Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Анын изи менен так жүргүлө»

«Анын изи менен так жүргүлө»

«Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган» (1 ПЕТ. 2:21).

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

БУЛ МАКАЛАДА *

Иса бизге жол көрсөтүп, из калтырып кеткен (1, 2-абзацтарды карагыла)

1, 2. 1 Петир 2:21де жазылгандарды түшүнгөнгө кайсы мисал жардам берет?

ЫЗГААРДУУ күнү калың кар баскан ээн талаада топ киши болуп кетип баратканыңарды элестетсеңер. Ошол жерди жакшы билген киши силерге жол көрсөтүп алдыда из калтырып баратат. Бир маалда эле анын карааны көрүнбөй калат. Бирок силер коркпойсуңар. Себеби карга түшкөн изи менен басып, жолуңарды улай аласыңар.

2 Исанын чыныгы жолдоочулары катары биз, мындайча айтканда, коркунучтуу талаада — азыркы ыймансыз дүйнөдө — баратабыз. Бактыга жараша, Жахаба бизге эң мыкты Жол башчыны, өзүнүн Уулу Иса Машаякты, жиберген. Биз анын изи менен так жүрүшүбүз керек (1 Пет. 2:21). Ыйык Китепти түшүндүргөн бир эмгекке ылайык, Петир бул аятта Исаны жол башчыга салыштырган. Жол баштап, артына из калтырган киши сыяктуу эле, Иса да анын жолун жолдошубуз үчүн из калтырып кеткен. Келгиле эмесе, үч суроону карап чыгалы. Анын изи менен жүрүү деген эмнени билдирет? Эмне үчүн анын изи менен жүрүшүбүз керек? Муну кантип кылсак болот?

ИСАНЫН ИЗИ МЕНЕН ЖҮРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

3. Кимдир бирөөнүн изи менен басуу деген эмнени туюнтат?

3 Кимдир бирөөнүн изи менен басуу деген эмнени туюнтат? Ыйык Китепте «жүрүү» жана «бут» деген сөздөр кээде адамдын жашоодо алган багытына карата айтылат (Башт. 6:9; Накыл 4:26). Ал эми анын үлгүсү, тактап айтканда, кандай жашаганы калтырган «изине» салыштырылат. Демек, кимдир бирөөнүн изи менен басуу деген анын үлгүсү боюнча жашоо дегенди билдирет.

4. Исанын изи менен жүрүү деген эмнени билдирет?

4 Анда Исанын изи менен жүрүү деген эмнени билдирет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, андан үлгү алуу. Макаланын негизги аятында Петир, негизинен, Исанын азапка чыдап мыкты үлгү калтырганын баса белгилеген. Бирок Исадан башка да көптөгөн жактардан үлгү алсак болот (1 Пет. 2:18—25). Ооба, Исанын бүткүл өмүрү — айткан ар бир сөзү, кылган ар бир иши — биз үчүн мыкты үлгү!

5. Жеткилең эмес пенде Исанын жеткилең үлгүсү боюнча жашай алабы? Түшүндүргүлө.

5 Жеткилең эмес пенде болгондуктан Исанын изи менен жүрө алабызбы? Албетте, жеткилең түрдө анын изи менен баса албайбыз. Бирок колдон келишинче анын изи менен тагыраак басканга аракет кылсак, элчи Жакандын: «Иса кандай жүрсө, ошондой жүрүшү[ңөр] керек»,— деген сөзүн аткарган болобуз (1 Жкн. 2:6, шилт).

ЭМНЕ ҮЧҮН ИСАНЫН ИЗИ МЕНЕН ЖҮРҮШҮБҮЗ КЕРЕК?

6, 7. Исанын изи менен жүрсөк, эмне үчүн Жахабага жакындайбыз?

6 Исанын изи менен жүрсөк, Жахабага жакыныраак болобуз. Эмне үчүн минтип айта алабыз? Биринчиден, Исанын мыкты үлгүсүнөн Кудайга жаккандай жашоо кандай болорун биле алабыз (Жкн. 8:29). Демек, анын изи менен бассак, асмандагы Атабыз Жахабага жага алабыз. Ал да аны менен дос болгусу келгендерге сөзсүз жакындайт (Жкп. 4:8).

7 Экинчиден, Иса Атасынын табиятын жеткилең түрдө чагылдырган. Ошондуктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жкн. 14:9). Мисалы, ал пес оорулуу кишиге боору ачыган, катуу оорудан азап чеккен аялдын ал-акыбалын түшүнө билген, жакынынан айрылгандар менен кошо күйүт тарткан. Эгер Исанын сапаттарын чагылдырып, башкаларга ал кылгандай мамиле кылсак, Жахабанын өзүнөн да үлгү алган болобуз (Мр. 1:40, 41; 5:25—34; Жкн. 11:33—35). Ал эми Жахабаныкындай сапаттарды көбүрөөк чагылдырган сайын, ага жакыныраак боло беребиз.

8. Исанын изи менен басканыбыз дүйнөнү «жеңгенге» кантип жардам берет?

8 Исанын изи менен жүрсөк, бул ыймансыз дүйнөнүн таасирине алдырып алаксып кетпейбиз. Өлөр алдындагы акыркы түнү Иса: «Мен дүйнөнү жеңдим»,— деп айта алган (Жкн. 16:33). Муну менен эмне дегиси келген? Ал бул дүйнөнүн оюнун, максаттарынын жана иш-аракеттеринин өзүнүн көз карашына таасир этишине жол берген эмес. Иса жерге келгенинин негизги максатын — Жахабанын ысмын ыйыкташ үчүн келгенин — эч качан унуткан эмес. Ал эми биз тууралуу эмне дешке болот? Азыркы дүйнөдө бизди адаштырып-азгыра турган нерселер абдан көп. Анткен менен, Исага окшоп, бүт көңүлүбүздү Жахабанын эркин аткарганга койсок, биз да «дүйнөнү... жеңе» алабыз (1 Жкн. 5:5).

9. Түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон чыкпаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Исанын изи менен бассак, түбөлүк өмүргө жетебиз.  Бир бай жигит Исадан түбөлүк өмүр алышым үчүн эмне кылышым керек деп сураганда, ал: «Келип, менин жолдоочум бол»,— деген (Мт. 19:16—21). Машаяк экенине ишенбеген айрым жүйүттөргө Иса: «Менин койлорум... мени ээрчийт. Мен аларга түбөлүк өмүр берем»,— деген (Жкн. 10:24—29). Анын айткандарына кызыккан Синедриондун мүчөсү Никедимге да «ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ» болорун айткан (Жкн. 3:16). Ооба, биз Исага ишенерибизди ал окуткандай жашап, сөзүбүз менен да, ишибиз менен да көрсөтө алабыз. Ошентсек, түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдон чыкпайбыз (Мт. 7:14).

КАНТКЕНДЕ ИСАНЫН ИЗИ МЕНЕН ТАГЫРААК ЖҮРӨ АЛАБЫЗ?

10. Исаны «таанып-билүү» деген өз ичине эмнени камтыйт? (Жакан 17:3).

10 Исанын изи менен тагыраак жүрүшүбүз үчүн адегенде аны жакшыраак таанып-билишибиз керек. (Окугула: Жакан 17:3.) Исаны «таанып-билүү» бул бир эле жолу кылып койчу нерсе эмес. Анын сапаттарын, көз карашын, талаптарын көбүрөөк билип, уламдан улам жакыныраак тааныша беришибиз керек. Чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча убакыт болбосун, Жахаба менен анын Уулун «таанып-билгенге» дайыма аракет кыла беришибиз зарыл.

11. Төрт Инжилде эмне жөнүндө жазылган?

11 Уулун таанып-биле алышыбыз үчүн, Жахаба өзүнүн Сөзүнө төрт Инжилди жаздыртып койгон. Аларда Исанын өткөргөн өмүрү, кызматы баяндалган. Аларды окуп Исанын айткан сөздөрүн, кылган иштерин, туйган сезимдерин биле алабыз. Ал төрт китеп анын үлгүсү жөнүндө «терең ойлонгонго» жардам берет (Евр. 12:3). Иса калтырган из ошол китептерде деп айтсак болот. Ошондуктан аларды окуп-изилдесек, Исаны барган сайын жакшыраак таанып-биле беребиз. Ошондо изи менен тагыраак жүрө алабыз.

12. Инжилдерди окуганыбыздын канткенде пайдасы тиет?

12 Пайдасы толук тийиши үчүн Инжилдерди окуп эле тим болбошубуз керек. Аларды кылдат изилдеп, терең ой жүгүрткөнгө убакыт бөлүшүбүз керек. (Салыштыргыла: Жашыя 1:8.) Келгиле, аларды окуп жатып ой жүгүрткөнгө жана билгендерибизди иш жүзүндө аткарганга жардам берген эки кеңешке токтололу.

13. Инжилдеги окуяларды кантип жандандыра аласыңар?

13 Биринчиден, Инжилдеги окуяларга жан киргизгиле. Жазылган нерселерди көрүп, угуп, туюп жаткандай элестеткиле. Ушинтип элестетиш үчүн Жахабанын уюму берген изилдегенге жардам берген куралдарды колдонгула. Контекстти, башкача айтканда, силер окуп жаткан үзүндүгө чейинки жана андан кийинки окуяларды изилдегиле. Окуянын каармандары, окуянын кайсы жерде жана кандай жагдайда болгону тууралуу көбүрөөк маалымат издеп көргүлө. Ал окуяны башка Инжилдеги менен салыштырып көргүлө. Кээде бир Инжилде жазылбаган маанилүү кошумча маалыматты башка Инжилден тапса болот.

14, 15. Инжилдерде жазылгандарды жашоодо колдонуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

14 Экинчиден, Инжилде жазылгандарды жашооңордо колдонгула (Жкн. 13:17). Кайсы бир окуяны дыкат изилдеп чыккан соң: «Бул окуяда жашоомдо аткарышым керек болгон мага тиешелүү нерсе барбы? Бул окуядан билгенимди башкаларга жардам бериш үчүн кантип колдоно алам?» — деп ойлонуп көргүлө. Белгилүү бир адам жөнүндө ойлонуп, ыгы келгенде билген маалыматыңарды аны менен бөлүшкүлө.

15 Эми бир мисалдын негизинде ушул эки кеңешти кантип колдонсок болоруна токтололу. Анда Иса ибадатканадан көргөн жарды жесир аял жөнүндөгү окуяны мисалга алалы.

ИБАДАТКАНАДАГЫ ЖАКЫР ЖЕСИР АЯЛ

16. Марк 12:41деги жагдайды сүрөттөп бергиле.

16 Окуяга жан киргизгиле. (Окугула: Марк 12:41.) Ушул жагдайды көз алдыңарга тартып көрсөңөр. Б.з. 33-жылы, 11-нисан. Исанын өлөрүнө бир жумадан аз убакыт калды. Ошол күнү Иса элди окутуп, кечке ибадатканада болот. Ага каршы болгон диний жетекчилер бут тосконго аракет кылышат. Мисалы, айрымдары бир аз мурунураак эле бийлигин талашка салышкан. Башкалары сөздөн кармаш үчүн ага ар кандай суроолорду беришкен (Мр. 11:27—33; 12:13—34). Азыр болсо Иса ибадаткананын башка бөлүгүндө жүрөт. Кыязы, ал ибадаткананын «Аялдардын короосу» деп аталган бөлүгүнө келип, дубалдын жанында тизилип турган казына идиштерин, тактап айтканда, тартуу салынган кутуларды көрөт. Анан ошол жерде кишилердин тартуу салганын карап отурат. Ал байлардын көп-көптөн салып жатканын көрөт. Балким, тыйындардын шыңгыр-шыңгыр этип түшүп жатканы угулгудай жакын отурса керек.

17. Марк 12:42де айтылган жарды жесир аял эмне кылган?

17 Окугула: Марк 12:42. Бир маалда Исанын көзүнө бир аял урунат. Ал «жарды жесир аял» эле. Бечара аял эптеп эле күн көрүп жашачу. Ошентсе да кутулардын жанына барып, эч кимдин көңүлүн бурдурбай эки кичинекей тыйын салат. Ал тыйындар кенедей болгондуктан кутунун түбүнө түшкөндө дабыш деле чыкпаса керек. Иса жесир аялдын эки лепта, ошол кезде наркы эң төмөн эки тыйын, салганын билет. Ал акча атүгүл бир таранчыга да жетмек эмес. Таранчы болсо тамак-ашка колдонулган канаттуулардын ичинен эң арзаны болгон.

18. Марк 12:43, 44кө ылайык, Иса жесир аялдын тартуусу жөнүндө эмне деген?

18 Окугула: Марк 12:43, 44. Иса ал аялды көрүп аябай таасирленет. Анан шакирттерин чакырып, көңүлдөрүн ага буруп: «Бул жарды жесир аял... баарынан көп салды»,— дейт. Эмне үчүн экенин: «Бардыгы [айрыкча, байлар] өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял, өзү муктаж болуп турса да, колунда болгондун баарын салды»,— деп түшүндүрүп берет. Жахабага берилген ал аял колунда болгон акыркы акчасын салганда өмүрүн Жахабанын колуна тапшыргандай эле болгон. Ал Жахабанын мээримдүү экенинен, ага кам көрөрүнөн шектенген эмес (Заб. 26:3).

Жахабага эң жакшысын берип жаткандарды Исадай болуп мактагыла (19, 20-абзацтарды карагыла) *

19. Исанын жакыр жесир аял жөнүндө айткандарынан кандай маанилүү жыйынтык чыгарсак болот?

19 Жашооңордо колдонгула. «Исанын жесир аял жөнүндө айткандарынын мага кандай тиешеси бар?» — деп ойлонуп көргүлө. Алгач ошол жесир аял жөнүндө ой жүгүртүп көрсөңөр. Ал Жахабага көп эле бергиси келсе керек. Бирок Жахабага колунан келгенин — эң жакшысын — берген. Иса анын тартуусу Атасынын көз алдында аябагандай баалуу экенин билген. Мындан маанилүү бир нерсени биле алабыз: Жахаба ага берген эң жакшы нерсебизди — чын жүрөктөн, жан-дилден кылган кызматыбызды — жогору баалайт (Мт. 22:37; Кол. 3:23). Ал колубуздан келгендин баарын кылып жатканыбызды көргөндө аябай сүйүнөт. Бул Жахабага сыйынганга, анын ичинде кызматка жана жыйналыштарга, канча убакыт, канча күч жумшап жатканыбызга да тиешелүү.

20. Жесир аял жөнүндөгү окуядан билгендериңерди турмушта кантип колдоно аласыңар? Мисал келтиргиле.

20 Бул окуядан билгендериңерди турмушта кантип колдонсоңор болот? Кызматта кылган эмгеги Жахаба үчүн баалуу экенине ынандырышыбызга кимдер муктаж? Ошолор тууралуу ойлонуп көргүлө. Мисалы, ден соолугунун айынан же алдан-күчтөн тайып калгандыктан «мурункудай кызмат кыла албай жатам» деп өзүн күнөөлүү же керексиз сезген кайсы бир апаны билесиңерби? Же жан кейиткен өнөкөт оорунун айынан Падышалык залындагы жыйналышка жума сайын келе албаган ишенимдешибизди билесиңерби? Аларга ишенимин «бекемдей турган сөздөрдү» айтып, дем-шык берсеңер болот (Эф. 4:29). Балким, жарды жесир аял жөнүндөгү окуядан билген жүрөк жылыткан ойлорду айтып береттирсиңер. Ушул сыяктуу жылуу сөзүңөрдү угуп, Жахабага эң жакшысын бергенибиз аны кубандырарына ынана алышат (Накыл 15:23; 1 Тес. 5:11). Башкаларды, мейли кенедей эле нерседей сезилсе да, Жахабага эң жакшысын берип жатканы үчүн мактаганыңарда Исанын изи менен тагыраак баскан болосуңар.

21. Эмне кылсаңар болот?

21 Инжилдерде Исанын жашоосу жөнүндө ушунчалык көп маалымат жазылганына кандай гана ыраазыбыз! Мунун аркасында андан үлгү алып, изи менен тагыраак жүрө алабыз. Андыктан өздүк изилдөө же үй-бүлө менен сыйынуу учурунда Инжилдерде жазылгандарды тереңирээк изилдеп көрсөңөр кандай болот? Окуяларды жандандырып, алардан билгендерибизди турмушта колдонгондо гана окуп-изилдегендерибиздин толук пайдасы тиерин унутпагыла. Бирок Исанын кылгандарын иш жүзүндө аткаргандан тышкары, айткандарына да маани беришибиз керек. Кийинки макалада Исанын өлөр алдында айткан акыркы сөздөрүнөн эмнени үйрөнө аларыбызды карап чыгабыз.

15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!

^ 5-абз. Исанын чыныгы жолдоочулары катары биз «анын изи менен так жүрүшүбүз» керек. Ал кандай «из» калтырган? Бул суроого ушул макаладан жооп алабыз. Ошондой эле анын изи менен эмне үчүн так жүрүшүбүз керектигин жана муну кантип кыла аларыбызды билебиз.

^ 60-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Жарды жесир аялдын окуясы жөнүндө ойлонгондон кийин бир ишенимдешибиз Жахабага жан-дилден кызмат кылган бир апаны мактап жатат.