Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

18-ЫР: Кун үчүн ыраазыбыз

Кун төлөнгөнүнөн эмнелерди биле алабыз?

Кун төлөнгөнүнөн эмнелерди биле алабыз?

«[Кудай] бизди сүйөрүн ушинтип көрсөткөн» (ЖКН. 1-К. 4:9).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Кун жөнүндө изилдегендин аркасында Жахаба Кудайдын жана Иса Машаяктын жүрөгүбүздү козгогон сапаттары жөнүндө көбүрөөк биле алабыз.

1. Эскерүү кечесине жыл сайын барып турганыбыздын биз үчүн кандай пайдасы бар?

 БААРЫБЫЗ ЭЛЕ кундун сөз менен айтып жеткире алгыс белек экенине кошулабыз (Кор. 2-к. 9:15). Иса өз өмүрүн курмандыкка бергендиктен, биз Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алабыз. Ошондой эле түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээбиз. Андыктан сүйүүсүнөн улам кун төлөгөн Жахабага ыраазычылык билдиргенибиз кандай гана орундуу! (Рим. 5:8). Кунду боло жүргөн нерсе катары көрүп калбаш үчүн жана ал үчүн дайыма ыраазычылык билдирип туруш үчүн Иса анын өлүмүн жыл сайын эскерип турууну буйруган (Лк. 22:19, 20).

2. Бул макалада эмне жөнүндө талкууланат?

2 Быйыл Эскерүү кечеси 12-апрелде, ишемби күнү, белгиленет. Баарыбыздын тең ага катышууну ойлонуштуруп жатканыбызга шек жок. Эскерүү кечесинин алдындагы жана андан кийинки жумаларда Жахабанын жана Уулунун биз үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрткөнгө a убакыт тапсак, чоң пайда алабыз. Бул макалада кун төлөнгөнүнүн аркасында Жахаба жана анын Уулу жөнүндө эмнелерди биле аларыбызды талкуулайбыз. Кийинки макаладан болсо кундан кандай пайда аларыбызды жана ага ыраазы экенибизди кантип көрсөтө аларыбызды билебиз.

ЖАХАБА ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕ АЛАБЫЗ?

3. Кандайча бир эле адам өмүрүн берип, миллиондогон адамдарды куткара алган? (Сүрөттү да карагыла.)

3 Кун төлөгөнүнөн Жахабанын адилеттүү экенин билебиз (Мыйз. 32:4). Кандайча? Бул тууралуу ойлонуп көрсөңөр: Адам атанын баш ийбестигинен улам баарыбызга күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн (Рим. 5:12). Бизди күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн Жахаба Исанын кун төлөшүнө чара көргөн. Кандайча бир эле жеткилең адам миллиондогон адамдарды куткара алмак? Элчи Пабыл муну: «Бир адамдын [Адам атанын] Кудайга баш ийбестигинен улам көптөр күнөөкөр болуп калгандай эле, бир адамдын [Исанын] Кудайга баш ийгенинен улам көптөр адил болушат»,— деп түшүндүргөн (Рим. 5:19; Тим. 1-к. 2:6). Башка сөз менен айтканда, бир эле жеткилең адамдын баш ийбестигинин айынан баарыбыз күнөө менен өлүмгө кул болуп калганбыз. Ошол сыяктуу эле, бир эле жеткилең адамдын тил алганы баарыбызды боштондукка чыгарган.

Бир кишинин айынан баарыбыз тең күнөө менен өлүмдүн кулу болуп калганбыз. Ошо сыяктуу эле, бир киши кайра баарыбызды куткарган (3-абзацты карагыла)


4. Эмне үчүн Жахаба Адам атанын тил алчаак урпактарын жөн эле түбөлүк жашатып койгон эмес?

4 Бизди куткарыш үчүн Иса сөзсүз эле өлүшү керек беле? Жахаба Адам атанын тил алчаак урпактарын жөн эле түбөлүк жашатып коё албайт беле? Албетте, жеткилең эмес адамдар үчүн көйгөйдүн ушундай чечилиши эң эле туурадай сезилмек. Бирок анда Жахаба адилетсиздик кылган болуп калмак. Анткени ага Адам атанын ачыктан-ачык баш ийбей койгонуна көз жумганга туура келмек.

5. Жахабанын дайыма туура иш кыларынан эмне үчүн шектенбейбиз?

5 Эгер Жахаба адилеттүүлүккө көз жумуп, кун төлөбөй эле, Адам атанын жеткилең эмес уул-кыздарын түбөлүк жашатып койсо, эмне болот эле? Анда адамдар: «Жахаба башка учурларда деле өзүнүн адил принциптерине карманбай коюшу мүмкүн турбайбы. Ал берген убадаларын деле аткарбай коюшу ыктымал турбайбы»,— деп ойлоп калмак. Бирок бизде антип санаа тартканга себеп жок. Эмне үчүн? Себеби Жахаба адилеттүү экенин далилдеген. Ан үчүн ал, керек болсо, өзүнүн сүйүктүү Уулун курмандыкка чалган. Ошондуктан биз анын дайыма туура иш кыларынан шектенбейбиз.

6. Жахабага кун төлөгөнгө дагы кайсы сапаты түрткү берген? (Жакандын 1-каты 4:9, 10).

6 Кун төлөгөнүнөн Жахабанын адилеттүүлүгүн эле эмес, анын сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин да көрө алабыз (Жкн. 3:16; окугула: Жакандын 1-каты 4:9, 10.) Кун жөнүндөгү окуу Жахабанын бизди түбөлүк өмүр сүрүшүбүздү эле эмес, анын чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушубузду да каалаарын көрсөтүп турат. Ойлонуп көрсөңөр: Адам ата күнөө кылганда Жахабанын үй-бүлөсүнөн чыгарылып калган. Ошонун айынан баарыбыз тең төрөлгөндөн тартып эле Кудайдын үй-бүлөсүнө кирбей калганбыз. Бирок кундун негизинде Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирип, ага ишенген жана баш ийгендердин баары келечекте анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болушуна жол ачкан. Атүгүл азыртан эле Жахаба менен да, ишенимдештерибиз менен да ынак мамиледе боло алабыз. Чынында эле, ушунун баары Жахабанын назик сүйүүсүнүн аркасында мүмкүн болууда (Рим. 5:10, 11).

7. Исанын кун төлөш үчүн азап чеккенинен Жахабанын бизди жакшы көрөрү кандайча көрүнгөн?

7 Жахабага кун төлөш канчалык оор болгону жөнүндө ой жүгүртсөк, анын бизди абдан жакшы көрөрүн көбүрөөк түшүнө алабыз. Шайтан Жахабанын бир да кызматчысы башына мүшкүл түшкөндө ага берилгендигин сактабайт деп ырастайт. Шайтандын калпычы экенин далилдеш үчүн Жахаба Исанын азап чегип өлүшүнө жол берген (Аюп 2:1—5; Пет. 1-к. 2:21). Ал жанындай жакшы көргөн Уулун душмандардын мазактап жатканын, жоокерлердин аёосуз сабап, андан соң устунга кадаганын асмандан карап турган. Анан Исанын жаны көзүнө көрүнүп, өлүм менен беттешип жатканын да көргөн (Мт. 27:28—31, 39). Жахаба кийлигишип, ошонун баарын токтотуп койгонго кудурети жетмек. Алсак, душмандары: «Кудай ага жардам бергиси келсе, азыр куткарып алсын» — дегенде, ал ошентип коё алмак (Мт. 27:42, 43). Бирок, эгер Жахаба кийлигишсе, анда кун төлөнбөй калмак. Биз болсо үмүтсүз абалда калмакпыз. Ошондуктан Жахаба Уулунун акыркы деми чыкканга чейин азап чегишине жол берген.

8. Жахаба Уулунун азап чегип жатканын жөн эле карап турду беле? Түшүндүргүлө. (Сүрөттү да карагыла.)

8 Кудай кудурети чексиз болгондуктан эле, анын сезимдери жок деп ойлобошубуз керек. Ал бизди өзүнө окшош кылып, сезимдерибизди көрсөтө алгыдай кылып жараткан. Андыктан Жахабанын да сезимдери бар деп айта алабыз. Ыйык Китептен анын «көңүлү ооруй» турганын жана «кейий» турганын билебиз (Заб. 78:40, 41). Ыбрайым менен Ыскак жөнүндөгү окуяны да эстесеңер. Жахаба Ыбрайымга анын жалгыз уулун курмандыкка чалууну буйруган (Башт. 22:9—12; Евр. 11:17—19). Ыскакты курмандыкка чалганга даярдап, колуна бычак алганда, Ыбрайымды кандай сезимдер чулгаганын элестетип көрсөңөр. Анда жүзү кара адамдардын Исаны ырайымсыздык менен устунга кадап, өлтүрүп жатканын көргөндө Жахабанын жүрөгү андан бетер тилинсе керек. (jw.org сайтынан «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла. Ыбрайым (2-бөлүк)» деген видеону көргүлө.)

Уулунун азап чегип жатканын көргөндө Жахабанын жүрөгү тилинген (8-абзацты карагыла)


9. Римдиктерге 8:32, 38, 39-аяттардан Жахабанын сүйүүсү жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

9 Кундун төлөнгөнү Жахабанын бизди аябай жакшы көрөрүнүн эң эле чоң далили болгон. Бизди эч ким, атүгүл эң жакын адамыбыз да, Жахабачалык жакшы көрө албайт. (Окугула: Римдиктерге 8:32, 38, 39.) Жахабанын бизди өзүбүздөн да алда канча жакшы көрөрүнөн шектенбесек болот. Силер түбөлүк жашагыңар келеби? Муну Жахаба силерден да көбүрөөк эңсейт. Күнөөңөрдүн кечирилишин каалайсыңарбы? Жахаба муну андан бетер каалайт. Ушуларга ээ болуш үчүн ал бизден бир эле нерсени — анын айкөлдүк менен берген белегин кабыл алышыбызды — күтөт. Тагыраак айтканда, ага ишенип, анын тилин алышыбызды каалайт. Чынында эле, кун — Кудайдын күчтүү сүйүүсүнүн далили. Жаңы заманда Жахабанын сүйүүсү жөнүндө дагы көп нерселерди биле беребиз (Нас. 3:11).

ИСА ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕ АЛАБЫЗ?

10. а) Иса эмнени ойлоп туталанган? б) Ал Жахабанын ысымын кантип ыйыктаган? (« Исанын кынтыксыздыгынан жазбаганы Жахабанын ысмын ыйыктаган» деген кутучаны да карагыла.)

10 Иса үчүн Атасынын аброю аябай маанилүү болгон (Жкн. 14:31). Иса өзүнүн Кудайга акарат кылган кылмышкер катары өлтүрүлөрүнө ушунчалык туталанган. Анткени бул Атасынын атына сөз тийгизиши мүмкүн болчу. Ошон үчүн: «Ата, эгер мүмкүн болсо, бул чөйчөк менден кыя өтсө экен»,— деп тиленген (Мт. 26:39). Ал өмүрүнүн аягына чейин Жахабанын алдында кынтыксыз бойдон калып, анын ысымын ыйыктаган.

11. Иса адамдарды канчалык жакшы көргөн? (Жакан 13:1).

11 Кун төлөнгөнүнөн Исанын адамдарга, өзгөчө, шакирттерине чындап күйүп-бышары көрүнгөн (Накыл 8:31; окугула: Жакан 13:1.) Алсак, Иса жердеги кызматы аябай эле оор болорун, акыры, кыйналып өлөрүн билген. Ошентсе да адамдарды жакшы көргөндүктөн баарына чыдаганга даяр болгон. Иса муну кабар айтып, окутуп жана аларга жардам берип көрсөткөн. Ал кызматын тек гана милдет катары көргөн эмес. Өлөр күнү да убактысын бөлүп, элчилеринин бутун жууган, насаатын айткан жана соороткон (Жкн. 13:12—15). Атүгүл жаны сыздап, устунда кадалып турганда да жанындагы кылмышкердин үмүтүн жандырып, бейиште жашай турганын айткан жана апасын Жаканга тапшырган (Лк. 23:42, 43; Жкн. 19:26, 27). Ооба, Иса адамдарды ушунчалык жакшы көрөрүн, алар үчүн өмүрүн берип эле эмес, аларга сүйүү, боорукердик менен мамиле кылып да көрсөткөн.

12. Кандайча Иса биздин пайдабыз үчүн дагы деле эмгектенип жатат?

12 Машаяк биз үчүн өмүрүн «бир эле жолу» берип, тим болуп калган эмес. Ал дагы деле биздин жыргалчылыгыбыз үчүн көп нерселерди кылып жатат (Рим. 6:10). Кандайча? Кундун пайдасын көрө алышыбыз үчүн дагы деле убактысын, күчүн жумшап келет. Азыр анын эмнелерди кылып жатканына көңүл буралы. Иса учурда Падыша, Башкы дин кызматчы жана жыйналыштын башчысы катары кызмат кылууда (Кор. 1-к. 15:25; Эф. 5:23; Евр. 2:17). Ошондой эле улуу алаамат бүткөнгө чейин созула турган ишти, башкача айтканда, майлангандар менен эбегейсиз көп адамдардын чогултулушун көзөмөлдөп жатат (Мт. 24:31; Мр. 13:27). Андан тышкары, ишенимдүү кул аркылуу рухий жактан азыктанышыбыз үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын берип жатат (Мт. 24:45). Миң жылдык башкаруусунун учурунда да биздин пайдабыз үчүн эмгектене берет. Ооба, Жахаба Уулун биз үчүн өмүрүн берсин деп эле эмес, биз үчүн көп нерселерди кылсын деп да берген.

ОКУП-ҮЙРӨНГӨНҮҢӨРДҮ ЭЧ КАЧАН ТОКТОТПОГУЛА

13. Ой жүгүрткөнгө убакыт бөлгөнүбүз кандайча Жахаба менен Исанын сүйүүсү жөнүндө дагы көп нерселерди билгенге жардам берет?

13 Эгер Жахаба Кудайдын жана Машаяк Исанын көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө дайыма ой жүгүртүп турсаңар, дагы көп нерсени биле бересиңер. Балким, Эскерүү кечесине чейинки жана андан кийинки жумаларда бир же эки Инжилди кылдат окуп чыгаттырсыңар. Бир отурганда эле көп бөлүм окуганга аракет кылбагыла. Анын ордуна бир саамга токтоп, Жахаба менен Исаны эмне үчүн жакшы көрүшүбүз керектигинин дагы башка себептерин издеп көргүлө. Анан, эң негизгиси, билгендериңерди башкалар менен бөлүшкүлө.

14. Изилдөө жүргүзгөнүбүз кун жана башка нерселер жөнүндө көбүрөөк билгенге кандайча жардам берет? (Забур 119:97, шилт.). (Сүрөттү да карагыла.)

14 Эгер чындык жолунда көп жылдан бери жүргөн болсоңор: «Кудайдын адилеттүүлүгү, сүйүүсү жана кун жөнүндө дагы башка жаңы нерселерди билсе болобу?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Чын-чынында, ушул жана башка темаларды өмүр бою изилдесек да, аягына чыкпайбыз. Анда жаңы нерселерди табыш үчүн эмне кылышыңар керек? Адабияттарыбызды казып изилдегиле. Жакшы түшүнбөй калган жерлериңер болсо, дагы тереңирээк казып көргүлө. Анан бир күн бою жаңы билген нерсеңер жөнүндө, ошондой эле андан Жахаба, Иса жана алардын силерге көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө эмнелерди биле аларыңарды ойлонгула. (Окугула: Забур 119:97 жана шилтемеси.)

Чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча жыл болбосун, кунга болгон ыраазычылыгыбызды арттыра алабыз (14-абзацты карагыла)


15. Ыйык Китептен кенч издегенибизди эмне үчүн токтотпошубуз керек?

15 Ыйык Китепти окуп же изилдеген сайын, жаңы же кызыктуу нерсе таба албай калсаңар, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Силерди кандайдыр бир мааниде алтын издеген кишиге окшоштурса болот. Алтын издегендер, канча саат, канча күн кетпесин, кыпындай алтын табыш үчүн талыкпай күч жумшай берет. Алар үчүн алтындын бир бүртүгү да баалуу болгондуктан издегенин токтотушпайт. Ыйык Китептен тапкан ар бир кенчибиз андан бетер баалуу эмеспи!? (Заб. 119:127; Накыл 8:10). Андыктан чыдамкай болуп, Ыйык Китепти күн сайын окуп-изилдей бергиле (Заб. 1:2).

16. Жахаба менен Исаны кантип туурай алабыз?

16 Изилдөө учурунда: «Муну кантип колдонсом болот?» — деп да ойлонгула. Мисалы, Жахабадай адилеттүү болгуңар келсе, башкаларга калыс мамиле кылгыла. Атасын жана башкаларды жакшы көргөн Исадан үлгү алгыла. Алсак, Жахабанын ысмы үчүн кордук көргөнгө же ишенимдештериңерге жардам бериш үчүн көп нерседен кечкенге даяр болгула. Ошондой эле Жахабанын баа жеткис белегинен башкалар да пайда алышы үчүн Исаны туурап, аларга кабар айткыла.

17. Кийинки макаладан эмнелерди билебиз?

17 Кун жөнүндө канчалык көбүрөөк билген сайын, Жахабаны жана Уулун ошончолук жакшы көрө беребиз. Өз кезегинде, алар да бизди жакшы көрө берет (Жкн. 14:21; Жкп. 4:8). Келгиле, мындан ары да Ыйык Китепте жана адабияттарыбызда кун жөнүндө айтылгандарды көбүрөөк окуп-изилдей берели. Кийинки макаладан Исанын курмандыгы эмнелерге жол ачканын жана Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтара аларыбызды билебиз.

107-ЫР: Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү

a ТҮШҮНДҮРМӨ: «Ой жүгүртүү» деген белгилүү бир темага көңүл топтоону жана аны түшүнүш үчүн кылдат талдоону билдирет.