Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

Жахаба сени жакшы көрөт

Жахаба сени жакшы көрөт

«Атам... силерди жакшы көрөт» (ЖКН. 16:27).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахабанын бизди жакшы көрөрүн билсек, ага тартылабыз. Ошондой эле эч нерседен коркпойбуз, анын камкордугун сезебиз жана сергийбиз.

1. Жахабаны элестеткенде оюңа эмне келет?

 «ЖАХАБА кандай болду экен?» — деп элестеткен учуруң болду беле? Андан тиленгенде дароо эле оюңа эмне келет? Жахаба көзгө көрүнбөгөн Кудай болсо да, Ыйык Китептен анын кантип сүрөттөлгөнүн биле алабыз. Мисалы, анда Жахаба Кудайдын «күн жана калкан» экени, «жалмап салуучу от» экени айтылат (Заб. 84:11; Евр. 12:29). Ошондой эле Ыйык Китепте анын сапфир ташына окшогон тактыда отурганы, өзүнүн алтын менен күмүштүн эритиндисиндей болуп жалтылдап турганы жана айланасын жаркыраган асан-үсөн курчап турганы сүрөттөлөт (Жез. 1:26—28). Жахабаны сүрөттөгөн ушул билдирүүлөрдүн айрымдарын окуганда ага карата кастарлоо сезими пайда болушу, атүгүл коркунуч басышы мүмкүн.

2. Эмне үчүн айрымдарга Жахабага жакындаш кыйынга турат?

2 Жахабаны көрө албагандыктан анын бизди жакшы көрөрүнө ишениш кыйын болушу ыктымал. Кээ бирөөлөр башынан өткөргөндөрүнөн улам Жахаба мени эч качан жакшы көрбөйт деп ойлошот. Балким, алар ата мээримин көрбөй чоңойгондур. Жахаба алардын сезимдерин толук туюп, сезип турат. Ошондой эле ага жакындаш эмне үчүн оор экенин түшүнөт. Өзүнө жакындатыш үчүн ал Сөзүнө өзүнүн сонун сапаттары жөнүндө жаздырып койгон.

3. Жахабанын сүйүүсү жөнүндө эмне үчүн кененирээк карап чыгышыбыз керек?

3 Жахабаны таамай сүрөттөгөн сапаттардын бири — сүйүү (1 Жкн. 4:8). Ыйык Китепте Кудайдын сүйүү экени айтылат. Жахаба, эмне иш кылбасын, баарын сүйүүсүнөн улам кылат. Анын сүйүүсү ушунчалык ысык, ушунчалык күчтүү болгондуктан ал аны сүйбөгөндөрдү да сүйө алат (Мт. 5:44, 45). Бул макалада Жахаба жана анын сүйүүсү жөнүндө кененирээк карап чыгабыз. Себеби ал жөнүндө канчалык көп билсек, аны ошончолук жакшы көрө беребиз.

ЖАХАБА БИЗДИ АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРӨТ

4. Жахабанын мээримдүү экенин билгениң сага кандай таасир этет? (Сүрөттү да карагыла.)

4 Жахаба сени «жакшы көрөт» (Жкн. 16:27). Ыйык Китепте ал өзүн мээримдүү энеге салыштырган (Ыш. 66:12, 13). Чүрпөсүнө мээримин төгүп, аны бөпөлөп жаткан энени элестетип көрсөң. Ал баласын тизесине жаткырып алып терметип, аны эркелетип, жылуу сөздөрүн айтат. Ыйласа же бир жери ооруса, дароо эмне керек болсо, ошону берет. Ошо сыңары, биз да кыйналганда, Жахабанын бизге мээримин төгүп, сүйүүсүнө бөлөй турганынан шектенбесек болот. Бир забурчу: «Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан»,— деген (Заб. 94:19).

«Энеси уулун соороткондой, мен силерди сооротом» (4-абзацты карагыла)


5. Жахабанын сүйүүсү сен үчүн канчалык маанилүү?

5 Жахаба — берилген Кудай (Заб. 18:25). Жаза басып алганыбызда, ал бизге кол шилтеп койбойт. Алсак, ысрайыл эли Жахабанын жүрөгүн кайра-кайра оорутуп, бирок өкүнгөндө, ал аларды дагы деле жакшы көрөрүнө ынандырган. Ал: «Сен менин көз алдымда баалуусуң, ошондуктан сени урматталууга татыктуу деп эсептейм, жакшы көрөм»,— деп айткан (Ыш. 43:4, 5). Жахаба бизди да ошондой эле жакшы көрөт. Мындан такыр шектенбесек болот. Атүгүл олуттуу күнөө кетирип алсак да, Жахаба бизди таштап койбойт. Өкүнүп, ага кайра кайтып келсек, ал бизди мурдагыдай эле сүйө берет. Жахаба айкөлдүк менен кечирем деп убада берген (Ыш. 55:7). Анын кечиримдүүлүгү жөнүндө Ыйык Китепте: «Жахабадан жандандыра турган убактар келет»,— деп жазылган (Элч. 3:19).

6. Закарыя 2:8ден Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?

6 Окугула: Закарыя 2:8. Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн сезимдерибизди дароо байкап, жардамга келет. Кыйналганыбызда биз менен кошо кыйналат. Ошондуктан биз андан: «Мени көздүн карегиндей сакта»,— деп тилене алабыз (Заб. 17:8). Көзүбүз аябай сезгич, назик келет; эң керектүү органдарыбыздын бири. Демек, Жахабанын бизди өзүнүн карегине салыштырганы, мындайча айтканда: «Элим сага ким зыян келтирсе, ал менин эң баалуу нерсеме зыян келтиргендей болот»,— деп айтканына тете.

7. Жахабанын бизди жакшы көрөрүнө эмне үчүн ынанышыбыз керек?

7 Жахаба биздин ар бирибизди жакшы көрөрүн билишибизди каалайт. Бирок мурда башыбыздан кечирген окуялардан улам ал мени жакшы көрөбү же жокпу, деп ойлонорубузду билет. Же учурда ушундай ойго түрткөн кайсы бир кыйынчылык менен алышып жатышыбыз ыктымал. Анда канткенде анын бизди чындап эле жакшы көрөрүнө ынана алабыз? Эмесе, келгиле, Жахабанын Исаны, майлангандарды жана баарыбызды жакшы көрөрүн кантип билдирерин карап чыгалы.

ЖАХАБА СҮЙҮҮСҮН КАНТИП БИЛДИРЕТ?

8. Иса Атасынын аны жакшы көрөрүнөн эмне үчүн шектенген эмес?

8 Жахаба менен анын сүйүктүү Уулу сан жеткис кылымдар бою чогуу болгондуктан бири-бирин жанындай жакшы көрүп, ынак болуп калышкан. Ааламда алардыкынан өткөн ынак мамиле жок. Матай 17:5тен окуганыбыздай, Жахаба Исаны жакшы көрөрүн жашырган эмес. Ал жөн эле: «Мен Уулумду колдойм»,— деп айтып койсо деле болмок. Бирок Исаны канчалык жакшы көрөрүн билишибизди каалагандыктан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум»,— деп айткан. Жахаба Исаны көргөндө жана ал кыла турган иштер жөнүндө ойлонгондо аны менен аябай сыймыктанган (Эф. 1:7). Иса да Атасынын аны жакшы көрөрүнөн кымындай да шектенген эмес. Жахабанын сүйүүсүн айкын сезгендиктен Исанын жүрөгүнүн түпкүрүндө буга байланыштуу бир да шек ой болгон эмес. Ал Атасынын аны жакшы көрөрүн көп жолу айткан (Жкн. 3:35; 10:17; 17:24).

9. Жахабанын майлангандарды жакшы көрөрүн кайсы сөздөр таамай сүрөттөп турат? Түшүндүргүлө. (Римдиктер 5:5).

9 Жахаба майлангандарды жакшы көрөрүн далилдеген. (Окугула: Римдиктер 5:5.) Аяттагы «төгүлгөн» деген сөзгө көңүл бурсаң. Жахаба майлангандарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн бир эмгекте анын сүйүүсү «ташкындаган сууга» салыштырылган. Бул Жахабанын аларга болгон күчтүү сүйүүсүн таамай сүрөттөп турат. Майлангандар да Кудайдын сүйүүсүн сезишет (Жүй. 1). Бул тууралуу элчи Жакан мындай деп жазган: «Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз үчүн, асмандагы Атабыз бизге кандай зор сүйүү көрсөттү» (1 Жкн. 3:1). Бирок Жахаба майлангандарды эле жакшы көрөбү? Жок, ал баарыбызды жакшы көрөрүн далилдеген.

10. Жахабанын сени жакшы көрөрүнүн эң чоң далили кайсы?

10 Жахабанын баарыбызды жакшы көрөрүнө кандай төгүндөлгүс далил бар? Ал биз үчүн кун төлөгөн. Бүт ааламда мындан өткөн күчтүү сүйүү жок (Жкн. 3:16; Рим. 5:8). Күнөөлөрүбүз кечирилип, Жахаба менен дос боло алышыбыз үчүн ал жакшы көргөн Уулунун бүт адамзат үчүн өлүшүнө жол берген (1 Жкн. 4:10). Жахаба менен Исанын канчалык кымбат кун төлөгөнү жөнүндө көбүрөөк ой жүгүрткөн сайын, алардын ар бирибизди жакшы көрөрүнө ошончолук ынана беребиз (Гал. 2:20). Жахаба кунду өзүнүн мыйзамы талап кылганы үчүн эле аргасыздан төлөп койгон эмес. Сүйүүсүнөн улам аны бизге тартуу кылган. Жахаба өзүндөгү эң кымбат нерсени — Исаны — курмандыкка чалып, бизди жакшы көрөрүн далилдеген. Ал Уулунун азап чегип, биз үчүн өлүшүнө жол берген.

11. Жеремия 31:3төн эмнени биле алабыз?

11 Жогорудан билгенибиздей, Жахаба бизге карата кандай сезимдерди туярын жашырбайт. Ал аны ачык билдирет. (Окугула: Жеремия 31:3.) Ал бизди жакшы көргөндүктөн өзүнө жакындаткан. (Салыштыр: Мыйзам 7:7, 8.) Бизди анын сүйүүсүнөн эч ким, эч нерсе ажырата албайт (Рим. 8:38, 39). Кудайдын сени жакшы көрөрүн билгениң сага кандай таасир этет? Анда Забур 23-бөлүмдү окуп, Жахабанын сүйүүсүн, камкордугун сезгени Дөөтүгө кандай таасир эткенин, деги эле баарыбызга кандай таасир этерин карап көрөлү.

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮ САГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

12. 23-забурда эмне жөнүндө айтылган?

12 Окугула: Забур 23:1—6. Ушул забурда Дөөтү Жахабанын аны жакшы көрөрүнө, ага кам көрөрүнө шектенбей турганын жазган. Ал Жахабаны Койчум деп атаган. Бул алардын мамилеси ысык болгонунан кабар берет. Ал Жахаба жетектегендей иш кылгандыктан, ага толук таянгандыктан өзүн коопсуз сезген. Дөөтү Жахабанын аны өмүрү өткүчө сүйүүсүнөн өксүтпөй турганын жакшы билген. Эмне үчүн ал буга бекем ишенген?

13. Дөөтү Жахабанын ага кам көрөрүнөн эмне үчүн шектенген эмес?

13 «Мен эч нерседен кем болбойм». Дөөтү Жахабанын аны зарыл нерселерден кем кылбай, дайыма жакшы кам көрөрүн сезген. Мындан тышкары, ал Жахаба менен дос болгон, жакшы көрөрүн да сезип турган. Ошондуктан, эртеңки күнү кандай болбосун, Жахабанын аны керектүү нерселерден өксүтпөй турганына бекем ишенген. Дөөтүнүн Жахаба мени жакшы көрөт деген ишеними жүрөгүн түпөйүл кылган ойлорунан да күчтүү болгон. Ошол себептен ал өзүн бактылуу сезген (Заб. 16:11).

14. Жахаба бизге кантип кам көрөт?

14 Жахаба бизге да мээримин төгүп, жакшы кам көрөт, өзгөчө, башыбызга оор мүшкүл түшкөн учурларда да таштабайт a. Бейтелде 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылган Клердин үй-бүлөсү улам бир кыйынчылыкка кептелгенде, эмне кыларын билбей калган. Анын атасы инсульт болуп, сиңдиси болсо жыйналыштан чыгарылган. Үй-бүлөсүнүн чакан бизнеси токтоп калып, үйүнөн ажырап калган. Жахаба аны кантип колдогон? Клер мындай дейт: «Жахаба дайыма кам көргөндүктөн, керектүү нерселерден куру калган бир да күнүбүз болгон жок. Көп учурда Жахаба биз күткөндөн да көптү берип койчу. Анын мени сүйүүсүнө бөлөгөн учурлары жөнүндө көп ойлоном, ал күндөрдү эч качан унуткум келбейт. Бул мага кыйынчылыкка карабай алдыга кете бергенге жардам берет».

15. Эмненин аркасында Дөөтүнүн жаны сергиген? (Сүрөттү да карагыла.)

15 «Ал жанымды сергитет». Дөөтү кыйынчылыктардын, көйгөйлөрдүн айынан кээде бушайман болгон (Заб. 18:4—6). Ошондой учурларда Жахаба аны сүйүүсүнө бөлөп, жанын сергиткен. Чарчап-чаалыккан ал досун «оттуу жайытка», «суусу мол, тынч жерге алып барган». Ошонун аркасында Дөөтү кайрадан күчкө толуп, Жахабага кубанып кызмат кыла берген (Заб. 18:28—32).

Качкын болуп, азап жеп жүрсө да, Жахабанын мээрими, камкордугу Дөөтүгө дем-шык берген (15-абзацты карагыла)


16. Жахабанын сүйүүсү сени кантип сергитти эле?

16 Бүгүнкү күндө да кыйынчылыктарга кабылганда «Жахабанын мээримдүүлүгүнөн улам... жок болуп кетпей», кызмат кылып келатабыз (Ый 3:22; Кол. 1:11). Буга Рейчелди мисал кылсак болот. Жолдошу COVID-19 пандемиясы маалында аны да, Жахабаны да таштап кеткенде, анын жүрөгү жараланган. Жахаба ага кантип жардам берген? Ал мындай деп эскерет: «Жахаба мени жакшы көрөрүнө дайыма ынандырып жатты. Ал түрткү бергендиктен досторум мени жалгыз калтырган жок. Алар мага тамак-аш берип, жакшы ойлонуштурулган сөздөрдү, аяттарды жазып жатышты. Мени көргөндө дайыма жылмайып, Жахабанын мага кам көрүп жатканын эсиме салып турушчу. Бири-бирине жан тартып турган ушундай чоң үй-бүлөгө кошкону үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын».

17. Эмне үчүн Дөөтү «эч бир жамандыктан» корккон эмес?

17 «Эч бир жамандыктан коркпойм, анткени сен мени мененсиң». Дөөтү далай жолу кооптуу жагдайларга туш болгон. Анын кубаттуу душмандары да бар болчу. Бирок ал Жахабанын аны жакшы көрөрүн билгендиктен эч нерседен корккон эмес. Аны коргоп жатканын сезген. Дөөтү кандай жагдайга кабылбасын, Жахабанын анын жанында экенин сезген. Бул аны кайраттандырган. Ошондуктан: «[Жахаба] бардык коркунучтан куткарды»,— деп ырдаган (Заб. 34:4). Албетте, Дөөтүнүн корккон учурлары деле болгон. Бирок Жахабанын сүйүүсү ал корккон нерселерден да күчтүү болгон.

18. Корккон учурда Жахабанын жакшы көрөрүн билгениң сени кандайча күчкө толтурат?

18 Жүрөктүн үшүн алган жагдайларга кабылганда Жахабанын бизди жакшы көрөрүн билгенибиз кантип жардам берет? Сюзи деген бир пионер, уулу өз өмүрүн кыйганда, жолдошу экөө өзүн кандай сезгени тууралуу мындай деген: «Күтпөгөн жерден ушундай жамандык болуп кеткенде, колуңдан эч нерсе келбегендей сезет экенсиң. Дагы эмне болуп кетет деп коркуп калат экенсиң. Бирок Жахаба мээримин төккөндүктөн, өзүбүздү коопсуз сезип, коркпой калдык». Жогоруда айтылган Рейчел мындай деп эскерет: «Бир жолу түнүчүндө жаман ойлор басып, аябай корккондуктан жүрөгүм сыгылды. Ошондо үнүмдү катуу чыгарып, Жахабадан зарлап тилендим. Анан энеси колуна алганда, тынчып, уктап калган ымыркайдай болуп, менин да жүрөгүм тынчып, катуу уктап калдым. Ошол учур эч качан эсимен кетпейт». Аскерге баруудан баш тартканы үчүн төрт жыл түрмөдө отурган Тасос деген аксакалды да мисалга алалы. Ал Жахабанын сүйүүсүн, камкордугун кантип сезген? Тасос мындай дейт: «Жахаба мага керектүүдөн да көптү берип жатты. Ошондо ага толугу менен таянсам болоруна ого бетер ынандым. Көңүлдү чөгөрүп, шаабайды сууткан жерде отурсам да, кубанычымды жоготкон жокмун. Анткени Жахаба ыйык руху менен колдоп жатты. Ушундан улам ага канчалык таянсам, анын сүйүүсүн ошончолук сезериме көзүм жетти. Ошондуктан түрмөдө отурган кезимде эле үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштадым».

МЭЭРИМДҮҮ КУДАЙЫҢА ЖАКЫНДАЙ БЕР

19. а) Жахабанын бизди жакшы көрөрүн билсек, кантип тиленебиз? б) Жахабанын сүйүүсү жөнүндө айтылган сөздөрдүн кайсынысы жүрөгүңдү козгоду? (« Жахабанын сүйүүсүн сезгенге жардам берген сөздөр» деген кутучаны кара.)

19 Ушул макалада айтылгандардын баары «сүйүүнүн... Кудайы» Жахабанын биз менен экенин далилдеп турат (2 Кор. 13:11). Ал ар бирибизге көңүл бурат. Биз анын мээримдүүлүгү менен «курчап турарынан» шектенбейбиз (Заб. 32:10). Анын бизге сүйүүсүн кантип көрсөтүп жатканы жөнүндө канчалык көп ой жүгүртсөк, камыбызды ойлой турганына ошончолук көзүбүз жетип, ага жакындай беребиз. Биз ага эркин кайрылып, анын сүйүүсүнө абдан зар экенибизди айтсак болот. Ошондой эле анын бизди түшүнөрүнө, жардам бергиси келерине бекем ишенип, тынчыбызды кетирген ойлорубузду айта алабыз (Заб. 145:18, 19).

20. Жахабанын сүйүүсү кандайча бизди ага жакындатат?

20 Күндүн суугунда отко тартылган сыңары, биз да Жахабанын ысык сүйүүсүнө тартылып турабыз. Анын сүйүүсү күчтүү эле эмес, назик дагы. Жахабанын сени жакшы көрөрүн билип, ошого кубан. Анда келгиле, баарыбыз тең: «Мен Жахабаны жакшы көрөм»,— деп айтып, анын сүйүүсүнө сүйүү менен жооп кайтаралы (Заб. 116:1).

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Жахабанын сүйүүсүн кантип сүрөттөйт элең?

  • Жахабанын сени абдан жакшы көрөрүнөн эмне үчүн шектенбесең болот?

  • Жахабанын сүйүүсү сага кандай таасир этет?

108-ЫР: Кудайдын туруктуу сүйүүсү

a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.