3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
124-ЫР: Берилгендик көрсөтөбүз
Жахаба сени оор учурларда калтырбайт
«[Жахаба] — ... коопсуз чебим. Мен олку-солку болбойм, кулабайм» (ЗАБ. 62:2).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Оор учурларда Жахаба бизге жардам бериш үчүн эмне кылсак болот?
1, 2. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары кандай кыйынчылыктар менен беттешиши ыктымал?
БАШЫБЫЗГА мүшкүл түшкөндө жашообуз бир заматта эле астын-үстүн болуп кетиши мүмкүн. Мисал үчүн, Жахабага ишенимдүү кызмат кылган Луис a деген боордошубуз рактын сейрек кездешкен түрү менен ооруп калган. Доктур ага ичер суусу түгөнөрүнө бир нече эле ай калганын айткан. Моника күйөөсү экөө Жахабага бүт күчүн арнап кызмат кылып жүрүшкөн. Анан бир күнү эле Моника аксакал болуп кызмат кылган күйөөсүнүн бир нече жылдан бери анын көзүнө чөп салып жүргөнүн билген. Оливия деген бойдок ишенимдешибиз алар жашаган жакка катуу куюн келатканын билгенде үйүн таштап, качканга аргасыз болгон. Куюн болгондон кийин кайтып келсе, үйүнүн таш-талканы чыгып калыптыр. Бул ишенимдештерибиздин жашоосу көз ачып-жумгуча эле өзгөрүп кеткен. Силер да жашооңорго заматта эле бүлгүн салган ушул сыяктуу жагдайларга кабылдыңар беле?
2 Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсак деле, башкалардай болуп, кыйынчылыктарга туш болобуз, ооруга чалдыгабыз. Ошондой эле Кудайдын элин жек көргөндөр бизге каршы чыгышы же куугунтукташы ыктымал. Жахаба бизди ушул сыяктуу кыйынчылыктардан калкалай бербесе да, таштабай турганын убада кылган (Ыш. 41:10). Анын жардамы менен эң оор учурларда да кубанычыбызды жоготпойбуз, туура чечимдерди чыгара алабыз жана берилгендигибизди сактай алабыз. Бул макалада жашообузду кара булут каптаганда Жахабанын бизге кандай төрт жол менен жардам берерин карайбыз. Ал бизди колдош үчүн эмне кылсак болоруна да токтолобуз.
ЖАХАБА СЕНИ КОРГОЙТ
3. Оош-кыйыш күндөргө туш болгондо, эмне оор болушу мүмкүн?
3 Кыйынчылык. Жашоонун оош-кыйыш күндөрүнө туш болгондо тунук ой жүгүртө албай, туура чечим чыгара албай калышыбыз мүмкүн. Эмне үчүн? Анткени андайда жүрөгүбүзгө канжар сайылгандай эле болот. Санаа басып, эси-дартыбызды ээлеп алат. Биз өзүбүздү коюу туман каптап, жолунан адашкан жолоочудай сезишибиз мүмкүн. Жогоруда айтылган эки ишенимдешибиздин оор сыноого кабылганда кандай сезимде болгонуна токтололу. Оливия мындай дейт: «Үйүмдөн эч нерсе калбай калганда, эмне кылышты билбей дендароо болуп эле отуруп калгам». Күйөөсү чыккынчылык кылган Моника болсо: «Ошондо ушунчалык көңүлүм калган, жан дүйнөм бырпырап талкаланып калгандай эле болгон. Өзүмдү жоготуп, андан ары эмне кылышты билбей калгам. Ушундай болот деп такыр ойлогон эмесмин»,— дейт. Мындай терс ойлор жабылып киргенде, Жахаба бизге кантип жардам берет?
4. Филипиликтер 4:6, 7ге ылайык, Жахаба бизге эмнени убада кылган?
4 Жахаба кантип жардам берет? Ал бизге тынчтык берерин убада кылат. Ыйык Китепте ал «Кудайдын... тынчтыгы» деп аталат. (Окугула: Филипиликтер 4:6, 7.) Бул тынчтык жан дүйнөбүздөн орун алган бейкуттукту билдирет. Ал болсо Жахаба менен ынак мамиледе болгонубуздун аркасында пайда болот. Андай тынчтык «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турат». Анын канчалык сонун экенин сөз менен айтып жеткире албайбыз. Жахабадан жалындуу тиленгенден кийин жан дүйнөңдүн мемиреп, тынчып калганын сездиң беле? «Кудайдын... тынчтыгы» деген — мына ушул!
5. «Кудайдын... тынчтыгы» жүрөгүбүз менен акылыбызды кантип коргойт?
5 Ошол эле аяттарда Кудай берген тынчтыктын акылыбыз менен жүрөгүбүздү «сактаары» же «коргоору» айтылат. Түп нускадан «сактайт» деп которулган сөз шаарды душмандардан сактап, коргогон жоокерлерге карата колдонулчу. Шаардын дарбазаларында жоокерлердин кароолдо турганын билгендиктен эл эч нерседен кам санабай тынч уктай алчу. Ошол сыңары, «Кудайдын... тынчтыгы» акылыбыз менен жүрөгүбүздү коргосо, биз да эч нерседен кам санабай өзүбүздү коопсуз сезебиз (Заб. 4:8). Аннаны эстесең. Аныкындай эле, көйгөйүбүз дароо чечилбесе да, жүрөгүбүз тынчып калат (1 Шем. 1:16—18). Ал эми жан дүйнөбүз тынч болсо, тунук ой жүгүртүп, туура чечим чыгарыш оңой болот.
6. Жүрөгүбүздө «Кудайдын... тынчтыгы» орношу үчүн эмне кылсак болот? (Сүрөттү да карагыла.)
6 Эмне кылышыбыз керек? Түйшөлткөн ойлор каптаганда, «сакчыларды» чакыр. Кантип? Жүрөгүңө «Кудайдын... тынчтыгы» орномоюнча тилене бер (Лк. 11:9; 1 Тес. 5:17). Жогоруда айтылган Луис доктур өмүрү менен кош айтышарына бир нече эле ай калганын айтканда, аялы Энни экөөнө кайгыга чөгүп кетпегенге эмне жардам бергенин айтып берген. «Ушундайда дарыланганга жана башка нерселерге байланыштуу чечим чыгарыш аябай оор болуп калат экен. Бирок Жахабадан тиленгендин аркасында гана ашыкча тынчсызданып, дүрбөлөңгө түшкөн жокпуз»,— дейт. Луис менен келинчеги Жахабадан акылы менен жүрөгүнө тынчтык салышын жана туура чечим чыгарганга жардам беришин сурап, кайра-кайра жалбарып тиленишкенин айткан. Анан чын эле Жахабанын колдоосун сезишкен. Эгер сен да бүк түшүргөн кыйынчылыкка туш болсоң, тынбай тилен. Ошентсең, Жахабанын тынчтыгы жүрөгүң менен акылыңды коргойт (Рим. 12:12).
ЖАХАБА ОЛКУ-СОЛКУ БОЛУШУҢА ЖОЛ БЕРБЕЙТ
7. Кыйын кезеңдерде кандай сезимдерге көмүлүшүбүз мүмкүн?
7 Кыйынчылык. Кыйын кезеңдерде ойлорубузду, сезимдерибизди башкара албай, туура иш кыла албай чайпалышыбыз ыктымал. Андайда өзүбүздү улам бир кошул-ташыл сезимдер көмүп жаткандай сезишибиз мүмкүн. Жогоруда айтылган Энни күйөөсү Луис каза болгондон кийин аны ар кандай сезимдер каптаганы жөнүндө мындай деген: «Жан дүйнөм аңгырай баштаганда өзүмдү бир шордуу сезип кетчүмүн. Күйөөмдүн каза болуп калганына ачууланган учурларым да болгон». Андан тышкары, Энни жалгызсырап, күйөөсү кылып жүргөн иштерди кыла албай да кыйналган. Кээде ал өзүн алай-дүлөй түшүп жаткан деңизде жалгыз калгандай эле сезчү. Ушундай ой-санааларга көмүлгөндө, Жахаба бизге кантип жардам берет?
8. Забур 62:2ге ылайык, Жахаба бизди эмнеге ынандырат?
8 Жахаба кантип жардам берет? Ал биздин олку-солку болушубузга жол бербейт. (Окугула: Забур 62:2.) Деңизде катуу шамал болгондо, алп толкундар кемени ары-бери чайпап коңторуп сала жаздашы мүмкүн. Кемени чайпалтпай кармап туруш үчүн көптөгөн кемелердин капталдарында атайын калакчылар болот. Ошонун аркасында толкундар урунганда, кеме көп чайпалбайт. Жүргүнчүлөр да эч нерсе сезбей кете берет. Кемени чайпалтпай кармап турган калактар көп учурда кеме жүрүп баратканда жакшы иштейт. Ошол сыңары, кыйынчылык учурунда ишенимдүүлүгүбүздөн жазбай алдыга кете берсек, Жахаба бизди олку-солку кылбай кармап турат.
9. Изилдөө куралдарыбыз олку-солку болбогонго кандайча жардам бере алат? (Сүрөттү да карагыла.)
9 Эмне кылышыбыз керек? Сезимдериң буркан-шаркан түшүп жатканда, тиленгениңди, жыйналышка барганыңды жана кабарга чыкканыңды токтотпо. Албетте, андайда аларга мурункудай көп убакыт бөлө албай калышың мүмкүн. Бирок Жахаба сени түшүнөрүн эсиңден чыгарба. (Салыштыр: Лука 21:1—4.) Ошондой эле өздүк изилдөө жүргүзгөнгө жана ой жүгүрткөнгө атайын убакыт бөл. Бул эмне үчүн маанилүү? Жахаба уюму аркылуу олку-солку болбогонго жардам берген Ыйык Китепке негизделген эң сонун кеңештерди берип турат. Өзүңө керектүү маалымат табыш үчүн төмөнкү изилдөө куралдарын колдонсоң болот: JW Library® тиркемеси, «Күзөт мунарасы коомунун адабияттарынын индекси» (ор.), «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы». Жогоруда айтылган Моника сезимдери албууттана баштаганда, кеңеш издеп ушундай куралдарды колдончу. Мисалы, ал «ачуулануу» деген сөздү изилдеген. Башка учурларда болсо «чыккынчылык» же «берилгендик» деген темаларды изилдеп чыккан. Ал ошол маалыматтарды жаны жай алып калганга чейин окуй берчү. Моника: «Окуй баштаганда ичим уйгу-туйгу болуп, жаман боло берчүмүн. Бирок ошого карабай окуй бергендин аркасында Жахаба мени кучактап жаткандай сезчүмүн. Ошондой эле Жахабанын кошул-ташыл сезимдеримди түшүнөрүнө жана мага жардам берип жатканына ынандым»,— деп бөлүшөт. Жахаба сага да сезимдериңдин толкуну тынчыганга чейин олку-солку болбогонго жардам бере алат (Заб. 119:143, 144).
ЖАХАБА СЕНИ КОЛДОЙТ
10. Жан дүйнөбүздү жаралаган кайсы бир окуядан кийин өзүбүздү кандай сезишибиз мүмкүн?
10 Кыйынчылык. Жан дүйнөбүздү жаралаган кайсы бир окуядан кийин ал-күчтөн тайып, эмоциялык жактан да алсыраган күндөр болот. Андайда өзүбүздү мурун бат чуркаган, бирок бутун кайрып алып, аксап калган жөө күлүктөй сезишибиз мүмкүн. Ошондой эле мурда оңой эле кылып жүргөн иштерди кыла албай калышыбыз же мурун кубаныч тартуулаган иштерге анча көңүлүбүз чаппай калышы ыктымал. Илияс пайгамбардай болуп, жаныбыз жер тартып, уйкусурап эле калышыбыз мүмкүн (1 Пад. 19:5—7). Ушинтип алсыраганда, Жахаба кантип жардам берет?
11. Жахаба бизге дагы кантип жардам берет? (Забур 94:18).
11 Жахаба кантип жардам берет? Ал бизди колдойм деп убада берген. (Окугула: Забур 94:18.) Аксап калган жөө күлүк басыш үчүн бирөө жөлөп-таяшы керек болот. Ошол сыяктуу эле, Жахабага жигердүү кызмат кыла бериш үчүн биз да кимдир бирөөнүн жардамына муктаж болушубуз ыктымал. Ошондой учурларда Жахаба бизди: «Мен, Кудайың Жахаба, сени оң колуңан кармап турам. Сага: „Коркпо, мен сага жардам берем“,— деген менмин»,— деп ынандырат (Ыш. 41:13). Дөөтү так ушуну сезип көргөн. Ал кыйынчылыктарга кабылганда жана душмандары коркунуч туудурганда, Жахабага: «Оң колуң менен мени колдойсуң»,— деп айткан (Заб. 18:35). Бирок Жахаба бизди кантип колдойт?
12. Алсыраган учурда Жахаба бизге кимдер аркылуу жардам бериши мүмкүн?
12 Жахаба бизди колдош үчүн көбүнчө башкаларга түрткү берип коёт. Алсак, бир жолу Дөөтү алсыраганда, досу Жонатан ага барып, жылуу сөздөрдү айтып, кайраттандырган (1 Шем. 23:16, 17). Ошондой эле Жахаба Илияс пайгамбарга Элишаны жардамчы кылып кошуп берген (1 Пад. 19:16, 21; 2 Пад. 2:2). Бүгүнкү күндө болсо Жахаба бизге колдоо көрсөтүш үчүн үй-бүлөбүзгө, досторубузга же аксакалдарга түрткү берип коюшу ыктымал. Жүрөгүбүз жараланган учурларда, адатта, башкалардан качып калабыз. Андайда жалгыз болууну эле самап калабыз. Мунун жаман деле жери жок. Ошондой учурларда Жахабанын колдоп жатканын сезиш үчүн эмне кылышыбыз керек?
13. Жахаба бизди колдош үчүн, эмне кылганыбыз зарыл? (Сүрөттү да карагыла.)
13 Эмне кылышыбыз керек? Мүмкүн болсо, обочолонбогонго аракет кыл. Обочолоно берсек, бир тараптуу эле ой жүгүртүп, жалаң өзүбүздү ойлоп, кыйынчылыктарыбызга эле көңүл топтоп калабыз. Бул болсо чыгара турган чечимдерибизге таасир этпей койбойт. Албетте, кээде, өзгөчө, жүрөгүбүздү сыздаткан окуяларга кабылганда жалгыз болгубуз келгени жаман эмес. Бирок көпкө чейин башкалардан кача берсек, Жахаба жардам берейин деп жатса, аны четке каккандай болуп калабыз. Ошондуктан, канчалык оор болбосун, үйүңдөгүлөрдүн, досторуңдун жана аксакалдардын жардамын кабыл ал. Анткени Жахаба сени так ошолор аркылуу колдойт. Аларды ошондой көргөнгө аракет кыл (Накыл 17:17; Ыш. 32:1, 2).
ЖАХАБА СЕНИ СООРОТУП-ЖУБАТАТ
14. Үрөйүбүздү учурган кандай жагдайларга кабылышыбыз мүмкүн?
14 Кыйынчылык. Кээде үрөйүбүз учкан учурлар болот. Ыйык Китепте Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын душмандарынын же башка кыйынчылыктын айынан санаага малынып, корккон учурлары жөнүндө айтылат (Заб. 18:4; 55:1, 5). Бизге да мектептегилер, жумуштагылар, үйдөгүлөр же өкмөттөгүлөр каршы чыгышы мүмкүн. Же болбосо олуттуу ооруга чалдыгып, өлүм менен беттешишибиз ыктымал. Ошондой учурларда өзүбүздү алсыз, кичинекей баладай сезишибиз мүмкүн. Андайда Жахаба бизге кантип жардам берет?
15. Забур 94:19да соороторлук кандай сөздөр жазылган?
15 Жахаба кантип жардам берет? Ал бизди жубатып, тынчтандырат. (Окугула: Забур 94:19.) Бул забурду окуганда, балким, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдаганынан коркуп, уктай албай жаткан кичинекей кызды элестеткендирсиң. Атасы келип, ал уктап калганга чейин аны кучактап отурат. Күн күркүрөгөнү токтоп калбаса да, ал кыз атасынын кучагында болгондуктан эч нерседен коркпойт. Кайратыбызды качырган кыйынчылыкка туш болгондо биз да жан дүйнөбүз тынчып калганга чейин асмандагы Атабыздын бизди кучактап отурушуна зар болобуз. Жахаба ушинтип сооротушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?
16. Жахаба бизди жубатыш үчүн, эмне кылганыбыз маанилүү? (Сүрөттү да карагыла.)
16 Эмне кылышыбыз керек? Жахаба менен дайыма чогуу убакыт өткөр. Ан үчүн тиленип, анын Сөзүн оку (Заб. 77:1, 12—14). Ошондо кайгы басканда, дароо эле асмандагы Атама кайрылышым керек деген ой келет. Жүрөгүңдү өйүгөн, корккон нерселериңди Жахабага айт. Анан ал сени менен сүйлөшүп, сооротушу үчүн, Ыйык Китепти оку (Заб. 119:28). Коркунуч басканда, Ыйык Китептен сени соорото турган жерлерди окуганың бир топ пайдалуу болот. Маселен, Аюп, Забур, Накыл сөздөр же Исанын Матай 6-бөлүмдөгү сөздөрү сага кадыресе күч берери шексиз. Ооба, Жахабадан тиленсең жана анын Сөзүн окусаң, анын сооротуп жатканын сезесиң.
17. Эмнеден шектенбесек болот?
17 Жашообузду кара булут каптаган учурларда Жахабанын биз менен болорунан такыр шектенбесек болот. Биз эч качан жалгыз калбайбыз (Заб. 23:4; 94:14). Жахаба бизди коргоорун, олку-солку болбогонго жардам берерин, колдоорун жана жубатарын убада кылган. Жахаба жөнүндө Ышая 26:3тө: «Сен ою туруктуу адамды сактап, ага ар убак тынчтык бересиң, анткени ал сага таянат»,— делет. Ошондуктан Жахабага таян жана ал сага жардам бериш үчүн колдонгон нерселердин баарын пайдалан. Ошентсең, кыйын кезеңдерде да кайрадан күчкө толо аласың!
ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?
-
Өзгөчө кайсы учурларда Жахабанын жардамына муктаж болобуз?
-
Жахаба кыйын кезеңдерде кайсы төрт жол менен жардам берет?
-
Жахаба жардам бериши үчүн, эмне кылсак болот?
12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай
a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.