Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИЗИЛДЕГЕНГЕ СУНУШ

Сүрөт тартуу эстеп калганга жардам берет

Сүрөт тартуу эстеп калганга жардам берет

Балким, силерге да окуп-изилдегендериңерди эстеп калыш кыйынга тураттыр. Бирок, байкасаңар, биз Исанын мисалдарын дароо эле эстей алабыз. Эмне үчүн? Себеби аларды көз алдыбызга тартып көргөнбүз. Анын сыңарындай, маалыматты эсиңерге сактап алгыңар келсе, аны элестеткенге аракет кылгыла. Ан үчүн окуп-билгендериңердин сүрөтүн тартсаңар болот.

Айрымдар жаңы билгендерин кагазга сүрөт кылып түшүрүп алса, аларды жакшыраак эстеп каларын байкашкан. Бул аларга сөздөрдү эле эмес, ойлорду да тереңирээк түшүнгөнгө жардам берген. Ан үчүн алар жөнөкөй эле сүрөттөрдү тартышат. Маалыматты эстеп калганга жардам берген ушундай ыкма, өзгөчө, улгайгандарга пайдалуу болору далилденген.

Эмкиде бир нерсени изилдегенде окугандарыңардын сүрөтүн тартып көргүлө. Ошондо маалыматты көбүрөөк эстеп калганыңарга таң калышыңар мүмкүн!