Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

108-ЫР: Кудайдын туруктуу сүйүүсү

Жахабанын сүйүүсү эмнелерге жол ачты?

Жахабанын сүйүүсү эмнелерге жол ачты?

«Машаяк. . . бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келген» (ТИМ. 1-К. 1:15).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Канткенде кундун пайдасын көрө алабыз жана Жахабага ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

1. Жахабаны кантип кубанта алабыз?

 ЖАКШЫ КӨРГӨН адамыңарга жакшынакай, пайдасы тие турган белек бердиңер дейли. Эгер ал белегиңерди бир жерге салып коюп, ошол бойдон кайра эч качан эстебесе, жаман болмок болушуңар керек. Ал эми белегиңерди жакшы колдонуп жатса жана ыраазы экенин улам-улам билдирип турса, ичиңер жылып, сүйүнмөксүңөр. Жахабанын белеги болгон кун тууралуу да ушуну айтууга болот. Ал Уулун биз үчүн берген. Анын ошол баа жеткис белегине жана ал аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнө ыраазы экенибизди билдирсек, асмандагы Атабыз да аябай сүйүнөт! (Жн 3:16; Рм 5:7, 8).

2. Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Бирок убакыттын өтүшү менен кунду өзгөчө белек катары көрбөй калышыбыз мүмкүн. Ошенткенибиз Кудайдын белегин көрүнбөгөн жерге салып, аны унутуп калганга эле окшошуп калмак. Антпеш үчүн Кудайдын жана Машаяктын биз үчүн эмнелерди кылганын эстеп, дайыма ойлонуп турушубуз керек. Бул жагынан ушул макалада айтылгандар жакшы жардам берет. Бул макалада кундан азыртан эле кандай пайда алып жатканыбызды жана келечекте кандай пайда аларыбызды талкуулайбыз. Ошондой эле Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтара аларыбызды карайбыз. Муну, өзгөчө, Эскерүү кечесине чейинки жана андан кийинки жумаларда кантип кылсак болоруна да токтолобуз.

АЗЫРТАДАН КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАБЫЗ?

3. Кун төлөнгөндүктөн алып жаткан баталарыбыздын бири кайсы?

3 Биз Машаяктын өмүрүн кун катары бергенинен азыртадан эле пайда алып жатабыз. Айталы, Жахаба кундун негизинде күнөөлөрүбүздү кечирип жатат. Негизи, ал бизди кечиргенге милдеттүү эмес. Бирок ал ошенткиси келет. Буга ыраазы болгон бир забурчу: «Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечиргенге даярсың»,— деп ырдаган (Заб. 86:5; 103:3, 10—13).

4. Жахаба кунду кимдер үчүн берген? (Лука 5:32; Тиметейге 1-кат 1:15).

4 Айрымдар Жахабанын кечиришине өздөрүн татыксыз сезиши мүмкүн. Ачыгын айтканда, буга эч кимибиз татыктуу эмеспиз. Элчи Пабыл муну түшүнгөндүктөн: «Элчи деп аталганга да татыксызмын»,— деген. Бирок андан ары: «Кудайдын мага ырайым кылганынын аркасында азыр ким болсом, ошолмун»,— деп кошумчалаган (Кор. 1-к. 15:9, 10). Андыктан, эгер өкүнсөк, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирет. Ал татыктуу болгонубуз үчүн эмес, бизди сүйгөнү үчүн ошентет. Эгер өзүңөрдү татыксыз сезип жатсаңар, Жахабанын кунду күнөөсү жок адамдар үчүн эмес, күнөөсү үчүн өкүнүп, оңолгусу келгендер үчүн бергенин унутпагыла. (Окугула: Лука 5:32; Тиметейге 1-кат 1:15.)

5. Жахабанын кечиришине татыктуу боло алат белек? Түшүндүргүлө.

5 Эч кимибиз: «Жахаба мени ага көп жылдан бери кызмат кылып келатканым үчүн мага ырайым кылып, күнөөлөрүмдү кечирет»,— деп ойлобошубуз керек. Албетте, Жахаба ага ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келатканыбызды жогору баалайт (Евр. 6:10). Ал кунду кылган кызматыбыздын акысы катары эмес, белек катары берген. Андыктан Жахабанын кечиришине татыктуумун деп ойлогонубуз туура эмес болуп калат. Эгер ошентип эсептесек, анда Исанын кун төлөгөнүнүн пайдасы жок болуп калмак. (Салыштыргыла: Галатиялыктарга 2:21.)

6. Эмне үчүн Пабыл Жахабага жан-жигерин төшөп кызмат кылган?

6 Пабыл, эмне кылбасын, Кудайдын ырайымына татый албай турганын билген. Анда эмне үчүн ал Жахабага жан-жигерин төшөп кызмат кылган? Өзүнүн татыктуу экенин далилдеш үчүн эмес, Жахабанын «улуу ырайымына» ыраазы экенин көрсөтүш үчүн ошенткен (Эф. 3:7). Пабылга окшоп, биз да Жахабанын ырайымына татыктуу болуш үчүн эмес, ага ыраазы экенибизди билдириш үчүн жан-дилибиз менен кызмат кыла беребиз.

7. Кундун аркасында алып жаткан баталарыбыздын дагы бири кайсы? (Римдиктерге 5:1; Жакыптын каты 2:23).

7 Азыркы учурда кундун аркасында алып жаткан баталарыбыздын дагы бири — Жахаба менен ынак, жекече мамиле өрчүтө алганыбыз a. Буга чейинки макалада айтылгандай, эч кимибиз Кудай менен ынак мамиледе боло алмак эмеспиз. Бирок кун төлөнгөндүктөн, биз «Кудай менен тынчтыктабыз» жана ага жакындай алабыз. (Окугула: Римдиктерге 5:1; Жакыптын каты 2:23.)

8. Жахабага андан тиленгенге мүмкүнчүлүк бергени үчүн эмне себептен ыраазы болушубуз керек?

8 Жахаба менен дос болгондуктан андан тилене алабыз. Бул биз үчүн чоң сыймык. Жахаба анын эли чогулганда кимдир бирөөнүн эл алдында тиленгенин эле эмес, жеке ар бирибиздин тилегибизди угат. Жахабага ичибиздегини айтсак, жан дүйнөбүз бейкутукка бөлөнөт. Бирок муну тынчтандырган дарылоо ыкмасы катары эле көрбөшүбүз керек. Анткени тиленгенибизде Жахаба менен болгон мамилебиз бекемделет (Заб. 65:2; Жкп. 4:8; Жкн. 1-к. 5:14). Иса Атасынын аны угарын жана бул Атасы менен болгон мамилесин чыңдаарын билгендиктен, көп тиленчү (Лк. 5:16). Биз дагы кундун аркасында Жахаба менен дос боло аларыбызга жана ага жекече кайрыла аларыбызга кандай гана ыраазыбыз!

КЕЛЕЧЕКТЕ КАНДАЙ ПАЙДА АЛАБЫЗ?

9. Жахабанын ишенимдүү кызматчылары кундан келечекте кандай пайда алышат?

9 Жахабанын ишенимдүү кызматчылары келечекте кундан кандай пайда алат? Алар түбөлүк өмүр сүрө алат. Көптөргө бул мүмкүн эместей сезилет. Анткени адамдар тээ алмустактан бери эле көз жумуп келатат. Бирок башында Жахаба адамдардын түбөлүк жашашын ниет кылган. Адам ата күнөө кетирбегенде, эч кимге: «Түбөлүк жашоо мүмкүн эмес»,— деген ой келбейт болчу. Түбөлүк жашарыбызды элестетүү азыр кыйын болсо да, биз буга ишенебиз. Анткени ошол нерсе мүмкүн болушу үчүн Жахабанын абдан кымбат бааны төлөгөнүн — өз Уулунун өмүрүн бергенин — билебиз (Рим. 8:32).

10. Майлангандар жана башка койлор эмнени эңсеп күтүп жатышат?

10 Түбөлүк өмүр сүрүү келечекте ала турган батабыз болсо да, Жахаба ал жөнүндө азыртадан эле ой жүгүртүшүбүздү каалайт. Майлангандар Машаяк менен чогуу асманда башкара турган учурду эңсеп күтүп жатышат (Аян 20:6). Башка койлор болсо оору, азап-кайгы жок жер бетиндеги бейиште жашаганга үмүттөнүшөт (Аян 21:3, 4). Силер да жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөн башка койлорго киресиңерби? Эгер ошондой болсо, муну майлангандар ала турган сыйлыктан төмөнүрөөк деп ойлобошуңар керек. Анткени адамдар башынан эле жер бетинде жашаганга жаратылган. Ошондуктан жер бетинде түбөлүк жашасак, чексиз бактылуу болобуз.

11, 12. Бейиште биз эңсеп күтүп жаткан баталардын айрымдары кайсылар? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Өзүңөрдүн жер бетиндеги бейиште жашап жатканыңарды элестетип көрсөңөр. Оору, өлүм унутта калат (Ыш. 25:8; 33:24). Жахаба орундуу каалооңордун баарын аткарып берет. Өзүңөр кызыккан кайсы тармакка сүңгүп киргиңер келет эле? Физикагабы, химиягабы, музыкагабы же сүрөт искусствосунабы? Жаңы заманда архитекторлор, куруучулар, дыйкандар аябай керек болору турган иш. Ошондой эле ашпозчулардын, ар кандай шаймандарды жасаган усталардын, бакчаларды кооз кылып, көркүнө чыгаргандардын жардамы чоң болот (Ыш. 35:1; 65:21). Түбөлүк жашагандыктан каалаган нерсеңерди үйрөнө аласыңар.

12 Тирилген жакындарыңарды тосуп алганда не деген кубанычка бөлөнөсүңөр (Элч. 24:15). Жахабанын колунан бүткөн сан жеткис нерселерди изилдегенден да рахат аласыңар (Заб. 104:24; Ыш. 11:9). Баарынан да, эч качан күнөө кетирбей калабыз. Ушундай баталарды күнөөнүн «убактылуу рахатына» алмаштырат белеңер? (Евр. 11:25). Албетте, антмек эмессиңер. Келечекте ала турган баталарыбыз азыр кечип жаткан нерселерибиздин баарынан ашып түшөт. Жер бетиндеги бейиште жашоо дайыма эле үмүт бойдон кала бербей турганын унутпагыла. Ал, акыр-аягы, ишке ашат. Жахаба бизди ушунчалык сүйбөсө жана өзүнүн Уулун биз үчүн бербесе, мунун бири да ишке ашмак эмес.

Жаңы заманда баарынан да эмнени эңсеп күтүп жатасыңар? (11, 12-абзацтарды карагыла)


ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮНӨ КАНТИП ЖООП КАЙТАРСАК БОЛОТ?

13. Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтара алабыз? (Корунттуктарга 2-кат 6:1).

13 Жахабанын кун төлөгөнүнө ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот? Ага кызмат кылууну жашообузда биринчи орунга коюу менен (Мт. 6:33). Иса «жашап жаткандар эми өздөрү үчүн эмес, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашасын деп, бардыгы үчүн өлгөн» (Кор. 2-к. 5:15). Ооба, муну түшүнгөндүктөн биз Жахабанын эмне максат менен чексиз ырайым көрсөткөнүн көз жаздымда калтыргыбыз келбейт. (Окугула: Корунттуктарга 2-кат 6:1.)

14. Жахабага көрсөтмөлөрүнүн туура экенине бекем ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?

14 Жахабанын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди анын көрсөтмөлөрүнүн туура экенине бекем ишенип да көрсөтө алабыз. Бул чыгарган чечимдерибизден көрүнөт. Балким: «Жогорку билим алышым керекпи? Же ушул жумушка орношушум керекпи?» — деп жүргөндүрсүңөр. Ушундай учурларда Жахабанын силердин эмне кылышыңарды каалаары жөнүндө ойлонгула (Кор. 1-к. 10:31; Кор. 2-к. 5:7). Жахаба айткандай иш кылсак, ишенимибиз өсүп, аны менен болгон достугубуз чыңдалат жана үмүтүбүз бекемделе берет (Рим. 5:3—5; Жкп. 2:21, 22).

15. Эскерүүгө чейинки жана андан кийинки жумаларда кун үчүн ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

15 Жахабанын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди дагы бир жол менен көрсөтө алабыз. Ан үчүн Эскерүү кечесине чейинки жана андан кийинки жумаларда Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга бүт күчүңөрдү жумшагыла. Эскерүү кечесине өзүбүз да катышканга аракет кылгандан тышкары, башкаларды да чакырсак болот (Тим. 1-к. 2:4). Чакырган кишиңерге анын кантип өтөрүн түшүндүрүп бергиле. Балким, ага jw.org сайтындагы «Иса пайгамбар эмне үчүн өлгөн?» жана «Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскерүү» деген видеолорду көрсөтөттүрсүңөр. Аксакалдар, жигердүү эмес болуп калгандарды чакырганды унутпагыла. Жахабанын жоголгон койлорунун бири оторуна кайтып келгенде, асманда да, жерде да чоң кубаныч болорун элестетип көрсөңөр! (Лк. 15:4—7). Эскерүү кечесине барганда бири бириңерге эле эмес, жаңы келгендерге же жыйналышка көптөн бери келе электерге көңүл бургула. Аларды жылуу тосуп алгыла (Рим. 12:13).

16. Эскерүүгө чейинки жана андан кийинки жумаларда эмне үчүн Жахабага көбүрөөк кызмат кылуу жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?

16 Эскерүү кечесине чейинки же андан кийинки жумаларда көбүрөөк кызмат кыла аласыңарбы? Ошентсеңер, Жахаба менен Машаяктын биз үчүн кылгандарына канчалык ыраазы экениңерди көрсөтө аласыңар. Жахабанын иши менен канчалык алек болсок, анын колдоосун ошончолук сезебиз. Мунун жыйынтыгында ага болгон ишенимибиз чыңдалат (Кор. 1-к. 3:9). Ошондой эле «Ыйык Жазманы күндө изилдөө» китепчесиндеги же Окуу куралындагы Эскерүүгө байланыштуу Ыйык Китеп окуу графигине карманганга аракет кылгыла. Атүгүл ошол жакта берилген үзүндүлөрдү өз алдыңарча изилдеп чыксаңар болот.

17. Эмне кылганыбыз Жахабаны кубантат? (« Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтара алабыз?» деген кутучаны да карагыла.)

17 Балким, жагдайыңардан улам Жахабага көбүрөөк кызмат кыла албайттырсыңар. Жахабанын силердин кызматыңарды башкалардыкына салыштырбай турганын унутпагыла. Ал силердин аны жакшы көрөрүңөрдү көрүп турат. Жахаба анын баа жеткис белеги кун үчүн чын жүрөктөн ыраазы болуп жатканыбызды көргөндө сүйүнөт (Шем. 1-к. 16:7; Мр. 12:41—44).

18. Жахаба Кудайга жана Иса Машаякка эмне үчүн ыраазысыңар?

18 Кун төлөнгөндүн аркасында гана күнөөлөрүбүз кечирилет, Жахаба менен дос боло алабыз жана түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз. Мындан ары да Жахабанын сүйүүсүнө ыраазы экенибизди билдире берели. Анткени ал сүйүүсүнөн улам ушундай кереметтүү баталарга жол ачкан (Жкн. 1-к. 4:19). Ошондой эле бизди ушунчалык жакшы көргөндүктөн биз үчүн өмүрүн берген Исага да ыраазы экенибизди көрсөтө берели (Жкн. 15:13).

154-ЫР: Өчпөс сүйүү

a Жахаба Машаякка чейин жашаган кызматчыларынын күнөөсүн, атүгүл Иса кун төлөгөнгө чейин эле, кечирген. Жахаба Уулунун өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү бойдон каларынан шектенбегендиктен ошенткен. Демек, Жахаба Иса өлгөнгө чейин эле кунду төлөндү деп эсептеген (Рим. 3:25).