Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»

«Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»

«Коркпо, анткени мен сени мененмин. Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем» (ЫШ. 41:10) *.

7-ЫР: Жахаба — биздин күчүбүз

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. а) Ышая 41:10догу сөздөр Йошико деген бир тууганыбызга кандай жардам берген? б) Жахаба ошол сөздөрдү кимдердин пайдасы үчүн жаздырып койгон?

КУДАЙГА ишенимдүү кызмат кылган Йошико суук кабар уккан. Доктуру ага бир нече эле ай жашай турганын айткан. Ошондо ал эмне кылган? Йошико: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»,— деген жакшы көргөн аятын эстеген (Ыш. 41:10). Ал сабырдуулук сактап, доктуруна Жахаба анын колун кармап тургандыктан *, эч нерседен коркпой турганын айткан. Ооба, бул аяттагы бекемдээрлик сөздөр ал сүйүктүү бир тууганыбызга Жахабага толугу менен таянууга түрткү берген. Ошол эле аят, оор кыйынчылыктарга туш болгонубузда, бизге да санаага алдырбаганга жардам берет. Канткенде ушундай кыла аларыбызды билиш үчүн, келгиле, адегенде Кудайдын Ышая пайгамбарга бул сөздөрдү эмне үчүн жаздырганына токтололу.

2 Башында бул сөздөр кийинчерээк Бабылга туткундалып кете турган жүйүттөрдү сооротуш үчүн жазылган. Анткен менен Жахаба, туткунда жүргөн жүйүттөр эле эмес, андан кийин жашай турган кызматчылары да пайда алышы үчүн, бул сөздөрдүн сакталып калышына кам көргөн (Ыш. 40:8; Рим. 15:4). Бүгүнкү күндө биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз, андыктан Ышая пайгамбардын китебинде камтылган дем-күч берерлик сөздөргө болуп көрбөгөндөй муктажбыз (2 Тим. 3:1).

3. а) 2019-жылдын жылдык аятында кандай убадалар камтылат? б) Ал убадаларга ишенүү канчалык маанилүү?

3 Бул макалада Жахабанын Ышая 41:10до жазылган үч убадасына көңүл топтойбуз: 1) Жахаба биз менен болот; 2) ал — биздин Кудайыбыз; 3) ал бизге жардам берет. Бул убадаларга * болгон ишенимибизди бекем сактаганыбыз абдан маанилүү, анткени биз да жашоодо Йошиконукундай кыйынчылыкка туш болуп калышыбыз мүмкүн. Дүйнөдөгү абал барган сайын начарлап бараткандыктан, көп көйгөйлөр менен күрөшүүгө да туура келүүдө. Айрымдарыбыз атүгүл күчтүү өкмөттөр тарабынан куугунтукка алынып жатабыз. Андыктан, келгиле, жогорудагы үч убаданы өз-өзүнчө карап чыгалы.

«МЕН СЕНИ МЕНЕНМИН»

4. а) Жахабанын биринчи убадасы кайсы? (Шилтемени да карагыла.) б) Жахабанын бизди жакшы көрөрүн эмнеден билүүгө болот? в) Кудайдын сүйүүсү сага кандай таасир этет?

4 Жахабанын биринчи убадасы: «Коркпо, анткени мен сени мененмин *»,— деген сөздөрдө чагылдырылып турат. Жахабанын биз менен экенин анын бизге дайыма көңүл бурганынан жана мээримине бөлөгөнүнөн биле алабыз. Анын бизди канчалык жакшы көрөрү жана кам көрөрү бул сөздөрдө кандайча көрсөтүлгөнүнө көңүл бурсаңар: «Сен менин көз алдымда баалуусуң, ошондуктан сени урматталууга татыктуу деп эсептейм, жакшы көрөм» (Ыш. 43:4). Ааламдагы бир да күч бизди Жахабанын өзүнүн кызматчыларына көрсөткөн сүйүүсүнөн ажырата албайт. Жахаба бизге болгон берилгендигинен эч качан жазбайт (Ыш. 54:10). Анын сүйүүсү менен достугу бизди күч-кайратка толтурат. Ал мурда өзүнүн досу Ыбрамды (Ыбрайым пайгамбарды) коргогондой, бүгүнкү күндө бизди да коргойт. Жахаба ага: «Коркпо, Ыбрам. Мен сенин калканыңмын»,— деген (Башт. 15:1).

Жахабанын жардамы менен биз чоң суулардай же оттой болгон сыноолорду жеңе алабыз (5, 6-абзацтарды карагыла) *

5, 6. а) Жахабанын бизге жеке көйгөйлөрүбүз менен күрөшүүгө жардам бергиси келерин кайдан билебиз? б) Йошико бир туугандын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

5 Жахаба бизге жеке көйгөйлөрүбүз менен күрөшүүгө жардам берүүгө даяр. Буга анын өзүнүн элине берген: «Сууларды кечип өткөнүңдө, мен сени менен болом. Дарыяларды кечип өткөнүңдө чөкпөйсүң. Отко киргениңде күйбөйсүң, сени жалын куйкалабайт»,— деген убадасы далил (Ыш. 43:2). Бул сөздөр эмнени билдирет?

6 Жахаба жашообузду оордоткон кыйынчылыктарды жок кылууну убада кылган эмес. Бирок ал «дарыялардай» болгон көйгөйлөрдүн бизди чөктүрүп салышына же «оттой» сыноолордун бизди орду толгус зыянга учуратышына жол бербейт. Ал биз менен болоруна кепилдик берип, ошол кыйынчылыктарды «кечип өтүүгө» жардам берет. Ал муну кантип кылат? Жахаба бизге, атүгүл өлүм менен беттешүүгө туура келсе да, кынтыксыздыгыбыздан жазбашыбыз үчүн коркунучка алдырбоого жардам берет (Ыш. 41:13). Мунун калетсиз экени жогоруда айтылган Йошиконун жашоосунан көрүнүп турат. Анын кызы мындай дейт: «Апамдын сабырдуулугуна аябай тан бердик. Жахабанын ага жан дүйнө тынчтыгын берип жатканы сезилип турду. Апам Жахаба жана анын убадалары жөнүндө медайымдар менен башка бейтаптарга көз жумганга чейин айтып жатты». Йошико бир туугандын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? Эгер Кудайдын: «Мен сени менен болом»,— деген убадасына бекем ишенсек, сыноолорго туш болгондо кайраттуу, күчтүү болобуз.

«МЕН СЕНИН КУДАЙЫҢМЫН»

7, 8. а) Биз карай турган экинчи убада кайсы жана ал эмнени билдирет? б) Эмне үчүн Жахаба туткундагы жүйүттөргө: «Тынчсызданба»,— деп айткан? в) Ышая 46:3, 4төгү кайсы сөздөр Кудайдын элине кайраттуу болууга жардам берген көрүнөт?

7 Ышая аркылуу берилген экинчи убадада мындай сөздөр камтылат: «Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын». Тынчсызданууга байланыштуу айтылган бул сөздөр эмнени билдирет? Бул аятта «тынчсыздануу» деп которулган түп нускадагы сөз «коркунучтуу бир нерседен кооптонгондуктан артын карай берүү» же «кооптуу жагдайга туш болгон бирөөдөй болуп дүрбөлөңгө түшүү» деген маанини туюнтат.

8 Эмне үчүн Жахаба Бабылга туткундалып кете турган жүйүттөргө «тынчсызданбашы» керектигин айткан? Анткени Бабылда жашагандардын үрөйү учарын билген. Алар эмнеден улам коркушмак? Жүйүттөрдүн туткунда жүргөн 70 жылдык мөөнөтү соңуна чыгып баратканда, Мадай-Персиянын кубаттуу аскери Бабылга кол салмак. Жахаба ал аскерди өз элин Бабыл туткунунан бошотуш үчүн колдонмок (Ыш. 41:2—4). Душмандарынын жакындап келатканын уккан бабылдыктар жана Бабылда жашаган башка улуттагы адамдар бири-бирин: «Кайраттуу бол»,— деп кубаттандырышкан. Ошондой эле сактап калат деген үмүттө алар мурункудан да көбүрөөк буркандарды жасашкан (Ыш. 41:5—7). Ошол мезгилде Жахаба туткунда жүргөн жүйүттөрдү: «Ысрайыл, сен менин кызматчымсың... Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»,— деп тынчтандырган (Ыш. 41:8—10). Жахабанын: «Мен сенин Кудайыңмын»,— деп учур чакта айтканына көңүл бурсаңар. Бул сөздөр менен Жахаба берилген кызматчыларын аларды эч унутпаганына, ал дагы деле алардын Кудайы, ал эми алар дагы деле анын эли экенине ынандырган. Ал аларга: «Силерди көтөрүп,.. сактап жүрөм»,— деген. Бул соороторлук сөздөр туткунда жүргөн жүйүттөрдү бекемдегени шексиз. (Оку: Ышая 46:3, 4.)

9, 10. Эмне үчүн ашыкча тынчсыздануунун зарылдыгы жок? Мисал келтиргиле.

9 Тегерегибиздеги адамдар дүйнөдөгү абалдын улам начарлап баратканына болуп көрбөгөндөй тынчсызданууда. Албетте, дүйнөдө болуп жаткан кыйынчылыктар бизден да кыя өтпөйт. Бирок биз коркпойбуз. Анткени Жахаба ар бирибизге: «Мен сенин Кудайыңмын»,— деп айтууда. Муну билүү бизге ашыкча тынчсызданбаганга жардам берет. Эмне үчүн?

10 Бир мисалга токтололу. Жим менен Бен учакта баратканда, катуу шамал учакты ары-бери жулкуй баштайт. Учак катуу титиреп киргенде, үн күчөткүч шайман аркылуу бирөө: «Коопсуздук курун тагынгыла. Учак дагы бир аз титирейт»,— деп айтат. Жим аябай корко баштайт. Бир убакта учкуч: «Бул — мен, силердин учкучуңармын. Тынчсызданбагыла»,— дейт. Жим болсо анча ынанбай: «Кантип тынчсызданбайсың?!» — деп айтат. Анан Бенди караса, ал камырабай эле отургандай сезилет. Жим ага: «Сен, эмне, корккон жоксуңбу?» — дейт. Бен жылмая: «Жок. Мен бул учкучту аябай жакшы билем. Анткени ал — менин атам!» — деп айтат. Анан: «Атамдын кандай киши экенин, канчалык дасыккан учкуч экенин билсең, коркпой каласың»,— деп кошумчалайт.

11. Учактагы эки жүргүнчү жөнүндөгү мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Бул мисалдан эмнеге үйрөнө алабыз? Бенге окшоп, асмандагы Атабыз Жахабаны жакшы билгендиктен жүрөгүбүз тынч. Жахабанын бизди азыркы акыркы күндөрдө туш болуп жаткан бороон-чапкындай кыйынчылыктардан аман алып өтөрүн билебиз (Ыш. 35:4). Бул дүйнөдөгү адамдар үрөйү учуп кыйналууда. Биз болсо Жахабага таянгандыктан, ашыкча тынчсызданбайбыз (Ыш. 30:15). Бендей болуп, биз да башкаларга Кудайга эмне үчүн толугу менен таянсак болорун айтабыз. Ошондо алар да, кандай кыйынчылыкка туш болбосун, Кудайдын сөзсүз колдой турганына бекем ишене алышат.

«МЕН САГА КҮЧ БЕРЕМ, ЖАРДАМ БЕРЕМ»

12. а) Биз карап чыга турган үчүнчү убада кайсы? б) Жахабанын «билеги бийлик жүргүзөт» деген сөздөр эмнени көрсөтүп турат?

12 Ышая пайгамбар аркылуу жазылган үчүнчү убаданы карап көрөлү. Жахаба: «Мен сага күч берем, жардам берем»,— деген. Ышая Жахабанын өз элине кантип күч берип, кантип бекемдей турганына байланыштуу: «Жахаба келет, ал күч-кубаттуу; билеги бийлик жүргүзөт»,— деген (Ыш. 40:10). Ыйык Китепте «билек» деген сөз көп учурда каймана мааниде күч-кубатка карата айтылат. Андыктан Жахабанын «билеги бийлик жүргүзөт» деген сөздөр анын кубаттуу Падыша экенин көрсөтүп турат. Ал теңдешсиз күчүн мурдагы заманда жашаган кызматчыларын колдоп-коргош үчүн колдонгондой эле, бүгүнкү күндө да ага ишенип, таянгандарга дем-күч берип, коргош үчүн колдонуп келет (Мыйз. 1:30, 31; Ыш. 43:10).

Жахабанын бизди коргогон кубаттуу билегине каршы жасалган эч бир курал натыйжалуу болбойт (12—16-абзацтарды карагыла) *

13. а) Жахаба айрыкча кайсы учурда: «Күч берем»,— деген убадасына бекем турат? б) Кайсы убада бизди күч-кайратка толтуруп, өзүбүздү ишенимдүү сезүүгө жардам берет?

13 Айрыкча, душмандар бизди куугунтуктаганда, Жахаба: «Мен сага күч берем»,— деген убадасына бекем турат. Учурда дүйнөнүн айрым жерлеринде душмандарыбыз кабар айтуу ишин токтотууга же уюмубузду жаап салууга аракет кылууда. Ошондой чабуул коюшса да, биз өтө эле тынчсыздана бербейбиз. Жахаба бизди күч-кайратка толтуруп, өзүбүздү ишенимдүү сезүүгө көмөк кыларына кепилдик берген. Ал: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт»,— деп убада кылган (Ыш. 54:17). Бул убада бизге үч маанилүү нерсени унутпаганга жардам берет.

14. Кудайдын душмандарынын бизге каршы согушарына эмне үчүн таң калбайбыз?

14 Биринчиден, Машаяктын жолдоочулары катары биз жек көрүндү болорубузду жакшы билебиз (Мт. 10:22). Иса пайгамбар шакирттеринин акыркы күндөрү катуу куугунтукка алынарын алдын ала айткан (Мт. 24:9; Жкн. 15:20). Экинчиден, Ышая жазган пайгамбарлыкта душмандарыбыздын бизди жек көргөндөн тышкары, бизге каршы ар кандай куралдарды колдонору жазылган. Ал куралдар өз ичине калпты чындыктай кылып көрсөтүүнү, биз жөнүндө ачыктан-ачык жалган маалымат таратууну жана катуу куугунтукка алууну камтыйт (Мт. 5:11). Жахаба душмандарыбыздын бизге каршы согушуш үчүн ушул куралдарды колдонушуна бөгөт койбойт (Эф. 6:12; Аян 12:17). Бирок бизге коркуунун зарылдыгы жок. Эмне үчүн?

15, 16. а) Эске алышыбыз керек болгон үчүнчү нерсе эмне жана бул Ышая 25:4, 5тен кандайча көрүнүп турат? б) Ышая 41:11, 12де бизге каршы согушкандардын акыр-түбү эмне болору кантип сүрөттөлгөн?

15 Эске алышыбыз керек болгон үчүнчү нерсеге токтололу. Жахаба бизге каршы колдонулган «бир да куралдын» натыйжалуу болбой турганын айткан. Дубалдар бүлгүнгө учураткан кара нөшөрдөн коргогондой эле, Жахаба бизди «зулумдардын деминен» коргойт. (Оку: Ышая 25:4, 5.) Душмандарыбыз эч качан бизди орду толгус зыянга учурата албайт (Ыш. 65:17).

16 Мындан тышкары, Жахаба ага толугу менен таянсак болоруна ынандырыш үчүн бизге «каардангандардын» акыр-түбү эмне болорун майда-чүйдөсүнө чейин ачып берген. (Оку: Ышая 41:11, 12.) Душмандарыбыз бизге каршы канчалык аёосуз согуш жүргүзбөсүн же салгылаш канчалык күч албасын, натыйжасы бирдей эле болот: Кудайдын элинин душмандарынын баары «санда жок нерсеге айланышат, кыйратылышат».

КАНТКЕНДЕ ЖАХАБАГА ДАГЫ КӨБҮРӨӨК ТАЯНА АЛАБЫЗ?

Ыйык Китептен Жахаба жөнүндө дайыма окуу ага көбүрөөк таянууга жардам берет (17, 18-абзацтарды карагыла) *

17, 18. а) Ыйык Китепти окуу Жахабага көбүрөөк таянууга кантип жардам берет? Мисал келтиргиле. б) 2019-жылдын жылдык аяты тууралуу ой жүгүртүү бизге кандайча күч берет?

17 Жахабага көбүрөөк таянганды үйрөнүү үчүн аны жакшыраак таанып-билүү маанилүү. Аны чындап таанып-билүүнүн жалгыз жолу — Ыйык Китепти дит коюп окуп, окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү. Ыйык Китепте Жахабанын илгерки заманда өз элин кантип коргоп келгенине байланыштуу ишенүүгө татыктуу билдирүүлөр камтылат. Ал билдирүүлөр азыркы заманда анын бизди да коргой турганына бекем ишенүүгө негиз берет.

18 Ышая пайгамбардын Жахабанын бизди кантип коргоп жатканын көрсөтүш үчүн жүрөк козгоорлук кандай мисал колдонгонуна көңүл бурсаңар. Ал Жахабаны койчуга, ал эми анын элин козуларга салыштырып: «Ал өз оторун койчудай кайтарат. Козуларды өз колу менен чогултуп, бооруна кысып көтөрүп жүрөт»,— деп жазган (Ыш. 40:11). Жахабанын бизди күчтүү колдору менен бооруна кысып көтөрүп жүргөнүн сезгенде биз эч нерсеге тынчсызданбай, коопсуз болобуз. Туш болуп жаткан көйгөйлөрүбүзгө карабай жүрөгүбүз тынч болушу үчүн, ишенимдүү жана акылдуу кул 2019-жылдын жылдык аяты катары: «Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»,— деген сөздөр жазылган Ышая 41:10ду тандады. Ушул сөздөр тууралуу ой жүгүрткүлө. Ал сөздөр силерге алдыда боло турган кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге күч берет.

38-ЫР Кудай сени күчтүү кылат

^ 3-абз. Бул аят англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышынан которулду.

^ 5-абз. 2019-жыл үчүн тандалган аяттан дүйнөдө же жеке жашообузда жаман нерселер болуп кетсе да, санаага алдырбаганга жардам берген үч нерсе тууралуу билебиз. Аларга кененирээк токтолуунун аркасында көп тынчсызданбаганга жана Жахабага көбүрөөк таянганга үйрөнөбүз. Андыктан жылдык аят жөнүндө ой жүгүрткүлө. Колдон келсе, жаттап алгыла. Бул силерге алдыда боло турган кыйынчылыктарга чыдаганга күч берет.

^ 3-абз. ТҮШҮНДҮРМӨ. Жахабанын убадалары ал айткан кайсы бир нерсенин сөзсүз болоруна кепилдик берет. Ал убадаларга бекем ишенсек, жашообузда пайда болгон кыйынчылыктарды ойлоп көп тынчсызданбайбыз.

^ 4-абз. «Коркпо» деген сөз үч жолу, Ышая 41-бөлүмдүн 10, 13 жана 14-аяттарында, кездешет. Ошол эле аяттарда Жахабага карата айтылган «мен» деген сөз да көп жолу колдонулган. Жахаба ыйык рухтун жетеги менен Ышая пайгамбарга «мен» деген сөздү эмне үчүн көп жолу жаздыртып койгон? Ал бир маанилүү нерсени — биз ага таянганда гана коркунуч сезимин жеңе аларыбызды — баса белгилеш үчүн ошенткен.

^ 53-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлө мүчөлөрү жумуштан, ден соолук жагынан, кызматтан, мектептен кыйынчылыктарга туш болууда.

^ 55-абз. СҮРӨТ. Жолугушуу өткөрүлүп жаткан менчик үйгө полиция кирип келгенде, бир туугандар дүрбөлөңгө түшкөн жок.

^ 57-абз. СҮРӨТ. Үй-бүлөлүк изилдөөнү дайыма өткөрүү туруктуу болууга күч берет.