Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

2-ЫР: Сенин ысмың — Жахаба

Даңкты Жахабага ыйгаргыла!

Даңкты Жахабага ыйгаргыла!

2025-ЖЫЛДЫН ЖЫЛДЫК АЯТЫ: «Жахабага анын ысмы татыктуу болгон даңкты ыйгаргыла» (ЗАБ. 96:8).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Жахабага ал татыктуу даңкты кантип ыйгара аларыбыз жөнүндө сөз жүрөт.

1. Бүгүнкү күндө көптөр эмнеге көңүл топтошот?

 БҮГҮНКҮ күндө көптөрдүн өзүнө көңүл бурдурганды жакшы көрөрүн байкаган чыгарсыңар. Мисалы, айрымдар соцтармактар аркылуу өздөрүн же жетишкендиктерин көрсөтүп, мактанышат. Ал эми Жахаба Кудайды даңктагысы келгендер саналуу эле. Бул макалада Жахабаны даңктоо деген эмнени билдирерин жана ошондой кылганга бизге эмне түрткү бериши керектигин талкуулайбыз. Ошондой эле ага ал татыктуу болгон даңкты кантип ыйгара аларыбызды жана жакында анын өзүнүн ысмын кантип даңктай турганын билебиз.

ЖАХАБАГА ДАҢК ЫЙГАРУУ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

2. Жахаба даңкын Синай тоосунда кантип көрсөткөн? (Сүрөттү да карагыла.)

2 «Даңк» деген сөз эмнени билдирет? Ыйык Китепте бул сөз кимдир бирөөнү таасирдүү кылган нерсеге карата колдонулушу мүмкүн. Жахаба өзүнүн даңкын ысрайыл элин мисирликтердин кулчулугунан бошоткондон көп өтпөй укмуштуудай жол менен көрсөткөн. Ошол жагдайды элестетип көрөлү. Миллиондогон ысрайылдыктар Кудайдын айткандарын угуш үчүн Синай тоосунун этегине чогулушат. Ошондо тоонун башын калың кара булут каптап, жер катуу силкинет да, тоодон түтүн чыгат. Ага кошул-ташыл күн күркүрөп, чагылган чартылдайт жана мүйүз сурнайдын үнү катуу жаңырат (Чыг. 19:16—18; 24:17; Заб. 68:8). Жахабанын ушундай улуулугун көргөндө ысрайылдыктар аябай эле таасирленип калса керек.

Синай тоосунда Жахаба ысрайылдыктарга даңкын укмуштуудай жол менен көрсөткөн (2-абзацты карагыла)


3. Жахабага даңк ыйгаруу деген эмнени билдирет?

3 Ал эми биз, адамдар, Жахабанын даңкына даңк кошо алабызбы? Ооба, кошо алабыз. Ан үчүн башкаларга Жахабанын канчалык кудурети чексиз Кудай экенин жана анын бизди өзүнө тартып турган сапаттары жөнүндө айтып берсек болот. Ошондой эле анын жардамы менен кылган бардык иштерибиз үчүн да аны даңктасак болот (Ыш. 26:12). Бул жагынан Дөөтү падыша мыкты үлгү калтырган. Ал бүт ысрайыл элинин алдында Кудайдан тиленип: «Оо, Жахаба, улуулук, кудурет, сулуулук, көрк, атак-даңк сага таандык, анткени асман менен жердегинин баары сеники»,— деп айткан. Дөөтү тиленип бүткөндө, «баары. . . Жахабаны даңкташкан» (Жыл. 1-к. 29:11, 20).

4. Иса Жахабаны кантип даңктаган?

4 Иса жерде жүргөндө кереметтерди жасаганга Атасы күч берип жатканын айтып, аны даңктаган (Мр. 5:18—20). Ошондой эле элге жакшы мамиле кылып, Атасынын кереметтүү сапаттарын ачып берип Жахабаны даңазалаган. Бир жагдайга токтололу. Иса сыйынуу жайлардын биринде элди окутуп жатып, ичине жин кирип алгандыктан 18 жылдан бери кыйналып жүргөн бир аялды байкаган. Бүкүрөйүп, боюн түзөй албай жүргөн ал аялдын абалы зээнди кейитерлик болчу. Боору ооругандыктан Иса анын жанына барып, жумшактык менен: «Ооруңдан арылдың»,— деген. Анан үстүнө колун койгондо, аял ошол замат түзөлгөн. Ошондо ал нечен жылдан бери тебеленип келаткан кадыр-баркын көтөргөн, азаптуу оорусунан айыктырган Кудайды «алкап-даңктай баштаган» (Лк. 13:10—13). Ал аялда Жахабаны даңктаганга орчундуу себеп болгон. Бизде да ошенткенге орчундуу себептер бар.

ЖАХАБАНЫ ДАҢКТАГАНГА БИЗГЕ ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ?

5. Жахабаны урматтаганга бизде кандай себептер бар?

5 Биз Жахабаны аны терең урматтагандыктан даңктайбыз. Бизде аны урматтаганга көптөгөн себептер бар. Алсак, Жахабанын кудурети чексиз, ал эмнени кааласа, ошонун баарын кыла алат (Заб. 96:4—7). Ошондой эле акылмандыгы терең. Муну анын колунан бүткөн нерселерден көрүүгө болот. Ал бизге өмүр берген жана жашообуз токтоп калбаш үчүн зарыл нерселердин баары менен камсыз кылып келет (Аян 4:11). Жахаба — берилгендигинен жазбаган Кудай (Аян 15:4). Ал сөзсүз ийгиликке жетет жана убадаларын дайыма аткарат (Жаш. 23:14). Жеремия пайгамбар Жахаба жөнүндө: «Бүт элдердин акылмандарынын арасында, алардын бүт падышалыктарында сендей эч ким жок»,— деп бекеринен айткан эмес (Жер. 10:6, 7). Ооба, асмандагы Атабызды урматтаганга бизде көптөгөн себептер бар. Бирок Жахаба урмат-сыйыбызга эле эмес, аны жакшы көрүшүбүзгө да татыктуу!

6. Жахабаны эмне үчүн жакшы көрөбүз?

6 Биз Жахабаны жан-дилибиз менен жакшы көргөндүктөн даңктайбыз. Аны жакшы көрүүгө түрткү берген айрым сапаттарына токтололу. Жахаба ырайымдуу жана боорукер (Заб. 103:13; Ыш. 49:15). Биз кыйналганда, ал да кыйналат (Зак. 2:8). Өзү менен дос боло алышыбыз үчүн жол ачып койгон (Заб. 25:14; Элч. 17:27). Ошондой эле Жахаба абдан момун. «Ал асман менен жерди караш үчүн эңкейет, бей-бечараны топурактан тургузат» (Заб. 113:6, 7). Ушунун баарын билгендиктен улуу Кудайыбызды кантип даңктабай коёбуз?! (Заб. 86:12).

7. Кандай өзгөчө мүмкүнчүлүккө ээбиз?

7 Биз Жахабаны башкалар ал жөнүндө билишин каалагандыктан даңктайбыз. Көптөр Жахаба жөнүндөгү чындыкты билбейт. Эмне үчүн? Анткени Шайтан ал жөнүндө төбө чачты тик тургузган калпты жайылтып, адамдардын акылын сокур кылып койгон (Кор. 2-к. 4:4). Мисалы, Шайтан көптөрдү Жахаба мыкаачы, кайдыгер, дүйнөдөгү азап-кайгынын баарына ал себепкер дегенге ишендирип келет. Бирок биз Кудайыбыз жөнүндөгү чындыкты билебиз. Ошондуктан Жахабанын кандай Кудай экенин айтып бергенге жана аны даңктаганга мүмкүнчүлүк түзүлсө, коё бербейбиз (Ыш. 43:10). 96-забурда Жахабаны даңктоого басым жасалат. Ыйык рухтун жетеги менен жазылган ошол забурду окуп жатканда Жахабага ал татыктуу болгон даңкты кантип ыйгарсак болору жөнүндө ойлонуп көргүлө.

КАНТКЕНДЕ ЖАХАБАГА АЛ ТАТЫКТУУ БОЛГОН ДАҢКТЫ ЫЙГАРА АЛАБЫЗ?

8. Жахабаны даңктоонун бир жолу кайсы? (Забур 96:1—3).

8 Окугула: Забур 96:1—3. Жахабаны башкаларга анын кандай Кудай экенин айтып даңктай алабыз. Бул аяттардан көрүнүп тургандай, анын кызматчылары «Жахабаны даңктап ырдаганга», «анын ысмын даңктаганга», «анын кантип куткарары жөнүндөгү жакшы кабарды. . . жарыялаганга» жана «элдердин арасында анын даңкын. . . жар салганга» чакырылат. Мына ушундай жолдор менен асмандагы Атабызды даңазалай алабыз. Жахабанын байыркы убакта жашаган кызматчылары анын кандай Кудай экенин жана алар үчүн эмнелерди кылганын жарыялаганга дилгир болушкан (Дан. 3:16—18; Элч. 4:29). Биз аларды кантип туурай алабыз?

9, 10. Ангелинанын окуясынан эмнени үйрөндүңөр? (Сүрөттү да карагыла.)

9 Кошмо Штаттарда жашаган Ангелина a деген ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Ал өзү иштеген компанияда Жахабанын ысымын кайраттуулук менен коргогон. Ангелина сыяктуу жаңы жумушчулар атайын жолугушууга чакырылышкан. Ал жактан алар өздөрү жөнүндө айтып бериши керек болгон. Ангелина өзүнүн Жахабанын Күбөсү болгондуктан кандай жакшы күндөрдү өткөрүп жатканын, бактылуу экенин көрсөткөн сүрөттөрдү даярдап койгон. Бирок кезек боюнча Ангелинанын алдындагы жигит өзүн тааныштырып, Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгонун айткан. Анан эле ишенген нерселерибиз жөнүндө жаман нерселерди айта баштаган. Ангелина мындай деп бөлүшөт: «Ошондо жүрөгүм дүкүлдөп, кайратым кадимкидей кача түштү. Бирок ичимен: „Бул киши Жахаба жөнүндө калп айтып жатса деле карап тура бермек белем. Жахабанын чынында кандай Кудай экенин айтышым керек“,— деп ойлондум».

10 Кесиптеши сөзүн жыйынтыктап жатканда, Ангелина ичинен кыскача тиленген. Анан аны карап, жумшактык менен: «Экөөбүздүн бала чагыбыз окшош экен. Мен да Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгом жана дагы деле ошол жолдо жүрөм»,— деп айткан. Ошондо баары эми эмне болор экен деп аларды карап калышкан. Бирок Ангелина сабыр сактап, кесиптештерине жыйналышка, жыйындарга барып, Жахабага кубанып кызмат кылып жүргөн сүрөттөрүн көрсөткөн. Ошондой эле эмнелерге ишенерин сылыктык менен түшүндүрүп берген (Пет. 1-к. 3:15). Мунун натыйжасы кандай болгон? Ангелина өзү жөнүндө айтып бүткөндө тиги жигит жумшарып калган. Атүгүл бала чагында Жахабанын эли менен чогуу өткөргөн учурларын жылуу сезимдер менен эскерерин айткан. Ангелина мындай дейт: «Жахаба анын ысмын коргошубузга татыктуу. Анын ысмы жөнүндө айтканыбыз биз үчүн чоң сыймык!» Ооба, башкалар Жахабаны жамандаганда, биз да унчукпай калбай, аны даңктай алабыз. Бул чынында эле чоң сыймык!

Биз Жахабаны сүйлөгөн сөзүбүз менен даңктай алабыз (9, 10-абзацтарды карагыла) b


11. Жахабаны сүйгөндөр Забур 96:8деги принципти тарых бою кантип колдонуп келишкен?

11 Окугула: Забур 96:8. Жахабаны колубузда болгон баалуу нерселерибиз менен даңктай алабыз. Жахабаны сүйгөндөр аны дайыма ушундай жол менен даңктап келишкен (Накыл 3:9). Айталы, байыркы учурда ысрайылдыктар ибадаткананы куруп, оңдоп-түзөш үчүн тартуу алып келишкен (Пад. 2-к. 12:4, 5; Жыл. 1-к. 29:3—9). Иса жерде кызмат кылып жүргөндө, айрымдар каражатын ага жана анын элчилерине «кызмат кылганга» жумшашкан (Лк. 8:1—3). Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары да ишенимдештерине ар кандай жолдор менен жардам беришкен (Элч. 11:27—29). Бүгүнкү күндө биз да өз ыктыярыбыз менен тартуу берип Жахабаны даңктай алабыз.

12. Тартууларыбыз кандайча Жахабага даңк алып келет? (Сүрөттү да карагыла.)

12 Берген тартууларыбыздын Жахабага кандайча даңк алып келерин көрсөткөн бир окуяга токтололу. 2020-жылы Зимбабведе көп убакытка чейин созулган кургакчылык болгону эсибизде чыгар. Ошондо миллиондогон адамдар, алардын ичинде Приска деген ишенимдешибиз ачарчылыктан кыйналган. Ошого карабай Приска ар шаршемби жана жума сайын мурункудай эле кызматка чыга берген. Ал ошенткенин жер-жемиш отургузуп, өстүрө турган маалда да токтоткон эмес. Анын кабар айтып жүргөнүн көргөндө кошуна-колоңдору: «Сен ушинтип жүрүп, бир күнү ачкандан өлөсүң го»,— деп шылдыңдашчу. Приска болсо ишенимдүү түрдө: «Жахаба өзүнүн кызматчыларын эч качан калтырбайт»,— деп айтчу. Көп өтпөй ишенимдештери ага уюм бөлүп берген азык-түлүк жана башка зарыл нерселерди алып келип беришкен. Ушундай жардам ыктыярдуу тартууларыбыздын аркасында көрсөтүлгөн. Присканын кошуналары буга таасирленгендиктен: «Кудай сени эч качан таштабайт экен. Биз да ал жөнүндө көбүрөөк билгибиз келип калды»,— дешкен. Ошентип, алардын жетөөсү жыйналышка бара баштаган.

Жахабаны баалуу нерселерибиз менен даңктай алабыз (12-абзацты карагыла) c


13. Забур 96:9га ылайык, Жахабаны даңкташ үчүн эмне кылышыбыз керек?

13 Окугула: Забур 96:9. Жахабаны жүрүм-турумубузду «ыйык» же таза сактап даңктай алабыз. Жахабанын ибадатканасында кызмат кылган дин кызматчылардан тулку-боюн таза сактоо талап кылынган (Чыг. 40:30—32). Бүгүнкү күндө биз да таза болушубуз керек. Таза болуу Жахаба жек көргөн иштерди кылбашыбыз керектигин да билдирет (Заб. 24:3, 4; Пет. 1-к. 1:15, 16). Ан үчүн биз «эски табиятты» чечишибиз, тагыраак айтканда, Жахабага жакпаган ойлордон арылып, жаман иштерди таштаганга колубуздан келишинче аракет кылышыбыз зарыл. Анан «жаңы табиятты кийишибиз» керек. Бул өз ичине Жахабадай ой жүгүртүүнү жана анын сапаттарын чагылдырууну камтыйт (Кол. 3:9, 10). Жахабанын жардамы менен атүгүл киши катарынан чыгып калган, бузулган, зөөкүр адамдар да оңолуп, «жаңы табиятты» кие алат.

14. Жэктин окуясынан эмнени үйрөндүңөр? (Сүрөттү да карагыла.)

14 Жэктин окуясына токтололу. Ал ушунчалык зөөкүр, мыкаачы болгондуктан, «жин-пери» деген аткан конгон. Кылган кылмыштарынын айынан ага өлүм өкүмү чыгарылган. Өкүмүнүн ишке ашырылышын күтүп, түрмөдө отурган кезде ал жакка кабар айтканы барган ишенимдешибиз менен Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Мурда жеткен мыкаачы киши болсо да, Жэк эски табиятын чечип, убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөсү болгон. Таанылгыс адам болуп өзгөргөндүктөн, өлүм жазасына тартылар күнү түрмөдөгү айрым сакчылар аны менен көзүнө жаш алып коштошушкан. Ошол түрмөдө иштеген бир сержант: «Бул жакка түшкөндө Жэк түрмөдөгү эң эле начар адам болчу. Азыр ал эң сонун адам болуп калды»,— деген. Жэк өлүм жазасына тартылганынан бир жума өткөндөн кийин ишенимдештерибиз иш күндөрүндөгү жолугушууну өткөргөнү барышкан. Ал жолугушууга түрмөдө отурган бир киши биринчи жолу катышкан. Ага эмне түрткү берген? Жэктин өзгөргөнү. Ал буга ушунчалык таасирленгендиктен Жахабага сыйыныш үчүн эмне кылыш керектигин билгиси келген. Мындан көрүнүп тургандай, жүрүм-турумубуз асмандагы Атабызга даңк алып келери шексиз (Пет. 1-к. 2:12).

Жахабаны жүрүм-турумубуз менен даңктай алабыз (14-абзацты карагыла) d


ЖАКЫНДА ЖАХАБА ӨЗҮНҮН ЫСМЫН ДАҢАЗАЛАЙТ

15. Жакында Жахаба өзүнүн ысмын кантип даңазалайт? (Забур 96:10—13).

15 Окугула: Забур 96:10—13. 96-забурдун акыркы аяттарында Жахаба Сот жана Падыша катары сүрөттөлөт. Жахаба өзүнүн ысымын жакында кантип даңазалайт? Адилеттикти орнотуп. Жахаба анын ыйык ысмын каралап келаткан Улуу Бабылды жок кылат (Аян 17:5, 16; 19:1, 2). Жалган диндин империясынын талкаланганын көргөндө айрымдар бизге кошулуп, Жахабага сыйынууну чечиши мүмкүн. Эң акырында, Армагеддондо, Жахаба Шайтандын дүйнөсүнүн таш-талканын чыгарат. Ага каршы чыгып, анын ысмына тил тийгизгендердин баарын жок кылат. Ал эми аны жакшы көргөндөрдүн, тилин алгандардын жана даңктагысы келгендердин баарын аман алып калат (Мр. 8:38; Тес. 2-к. 1:6—10). Машаяктын миң жылдык башкаруусунун соңунда боло турган акыркы сыноодон кийин Жахаба өзүнүн ысымын толугу менен ыйыктайт (Аян 20:7—10). Ошондо «деңиз сууга толгондой, жер Жахабанын даңкы жөнүндөгү билимге толот» (Хаб. 2:14).

16. Эмне кылганга чечкиндүүсүңөр? (Сүрөттү да карагыла.)

16 Тирүү жандын баары Жахабага ал татыктуу болгон даңкты ыйгарганда, бул кандай гана жүрөк толкуткан учур болот! Бирок ошол күн келгенге чейин ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, Кудайыбызды колубуздан келишинче даңктай берели. Мунун маанилүү жоопкерчилик экенин баса белгилеш үчүн Жетектөөчү Кеңеш 2025-жылдын жылдык аяты катары: «Жахабага анын ысмы татыктуу болгон даңкты ыйгаргыла»,— деп жазылган Забур 96:8ди тандап алды.

Акыры, ар бир тирүү жан Жахабага ал татыктуу болгон даңкты ыйгарат! (16-абзацты карагыла)

12-ЫР: Жахаба — Улуу Кудай

a Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ангелинанын окуясынын сахналаштырылышы.

c СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Присканын окуясынын сахналаштырылышы.

d СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жэктин окуясынын сахналаштырылышы.