биринчи жолу келгендерге да көңүл бурат.

2 Эскерүү кечесине ошончо көп кишинин келгенине Жахабанын абдан кубанары күмөнсүз (Лк. 22:19). Бирок ал үчүн баарынан да келгендердин саны эмес, алардын келгенинин себеби, ниети маанилүү. Бул макалада: «Биз эмне үчүн жыл сайын өткөрүлгөн Эскерүү кечесине эле эмес, Жахаба аны сүйгөндөр үчүн уюштурган жума сайынкы жолугушууларга да барып турабыз?» — деген маанилүү суроону карайбыз.

(1, 2-абзацтарды карагыла) *

МОМУНДУК ТҮРТКҮ БЕРЕТ

3, 4. а) Жолугушууларга эмне үчүн барабыз? б) Жолугушууларга барганыбыз биз жөнүндө эмнени айтып турат? в) 1 Корунттуктар 11:23—26-аяттарга ылайык, эмне үчүн Эскерүү кечесине дайыма барышыбыз керек?

3 Биз жыйналыш жолугушууларына эң биринчи кезекте алар сыйынуубуздун ажырагыс бөлүгү болгондуктан барабыз. Ошондой эле жолугушууларда бизди Жахаба өзү окутуп-үйрөтөт. Текебер адамдар кимдир бирөөнүн аларды үйрөтүшүн такыр каалабайт (3 Жкн. 9). Алардан айырмаланып, биз Жахабадан жана ал колдонуп жаткан уюмдан акыл-насаат угууга, билим алууга дилгирбиз (Ыш. 30:20; Жкн. 6:45).

4 Жолугушууларга барганыбыз момун, үйрөнүүгө ынтызар экенибизден кабар берип турат. Маселен, Эскерүү кечесине анын абдан маанилүү экенин билгендиктен эле эмес, Исанын: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген буйругуна момундук менен баш ийгендиктен да барабыз. (Оку: 1 Корунттуктар 11:23—26.) Ал жолугушуу келечекке болгон үмүтүбүздү бекемдегенден сырткары, Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн эсибизге салып турат. Бирок Жахаба биздин жылына бир эле жолу эмес, дайыма дем-күч алып турууга муктаж экенибизди билет. Ошондуктан ал жума сайын өткөрүлө турган жолугушууларды уюштуруп берген жана бизди аларга барууга үндөп келет. Момундук болсо бизге ага тил алууга түрткү берет. Биз ар бир жумада жолугушууларга даярданууга, аларга катышууга бир топ убактыбызды арнайбыз.

5. Момун адамдар Жахабанын чакырыгын эмне үчүн кабыл алышат?

5 Жахаба баарын андан билим алууга чакырат. Жыл сайын көптөгөн момун адамдар ал чакырыкка кулак кагууда (Ыш. 50:4). Адатта, алар биринчи Эскерүү кечесине келишет, ал эми кийинчерээк башка жолугушууларга да бара башташат (Зак. 8:20—23). Алар менен чогуу «жардамчыбыз» жана «куткаруучубуз» Жахабадан билим алуу, андан жетекчилик издөө биз үчүн аябай жагымдуу (Заб. 40:17). Чынында эле, Жахабадан жана анын эң сүйүктүү Уулу Исадан окуп-үйрөнгөндөн да кубанычтуу, маанилүү эмне бар?! (Мт. 17:5; 18:20; 28:20).

6. Бир кишиге момундугу Эскерүү кечесине барууга кандайча түрткү берген?

6 Биз жыл сайын Эскерүү кечесине мүмкүн болушунча көп кишини чакырууга аракет кылабыз. Көптөгөн момун адамдар ал аземге келгенинин аркасында пайда алууда. Буга байланыштуу бир окуяга токтололу. Мындан бир нече жыл мурун ишенимдешибиз бир кишиге чакыруу баракчасын бергенде, ал жагдай-шартынан улам келе албай турганын айткан. Бирок Эскерүү кечеси өткөрүлө турган күнү анын Падышалык залына кирип келатканын көрүп, ишенимдешибиз аябай сүйүнгөн. Бир туугандардын жылуу тосуп алганы ушунчалык таасир эткендиктен, ал жума сайынкы жолугушууларга да бара баштаган. Бир жылдын ичинде жыйналыш жолугушууларын үч эле жолу калтырган. Алардын баарына барууга ага эмне жардам берген? Момун болгону анын ой жүгүртүүсүнө таасир эткен. Аны Эскерүү кечесине чакырган бир тууган: «Ал — ушунчалык момун киши»,— деген. Жахаба аны таза сыйынууга алып келүү үчүн өзүнө жакындатканы шексиз. Азыр ал чөмүлгөн бир тууган (2 Шем. 22:28; Жкн. 6:44).

7. Жолугушуулардан үйрөнгөндөрүбүз жана Ыйык Китептен окуп-билгендерибиз момун болууга кандайча жардам берет?

7 Жолугушуулардан үйрөнгөндөрүбүз жана Ыйык Китептен окуп-билгендерибиз бизге момун болууга жардам берет. Эскерүү кечесинин алдындагы жумаларда жыйналышта Иса Машаяктын үлгүсүнө жана өмүрүн кун катары берүү менен көрсөткөн момундугуна басым жасалат. Ал эми кечеге бир нече күн калганда, Ыйык Китептен Исанын жердеги жашоосунун акыркы күндөрүндө жана тирилгенден кийин болгон окуялар тууралуу окууга чакырылабыз. Жолугушуулардан билген жана Ыйык Китептен окуган ошол сыяктуу маалыматтар Исанын биз үчүн өзүн курмандыкка бергенине болгон ыраазылыгыбызды арттырат. Ошондой эле кээде кыйын болгонуна карабай, Исадай момун болуп, Жахабанын эркин аткарууга түрткү берет (Лк. 22:41, 42).

КАЙРАТТУУЛУК ЖАРДАМ БЕРЕТ

8. Иса кантип кайраттуулук көрсөткөн?

8 Биз Исадан кайраттуу болуу жагынан да үлгү алганга аракет кылабыз. Анын өлүм жазасына тартылганга чейин кантип кайраттуулук көрсөткөнү жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ал көп өтпөй душмандарынын аны шылдыңдап, сабап, устунга кадаарын жакшы билген (Мт. 20:17—19). Ошого карабай өлүмгө тике караган. Өлүмгө кыйыла турган убагы келгенде, ал Гетсемани багында ишенимдүү элчилерине: «Тургула, кеттик. Мага чыккынчылык кыла турган киши келатат»,— деген (Мт. 26:36, 46). Анан куралчан топ киши кармаганы келгенде, Иса алдыга чыгып, өзүнүн ким экенин айткан да, жоокерлерге элчилерин коё берүүнү буйруган (Жкн. 18:3—8). Ал кандай гана кайраттуу болгон! Бүгүнкү күндө майлангандар да, башка койлор да Исадай кайраттуу болууга умтулушат. Кантип?

Кайраттуу болуп, жолугушууларга барганыбыз башкаларды бекемдейт (9-абзацты карагыла) *

9. а) Жыйналыштарга үзбөй барыш үчүн эмне себептен кайраттуу болушубуз керек? б) Биздин үлгүбүз ишеними үчүн түрмөдө отурган бир туугандарыбызга кандай таасир этет?

9 Жыйналыш жолугушууларына үзбөй баруу үчүн кыйын учурларда кайраттуу болушубуз керек болот. Кээ бир ишенимдештерибиз кайгыга батып жүргөнүнө, көңүлү чөккөнүнө, начар ден соолугуна карабай жыйналыштарга барышат. Башкалары болсо, үй-бүлөсүндөгүлөр же бийликтегилер катуу каршылык көрсөтсө да, жыйналыштарды калтырышпайт. Бир азга токтолуп, биздин үлгүбүз ишеними үчүн түрмөдө отурган бир туугандарыбызга кандай таасир этери жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Евр. 13:3). Кыйынчылыктарга карабай Жахабага кызмат кылып жатканыбызды укканда алар ишенимин бек сактоого, кайраттуу, кынтыксыз болууга ого бетер чечкиндүү болуп калышат. Муну элчи Пабылдын окуясы ырастап турат. Ал Римде үй камакта отурганда бир туугандардын Кудайга ишенимдүү кызмат кылып жатканын укканда дайыма кубанчу (Флп. 1:3—5, 12—14). Камактан бошотулардын алдында же бошотулгандан көп өтпөй Пабыл еврей ишенимдештерине кат жазган. Катында ал Кудайдын ошол ишенимдүү кызматчыларын андан ары да бири-бирине «бир туугандык сүйүү» көрсөтүүгө, жолугушууларды калтырбоого үндөгөн (Евр. 10:24, 25; 13:1).

10, 11. а) Эскерүү кечесине кимдерди чакырышыбыз керек? б) Эфестиктер 1:7де мунун кайсы себеби жазылган?

10 Туугандарыбызды, чогуу иштешкендерибизди, кошуналарыбызды Эскерүү кечесине чакыруу менен кайраттуулук көрсөтөбүз. Аларды эмне себептен чакырабыз? Жахаба менен Исанын биз үчүн кылган жакшылыктарына ушунчалык ыраазы болгондуктан биз аларды Эскерүү кечесине чакырууга умтулабыз. Анткени Жахабанын кун аркылуу көрсөткөн ырайымынан алардын да пайда аларын билишин каалайбыз. (Оку: Эфестиктер 1:7; Аян 22:17.)

11 Жолугушууларга барганыбызда кайраттуулук көрсөткөндөн сырткары, дагы бир баалуу сапатты чагылдырган болобуз. Ал сапатты Кудай менен анын Уулу укмуштуудай жолдор менен көрсөтөт.

СҮЙҮҮ ТҮРТКҮ БЕРЕТ

12. а) Жолугушууларыбыз Жахаба менен Исага болгон сүйүүбүздүн тереңдешине кандай шарт түзөт? б) 2 Корунттуктар 5:14, 15те Исадан кайсы жагынан үлгү алууга чакырылабыз?

12 Жахаба менен Исага болгон сүйүүбүз бизге жолугушууларга барууга түрткү берет. Ал эми ал жактан үйрөнгөндөрүбүз Жахаба менен анын Уулуна болгон сүйүүбүздүн тереңдешине шарт түзөт. Себеби жолугушууларда алардын биз үчүн эмнелерди кылганы дайыма эсибизге салынып турат (Рим. 5:8). Өзгөчө, Эскерүү кечесинде алардын бизге, атүгүл кундун баалуу экенин түшүнө элек адамдарга болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экени баса белгиленет. Анын аркасында жүрөгүбүз терең ыраазычылыкка толуп, жашообуздун ар бир күнүндө Исаны тууроого аракет кылабыз. (Оку: 2 Корунттуктар 5:14, 15.) Андан сырткары, кун төлөнгөнү үчүн Жахабаны даңктоого түрткү алабыз. Аны даңктоонун бир жолу — жолугушууларыбызда чын жүрөктөн жооп берүү.

13. Жахаба менен анын Уулун абдан жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз? Түшүндүргүлө.

13 Жахаба менен анын Уулуна болгон сүйүүбүз күчтүү экенин алар үчүн курмандыктарга барууга даяр болуу менен да көрсөтөбүз. Жолугушууларга катышуу үчүн көп учурда ар кандай курмандыктарга барууга туура келет. Мисалы, көптөгөн жыйналыштардын бир жолугушуусу иш күндөрү кечинде өткөрүлөт. Ал убакта адатта чарчап калган болобуз. Ал эми дагы бир жолугушуусу дем алыш күндөрү, башкалар эс алып жатканда, өткөрүлөт. Чарчаганыбызга карабай жолугушууларга барганыбызды Жахаба байкайбы? Сөзсүз! Жолугушууларга баруу үчүн канчалык көп күч-аракет жумшасак, Жахаба ага болгон сүйүүбүздү ошончолук жогору баалайт (Мр. 12:41—44).

14. Жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү жагынан Иса кандай үлгү калтырган?

14 Иса жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү жагынан бизге үлгү калтырган. Ал жолдоочулары үчүн жанын берүүгө даяр болгондон сырткары, алардын кызыкчылыгын дайыма өзүнүкүнөн жогору койгон. Алсак, ал ушунчалык чарчап же жан дүйнөсү кыйналып турганда да алар менен чогуу болууга убакыт бөлгөн (Лк. 22:39—46). Ошондой эле башкалардан бир нерсе алууга эмес, тескерисинче, аларга берүүгө көңүл топтогон (Мт. 20:28). Биздин да Жахабага, бир туугандарыбызга болгон сүйүүбүз күчтүү болсо, Эскерүү кечесине жана жыйналыш жолугушууларынын баарына баруу үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз.

15. Биринчи кезекте кимдерге жардам берүүнү көздөйбүз?

15 Биз Кудайдын кызматчыларынан турган жалгыз чыныгы боордоштуктун мүчөсүбүз жана башкаларды бизге кошулууга чакыруу үчүн колдон келишинче көп убактыбызды арноону каалайбыз. Бирок биринчи кезекте жигердүү эмес болуп калган ишенимдештерибизге жардам берүүнү көздөйбүз (Гал. 6:10). Аларды жолугушууларга, айрыкча, Эскерүү кечесине келүүгө үндөө менен сүйүүбүздү көрсөтөбүз. Жигердүү эмес болуп калган бир тууган мээримдүү Атабыз жана Койчубуз болгон Жахабага кайтып келгенде, Жахаба менен Исага окшоп, кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүнөбүз (Мт. 18:14).

16. а) Бири-бирибизди кантип бекемдей алабыз жана жолугушууларыбыз бизге эмне кылууга жардам берет? б) Жылдын ушул мезгили Исанын Жакан 3:16да жазылган сөздөрү жөнүндө ой жүгүртүүгө эмне үчүн абдан ылайыктуу?

16 Келаткан жумаларда 19-апрелде, жума күнү, боло турган Эскерүү кечесине мүмкүн болушунча көп кишини чакырууга аракет кылгыла. (« Башкаларды чакырасыңарбы?» деген кутучаны карагыла.) Ушул жылы Жахаба уюштуруп берген жолугушуулардын баарына үзгүлтүксүз катышуу менен бири-бирибизди бекемдейли. Бул дүйнөнүн аягы жакындап келаткандыктан, момун, кайраттуу бойдон калууга, сүйүүбүздү муздатпоого жардам берген жолугушууларыбызды калтырбаганыбыз болуп көрбөгөндөй маанилүү (1 Тес. 5:8—11). Анда эмесе, бизди ушунчалык жакшы көргөн Жахабага жана анын Уулуна чын жүрөктөн ыраазы экенибизди көрсөтө берели! (Оку: Жакан 3:16.)

126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу

^ 5-абз. 2019-жылы 19-апрелде, жума күнү, өткөрүлө турган Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечеси жыл ичиндеги эң маанилүү жолугушуу болот. Ага катышууга бизге эмне түрткү берет? Баарыбыз эле Жахабанын жүрөгүн кубанткыбыз келери шексиз. Бул макалада Эскерүү кечесине жана жума сайын өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларына барганыбыз биз тууралуу эмнени айтып турарын талкуулайбыз.

^ 50-абз. МУКАБАДАГЫ СҮРӨТ. Жахабанын Күбөлөрү Эскерүү кечесине келгендерди жылуу тосуп алууда

^ 52-абз. СҮРӨТ. Ишеними үчүн түрмөдө отурган бир тууган үй-бүлөсүнөн келген катты окуп, бекемделүүдө. Үйүндөгүлөрдүн аны унутпаганын жана саясий баш аламандыкка карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатышканын билип кубанууда.