Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Жөнөкөй кечеден асмандагы Падышабыз тууралуу эмнени билүүгө болот?

Жөнөкөй кечеден асмандагы Падышабыз тууралуу эмнени билүүгө болот?

«Бул менин денемди билдирет... Бул... „келишимдин канын“ билдирет» (МТ. 26:26—28).

16-ЫР: Жахтын Майланганын даңктайлы!

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Исанын өзүнүн өлүмүн эскерүү кечесин жөнөкөй кылып өткөргөнү эмне үчүн таң калыштуу эмес? б) Бул макалада анын кайсы сапаттарына кененирээк токтолобуз?

ЖЫЛ САЙЫН белгиленчү Эскерүү кечесинин кантип өткөрүлөрүн айтып бере аласыңарбы? Көбүбүз айтып бере аларыбыз шексиз. Эмне үчүн? Анткени ал жөпжөнөкөй өткөрүлөт. Ошентсе да аны зор мааниге ээ жолугушуу деп айтууга болот. Анда: «Ал эмне үчүн ушунчалык жөнөкөй өткөрүлөт?» — деп ойлонушубуз мүмкүн.

2 Жерде кызмат кылып жүргөндө Иса пайгамбар маанилүү чындыктарды жөнөкөй, айкын-так жана түшүнүүгө оңой кылып окутканы менен белгилүү болчу (Мт. 7:28, 29). Өзүнүн өлүмүн эскерүү * кечесин да жөнөкөй, ошол эле учурда терең мааниге ээ болгудай кылып өткөрүүнүн үлгүсүн көрсөткөн. Келгиле анда, ошол Эскерүү кечесине, ошондой эле Исанын ошол кечте эмнелерди айтканына жана кылганына кененирээк токтололу. Мунун аркасында Исанын момун, кайраттуу экенин, сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин көбүрөөк түшүнөбүз. Андан тышкары, биз аны кантип дагы жакшыраак туурай аларыбызды билебиз.

МОМУНДУГУ

Эскерүү кечесинде колдонулган нан менен шарап Исанын өз өмүрүн биз үчүн бергенин жана учурда асманда Падыша катары бийлик жүргүзүп жатканын эсибизге салып турат (3—5-абзацтарды карагыла)

3. Матай 26:26—28-аяттардан көрүнүп тургандай, Иса негиздеген Эскерүү кечеси канчалык жөнөкөй болгон жана анда колдонулган эки негизги нерсе эмнени билдирген?

3 Иса Машаяк Эскерүү кечесин негиздегенде, ишенимдүү 11 элчиси жанында болгон. Ал Пасах тамагынан калган нерселерди гана алып, кечени жөнөкөй кылып өткөргөн. (Оку: Матай 26:26—28.) Иса ошол жердеги ачытылбаган нан менен шарапты эле колдонгон. Анан элчилерине ошол эки негизги нерсе көп өтпөй алар үчүн курмандыкка бериле турган жеткилең денесин жана канын билдирерин айткан. Алар Исанын жаңы маанилүү аземди ошондой жөнөкөй жол менен негиздегенине таң калышкан деле эмес. Эмне үчүн?

4. Исанын Мартага берген кеңеши анын Эскерүү аземин жөнөкөй өткөргөнүнүн себебин түшүнүүгө кандайча жардам берет?

4 Исанын жердеги кызматынын үчүнчү жылында кандай окуя болгонуна көңүл бурсаңар. Эскерүү кечесин негиздээрине бир нече ай калганда ал жакын досторунукуна — Лазар, Марта, Мариямдардыкына — конокко барган. Алардыкында отурганда Иса маанилүү нерселерди айтып бере баштаган. Марта кадырлуу конок камын көрүп жүрүп, анын сөздөрүн бирде укса, бирде укпай калса керек. Муну байкаган Иса дайыма эле жайнаган тамак жасоонун зарылдыгы жок экенин айтып, аны жумшактык менен оңдоп-түзөгөн (Лк. 10:40—42). Кийинчерээк, өлөрүнө бир аз убакыт калганда, Иса өзү ошол кеңешине ылайык иш кылган. Ал Эскерүү аземин дасторкон жайнатпай, жөнөкөй эле өткөргөн. Мындан ал тууралуу эмнени билүүгө болот?

5. Эскерүү аземинин жөнөкөй өткөрүлүшү Иса тууралуу эмнени айтып турат жана бул кандайча Филипиликтер 2:5—8-аяттарда жазылгандарга шайкеш келет?

5 Сүйлөгөн сөзүнөн да, кылган ишинен да Исанын момун экени айкын көрүнүп турган. Ошондуктан жердеги жашоосунун акыркы түнүндө теңдешсиз момундук көрсөткөнү таң калыштуу деле болгон эмес (Мт. 11:29). Ал өз өмүрүн адамзат тарыхындагы эң чоң курмандык катары бере турган убакыт жакындап калганын жана Жахабанын аны андан кийин асмандагы жашоого тирилтип, улуу даңкка бөлөй турганын билген. Ошентсе да өлүмүн эскерүү аземинин шаан-шөкөт менен өткөрүлүшүн талап кылып, өзүнө ашыкча көңүл бурдурган эмес. Анын ордуна, шакирттерине жылына бир жолу жөнөкөй кече өткөрүп, аны эскерип турууну буйруган (Жкн. 13:15; 1 Кор. 11:23—25). Жөнөкөй, бирок орундуу өткөрүлгөн ал азем Исанын текебер эмес экенин көрсөтүп турат. Асмандагы Падышабыздын теңдешсиз сапаттарынын бири момундук экенине кандай гана ыраазыбыз! (Оку: Филипиликтер 2:5—8.)

6. Кыйынчылыкка туш болгондо момун болуу жагынан Исаны кантип туурасак болот?

6 Момун болуу жагынан Исаны кантип туурасак болот? Ан үчүн башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюшубуз керек (Флп. 2:3, 4). Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнү болгон окуяларга кайрадан кайрылалы. Ал көп өтпөй азаптуу өлүмгө дуушар болорун билсе да, анын өлгөнүнө күйүт тарта турган ишенимдүү шакирттерин ойлоп сарсанаа болгон. Ошондуктан акыркы түнү алар менен чогуу убакыт өткөрүп, насаатын айткан, кубаттаган жана сүйүүсүнө ынандырган (Жкн. 14:25—31). Иса момун болгондуктан өзүнүкүнө караганда башкалардын жыргалчылыгына көбүрөөк кызыкдар болгон. Ал бизге кандай гана сонун үлгү калтырган!

КАЙРАТТУУЛУГУ

7. Эскерүү кечесин негиздегенден көп өтпөй Иса кандайча кайраттуулук көрсөткөн?

7 Эскерүү кечесин негиздегенден көп өтпөй Иса укмуштуудай кайраттуулук көрсөткөн. Кандайча? Кудайдын ага карата болгон эркин аткарыш үчүн ал Кудайга акарат кылган кылмышкер катары маскара болуп өлүүгө туура келерин билген. Ошого карабай буга даярдуулук менен макул болгон (Мт. 26:65, 66; Лк. 22:41, 42). Аягына чейин кынтыксыздыгын сактаганынын аркасында ал Жахабанын ысмын даңктаган, анын эгедерлигин жактаган жана күнөөкөр экенин моюнга алган адамдар үчүн түбөлүк өмүр сүрүүгө жол ачкан. Ошондой эле шакирттерин жакында туш боло турган сыноолорго даярдаган.

8. а) Иса ишенимдүү элчилерине эмне деген? б) Исанын өлгөнүнөн көп жыл өтсө да, шакирттери кандайча ага окшоп кайраттуу боло беришкен?

8 Иса жүрөгүн түпөйүл кылган нерселерди ойлой бербей, бүт көңүлүн ишенимдүү элчилерин бекемдөөгө бурганы менен да кайраттуулук көрсөткөн. Жүйүт Искариот кеткенден кийин негизделген жөнөкөй азем Исанын болочок майланган жолдоочуларына анын төгүлгөн каны жана жаңы келишимде туруу аларга кандай пайда алып келерин эстетип турмак (1 Кор. 10:16, 17). Асмандагы сыйлыгына татыктуу болууга жардам бериш үчүн Иса жолдоочуларына өзү жана Атасы алардан эмнелерди талап кыларын түшүндүрүп берген (Жкн. 15:12—15). Андан сырткары, элчилерине аларды келечекте кандай кыйынчылыктар күтүп турарын эскерткен. Андан соң аларды өзүнөн үлгү алууга үндөп, кайраттуу болууга чакырган (Жкн. 16:1—4а, 33). Ошондон көп жылдар өтсө да, шакирттери, Мырзасындай болуп, жан аябастык менен кызмат кылып, кайраттуулугунан жазышкан эмес. Азап чегүүгө туура келсе да, кыйынчылыктарда бири-бирине колдоо көрсөтүшкөн (Евр. 10:33, 34).

9. Кайраттуулук көрсөтүү жагынан Исаны кантип туурай алабыз?

9 Бүгүнкү күндө биз да кайраттуу болуу жагынан Исадан үлгү алабыз. Мисалы, ишеними үчүн куугунтук жеген бир туугандарыбызга көмөк көрсөтүү кайраттуулукту талап кылат. Ишенимдештерибиз адилетсиз түрдө түрмөгө камалган учурлар болот. Ошондой болгондо аларга колубуздан келишинче колдоо көрсөтүшүбүз, айталы, алар үчүн тиленишибиз, аларды коргош үчүн бийликтегилердин, атүгүл соттордун алдына барууга да даяр болушубуз керек (Флп. 1:14; Евр. 13:19). Кайраттуулук көрсөтүүнүн дагы бир жолу — «тайманбай кабар айта» берүү (Элч. 14:3). Башкалар каршылык көрсөтүп, куугунтукташса да, Исадай болуп, биз Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айта берүүгө чечкиндүүбүз. Бирок кайратыбыз качкан учурлар болбой койбойт. Андайда эмне кылсак болот?

10. Эскерүү кечесинин алдындагы жумаларда эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

10 Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы аркылуу ээ болгон үмүтүбүз тууралуу ой жүгүртүү менен кайраттуулугубузду чыңдай алабыз (Жкн. 3:16; Эф. 1:7). Эскерүү кечесинин алдындагы жумаларда кунга болгон ыраазычылыгыбызды арттырууга өзгөчө мүмкүнчүлүгүбүз болот. Ошол убакта Эскерүүгө байланыштуу Ыйык Китептеги аяттарды окуп, Исанын жердеги өмүрүнүн акыркы күндөрүндө болгон окуялар тууралуу кастарлоо сезими менен ой жүгүрткөнүбүз зарыл. Бул бизге Исанын өлүмүн эскерүү үчүн чогулганыбызда ал аземде колдонула турган символдордун маанисин жана алар символдоштурган теңдешсиз курмандыктын баалуулугун тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Жахаба менен Исанын биз үчүн кылган жакшылыгын, ошондой эле ал жакшылыктын бизге жана жакындарыбызга кандай бата алып келерин түшүнгөнүбүздө келечекке болгон үмүтүбүз бекемделип, акыр-аягына чейин кайраттуулугубуздан жазбай, туруктуу болууга түрткү алабыз (Евр. 12:3).

11, 12. Буга чейин эмнелер жөнүндө билдик?

11 Буга чейинки абзацтарда Эскерүү кечеси Исанын баа жеткис курмандыгын эле эмес, анын канчалык момун, кайраттуу болгонун да эсибизге салып турарын талкууладык. Анын биз үчүн арачылык кылып жаткан асмандагы Башкы дин кызматчыбыз катары дагы деле ушундай сапаттарды чагылдырып жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Евр. 7:24, 25). Ага чын жүрөктөн ыраазы экенибизди Эскерүү кечесин ал буйругандай дайыма белгилөө менен көрсөтөбүз (Лк. 22:19, 20). Ал кечени жылдын эң маанилүү күнүнө, нисандын 14үнө, туш келген күнү белгилейбиз.

12 Жөнөкөй өткөрүлгөн ал аземден Исанын биз үчүн өмүрүн берүүгө түрткү берген дагы бир сапаты жөнүндө биле алабыз. Жерде жүргөндө ал ошол сапаты менен белгилүү болгон. Ал кайсы сапат?

СҮЙҮҮСҮ

13. Жакан 15:9 жана 1 Жакан 4:8—10-аяттарда Жахаба менен Исанын сүйүүсү кандайча сүрөттөлгөн жана алардын сүйүүсүнөн кимдер пайда алышат?

13 Эмне иш кылбасын, Иса Жахабанын бизге болгон күчтүү сүйүүсүн жеткилең түрдө чагылдырган. (Оку: Жакан 15:9; 1 Жакан 4:8—10.) Биз үчүн өз өмүрүн берүүгө даяр болгону анын сүйүүсүнүн эң зор далили болуп эсептелет. Майланганбызбы же «башка койлордонбузбу», Жахаба менен анын Уулунун ошол курмандык аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн баарыбыз пайда алабыз (Жкн. 10:16; 1 Жкн. 2:2). Мисалы, Эскерүү кечесинде колдонулган символдордун өзү эле Исанын өзүнүн шакирттерин жакшы көргөнүн жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алганын көрсөтүп турат. Кандайча?

Иса сүйүүсүнөн улам кылымдар бою ар кандай жагдайларда белгилөөгө оңой болгон аземди негиздеген (14—16-абзацтарды карагыла) *

14. Иса майланган жолдоочуларына сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

14 Иса татаал каадалар менен коштолбогон, белгилөөгө абдан жеңил аземди негиздөө менен майланган жолдоочуларына сүйүүсүн көрсөткөн. Майлангандар кийинчерээк Эскерүү кечесин жыл сайын ар кандай жагдайларда, анын ичинде түрмөдө отурганда да белгилеши керек болгон (Аян 2:10). Алар Исанын ал буйругун аткара алышканбы? Ооба.

15, 16. Айрым бир туугандар Эскерүү кечесин оор жагдайларда кантип өткөрө алышкан?

15 Биринчи кылымдан бери Исанын чыныгы жолдоочулары анын өлүмүн дайыма эскерип турууга аракет кылып келет. Алар Эскерүү кечесин өткөрүү тартибине абдан кыйын жагдайларда да мүмкүн болушунча так карманышат. Буга байланыштуу бир нече мисалга токтололу. Кытайда бир кишилик камерада отурган маалда Харолд Кинг бир туугандан тапкычтык талап кылынган. Ал эч кимге байкатпай колдо бар нерселерден Эскерүү кечесинин символдорун даярдаган. Ошондой эле кече боло турган күндү колунан келишинче кылдаттык менен эсептеп чыккан. Ошол күн келгенде, ал төрт чарчы камерасында өзү жалгыз ырдап, тиленип, Ыйык Китепке негизделген баяндама айткан.

16 Дагы бир мисалды карап көрөлү. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында концлагерде отурган бир канча эже-карындашыбыз Эскерүү кечесин белгилеш үчүн өмүрүн тобокелге салышкан. Аземде колдонулган символдор жөнөкөй болгондуктан, аны эч кимге билгизбей өткөрө алышкан. Алар ошол тууралуу мындай деп айтып беришкен: «Биз бири-бирибизге жанаша тегеректешип турдук. Ортого кичинекей отургуч коюп, ага ак чүпөрөк жаптык да, үстүнө символдорду коюп койдук. Электр жарыгын жандырсак, билинип калмакпыз, ошон үчүн чырак күйгүзүп алдык... Биз Атабызга анын ыйык ысмын акташ үчүн бүт күчүбүздү жумшайбыз деп күйүп-жанып берген антыбызды кайталадык». Алардын ишеними кандай гана күчтүү болгон! Иса Эскерүү кечесин атүгүл оор жагдайда да белгилөөгө оңой кылып негиздеп, бизге кандай зор сүйүү көрсөткөн!

17. Ар бирибиздин эмне тууралуу ойлонуп көргөнүбүз маанилүү?

17 Эскерүү кечеси жакындап келатканда, ар бирибиздин мындай деп ойлонгонубуз маанилүү: «Сүйүү көрсөтүү жагынан Исаны дагы кантип жакшыраак туурасам болот? Өзүмдүкүнө караганда ишенимдештеримдин жыргалчылыгын көбүрөөк ойлоймунбу? Алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин эске аламбы же алар кыла алгандан да көптү талап кыламбы?» Келгиле, дайыма Иса Машаякты туурап, бири-бирибизге «боор ооруу менен мамиле кылалы» (1 Пет. 3:8).

ИСАНЫН МОМУНДУГУН, КАЙРАТТУУЛУГУН ЖАНА СҮЙҮҮСҮН ТУУРАГЫЛА

18, 19. а) Жахабанын эли эмне кыла берери шексиз? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

18 Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси түбөлүккө белгилене бербейт. Иса улуу алааматта «келип», «тандагандарын» асманга чогултат. Ошондон кийин Эскерүү кечеси өткөрүлбөй калат (1 Кор. 11:26; Мт. 24:31).

19 Бирок Эскерүү кечеси белгиленбей калса да, адамзат тарыхындагы эң зор момундук, кайраттуулук жана сүйүү чагылдырылган, жөнөкөй өткөрүлгөн ал аземди Жахабанын эли жылуу сезимдер менен эскере берери шексиз. Ушул өзгөчө аземге катышып жүргөндөр жаңы заманда ал тууралуу башкаларга, алар да пайда алышы үчүн, айтып берери күмөнсүз. Ал эми бул азем бизге азыртадан пайда алып келиши үчүн, мындан ары да Исадай момун, кайраттуу болууга жана сүйүү көрсөтүүгө чечкиндүү болушубуз керек. Эгер ушундай кылсак, Жахабадан сыйлык аларыбызга шектенбесек болот (2 Пет. 1:10, 11).

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

^ 5-абз. Биз жакында Иса Машаяктын өлүмүн эскеребиз. Ал жөнөкөй кечеден Исанын момундугу, кайраттуулугу жана сүйүүсү тууралуу көп нерсе билебиз. Бул макалада анын ошол баалуу сапаттарын биз кантип чагылдырсак болорун карап чыгабыз.

^ 2-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Эскерүү деген кайсы бир окуяны же кишини эстеп туруш үчүн жана урмат көрсөтүш үчүн кандайдыр бир өзгөчө иш-чаралар менен коштолгон азем өткөрүүнү билдирет.

^ 56-абз. СҮРӨТТӨР. Ишенимдүү бир туугандар Эскерүү кечесин белгилеп жатышат: 1-кылым; 1800-жылдардын аягы; нацисттердин концлагери; Түштүк Американын бир өлкөсүндөгү жылуу климатка ылайыкташтырылган Падышалык залы.