Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жүрөгүңдү кантип сактай аласың?

Жүрөгүңдү кантип сактай аласың?

«Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта» (НАКЫЛ 4:23).

36-ЫР: Жүрөгүбүздү сактайлы

БУЛ МАКАЛАДА *

1—3. а) Жахаба эмне үчүн Сулайманды жакшы көргөн жана ал кандай баталарды алган? б) Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

СУЛАЙМАН Ысрайылга падыша болгондо абдан жаш эле. Такка отурганынан көп өтпөй, Жахаба ага түн ичинде түшүндө көрүнүп: «Айт, сага эмне берейин?» — деп сураган. Сулайман: «Мен али жашмын, менин эч кандай тажрыйбам жок... Элиңе сот жүргүзү[шү]... үчүн, кулуңа тил алчаак жүрөк бер»,— деген (1 Пад. 3:5—10). Сулаймандын «тил алчаак жүрөк» сураганы анын момундугунан кабар берип турган. Ошондуктан Жахабанын аны жакшы көргөнү таң калыштуу эмес (2 Шем. 12:24). Ал жаш падышанын жообуна ушунчалык ыраазы болгондуктан ага «акылдуу, түшүнүктүү жүрөк» берген (1 Пад. 3:12).

2 Сулайман ишенимдүүлүгүн сактаган мезгилде Кудайдан мол баталарды алган. Мисалы, ага «Ысрайылдын Кудайы Жахабага арнап» ибадаткана куруу сыймыгы ыйгарылган (1 Пад. 8:20). Ошондой эле Кудай ээ кылган акылмандыгынан улам анын атагы тээ алыска кеткен. Ал эми Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен айткан сөздөрү Ыйык Китептин үч китебине жазылып калган. Алардын бири — Накыл сөздөр китеби.

3 Накыл сөздөр китебинде «жүрөк» деген сөз 90го жакын жолу кезигет. Алсак, Накыл сөздөр 4:23тө: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта»,— деп жазылган. Бул аятта «жүрөк» деген сөз эмнени туюнтат? Бул макалада ушул суроого жооп алабыз. Мындан тышкары: «Шайтан жүрөгүбүздү бузууга кантип аракет кылат? Жүрөгүбүздү сакташ үчүн эмне кылсак болот?» — деген дагы эки суроого токтолобуз. Кудайга болгон ишенимдүүлүгүбүздөн жазбаш үчүн ушул орчундуу суроолорго жооп алганыбыз абдан маанилүү.

«ЖҮРӨК» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4, 5. а) Забур 51:6да жазылгандар «жүрөк» деген сөз эмнени билдирерин түшүнүүгө кандайча жардам берет? б) Ден соолугубузга кам көргөнүбүз каймана жүрөгүбүзгө кам көрүүнүн маанилүү экенин түшүнүүгө кандайча жардам берет?

4 Накыл сөздөр 4:23тө кеп кылынган «жүрөк» деген сөз адамдын «жан дүйнөсүнө» карата айтылган. (Оку: Забур 51:6.) Башкача айтканда, «жүрөк» өз ичине түпкүрдө жаткан жашыруун ойлорду, сезимдерди, ниеттерди жана каалоолорду камтыйт. Ал сыртыбыздан башкаларга кандай адам болуп көрүнөрүбүздү эмес, ичибизде чындап кандай адам экенибизди билдирет.

5 Кадимки ден соолугубузга кам көргөнүбүз каймана жүрөгүбүзгө кам көрүүнүн маанилүү экенин түшүнүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү. Биринчиден, денибиз сак болушу үчүн, туура тамактанышыбыз жана дайыма көнүгүү жасап турушубуз керек. Анын сыңарындай, рухий саламаттыгыбызды жакшы абалда сакташ үчүн пайдалуу рухий тамак менен азыктанганыбыз жана Жахабага болгон ишенимибизди иш жүзүндө көрсөткөнүбүз маанилүү. Ал эми ишенимибизди иш жүзүндө көрсөтүүгө окуп-билгендерибизди жашоодо колдонуу жана ишенимибиз тууралуу башкаларга айтуу кирет (Рим. 10:8—10; Жкп. 2:26). Экинчиден, балким, сыртыбыздан оорунун белгилери байкалбагандыктан, ден соолугубуз жакшы деп ойлоп жүргөндүрбүз. Бирок, чынында, ички органдарыбыз кайсы бир оорудан жабыркап жаткандыр. Ошо сыяктуу эле, теократиялык күн тартипке кармангандыктан ишенимибиз күчтүү деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок, чындыгында, ичибизде жаман каалоолор өрчүп жатышы ыктымал (1 Кор. 10:12; Жкп. 1:14, 15). Шайтан өзүнүн ой жүгүртүүсү аркылуу ички дүйнөбүздү бузууга аракет кыларын эч качан унутпашыбыз керек. Ал муну кандай жолдор менен кылат? Өзүбүздү кантип коргой алабыз?

ШАЙТАН ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ БУЗГАНГА КАНТИП АРАКЕТ КЫЛАТ?

6. Шайтан кандай максатты көздөйт жана ал муну кантип ишке ашырат?

6 Шайтан биздин ага окшошуп калышыбызды, атап айтканда, Жахабанын нормаларын баркка албаган, өз кызыкчылыгын гана көздөгөн козголоңчу болушубузду каалайт. Негизи, ал бизди өзүнө окшоп ой жүгүртүүгө жана иш-аракет кылууга мажбурлай албайт. Андыктан ошол максатына жетиш үчүн башка жолдорду колдонот. Мисалы, ал бизди анын таасирине алдырган адамдар менен курчайт (1 Жкн. 5:19). Анан биздин, жаман чөйрөнүн ой жүгүртүүбүздү, иштерибизди буза турганын билип туруп, алар менен көбүрөөк убакыт өткөрө башташыбызды каалайт (1 Кор. 15:33). Сулайман падыша так ушул тузакка түшүп калган. Ал жалган кудайларга сыйынган көптөгөн аялдарга үйлөнгөн. Алар ага күчтүү таасир этип, «бара-бара... аны түз жолдон чыгарышкан». Ошентип, Сулайман Жахабадан алыстап кеткен (1 Пад. 11:3).

Жүрөгүбүздү өзүнүн ой жүгүртүүсү менен бузууга аракет кылган Шайтандан кантип сактай алабыз? (7-абзацты кара) *

7. Шайтан өзүнүн ой жүгүртүүсүн жайылтыш үчүн дагы эмнени колдонот жана эмне үчүн сак болушубуз керек?

7 Шайтан өзүнүн ой жүгүртүүсүн жайылтыш үчүн телешоу менен кинотасмаларды колдонот. Анткени биздин башка бирөөлөрдүн жашоосу баяндалган окуяларга кызыгарыбызды билет. Андай окуялар кызыктуу эле болбостон, ой жүгүртүүбүзгө, сезимдерибизге жана иштерибизге таасир этет. Иса пайгамбар окутуунун ушул ыкмасын жакшы колдонгон. Маселен, ал боорукер самариялык киши, энчисин чачып жок кылган адашкан уул жөнүндөгү аңгемелерди айтып берген (Мт. 13:34; Лк. 10:29—37; 15:11—32). Бирок Шайтандын ой жүгүртүүсү менен уулангандар башка бирөөнүн жашоосу туурасындагы окуяларды колдонуп, бизди бузушу мүмкүн. Андыктан акыл-эстүү болгонубуз зарыл. Албетте, кызыктуу, пайдалуу нерселерге үйрөткөн, ой жүгүртүүбүздү булгабаган телешоу менен кинотасмалар жок эмес. Анткен менен сак болушубуз керек. Көңүл ачуунун түрүн тандаарда: «Бул тасма же телешоу күнөөкөр табияттын каалоолоруна берилүүнүн эч жаман жери жок деп үйрөтпөйбү?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү (Гал. 5:19—21; Эф. 2:1—3). Эгер кайсы бир телеберүүнүн Шайтандын ой жүгүртүүсүн жактап жатканын баамдасаң, эмне кылышың керек? Андан жугуштуу оорудан качкандай кач!

8. Ата-энелер балдарына жүрөгүн коргогонго кантип жардам бере алышат?

8 Ата-энелер, балдарыңарды алардын жүрөгүн бузууга тынбай аракеттенген Шайтандан коргоого биринчи кезекте силер милдеттүүсүңөр. Аларды кадимки оорудан коргош үчүн колуңардан келгендин баарын кылмактыгыңар шексиз. Ан үчүн үйүңөрдү тазалап, силерди же балдарыңарды ооруга чалдыктыра турган нерселердин баарынан арылмаксыңар. Ошо сыяктуу эле, балдарыңарды Шайтандын ой жүгүртүүсүн жуктура турган телешоу менен кинотасмалардан, электрондук оюндардан жана сайттардан коргошуңар керек. Жахаба алардын рухий ден соолугуна кам көрүүнү силерге тапшырган (Накыл 1:8; Эф. 6:1, 4). Андыктан үйдөгүлөрүңөргө Ыйык Китептеги нормаларга негизделген эрежелерди бекитүүдөн коркпогула. Кичирээк балдарыңарга эмнени көрсө болорун, эмнени көрсө болбой турганын айтып эле койбостон, анын себебин түшүндүргүлө (Мт. 5:37). Балдарыңар чоңойгон сайын, Жахабанын көз алдында эмне туура, эмне туура эмес экенин айырмалай билүүгө үйрөткүлө (Евр. 5:14). Аларга акыл-насаатыңар күчтүү таасир этет. Бирок, баарынан да, кылган ишиңер көбүрөөк таасир этерин унутпагыла (Мыйз. 6:6, 7; Рим. 2:21).

9. Шайтан тараткан ойлордун бири кайсы жана ал эмне үчүн абдан кооптуу?

9 Шайтан бизди Жахабанын ой жүгүртүүсүнө эмес, адамдын акылмандыгына таянууга үндөп да жүрөгүбүздү бузууну көздөйт (Кол. 2:8). Ал тараткан ойлордун бирине — байлык топтоо жашоодогу эң негизги максат болушу керек деген ойго — токтололу. Ушинтип ойлонгондор байып кетиши же байыбашы деле мүмкүн. Кандай болбосун, алар коркунуч алдында турушат. Эмне үчүн? Акчанын артынан сая түшкөндөр максатына жетиш үчүн ден соолугунан, үйүндөгүлөрү менен болгон мамилесинен, андан да жаманы Кудай менен болгон достугунан айрылып калышы мүмкүн (1 Тим. 6:10). Андыктан асмандагы акылман Кудайыбыздын бизге акчага карата туура көз карашта болууга жардам берип жатканына абдан ыраазы болсок болот (Нас. 7:12; Лк. 12:15).

ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ КАНТИП САКТАЙ АЛАБЫЗ?

Байыркы учурдагы сакчылар менен дарбазачылардай болуп, сак туруп, жүрөгүңдү жаман таасирден корго (10, 11-абзацтарды кара) *

10, 11. а) Өзүбүздү коргош үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Байыркы учурдагы сакчылардын кандай милдети бар эле жана абийирибиз кандай мааниде сакчыдай боло алат?

10 Жүрөгүбүздү тийиштүү түрдө сакташ үчүн кооптуу нерселерди баамдай билип, өзүбүздү коргош үчүн дароо иш-аракет кылышыбыз керек. Накыл сөздөр 4:23төгү «сактоо» деп которулган сөз сакчынын милдетин эске салып турат. Сулайман падышанын күндөрүндө шаарды курчап турган дубалдардын үстүндө сакчылар дайыма сак туруп, шаарды кайтарчу. Эгер душман жакындап келатканын көрүшсө, белги беришчү. Бул мисал Шайтандын акылыбызды бузушуна бөгөт коюш үчүн эмне кылышыбыз керектигин түшүнүүгө жардам берет.

11 Байыркы учурдагы сакчылар дарбазачылар менен да тыгыз кызматташчу (2 Шем. 18:24—26). Алар биригип, душман жакындап келатканда, бардык дарбазалардын жабылышына кам көрүшчү. Ошентип, шаарды коргошчу (Нек. 7:1—3). Анын сыңарындай, Шайтан жүрөгүбүзгө, башкача айтканда, ойлорубузга, сезимдерибизге, ниеттерибизге жана каалоолорубузга чабуул коё баштаганда, Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирибиз * сакчы катары иш кылып, бизге белги берет. Абийирибиз белги бергенде, анын үнүнө кулак салып, мындайча айтканда, дарбазаларды шак жаба салышыбыз керек.

12, 13. Биз эмне кылууга азгырылышыбыз мүмкүн жана андайда эмне кылышыбыз керек?

12 Өзүбүздү Шайтандын ой жүгүртүүсүнөн кантип коргой аларыбызга байланыштуу бир мисалды карап көрөлү. Жахаба бизге «ара[бызда] бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбошу» керектигин эскертет (Эф. 5:3). Эгер жумуштагылар же мектептегилер ыпылас нерселерди кеп кыла баштаса, эмне кылабыз? Биз «ыймансыздыкты, дүйнөнүн каалоолорун четке кагышыбыз» керектигин жакшы билебиз (Тит 2:12). Андайда сакчыбыз — абийирибиз — белги бериши мүмкүн (Рим. 2:15). Аны угабызбы? Же курдаштарыбыздын сөздөрүн угууга, алар жөнөткөн сүрөттөрдү көрүүгө азгырылабызбы? Так ошол учур — сөздү башка нукка буруп же ары басып кетип, каймана мааниде дарбазаларды шарт жаба турган убак!

13 Туура эмес ой жүгүртүүгө же жаман иш кылууга азгырган адамдардын кысымына туруштук берүү үчүн кайраттуулук талап кылынат. Бирок Жахабанын кылган аракетибизди көрөрүнө жана Шайтандын ой жүгүртүүсүнө каршы турушубуз үчүн күч, акылмандык берерине эч шектенбесек болот (2 Жылн. 16:9; Ыш. 40:29; Жкп. 1:5). Жүрөгүбүздү сактоого жардам берген дагы кандай кадамдар бар?

ДАЙЫМА САК БОЛ

14, 15. а) Жүрөгүбүздүн «дарбазасын» кайсы учурларда ачышыбыз керек? б) Накыл сөздөр 4:20—22-аяттар Ыйык Китепти окуудан көбүрөөк пайда алууга кандай жардам берет? (« Кантип ой жүгүртсө болот?» деген кутучаны кара.)

14 Жүрөгүбүздү сакташ үчүн аны жаман таасирден коргогондон тышкары, ага жакшы таасир эткен нерселерге жол ачышыбыз керек. Кайрадан дубал менен курчалган шаарды мисалга алалы. Душман кирип келбеши үчүн, дарбазачы дарбазаларды жабат. Бирок бөлөк учурларда ал дарбазаларды ачып, шаарга тамак-аш жана башка керектүү нерселерди киргизет. Эгер дарбазалар эч качан ачылбаса, шаарда ачарчылык башталат. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын ой жүгүртүүсү бизге таасир этиши үчүн, жүрөгүбүздүн «дарбазасын» ачып турушубуз керек.

15 Ыйык Китептен Жахабанын кантип ой жүгүртөрүн билүүгө болот. Аны окуган сайын Жахабанын ойлорунун ой жүгүртүүбүзгө, сезимдерибизге, иштерибизге таасир этишине жол берген болобуз. Анда Ыйык Китепти окуудан канткенде көбүрөөк пайда алабыз? Ан үчүн тиленгенибиз абдан маанилүү. Бир ишенимдешибиз: «Ыйык Китепти окуурдун алдында Жахабадан тиленип, анын Сөзүндөгү „кереметтерди көрүүгө“ жардам беришин сурайм»,— дейт (Заб. 119:18). Андан тышкары, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүшүбүз керек. Тиленгенде, окуганда жана ой жүгүрткөндө Кудайдын Сөзү «жүрөгү[бүздүн] түпкүрүнө» чейин таасир этет. Мунун аркасында Жахабанын ой жүгүртүүсүн жакшы көрүп калабыз. (Оку: Накыл сөздөр 4:20—22; Заб. 119:97.)

16. JW телеберүүсүнөн көптөр кандай пайда алууда?

16 Кудайдын ой жүгүртүүсүнүн бизге таасир этишине жол берүүнүн дагы бир жолу — JW телеберүүсүн® көрүү. Бир жубайлар мындай дейт: «Ай сайынкы программалар, чындап эле, тиленүүбүзгө жооп болуп келет! Алар көңүлүбүз чөккөндө же жалгызсыраганда бизге дем-күч берип турат. Үйдө биздин уюмдун ырларын дайыма угуп турабыз. Алсак, тамак жасап же үй жыйнап жатканда, же жөн эле чай ичип отурганда ошол ырларды коюп коёбуз». Ооба, телеберүүдөгү программалар жүрөгүбүздү сактаганга жакшы жардам берет. Алар Жахабадай ой жүгүртүүгө үйрөтөт жана Шайтандын ой жүгүртүүсүнө каршы турууга көмөк кылат.

17, 18. а) 1 Падышалар 8:61де жазылгандай, Жахаба үйрөткөн нерселерди иш жүзүндө колдонсок, натыйжасы кандай болот? б) Хиския менен болгон окуядан эмнеге үйрөнө алабыз? в) Дөөтүнүн Забур 139:23, 24тө жазылган тиленүүсүнөн көрүнүп тургандай, эмне жөнүндө тиленсек болот?

17 Туура иш кылганыбыздын пайдасын көргөн сайын, ишенимибиз күчтүү боло берет (Жкп. 1:2, 3). Ошентсек, Жахаба бизди өзүнүн уулу же кызы деп атаганына сыймыктанат. Муну билүү бизге зор кубаныч тартуулайт жана ага жагууга болгон каалообуз ого бетер өсөт (Накыл 27:11). Туш болгон ар бир сыноо учурунда камкор Атабыз Жахабага «бөлүнбөгөн» жүрөк менен кызмат кыларыбызды далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (Заб. 119:113). Андайда Жахабаны бүт жүрөгүбүз менен сүйөрүбүздү, жүрөгүбүз анын осуяттарына бек карманууга жана эркин аткарууга толугу менен чечкиндүү экенин көрсөтөбүз. (Оку: 1 Падышалар 8:61.)

18 Жаза басып алышыбыз мүмкүнбү? Ооба, анткени биз жеткилең эмес пендебиз. Эгер ошондой болуп калса, Хискияны эстесек болот. Анын да ката кетирген учурлары болгон. Бирок ал өкүнүп, кайрадан Жахабага «бүт жүрөгү» менен кызмат кылган (Ыш. 38:3—6; 2 Жылн. 29:1, 2; 32:25, 26). Андыктан, келгиле, Шайтандын жүрөгүбүздү өзүнүн ой жүгүртүүсү менен бузушуна жол бербейли. Жахабадан «тил алчаак жүрөк беришин» сурайлы (1 Пад. 3:9; оку: Забур 139:23, 24). Ооба, эгер сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүбүздү сактасак, Жахабага болгон ишенимибизден эч качан тайбайбыз.

54-ЫР: «Мына жол»

^ 5-абз. Жахабага ишенимдүү бойдон калабызбы же Шайтанга өзүбүздү Жахабадан алыстатып кетишине жол беребизби? Бул суроонун жообу канчалык катуу сыналарыбыздан эмес, жүрөгүбүздү канчалык жакшы сактаганыбыздан көз каранды. «Жүрөк» деген сөз эмнени билдирет? Шайтан жүрөгүбүздү бузууга кантип аракет кылат? Жүрөгүбүздү кантип сактай алабыз? Бул макалада ушул маанилүү суроолорго жооп берилет.

^ 11-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жахаба бизге ойлорубузду, сезимдерибизди жана иштерибизди текшерип, өзүбүзгө баа берүү жөндөмүн берген. Ыйык Китепте ал абийир деп аталат (Рим. 2:15; 9:1). Ал эми Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийир ойлогон оюбуздун, кылган ишибиздин, сүйлөгөн сөзүбүздүн Жахабанын Ыйык Китепке жаздырган мыйзам-принциптерине ылайык келер-келбесин көрсөтөт.

^ 56-абз. СҮРӨТ: Чөмүлгөн бир тууган телевизор көрүп жатканда ыпылас нерсе көрсөтүлө баштайт. Ал эмне кылышты чечиши керек.

^ 58-абз. СҮРӨТ: Байыркы учурдагы сакчы душмандын жакындап келатканын көрүп, ылдый жактагы дарбазачыларга белги берүүдө. Ал эми дарбазачылар дароо шаардын дарбазаларын жаап, ичинен бекитүүдө.