Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Иса өлөр алдында эмне үчүн Забур 22:1деги Дөөтүнүн сөздөрүн кайталап айткан?

Иса өлөр алдында Матай 27:46дагы «Кудайым, Кудайым, мени эмне үчүн таштап койдуң?» — деген сөздөрдү айткан. Бул анын акыркы сөздөрүнүн бири болгон. Ушуну айтып, ал Дөөтүнүн Забур 22:1деги сөздөрүн аткарган (Мр. 15:34). Муну Жахабадан көңүлү калгандыктан же ишеними солгундап кеткендиктен айткан деп тыянак чыгаруу жаңылыштык болуп калмак. Иса эмне үчүн өлүшү керектигин жакшы түшүнгөн жана ошого даяр болгон (Мт. 16:21; 20:28). Өлөр алдында Жахаба аны коргобой коюшу керек болорун да билген (Аюп 1:10). Жахаба аны чынында эле коргобой калган. Себеби Иса кандай гана азаптуу өлүм менен өлбөсүн аягына чейин берилгендигин сактай тургандыгына кымындай да шек калтырбашы керек болчу (Мр. 14:35, 36).

Анда эмне үчүн Иса забурдагы сөздөрдү айткан? Эмне үчүн экенин так айта албасак да, келгиле, айрым божомолдорду карап чыгалы *.

Балким, Иса аны өлтүрүп жатышканда Жахабанын кийлигишпей турганын баса белгилегиси келгендир. Иса кунду Жахабанын жардамысыз төлөшү керек болгон. Ал кадимкидей эле адам болгон жана «баары үчүн өлүшү» керек болчу (Евр. 2:9).

Иса забурдагы бир нече эле сөздү айтып, бүтүндөй ошол забурга көңүл бурдургусу келген көрүнөт. Ошол кезде жүйүттөр көп забурларды жатка билишчү. Кайсы бир забурдагы бир эле аятты укканда ошол забурду толугу менен эстей алышмак. Эгер Иса ошондой ой менен айткан болсо, анда жүйүт жолдоочуларына ошол забурдагы өзүнүн өлүмүнө байланышкан окуялар жөнүндөгү пайгамбарлык сөздөрдү эсине салган (Заб. 22:7, 8, 15, 16, 18, 24). Ошондой эле ал забурдун аяк жагында акыры Жахаба бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзөрү жазылган (Заб. 22:27—31).

Дөөтүнүн сөзүн кайталап айтып Иса, сыягы, өзүнүн айыпсыз экенин баса белгилегиси келген. Өлөрүнүн алдында Иса Кудайга акарат кылды деген айып менен мыйзамсыз түрдө соттолгон (Мт. 26:65, 66). Сот отуруму шашылыш түрдө түн ичинде өткөрүлгөн жана юридикалык жол-жоболордун баары бузулган (Мт. 26:59; Мр. 14:56—59). Эч кандай жоопту талап кылбаган забурдагы ошол суроону кайталап Иса, балким, ушинтип жазалангыдай эч кандай күнөө кылбаганын айткысы келгендир.

Иса Жахаба ушул забурду жазган Дөөтүнүн азап чегишине жол берсе да, Дөөтү анын ырайымынан айрылып калбаганын айткысы келсе керек. Дөөтүнүн ушинтип сураганы ишеними аз болгонун билдирген эмес. Себеби ушинтип сурагандан кийин Жахабанын өз элин куткарарына ишенерин айткан. Жахаба да ага батасын бербей калган эмес (Заб. 22:23, 24, 27). Ошол өңдүү эле, «Дөөтүнүн Уулу» Исанын жаза устунунда кыйналып өлгөнү да Жахабанын андан жүзүн буруп кеткенин билдирген эмес (Мт. 21:9).

Иса кынтыксыздыгы толук далилдениши үчүн Жахаба аны коргобой коюшу керек болуп жатканына катуу кейигенин билдиргиси келген көрүнөт. Жахаба эң башында Уулунун азап чегишин жана өлүшүн ниет кылган эмес. Бул Адам ата менен Обо эне Жахабага каршы чыккандан кийин гана зарыл болуп калган. Иса эч кандай жаман иш кылбаса да, Шайтан көтөргөн талаш маселени чечиш үчүн жана адамзат жоготкон нерсени кайрып бериш үчүн азап чегиши жана өлүшү керек болгон (Мр. 8:31; 1 Пет. 2:21—24). Ушунун баары Жахаба Исаны анын өмүрүндө биринчи жолу убактылуу коргобой койгондо гана ишке ашмак.

Иса ушинтип өлүшүнө Атасы эмне үчүн жол берип жатканына шакирттеринин көңүлүн бурдургусу келген чыгар *. Иса өзүнүн ушинтип жаза устунунда кылмышкер катары өлгөнү көптөрдү мүдүрүлтөрүн билген (1 Кор. 1:23). Эгер шакирттери анын эмне үчүн өлүп жатканынын нагыз себебине көңүл топтошсо, өлүмүнүн чыныгы маанисин түшүнө алышмак (Гал. 3:13, 14). Ошондо аны кылмышкер катары эмес, Куткаруучу катары көрүшмөк.

Иса ошол сөздөрдү эмне себептен улам айтпасын, кыйналып, жаза устунунда өлүшү Жахабанын эрки болгонун билген. Ал забурдагы ошол сөздөрдү айткандан кийин эле: «Аткарылды!» — деген (Жкн. 19:30; Лк. 22:37). Ооба, Жахабанын Исаны бир аз убакытка коргобой калганы, ал жерге эмне кылыш үчүн жөнөтүлсө, ошонун баарын толук аткарганга шарт түзгөн. Ошондой эле Иса ал жөнүндө «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын жазууларында жана Забурда» жазылгандардын баарын аткара алган (Лк. 24:44).

^ 2-абз. Журналдын ушул санындагы «Исанын акыркы сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?» деген макаланын 9, 10-абзацтарын да карагыла.

^ 4-абз. Иса жерде кызмат кылып жүргөндө кээде тек гана адамдарды сынаш үчүн бир нерселерди айтчу же суроо берчү. Ал муну шакирттери ошого карата өз оюн айтышы үчүн кылчу (Мр. 7:24—27; Жкн. 6:1—5; карагыла: «Күзөт мунарасы», 2010-ж., 15-октябрь, 4, 5-б.)