Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

35-ЫР: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдайлы»

Жахабага жаккандай чечим чыгар

Жахабага жаккандай чечим чыгар

«Жахабадан коркуу — акылмандыктын башталышы. Баарынан Ыйыкты таанып-билсең, түшүнүккө ээ болосуң» (НАКЫЛ 9:10).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Туура чечим чыгарганга билим, түшүнүк, кыраакылык кандайча жардам берет?

1. Кээде эмне кылган кыйын болушу мүмкүн?

 БИЗГЕ күн сайын чечим чыгарганга туура келет. Алардын айрымдары — эртең менен эмне жейм же канчада жатам деген сыяктуу жөнөкөй эле чечимдер. Кээде болсо чечим чыгарыш кыйынга турат. Анткени алар ден соолугубузга, бактылуу болушубузга, жакындарыбызга же Жахабага кылган кызматыбызга таасир этиши мүмкүн. Биз чыгарган чечимдерибиздин өзүбүзгө да, үй-бүлөбүзгө да пайда алып келишин каалайбыз. Бирок, баарынан да, Жахабага жаккандай чечим чыгаргыбыз келет (Рим. 12:1, 2).

2. Туура чечим чыгарганга кайсы үч нерсе жардам берет?

2 Туура чечим чыгарыш үчүн төмөнкү үч нерсени кылсаң болот: 1) маалымат топто; 2) Жахабанын көз карашын билгенге аракет кыл; 3) жакшылап таразала. Бул макалада ушуларды карап чыгабыз. Ошондой эле бул макалада айтылгандар бизге көбүрөөк кыраакы болгонго жардам берет (Накыл 2:11).

МААЛЫМАТ ТОПТО

3. Эмне үчүн чечим чыгарганга чейин маалымат топтош керек? Мисал келтир.

3 Туура чечим чыгарганга жардам берген биринчи нерсе — маалымат топтоо. Бул эмне үчүн маанилүү? Олуттуу ооруга чалдыккан бейтаптын доктурга көрүнгөнү барганын элестетсең. Доктур бейтапты карабай же эч нерсе сурабай туруп эле дарылап кирет беле? Эч качан антмек эмес. Жакшыраак чечим чыгарыш үчүн сен да адегенде жагдайыңа байланыштуу маалымат чогулт. Муну кантип кылсаң болот?

4. Накыл сөздөр 18:13кө ылайык, маалымат топтош үчүн эмне кылсаң болот? (Сүрөттү да кара.)

4 Көбүнчө маалымат топтогонго суроолорго жооп издегенибиз жардам берет. Мисалы, сени бирөө отурушка чакырды деп коёлу. Ал жакка барат белең? Эгер отуруштун кандай өтөрүн билбесең, чакырган кишиден минтип сурап көр: «Отуруш каякта жана качан болот? Канча киши келет? Ким баш-көз болот? Кимдер келет? Кандай өтөт? Ичимдик коюлабы?» Ушул суроолордун жообу сага туура чечим чыгарганга жардам берет. (Окугула: Накыл сөздөр 18:13.)

Суроолордун жардамы менен маалымат топто (4-абзацты кара) a


5. Маалымат топтогондон кийин эмне кылышың керек?

5 Эми маалымат топтогондон кийин жагдайды толугу менен көргөнгө аракет кыл. Маселен, отурушка Жахабанын мыйзам-принциптерин баалабаган кишилер келерин же кимдин канча ичип жатканын эч ким көзөмөлдөбөй турганын билсең, эмне кылат элең? Андай отуруш «жосунсуз той-тамашага» айланып кетиши мүмкүнбү? (Пет. 1-к. 4:3). Же отуруш жыйналыш боло турган же кабарга чыга турган убакытка дал келип калсачы? Ушул сыяктуу нерселер жөнүндө ойлонсоң, туура чечим чыгарыш оңоюраак болот. Бирок кылышың керек болгон дагы бир нерсе бар: жагдайга өзүң эле баа берип койбой: «Жахаба буга кандай карайт?» — деп да ойлон (Накыл 2:6).

ЖАХАБАНЫН КӨЗ КАРАШЫН БИЛГЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛ

6. Жакыптын каты 1:5ке ылайык, эмне үчүн Жахабадан жардам сурап тиленишибиз керек?

6 Жахабадан анын көз карашын түшүнгөнгө жардам беришин сура. Жахаба бизге акылмандык берем деп убада кылган. Мунун аркасында чыгарган чечимибиздин ага жагар-жакпасын аныктай алабыз. Ал андай акылмандыкты «баарына берешендик менен, жемелебей берет». (Окугула: Жакыптын каты 1:5.)

7. Жахабанын көз карашын кантип биле аласың? Мисал келтир.

7 Жахабадан жетек сурап тиленгенден кийин бүт дитиңди коюп, анын жообун аңдаганга аракет кыл. Буга мындай мисал келтирсе болот. Бир жакка баратып адашып кеттиң дейли. Анан ошол жакта жашаган бирөөдөн жолду сурайсың. Бирок жообун укпай эле кетип калат белең? Албетте, антмек эмессиң. Тескерисинче, аны кунт коюп укмаксың. Ошол сыяктуу эле, Жахабадан акылмандык сурагандан кийин, анын жообун аңдаш үчүн Ыйык Китептеги кайсы мыйзам-принциптер жагдайыңа ылайык келерин билгенге аракет кыл. Эми отуруш жөнүндөгү мисалга кайрылып келели. Ал жакка барар-барбасыңды чечерде Ыйык Китепте отуруштар, жаман чөйрө, Падышалыктын иштерин өзүңдүкүнөн жогору коюу жөнүндө эмне делерин изилдеп көр (Мт. 6:33; Рим. 13:13; Кор. 1-к. 15:33).

8. Өзүңө керектүү маалымат табыш үчүн эмне кылсаң болот? (Сүрөттү да кара.)

8 Ошентсе да кээде кайсы бир жагдайга байланыштуу маалымат табыш үчүн кимдир бирөөнүн жардамы керек болуп калат. Андайда тажрыйбалуу ишенимдештериңден кеңеш сурап көрсөң болот. Анткен менен ошол теманы өз алдыңча да изилдеп көргөнүң дурус. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралы», «Жашоого керектүү аяттар» деген сыяктуу изилдөө куралдарыбызда сага жардамы тие турган көптөгөн маалыматтар бар. Изилдөө жүргүзүп жатканда сенин максатың Жахабага жаккандай чечим чыгаруу экенин унутпа.

Жахабанын көз карашын билгенге аракет кыл (8-абзацты кара) b


9. Чыгарган чечимибиздин Жахабага жагар-жакпасын кантип билсек болот? (Эфестиктерге 5:17).

9 Чыгарган чечимибиздин Жахабага жагар-жакпасын кантип билсек болот? Эң алгач, биз Жахабаны жакшы билишибиз керек. Ыйык Китепте: «Баарынан Ыйыкты таанып-билсең, түшүнүккө ээ болосуң»,— делет (Накыл 9:10). Ооба, Жахабанын сапаттарын, ой-ниетин, ага эмне жагарын, эмне жакпай турганын билсең, көп нерсени туура түшүнө аласың. Андыктан: «Жахаба жөнүндө билгендеримди эске алганда, кандай чечим чыгарганым ага жагат?» — деп ойлонуп көр. (Окугула: Эфестиктерге 5:17.)

10. Эмне үчүн Ыйык Китептеги принциптер үйдөгүлөрдүн каалоосуна же каада-салттарга караганда маанилүүрөөк?

10 Кээде Жахабага жагыш үчүн жакындарыбызга жакпаган чечим чыгарганга туура келет. Мисалы, айрым ата-энелер бойго жетип калган кызын колунда бар же көп калың бере ала турган бирөөгө турмушка чыкканга үндөшү мүмкүн. Бирок ал жигиттин Жахаба менен болгон мамилеси анча жакшы эмес болушу ыктымал. Албетте, алар кызынын эч нерседен кем болбой жашашын каалайт. Бирок ал жигит ага Жахаба менен ынак болгонго жардам бере алабы? Жахаба ал жагдайга кандай карайт? Бул суроонун жообун Матай 6:33төн таба алабыз. Ал жерде Иса өзүнүн жолдоочуларын Кудайдын Падышалыгын «биринчи орунга койгонго» үндөгөн. Ата-энебизди жана туугандарыбызды сыйласак да, баарынан мурда Жахабаны сүйүнткүбүз келет.

ЖАКШЫЛАП ТАРАЗАЛА

11. Накыл сөздөр 2:11ге ылайык, кайсы сапат сага туура чечим чыгарганга жардам берет?

11 Ыйык Китептеги принциптерди карап чыккандан кийин кандай чечим чыгарсаң туура болорун жакшылап таразалап чык. (Окугула: Накыл сөздөр 2:11.) Кыраакылык чыгарган чечимиңдин артын көрө билгенге жардам берет. Кээде чечим чыгарыш оңой болсо, айрым учурларда кыйынга турат. Кыраакы болсоң, чиелешкен жагдайларда да туура чечим чыгара аласың.

12, 13. Кандайча кыраакылык жумушту туура тандаганга жардам берет?

12 Мындай жагдайды элестетип көрсөң. Үй-бүлөңдү багыш үчүн жумуш издеп жатасың деп коёлу. Эки жумуш чыгат. Сен баарын: кандай жумуш, графиги кандай, жолго канча убакыт кетет жана башка ушул сыяктуу нерселерди таразалайсың. Эки жумуш тең Ыйык Китепте жазылгандарга каршы келбейт. Анан айлыгы же жумуштун өзү жаккандыктан бирин тандамакчы болосуң. Бирок эске алыш керек болгон дагы башка нерселер бар.

13 Алсак, жумушуң жыйналышка барганга тоскоол болбойбу? Же үйдөгүлөрүңө көңүл бурганга жана алардын Жахаба менен болгон мамилесин чыңдаганга арнай турган убактыңды уурдабайбы? Ушинтип ой калчап көргөнүң акчадан да маанилүүрөөк нерселерди биринчи орунга койгонго жардам берет. Алар — үй-бүлөң жана Жахабага кылган кызматың. Баарын эске алып чечим чыгарсаң, Жахаба сөзсүз батасын берет.

14. Кыраакы болгонубуз жана башкаларды жакшы көргөнүбүз кандайча аларга кедерги болбогонго жардам берет?

14 Эгер кыраакы болсок: «Чечимим башкаларга кандай таасир этет?» — деп да ойлонобуз. Себеби «башкалардын ишенимин солгундатып» койгубуз келбейт (Флп. 1:10). Бул, өзгөчө, кийим жана сырткы көрүнүш сыяктуу нерселерге байланыштуу чечим чыгарып жатканда маанилүү. Айталы, бизге кийимдин же сырткы көрүнүштүн кайсы бир стили жагышы мүмкүн. Бирок ушунун айынан жыйналыштагыларга же башкаларга кедерги болуп жатсакчы? Кыраакылык өзүбүздү эмес, өзгөнү ойлогонго жардам берет. Сүйүү бизге башкалардын «пайдасын көздөп», жөнөкөй болгонго түрткү берет (Кор. 1-к. 10:23, 24, 32; Тим. 1-к. 2:9, 10). Ушуларды эске алсак, башкаларды жакшы көрөрүбүздү жана сыйлаарыбызды көрсөткөн чечим чыгара алабыз.

15. Маанилүү чечим чыгарарда эмнелерди эске алыш керек?

15 Маанилүү чечим чыгарарда, аны ишке ашырыш үчүн эмнелерди кылышың керек болорун ойлон. Иса бизге «канча чыгым кетерин эсептеп чыгууну» кеңеш кылган (Лк. 14:28). Ошондуктан чечим ишке ашыш үчүн канча убакыт, канча каражат жана канча күч жумшаш керектигин талдап чык. Чечимиң оңунан чыгыш үчүн үйдөгүлөрүң менен эмне кылсаңар болорун чогуу сүйлөшкүлө. Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени ошонун аркасында айрым нерсени өзгөртүш керектигин же таптакыр эле башкача кылыш керектигин түшүнүшүң ыктымал. Чечим чыгарарда үйдөгүлөр менен кеңешип, оюн уксаң, алар чечимиңди ишке ашырыш үчүн колдон-буттан алып, жардам беришет (Накыл 15:22).

ТУУРА ЧЕЧИМ ЧЫГАР

16. Туура чечим чыгарганга эмнелер жардам берет? (« Канткенде жакшы чечим чыгара алам?» деген кутучаны да кара.)

16 Жогоруда саналып өткөн нерселердин баарын кылган болсоң, анда туура чечим чыгарганга даярсың. Анткени сен керектүү маалымат топтодуң жана Жахабага жаккандай чечим чыгарганга жардам берген принциптерди карап чыктың. Эми Жахабадан чечимиңди ишке ашырганга жардам беришин сурап тилен.

17. Туура чечим чыгаруунун ачкычы кайсы?

17 Балким, буга чейин көптөгөн туура чечимдерди чыгарып келгендирсиң. Ошентсе да бир нерсени унутпа. Туура чечим чыгаруунун ачкычы — өз акылыңа же тажрыйбаңа эмес, Жахабадан келген акылмандыкка таянуу. Ал гана чыныгы билим, түшүнүк берип, кыраакы кыла алат. Булар — акылмандыктын курамына кирген негизги сапаттар (Накыл 2:1—5). Ооба, Жахаба сага ага жаккандай чечим чыгарганга жардам бере алат! (Заб. 23:2, 3).

28-ЫР: Жахаба менен дос бололу

a СҮРӨТ ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жаш ишенимдештерибиз телефонуна келген отурушка чакыруу жөнүндөгү билдирүүнү талкуулап жатышат.

b СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ: Алардын бири отурушка барар-барбасын чечкенге чейин изилдөө жүргүзүп жатат.