Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

132-ЫР: Эми биз бир денебиз

Күйөөлөр, аялыңарды канткенде кадырлап-сыйлай аласыңар?

Күйөөлөр, аялыңарды канткенде кадырлап-сыйлай аласыңар?

«Күйөөлөр,.. [аялыңарды] кадырлап-сыйлагыла» (ПЕТ. 1-К. 3:7).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Канткенде күйөөлөр аялын сүйлөгөн сөзү жана кылган иши менен кадырлап-сыйлаарын көрсөтө алат?

1. Жахаба никени эмне үчүн негиздеген?

 ЖАХАБА — «бактылуу Кудай» (Тим. 1-к. 1:11). Ал биздин да бактылуу болушубузду каалайт. Ошол себептен бизге кубаныч тартуулаган көптөгөн белектерди берген (Жкп. 1:17). Алардын бири — нике. Эркек менен аял баш кошкондо бири бирин сүйөрүн, кадырлап-сыйлаарын айтып убада беришет. Ошол убадасына бек турушса, чындап бактылуу боло алышат (Накыл 5:18).

2. Бүгүнкү күндө көптөгөн үй-бүлөлөрдө кандай көйгөйлөр болууда?

2 Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көптөгөн жубайлар үйлөнгөндө берген убадасына турушпайт. Ошонун айынан бактысыз болушат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун акыркы билдирүүсүнө ылайык, көптөгөн үй-бүлө башчылары аялын уруп-сабап, сөз менен кордоп же эмоциялык жактан жабыркатышат. Адатта, андай эркектер элдин көзүнчө жакшы мамиле кылымыш болуп, үйдөн күн көрсөтпөшү мүмкүн. Ошондой эле көптөгөн үй-бүлөлөргө эркектердин порнография көргөнү залакасын тийгизип келет.

3. Күйөөлөрдүн аялын кордошуна эмнелер себеп болушу мүмкүн?

3 Эркектердин аялына катаал мамиле кылышына эмне себеп болушу мүмкүн? Балким, андай эркектер үй-бүлөсүндөгү зомбулукту көрүп чоңойгондур. Ошон үчүн бул аларга кадимки нерседей болуп калгандыр. Башкаларга болсо маданиятты таасир этет. Алар үйдө ким башчы экенин көрсөтүш үчүн кызыл камчы болуш керек деп ойлошот. Айрым эркектерди бала кезинен өзүн кармаганга, ачуусун тыйганга үйрөтүшкөн эмес. Кээ бирөөлөр болсо дайыма порнография көргөндүктөн аялзатын кумарын кандырган буюмдай эле көрүп калышкан. Ошондой эле көптөгөн адистердин айтымында, ушундай көйгөйлөр COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып ого бетер күч алган. Бирок, эмне себеп болбосун, күйөөлөрдүн аялына кордук көрсөткөнүн актаганга болбойт.

4. Кудайга кызмат кылган күйөөлөр эмнеден сак болушу керек жана эмне үчүн?

4 Жахабага кызмат кылган күйөөлөр аялдарга карата бул дүйнөдөгү адамдардыкындай көз караштан сак болушу керек a. Эмне үчүн? Анткени кандай көз карашта болсок, ошого жараша иш кылабыз. Элчи Пабыл Машаяктын Римдеги майланган жолдоочуларын: «Өзүңөрдү бул дүйнөнүн калыпташына жол бербегиле»,— деп эскерткен (Рим. 12:1, 2). Ал ушул сөздөрдү жазганда, Римдеги жыйналыштын уюшулганына бир нече жыл болуп калган. Анткен менен, Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, жыйналыштагы айрым ишенимдештери тегерегиндеги адамдардын көз карашына, ой жүгүртүүсүнө дагы деле алдырып коюп жатышкан. Ошол себептен ал аларды бул жагынан өзгөргөнгө үндөгөн. Анын кеңеши Машаякты жолдогон бүгүнкү күндөгү күйөөлөргө да тиешелүү. Тилекке каршы, айрым ишенимдештерибиз дүйнөнүн көз карашына алдырып, аялына зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар кездешет b. Жахаба күйөөлөрдүн жубайына кандай мамиле кылышын каалайт? Бул суроонун жообун ушул макаланын негизги аятынан таба алабыз.

5. Петирдин 1-каты 3:7ге ылайык, күйөөлөр зайыбына кандай мамиле кылышы керек?

5 Окугула: Петирдин 1-каты 3:7. Жахаба күйөөлөргө аялын кадырлап-сыйлашы керектигин буйруган. Ушул сөздөргө ылайык иш кылган күйөө аялына сүйүү, боорукердик менен мамиле кылат. Бул макалада үй-бүлө башчысы аялын кантип кадырлап-сыйлай аларына токтолобуз. Бирок адегенде анын кандай иш-аракеттери аялын басынтканга жатарын билели.

АЯЛЫҢАРДЫ БАСЫНТКАНДАН КАЧКЫЛА

6. Жахаба аялын уруп-сабагандарга кандай карайт? (Колосалыктарга 3:19).

6 Уруп-сабоо. Жахаба зомбулук көрсөткөндөрдү жек көрөт (Заб. 11:5). Ал, өзгөчө, аялына кол көтөргөндөрү айыптайт (Мал. 2:16; окугула: Колосалыктарга 3:19.) Бул макаланын негизги аятында — Петирдин 1-каты 3:7де — жазылгандай, эгер күйөө аялына катаал мамиле кылса, бул анын Жахаба менен болгон мамилесине таасир этет. Жахаба атүгүл андай кишинин тилегин укпайт.

7. Эфестиктерге 4:31, 32ге ылайык, күйөөлөр кандай сөздөрдү айтпашы керек? («Түшүндүрмөнү» да карагыла.)

7 Сөз менен кордоо. Айрым эркектер аялын чучукка жеткен сөздөрдү айтып кордойт. Бирок Жахаба кыжырдангандарды, ачуулангандарды, каардангандарды, кыйкыргандарды, кемсинтерлик сөздөрдү айткандарды жек көрөт c. (Окугула: Эфестиктерге 4:31, 32.) Ал баарын угуп турат. Жахаба күйөөсүнүн аялына үйүндө эч ким жокто айткан сөзүнө да маани берет. Эгер күйөөсү аялын тилдесе, бул анын никесин эле эмес, Жахаба менен болгон мамилесин да талкалайт (Жкп. 1:26).

8. Жахаба порнографияга кандай карайт жана эмне үчүн?

8 Порнография көрүү. Жахаба порнографияга кандай карайт? Ал аны жек көрөт. Ошондуктан ыпылас нерселерди көрүп жүргөндөр Жахаба менен болгон мамилесин бузуп, аялын басынткан болот d. Жахаба күйөөлөрдөн аялына бардык учурда, атүгүл жүрөгүндө да берилгендик сакташын күтөт. Иса башка аялды кумарланып карай берген эркектин «жүрөгүндө аны менен ойноштук кыларын» айткан e (Мт. 5:28, 29).

9. Аялын жыныстык жактан кордогондорду Жахаба эмне үчүн жек көрөт?

9 Жыныстык жактан кордоо. Айрым күйөөлөр жыныстык катнаш учурунда аялын анын абийири жол бербеген же өзүн басынтылгандай сездирген ыпылас иштерди кылганга кысым көрсөтөт. Бул аны кордогондукка жатат. Жахаба мындай өзүмчүлдүктү жана мерездикти жек көрөт. Ал күйөөлөрдөн аялын сүйүшүн, кадырлап-сыйлашын жана сезимдерин эске алышын каалайт (Эф. 5:28, 29). Эгер Машаякты жолдогон күйөө ушул жана буга чейинки абзацтарда айтылган иштерди кылып келген болсочу? Канткенде ал көз карашын оңдоп, оңоло алат?

ӨЗГӨРГӨНГӨ ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

10. Күйөөлөр кимден үлгү алышы керек?

10 Аялына катаал мамиле кылып жүргөн күйөөлөргө өзгөргөнгө эмне жардам берет? Ан үчүн алар Исаны туурашы керек. Иса эч качан үй-бүлө курбаса да, анын шакирттерине кылган мамилесинен, аларга жылуу-жумшак сүйлөгөнүнөн күйөөлөр көп нерсени үйрөнө алат (Эф. 5:25). Анда Исанын үлгүсүнө кененирээк токтололу.

11. Иса шакирттерине кандай мамиле кылган?

11 Иса шакирттерин урматтап-сыйлап, аларга боорукердик менен мамиле кылган. Ал эч качан катаал болуп, аларга үстөмдүк кылган эмес. Алардан алда канча күчтүү болсо да, күчүн алардын канчалык алсыз экенин көрсөтүш үчүн же аларды коркутуш үчүн колдонгон эмес. Анткендин ордуна, момун болуп, аларга кызмат кылган (Жкн. 13:12—17). Ал шакирттерине: «Менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, момунмун. Ошондо жаныңар сергийт»,— деген (Мт. 11:28—30). Ооба, Иса жумшак киши болгон. Жумшак кишини алсыз деп айтканга болбойт. Тескерисинче, андай адам күчтүү. Анткени өзүн кармаш үчүн эрк керек. Атүгүл сиркеси суу көтөрбөй турганда да ал сабыр сактап, ачууга алдырбайт.

12. Иса башкаларга кандай сөздөрдү сүйлөгөн?

12 Иса башкаларды жубатып, аларды дем-күчкө толтура турган сөздөрдү сүйлөгөн. Ал шакирттерине эч качан катуу айткан эмес (Лк. 8:47, 48). Атүгүл душмандары ага жаман сөздөрдү айтып, ачуусуна тийгенге аракет кылганда, ал алардын «эч кимисин кордогон эмес» (Пет. 1-к. 2:21—23). Айрым учурларда орой жооп бергендин ордуна унчукпай эле коюуну туура көргөн (Мт. 27:12—14). Кудайга кызмат кылган күйөөлөр үчүн бул кандай сонун үлгү!

13. Матай 19:4—6-аяттарга ылайык, «эркек. . . аялы менен биригет» деген эмнени билдирет? (Сүрөттү да карагыла.)

13 Иса күйөөлөрдүн аялына берилгендик сакташы керектигин баса белгилеген. Ал Атасынын сөздөрүн цитата кылып, эркектин «аялы менен биригиши» керектигин айткан. (Окугула: Матай 19:4—6.) «Биригүү» деген грек тилиндеги этиш түзмө-түз «желим менен чаптоо» дегенди билдирет. Ошондуктан жубайлардын ортосундагы мамиле желим менен чаптап койгондой бекем болушу керек. Андыктан алардын бири жүрөктү оорута турган иш кылса, мунун экөөнө тең залакасы тиет. Зайыбы менен ынак болгон күйөө порнографиянын бардык түрүн четке кагат. Ал көзүн «пайдасыз нерселерден» буйдалбастан ала качат (Заб. 119:37). Ушундайча ал аялы болбогон бирөөнү кумарлана карабайм деп көзү менен «келишим түзөт» (Аюп 31:1).

Берилгендигин сактаган күйөө порнография көргөндөн качат (13-абзацты карагыла) g


14. Аялын кордоп жүргөндөр Жахаба жана жубайы менен болгон мамилесин оңдош үчүн кандай кадамдарды жасашы керек?

14 Аялын уруп-сабаган же сөз менен кордоп жүргөн күйөөлөр Жахаба менен жана аялы менен болгон мамилесин калыбына келтириш үчүн бир нече кадам жасашы керек. Алар кайсылар? Биринчиден, андай киши олуттуу көйгөйү бар экенин моюнга алышы зарыл. Анткени ал Жахабадан эч нерсе жашыра албайт (Заб. 44:21; Нас. 12:14; Евр. 4:13). Экинчиден, аялын кордогонун токтотуп, оңолушу керек (Накыл 28:13). Үчүнчүдөн, аялынан жана Жахабадан кечирим сурап, өкүнүүгө тийиш (Элч. 3:19). Ошондой эле Жахабадан өзгөргөнгө каалоо беришин жана ага жаккандай ой жүгүртүп, ага жаккандай сүйлөп, ага жаккандай иш кылганга жардам беришин сурап жалбарышы кажет (Заб. 51:10—12; Кор. 2-к. 10:5; Флп. 2:13). Төртүнчүдөн, тиленгенине жараша иш кылып, чучукка жеткен сөздөрдү айтпаганга, зордук-зомбулукту жек көргөнгө бүт күчүн жумшашы керек (Заб. 97:10). Бешинчиден, жыйналыштагы мээримдүү аксакалдарга токтоосуз түрдө кайрылып, жардам сурашы зарыл (Жкп. 5:14—16). Алтынчыдан, кийин да мындай жаман ишин кайталабаш үчүн эмне кыларын ойлонуп, план түзүп алышы керек. Порнография көрүп жүргөндөр да ушул алты кадамды кылууга тийиш. Жахаба өзгөрүш үчүн күч-аракет жумшагандарга сөзсүз батасын берет (Заб. 37:5). Бирок күйөөлөргө аялын басынтканын токтотуп койгону эле жетишсиз. Ал аялын кадырлап-сыйлаганды да үйрөнүшү керек. Аны кантип кылса болот?

ЗАЙЫБЫҢАРДЫ КАНТИП КАДЫРЛАП-СЫЙЛАЙ АЛАСЫҢАР?

15. Күйөөлөр аялын сүйөрүн кантип көрсөтө алат?

15 Сүйөрүңөрдү билдиргиле. Жубайы менен чогуу бактылуу өмүр сүрүп келаткан айрым ишенимдештерибиз аялын жакшы көрөрүн күн сайын билдирип турууну адат кылып алышкан (Жкн. 1-к. 3:18). Күйөөсү аялын сүйөрүн жөнөкөй эле жолдор менен, мисалы, колунан кармап же кучактап көрсөтө алат. Же «сени сагындым», «күнүң жакшы эле өтүп жатабы?» деген сыяктуу сөздөрдү жазып турса да, жубайынын ичи жылып калат. Маал-маалы менен аялына гүл же белек берип да аны жакшы көрөрүн билдирсе болот. Ушул сыяктуу иштери менен күйөө аялын кадырлап-сыйлаарын көрсөтөт жана нике түйүнүн бекемдей алат.

16. Эмне үчүн күйөөлөр аялын мактап турушу керек?

16 Баалаарыңарды көрсөткүлө. Аялын барктаган эркек ага дем-шык берип, андан жылуу сөзүн аябайт. Жубайыңардын силерди колдоп, жөлөп-таяш үчүн эмнелерди кылганын дайыма эстеп, ыраазычылык билдирип тургула (Кол. 3:15). Күйөөсү чын жүрөктөн мактаса, аялынын көңүлү эргийт. Ошондо ал күйөөсүнүн аны коргоорун, сүйөрүн жана кадырлаарын сезет (Накыл 31:28).

17. Күйөөлөр аялын кадырлап-сыйлаарын кантип көрсөтө алышат?

17 Боорукер жана жумшак болгула. Аялын сүйгөн эркек аны баалайт жана ардактайт. Ошондой эле зайыбын Жахаба берген баа жеткис белек деп эсептейт (Накыл 18:22; 31:10). Ошол себептен атүгүл эч ким көрбөгөн учурда, анын ичинде жыныстык мамиледе болгондо да анын кадырын түшүрбөй, аярлап, назик мамиле кылат. Аялына жакпаган, аны өзүн басынтылгандай сездирген же абийирине туура келбеген ыпылас иштерди кылганга мажбурлабайт f. Андай күйөө өзү да Жахабанын алдында абийирин таза сактаганга бүт күчүн жумшайт (Элч. 24:16).

18. Күйөөлөр эмне кылганга бел байлашы керек? (« Күйөөлөр, урмат-сыйга кантип татый аласыңар?» деген кутучаны да карагыла.)

18 Күйөөлөр, Жахабанын аялыңарды кадырлап-сыйлаш үчүн кылып жаткан бардык аракетиңерди көрүп турарынан жана баалаарынан шектенбесеңер болот. Аялыңарды кадырлап-сыйлаарыңарды аны басынта турган иштерден качып, аярлап, урматтап, жүрөгүн жылыткан нерселерди кылып көрсөтө бергиле. Ошентсеңер, зайыбыңарды сүйөрүңөрдү жана жогору баалаарыңарды далилдейсиңер. Аялыңарды кадырлап-сыйласаңар, эң маанилүү нерсени — Жахаба менен болгон достугуңарды — сактай аласыңар (Заб. 25:14).

131-ЫР: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»

a Күйөөлөргө «Аялзатына Жахабадай мамиле кылгыла» деген макаланы окуп чыгуу пайдалуу болот («Күзөт мунарасы», 2024-ж., янв.).

b Жолдошунан кордук көргөндөр «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жапа чеккендер үчүн жардам» деген макаладан жакшы кеңештерди таба алат (jw.org сайтындагы же JW Library тиркемесиндеги «Макалалар жыйнагы»).

c ТҮШҮНДҮРМӨ: «Сөз менен кордоо» өз ичине жаман сөздөр менен тилдөөнү, кемсинтүүнү, жакпаган жагын кайра-кайра айта берүүнү камтыйт. Адамды басынтуу, жемелөө же сөгүп-сагуу сөз менен кордоо деп эсептелет.

d jw.org сайтынан жана JW Library тиркемесинен «Порнография — никени талкалаган жоо» деген макаланы окугула.

e Күйөөсү порнография көрүп жүргөн аялдар үчүн «Жубайыңар порнография көрүп жүрсө» деген макалада көңүл жубаткан кеңештер жазылган («Күзөт мунарасы», 2023-ж., авг.).

f Ыйык Китепте жубайлардын жыныстык мамиле учурундагы кандай иш-аракеттери туура же туура эмес болоруна байланыштуу майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Муну Жахабага кызмат кылган жубайлар өздөрү чечет. Алардын чечими Жахабаны урматтагыдай, бири бирине жагымдуу болгудай жана абийирин таза сактагыдай болушу керек. Негизи, экөөнүн ортосунда эле боло турган мындай жеке ишти башкалар менен талкуулабай эле койгону дурус.

g СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Ишенимдешибизге чогуу иштешкендери порнография камтылган журналды сунуштап жатат.