Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сен Жахаба үчүн кымбатсың!

Сен Жахаба үчүн кымбатсың!

«Жахаба өз элин жакшы көрөт» (ЗАБ. 149:4).

108-ЫР: Кудайдын туруктуу сүйүүсү

БУЛ МАКАЛАДА *

Асмандагы Атабыз ар бирибизди «жакшы көрөт» (1-абзацты карагыла)

1. Жахаба кайсы жактарыбызга көңүл бурат?

ЖАХАБА КУДАЙ «өз элин жакшы көрөт» (Заб. 149:4). Ошол себептен биз кандай гана бактылуубуз! Ал жакшы сапаттарыбызды билет. Келечекте кандай адам болорубузду көрө билип, өзүнө жакындатып жатат. Ага болгон берилгендигибизден жазбасак, ушул мамилебиз түбөлүккө сакталат (Жкн. 6:44).

2. Айрымдар Жахабанын аларды сүйөрүнөн эмне үчүн шектенишет?

2 Кээ бирлер: «Жахаба өз элин жалпысынан жакшы көрөрүн билем. Бирок жекече мени баалаарын кайдан билем?» — дейттир. Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Балалыгы бактысыз өткөн Оксана *: «Чөмүлүп, пионердик кызматты баштаганда бактылуу болчумун. Бирок ошондон 15 жыл өткөндөн кийин бала кезимдеги нерселерди эстеп, эски жараатым козголду. Ошондон улам Жахабанын сүйүүсүнө татыксызмын деп ойлой баштадым»,— дейт. Бала чагында ушундай эле күндү көргөн Юэ деген пионер: «Жахабаны кубанткым келгендиктен өмүрүмдү ага арнагам. Бирок анын мени сүйөрүнө такыр ишенчү эмесмин»,— дейт.

3. Бул макалада эмнени карап чыгабыз?

3 Жахабага берилген ушул эки ишенимдешибиз сыяктуу эле, сен да Жахабанын сүйөрүнөн күмөн санашың мүмкүн. Жахабанын сени ойлоп, сага кам көрөрүнө эмне үчүн ынанышың керек? Терс ойлор менен күрөшкөнгө сага эмне жардам берет? Эмесе, ушул суроолорго жооп алалы.

КОРКУНУЧТУУ КҮМӨН ОЙ

4. Жахабанын бизди сүйөрүнөн күмөн санаганыбыз эмне үчүн коркунучтуу?

4 Сүйүүнүн кубаты зор. Эгер Жахабанын бизди сүйөрүнө, жардам берерине толук ишенсек, турмуштун кандай гана кыйынчылыгы болбосун, ага бүт жүрөгүбүз менен берилип кызмат кыла беребиз. Ал эми күмөн санасак, «алдан-күчтөн таябыз» (Накыл 24:10). Ындыныбыз өчүп, Кудайдын бизди сүйөрүнө ишенбей калсак, Шайтанга оңой эле олжо болобуз (Эф. 6:16).

5. Айрымдарга Кудайдын сүйөрүнөн күмөн санаганы кандай таасир эткен?

5 Исанын айрым берилген жолдоочулары шек ойлорго алдырып, рухий жактан алсырап кетишкен. Алсак, Жеймс деген аксакал: «Бейтелде кызмат кылсам да, бөтөн тилдеги жыйналышка жардам берип жүрсөм да, Жахаба менин курмандыгымды кабыл алып жатабы, жокпу, деп ойлой берчүмүн. Бир учурда Жахаба тилегимди угар-укпасынан да күмөн санай баштагам»,— дейт. Толук убакыт кызмат кылган Эва да мындай дейт: «Жахабанын сени сүйөрүнөн шектенген аябай коркунучтуу экенин түшүндүм. Себеби анте турган болсоң, алдыга жыла албай, артка кетет экенсиң. Рухий нерселерге да табитиң тартпай, Жахабага мурункудай көңүлдөнүп кызмат кылбай калат экенсиң»,— дейт. «Кудайдын сени жакшы көрөрүнө ишенбесең, андан алыстап кетесиң»,— дейт үзгүлтүксүз пионер жана аксакал болуп кызмат кылган Майкл.

6. Кудайдын бизди сүйөрүнөн шектене баштасак, эмне кылышыбыз керек?

6 Жогорудагы мисалдардан терс ойлор рухийлигибизге канчалык зыян тийгизерин биле алдык. Ошентсе да Кудайдын сүйөрүнөн шектенип жатсак, эмне кылсак болот? Андай ойду жакын жуутпашыбыз керек! Жахабадан тынчыңды кетирген ойлорду «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» менен сүрүп чыгарганга жардам сура. Ал тынчтык жүрөгүң менен акылыңды сактайт (Заб. 139:23; Флп. 4:6, 7). Ошондой эле Кудайга берилген башка ишенимдештериң да сага окшоп терс ойлор менен алышып жатканын эсиңден чыгарба. Мындай нерсе атүгүл Жахабанын байыркы учурдагы кызматчыларында да болгон. Келгиле анда, элчи Пабылдын мисалына токтололу.

ЭЛЧИ ПАБЫЛДЫН ҮЛГҮСҮ

7. Пабылдын кандай кыйынчылыктары болгон?

7 Сага өтө көп милдет артылгандай жана аларды тийиштүү түрдө аткара албай жаткандай сезилген учурлар болобу? Эгер болсо, Пабылды жакшы түшүнөт чыгарсың. Ал бир эле жыйналышты эмес, «бардык жыйналыштарды» ойлоп кабатырланган (2 Кор. 11:23—28). Же балким, өнөкөт оору менен алышып жаткандырсың. Пабыл да денесиндеги «тикендин», сыягы, кайсы бир оорунун азабын тарткан. Андан аябай арылгысы келген (2 Кор. 12:7—10). Же кемчиликтериңден улам көңүлүң чөгүп жүргөндүр. Пабыл да ошондой болгон. Ал кемчиликтери менен тынымсыз күрөшкөндүктөн өзүн атүгүл «бир байкуш адаммын» деген (Рим. 7:21—24).

8. Пабылга кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө эмне жардам берген?

8 Көңүлдү чөктүрүп санаага салган ар кандай жагдайларга карабай Пабыл Жахабага кызмат кыла берген. Ага эмне күч берген? Ал кемчиликтерин жакшы билсе да, кундун күчүнө бек ишенген. Исанын «ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болорун» айтканын да билген (Жкн. 3:16; Рим. 6:23). Кунга ишенген ошол адамдардын катарында Пабыл да болгон. Олуттуу күнөө кылса да, өкүнгөндөрдү Жахабанын кечиреринен ал кымындай да шектенген эмес (Заб. 86:5).

9. Пабылдын Галатиялыктар 2:20дагы сөздөрүнөн эмнени биле алабыз?

9 Пабыл Кудайдын Машаяк аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнүн күчүнө да ишенген. (Окугула: Галатиялыктар 2:20.) Ушул аяттын аягындагы сөздөргө көңүл бурсаңар. Пабыл: «Мени сүйүп, мен үчүн өмүрүн берген Кудай Уулу»,— деген. Ал өзүн Кудай сүйө албай тургандай адам көрүп: «Жахаба башкаларды сүйсө сүйөттүр, а менин эмнемди сүймөк эле?!» — деп ойлогон эмес. Кайра, римдиктерге жолдогон катында: «Машаяк болсо биз үчүн күнөөкөр кезибизде эле өлгөн»,— деп жазган (Рим. 5:8). Ооба, Кудайдын сүйүүсүн эч нерсе чектей албайт!

10. Римдиктер 8:38, 39дан эмнени биле алабыз?

10 Окугула: Римдиктер 8:38, 39. Пабыл Кудайдын сүйүүсү канчалык күчтүү экенин жакшы билген. Ал бизди Кудайдын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албай турганын жазган. Жахаба ысрайыл элине аябай чыдап келген. Көп жолу ырайым кылган. Пабыл ушуну да билген. Ошондуктан: «Эгер Жахаба өз Уулун мен үчүн өлүшү үчүн жиберсе, анда мени сүйөрүнө эмне үчүн шектенишим керек?» — дегендей эле болгон (Рим. 8:32). Анын оюн ушинтип жыйынтыктасак болот.

Кудай үчүн мурун кылган туура эмес иштерибиз эмес, азыр эмне кылып жатканыбыз жана келечекте эмне кыларыбыз маанилүү (11-абзацты карагыла) *

11. Пабыл 1 Тиметей 1:12—15-аяттарда жазылган күнөөлөрдү кылса да, Кудайдын анын сүйөрүнөн эмне үчүн шектенген эмес?

11 Окугула: 1 Тиметей 1:12—15. Пабылдын мурунку кылгандарын эстеп кыйналган учурлары болсо керек. Ал өзү жөнүндө «эң күнөөкөр» менмин деген. Ошенткенинин жөнү бар болчу. Себеби чындык жолуна түшкөнгө чейин Исанын жолдоочуларын бир шаардан бир шаарга барып, аёосуз куугунтуктаган. Айрымдарын түрмөгө каматып, башкаларынын өлүм жазасына тартылышын колдоп добушун берген (Элч. 26:10, 11). Эгер ал кайсы бир жыйналыштан анын айынан жетим калган жаш баланы жолуктуруп калган болсо, өзүн кандай сезгенин элестетип көрсөңөр. Пабыл кылган күнөөсүн моюнга алып, өкүнгөн. Бирок өткөндү өзгөртө албасын билген. Машаяк ал үчүн өлгөнүн билгендиктен: «Кудайдын ырайымы менен азыр ким болсом, ошолмун»,— деп жазган (1 Кор. 15:3, 10). Мындан кандай жыйынтык чыгара алабыз? Машаяктын сен үчүн өлгөнүн жана Жахаба менен ынак, жекече мамиле түзгөнгө жол ачканын кабыл ала бил (Элч. 3:19). Жахаба үчүн, анын Күбөсү болгонго чейинби же андан кийинби, мурун кылган туура эмес иштерибиз эмес, азыр эмне кылып жатканыбыз жана келечекте эмне кыларыбыз маанилүү (Ыш. 1:18).

12. Сүйүүгө, жакшы мамилеге өзүбүздү татыксыз сезгенде 1 Жакан 3:19, 20дагы сөздөр кантип жардам берет?

12 Исанын сенин күнөөлөрүң кечирилиши үчүн өлгөнүн ойлогондо: «Мен буга татыксызмын»,— дешиң мүмкүн. Эмне үчүн ушундай ойлор келет? Себеби жеткилең эмес пенде болгондуктан, жүрөгүбүз бизди алдап, сүйүүгө, жакшы мамилеге татыксыз сездиртет. (Окугула: 1 Жакан 3:19, 20.) Андайда «Кудай жүрөгүбүздөн чоң» экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Асмандагы Атабыздын сүйүүсү, кечиримдүүлүгү жүрөгүбүздө тамырлаган терс сезимдердин кайсынысынан болбосун алда канча күчтүү. Биз өзүбүздү Жахабанын бизге карата көз карашын кабыл алганга ынандырышыбыз керек. Ан үчүн тез-тезден Кудайдын Сөзүн окуп, тиленип жана дайыма ага берилген адамдар менен мамилелешип турушубуз керек. Ушундай кылганыбыз эмне үчүн маанилүү?

ЫЙЫК КИТЕП, ТИЛЕНҮҮ, КУДАЙГА БЕРИЛГЕН ДОСТОР

13. Кудайдын Сөзүн окуп-изилдөө кандайча жардам берет? (« Кудайдын Сөзүнүн жардамы» деген кутучаны да карагыла.)

13 Күн сайын Кудайдын Сөзүн окуп-изилде. Ошондо Жахабанын кереметтүү касиет-сапаттарын көбүрөөк түшүнө аласың. Анын сага карата кандай назик сезимдерди туярын сезе аласың. Окуганың жөнүндө күнүгө ой жүгүртсөң, жүрөгүң менен акылың тазарып, тунук болот. Себеби көз карашың оңолот (2 Тим. 3:16). Бир кезде өзүн басынта бергенге жакын келген Кевин деген аксакал: «103-забурду окуп ой жүгүрткөндөн кийин оюмду өзгөртүп, чынында Жахабанын мага кандай караарын түшүндүм»,— дейт. Буга чейин кеп кылынган Эва болсо мындай дейт: «Күнүгө кечинде тынч жерде Жахаба үчүн маанилүү болгон нерселер жөнүндө ойлоном. Ошондо жүрөгүм тынчтанып, ишенимим бекемделип калат».

14. Тиленүү кандайча жардам берет?

14 Бат-баттан тиленип тур (1 Тес. 5:17). Кимдир бирөө менен жакын дос болуш үчүн тез-тезден көрүшүп, ички сырыңды бөлүшүп турушуң керек. Жахаба менен мамилелешүү жөнүндө деле ушуну айтса болот. Тиленип жатканда Жахабага сезимдерибизди, эмнени ойлоп, эмнеге тынчсызданып жатканыбызды айтсак болот. Ошондо ага ишенерибизди, бизди жакшы көрөрүн билерибизди көрсөтөбүз (Заб. 94:17—19; 1 Жкн. 5:14, 15). Юэ мындай дейт: «Жахабага кайрылып тиленгенде ошол күнү болгон нерселерди айтып эле тим болбой, өзүмдү кандай сезгенимди, эмне деп ойлогонумду бүт айтып берем. Бара-бара Жахабаны кайсы бир чоң мекеменин башчысындай эмес, балдарын сүйгөн Атадай көрүп калдым». (« Окуп көрдүң беле?» деген кутучаны карагыла.)

15. Жахабанын бизге кам көрөрүн эмнеден билсек болот?

15 Кудайга берилген адамдар менен дос бол. Андай кишилер — Жахабанын белеги (Жкп. 1:17). Асмандагы Атабыз камыбызды ойлогондуктан «ар убак сүйгөн» бир туугандарыбызды берген. Алар биздин рухий үй-бүлөбүз (Накыл 17:17). Пабыл колосалыктарга жазган катында аны колдогон айрым Исанын жолдоочулары жөнүндө «мага жөлөк болушту» деп жазган (Кол. 4:10, 11). Атүгүл Иса Машаяк да, периште болобу, адам болобу, досторунун жардамына муктаж болгон жана берген жардамына ыраазы болгон (Лк. 22:28, 43).

16. Жахабага мурункудан да жакындаганга досторубуз кандайча жардам берет?

16 Ал эми сен Жахабанын ушундай белегинен толук пайдаланып жатасыңбы? Жахабага берилген жакын досуңа арыз-муңуңду, тынчсызданган нерселериңди айтканың алсыздык эмес. Бул кайра сени көп жамандыктан сакташы мүмкүн. Жеймс мындай дейт: «Исанын жолун жолдогон, жетилген адамдар менен достошконум мени көп сактайт. Акыл-оюмду терс ойлор чулгап алганда, ошол досторум мени кунт коюп угуп, жакшы көрөрүнө ынандырышат. Жахабанын жеке мага болгон сүйүүсүн, камкордугун ошолор аркылуу сезем». Ошондуктан рухий бир туугандарыбыз менен дос болуп, ошол мамилебизди сактаганыбыз кандай гана маанилүү!

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮНӨН АЙРЫЛЫП КАЛБА

17, 18. Кимди угушубуз керек жана эмне үчүн?

17 Туура нерсе кылыш үчүн күрөшүш керек. Шайтан ошол күрөштө багынып беришибизди каалайт. Ал Жахаба бизди сүйбөйт, куткарылганга татыксызбыз деп ойлошубузду самайт. Анткен менен, биз жакшы билгендей, бул карандай калп.

18 Жахаба сени жакшы көрөт. Сен ал үчүн аябай кымбатсың. Эгер ага баш ийсең, Исага окшоп анын сүйүүсүнөн түбөлүккө айрылбайсың (Жкн. 15:10). Андыктан Шайтанды да, өзүңдү айыптай берген жүрөгүңдү да укпа. Анын ордуна, ар бирибиздин жакшы жагыбызды көрө билген Жахабаны ук. Анын өз элин, анын ичинде сени да, жакшы көрөрүнөн түк да күмөн санаба!

141-ЫР: Жашоонун керемети

^ 5-абз. Айрым ишенимдештерибизге Жахабанын аларды жакшы көрөрүнө ишенүү кыйынга турат. Бул макалада Жахаба жеке ар бирибизди жакшы көрөрүнө түк да шектенбешибиз керектиги талкууланат. Ошондой күмөн ойлор менен кантип күрөшсөк болорун да карап чыгабыз.

^ 2-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлдү.

^ 68-абз. СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Пабыл көптөгөн Исанын жолдоочуларын түрмөгө каматкан. Бирок Исанын ал үчүн эмне кылганын түшүнүп, ошону кабыл алгандан кийин өзгөргөн. Исанын жолдоочуларын кубаттаганга аракет кылган. Алардын арасында мурун ал куугунтуктагандардын туугандары да болсо керек.